Мына ушуну кудай жалгап жаш кезимден байкадым да, өзүмдүн чыгармаларымды ойлоп, таламга жооп бергидей, ак дил, ак ой менен, калп айтып койбой, жаңылыш, каңырыш угуп алып калпыс иштеп койбой, мүмкүн катары турмуштун өзүн, чындыктын өзөгүн улап, укканга үлгү, окуганга таалим сабак болгудай, колдон келсе мурда болуп урпактарга калгыдай жагын эске алып жазып келдим. Эгер менин аздыр-көптүр ийгилигим болсо, ага мына ушулар себепкер.

* * *

Жок, жолдоштор, ар бир элдин касиети — эне тили. Башканы даңкташ үчүн эне тилдин сыйкырын качырышка эч кимдин акысы жок. Күчү да жетпейт. Биз өзүбүздүн да, башканын да замандар бою жараткан асыл байлыгын акылмандуулук менен баалоого милдеттүүбүз. ТИЛ — ар бир элдин башкы байлыгы!

* * *

Эң аз сандуу калктын өзүнө таандык өзгөчөлүгүн баалоо, барктоо керек ко. Биздин ар бирибизге эң алгач улуттук касиеттерибиз баалуу жана жакын, аянычтуу эмеспи. Тек орунсуз коңгуроолорду шылдыратып «артта калгандык», «өз чөйрөсүнөн чыгалбагандык» деген сыяктуу жаман аттыны тага бериштин өзү арамзалык, терс көрүнүш эмеспи.

Акыйкаттык менен өз элин барктоо — эң жакшы иш. Өз калкын барктаган киши башка элдерди да барктайт, сыйлайт. Өз элин барктай албаган киши башка элдердин да кадыр-баркына жете албайт. Демек, андайлар эч убакта интернационалист боло албайт. Ошондой эле өз ата-энесин сыйлай албаган уул, кыз башка ата-энелерди да урматтабайт.

* * *

Ар бир тилдин өзүнө таандык касиети, айтылыш ыргагы, күүсү-музыкалдуулугу өз эрежесине багынат. Өз эрежесинен чыккан сөз көп учурларда «калькага» айланып түшүнүксүз, угумсуз, тантык болору белгилүү.

Тил байлыгы — тилдин өзүндө экен. Ал ошо өзүндөгү корду кеңири изилдесе жана аны өнүктүрсө тил өзүн байыта бергидей. Ошондой эле өз корунда жок сөздөрдү башка тилдерден ооштуруп өз мыйзамына сыйдырса, анда ал четтен келген сөз төл сөзгө айланып, тилди жаңыртып, анын ар бир татаал туюнмаларын айкындап туюндурууга жетише бергидей.

Адеп башы — тил деп Махмуд Кашкари баягыда, мындан миң жылдар мурда эле бабалардын тилге бийик баа бергендигин жазып кеткен тура. Адеп — жүрүш-туруштун илими, тартип-тарбиясы, адамгерчиликтин эң бийик жана ыйык салты. Көрсө, тилди сыйлаган, баалаган жана аны өзү так, таза сүйлөгөн киши адептүүлүккө эшик ачканы. Өзүнүн жүрүш-турушунун илимине жеткендиги. Тартиптүү, тарбиялуу, адамгерчиликтүү болгону.

Ааламдын байлыгын өзүнө каткан сыйкырдуу кутуча сыяктуу бир сүйлөмдүн ичине терең, күчтүү, эсте калар залкар ойду сыйдырган бийик сөз! Учурдун эң күчтүү куралы менен салыштырганда сөз күчүн элибиз атомдун жарылышындай эсептеген десек жаңылышпайбыз. Чоң кылмыш иштеп өлүмгө тартылган киши жазаланар алдында, ал күчтүү сөз айтса, ошол сөзү үчүн анын күнөөсү кечирилчү. Аны менен кылмышкер өзү да экинчи жаман жакка баспас болот. Тек атылып жерге житкен октой жок болбостон, анын айткан сөзү да калк арасында лакап, нуска болуп тарап кетет. Ал тургай сөз күчү эр кунунан кечиртчү. Эки элдин ортосундагы чоң чабышты токтотчу. Ошентип, байыртан элибиздин салтында сөздөн күчтүү, сөздөн ыйык эч курал болгон эмес. Сөзгө баа жетпеген. Ал өтө кымбат.

Эмесе, өз ордун таппаган курч сөз ташка тийген болоттой кетилип калат, ал курч маанисин жоюп, сезимге жетпейт. Өз түсүн таппаган боёк ал жашыл болсо, көзгө кара түс берип көрүнөт. Көркөм адабиятта бардык боёкту түсүн чыгарып, бардык элести ачып көрсөтүүчү касиет ал — сөз! Жаштарыбыз өз эне тилин мейиздей татый билишпесе, сөздөрдүн маанисин, татымын, түсүн, каймана сырын ача, так көрүп, так сезе, так баамдай билишпесе, анда алар негизги куралынан ажырайт.

* * *

Рас, бизден төл сөзүбүздө жок терминдерди, буюмдун аттары, кээ сөздөр биздин сөздүк тизмеге өтүү менен тилибизди байытары шексиз. Бирок ошону менен бирге байыртан элибиз сүйлөп келаткан бай тилибиздин биз билбеген кеп-сөздөрүн изилдеп билип, тилибизди байытышка да милдеттүүбүз. Себеби, биздин улуттук маданиятыбыздын баштапкы булагы — биздин эне тилибиз! Өз тилин үйрөнүшкө анча көңүл бурбай коюп, башка тилди тамтуң үйрөнүп алганына мактаныч кылгандык бул — сыпайы айтканда алакөөдөндүк.

* * *

Көркөм чыгарманын эң башкы касиети — тил! Тил байлыгы — жандуу сөздөрдө, элдик чыгармаларда. «Жылкы аласы — сыртында, киши аласы — ичинде» деген макалдан баштап «Манас» сыяктуу дастандар, жандуу сөздөр акын, жазуучуларыбыздын рухий дүнүйөсүнө, тилине пайда берер эле. Албетте, биз мында тек элдик чыгармалардан башканы билбе дебейбиз…

Даярдаган Кеңеш ЖУСУПОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.