Кон менен Мон

Индия жомогу Илгери эки бир тууган жашашыптыр. Кон улуусу жана куусу экен. Ал эми Мон кичүүсү жана  ак көңүлдүүсү болуптур. Бир жылы алардын атасы өлүп, мураска бир уй, бир түп алма багы, жамынганга бир жууркан калат. — Анда эмесе иничек, кел мурасты бөлүштүрөлү,- дейт Кон. — Жуурканды биз мындай бөлүшөбүз: күндүзү ал сеники болот, түнкүсүн мага кызмат кылат. — Болуптур,- дейт куулук-шумдукту билбеген Мон. — Ал эми алма бактын түбүн сен ал, бутактарын мага бер. — Макул,- баш ийкейт Мон. […]

Биздин саясатчылар чочко сыяктуу өздөрүнүн чыласына өздөрү оонагандар

Ыраматылык Алым Токтомушев 2010-жылдан кийинки Убактылуу өкмөт (УӨ) мүчөлөрүнүн бири, генпрокурор болуп турган Азимбек Бекназаровдун кылык-жоругун келиштире жазганы бар. Ал учурда журналисттер журту Бекназаров генпрокурорлукка келген күндөн бери коррупциянын тамыры отоо чөптөй тамыр жайышына Азикең өзү баш болуп жол ачып бергенин жамырап жазып чыгышкан. Бирок өлгөндүн үстүнө көмгөн иш кала берген. Ошондо бир А.Токтомушевдин эсте каларлык макаласы жарыяланган эле. Бекназаров жөнүндө ал киши өз макаласында укмуштай бир кыстырма иле кеткени бар. Аны сөзмө сөз эстей албасам да, мааниси мамындай эле: […]

Колетт: Аял деле эркек кылгандын баарын кылат, бир гана жери – дубалга жаба сийе албайт

Сибония Габриэль Колетт, (1873-1954), француз жазуучусу  Кээде кызганчаак эркекти аял кечирет, бирок кызганбаган эркекти өмүрү кечирбейт. * * * Кызыгы, эркектер аялдардын баары бирдей дешет да, анан эмне аялдан аялды тандашат? * * * Аялды арбаш керек болгондо эркектер укмуштай калптарды айтат, а ташташ керек болгондо ыгы жок калптарды тантырайт. * * * Аялды элеттин жашоосунчалык эч нерсе карытпайт. * * * Жедеп өлөрүбүзгө көзүбүз жетмейин эле карылык келип калганын байкабайбыз. * * * Кемпир болорум менен мен жөнүндө ушактар тыйылды. […]

Анын окуучулары болгону менен окутуучусу жок эле

Конфуций б.э. чейинки Лу падышачылыгында 531-жылы жарык дүйнөгө келген. Атасы Шулэн Хэ атактуу княздардын тукумунан чыккан эр жүрөк аскер адамы болгон. Биринчи никесинен жалаң кыздар төрөлгөн. Экинчи никесинен көптөн күттүргөн эркек бала туулган, бирок ал майып туулат. Алтымыш үч жашында үчүнчү жолу үйлөнүүгө чечим кабыл алат да, Янь уурусунан чыккан жапжаш, суйкайган сулуу кызга үйлөнөт. Уул баланын жарык дүйнөгө келиши укмуштуудай максаттар менен дал келиши кызык эле. Салтка ылайык айлана-тегерегиндегилерди таң калтырып, ымыркайында эле жаш баланын денесинде 49 улуулуктун белгиси […]

Өмүр сабагы: Түгөлбай Сыдыкбековдон калган сөз мурас

Мына ушуну кудай жалгап жаш кезимден байкадым да, өзүмдүн чыгармаларымды ойлоп, таламга жооп бергидей, ак дил, ак ой менен, калп айтып койбой, жаңылыш, каңырыш угуп алып калпыс иштеп койбой, мүмкүн катары турмуштун өзүн, чындыктын өзөгүн улап, укканга үлгү, окуганга таалим сабак болгудай, колдон келсе мурда болуп урпактарга калгыдай жагын эске алып жазып келдим. Эгер менин аздыр-көптүр ийгилигим болсо, ага мына ушулар себепкер. * * * Жок, жолдоштор, ар бир элдин касиети — эне тили. Башканы даңкташ үчүн эне тилдин сыйкырын […]

Айтматов кытайлык кыргыз адабиятчысынын көзү менен: «Манас» жана Чыңгыз

Кыргыз адабиятынын тарыхында мындан 10 кылым мурда өтө чоң окуя, абдан бийик белес көрүнүп, кыргыз көркөм чыгармачылыгы инсанат адабиятынын кайсы бир тушунан өз чамгарагын көрсөткөн эле. Ал бийик чамгарак — «Манас» жомогу, азыркынын тили менен айтканда, кыргыз адабиятында «Манас» эпосу жаралган болчу. Ар кандай бир улуу чыгарманын жаралышы ошол элдин олуттуу ой-санаасы, терең ойчулдугунун, маданиятынын калыптанышынын мөмөсү катары каралат. Мына ушундай күчтүү маданият кыртышы даяр болбосо, эпос деген чоң чыгарма жарала койбойт. А жаралган соң анын да уландысы болуу керек. […]