Мурза ГАПАРОВ: Айгүл тоо

АҢГЕМЕ Баткенге ал акыркы рейс менен учуп келди. А өзүнүн түнөгүнө, автобус жүрбөй калгандыктан, көрүнгөн машинеге кол көтөрүп отуруп, саат он ченде араң жетти. Жалгыз үйдүн жалгыз терезесинен жарык көрүнбөйт, бүгүн эч ким токтобоптур көрсө. Түн ичинде бирөө-жарым бурулуп калышы ыктымал, тогуз жолдун тоомунда эмеспи бул ээн жердин ээсиз бекети… Бекеттин эшигинде дайымкыдай эле кулпу жок. Иса аны качырата ачып, ичкери кирди. Үйдүн ичи муздак, караңгы. Ал желкесиндеги сумкасын жерге коюп, көпкө чейин сыйпалап күкүрт издеди. Күкүрт өз ордунан – […]

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: «Огуз каан» жана диалектика

Бүткүл көчмөн дүйнөнүн башын кошкон «Огуз намэ» эпосу баарыга дайын. Өзүнүн улуу чындыгын карт мезгилдерде каңгытпай, караңгы замандарга тоздурбай аман алып чыгыш үчүн не бир образ, метафора афсанага жууруп-кынап абай каткан көчмөн журт дал ушул оймоктой чакан эпосуна оожалган маңызды мөл чөгөргөн экен-ов! Ошо оожалган мазмун эпосто, байыркы кытай жылнаамаларына да түшпөгөн карт замандардын тарыхы жыш катылганы менен эле чектелбейт экен. Анын балким, эң башкы баасы көчмөндөрдүн диалектикалык тааным системасын – теңирчилигин уңгусунда зыл уютуп турганы экен. Кыска ишараттайлы. Огуз […]

Омар Хайям: Дүйнө идиш, а биз шарап…

Омар Хайямсыз ислам маданиятынын алтын доорун элестетүү мүмкүн эмес. Анын ырлары 19-кылымдагы Европа маданиятына олуттуу таасир этип, Батыштын Чыгыш поэзиясына кызыгуусун арттырган. Ал түзгөн Күн календары дүйнөдөгү эң так календардын бири деп таанылган. *** Ак жүрүп, арам ишке баспай кадам, Вино ичсем Дилбар менен неси жаман? Кудайга жалын дешет “ичирбе” деп, Жалынбайм. Ичпегендин өзү жаман. *** Катылган аалам сырын кимдер билет? Дүйнөдөн бири кетсе бири келет. Ачыгы: дүйнө идиш, а биз шарап, Идишке куюштурат бизди ченеп.1 Бул эки рубаи Омар […]

Тайтөрө БАТЫРКУЛОВ: Толувай сынчы жана Эшкара ырчынын урпактарывыз

РухЭш: Толубай сынчы жөнүндө бул бааллуу материалда автордун орфографиясы менен стилистикасы сакталды. Макаланын авторунун маалыматы боюнча бул маалымат Назаркул Эгембердиевдин оозунан жазылып алынган экен. Ал 1890-жылы Өзбекстандын Самаркан областы, Галла-Арал району, Бакмал совхозу, Тентек кыштагында туулган. Назаркул Эгембердиев бул маалыматты 1971-жылы 1-апрелде жазып алган экен. Толувай сынчы балдары менен багып жетилткен Буурул тулпарды улуу уулу экөөвү учкашып, Котон ганынын эгиз дувалдуу коргонунан секиртип өтүп качат. Котон ганынын белгилүү күлүктөрүн минген куугунчуларына жеткирбейт. Эсенаман туулуп өскөн айылы Тентекке келет. Ошол кезде […]

Бабуржон ЮСУПЖАНОВ: Менменсинген өрүк

ЖОМОК Жаздын келиши менен багбан чоң ата азырак үлүш жерине жаңы мөмө дарагын алып келди. Эки түп өрүктү  катар тигип, андан кийин гиларс, курма, бадамдын көчөттөрүн аспиеттеп отургузду. Чоң арыктан өз багына кеткен кичине арык казып апкелип, сууну бурду. Жаш көчөттөрдү карап, өз убагында сугарып, мээрим менен өстүрдү. Бир нече айлардан кийин чоң ата одүйнө аттанды. Арыктын баш жагындагы өрүк биринчи болуп суу ичет, андан кийин калганына жетсе жетет, жетпесе калат. Ошентип, күн артынан күндөр, ай артынан айлар, жыл артынан […]

Көчмөндөрдүн боз үйү жана көөнө кытай акыны Бо-Цзюй-И

Адам турмушу менен жаратылыш жошоосунун эриш-аркак биримдиги асыресе эртеги тарых-тагдыры көбүнчө көчмөнчүлүк менен ажырагыс байланышта болгон калайык калктардын социалдык жана рухий тажрыйбасынан эң таасын байкалат. Төшү түктүү жер үстү менен төбөсү ачык көк астында ар качан жаны жай албай, көчүп-конуп жайдак жашаган ал элдер, башка отуруктуу калктар сыяктанып, өздөрүн жан-жакадагы жапан жаратылыштан сандаган жасалма объектилер менен айландыра курчап обочологон эмес. Көчмөн калк мейли кышта, мейли жайда, мейли күндө, мейли түндө такай табигаттын тамыр кагышын жан-тени менен өтмө катар сезген; өмүр-жашоосу […]