РухЭш: Толубай сынчы жөнүндө бул бааллуу материалда автордун орфографиясы менен стилистикасы сакталды. Макаланын авторунун маалыматы боюнча бул маалымат Назаркул Эгембердиевдин оозунан жазылып алынган экен. Ал 1890-жылы Өзбекстандын Самаркан областы, Галла-Арал району, Бакмал совхозу, Тентек кыштагында туулган. Назаркул Эгембердиев бул маалыматты 1971-жылы 1-апрелде жазып алган экен.

Толувай сынчы балдары менен багып жетилткен Буурул тулпарды улуу уулу экөөвү учкашып, Котон ганынын эгиз дувалдуу коргонунан секиртип өтүп качат. Котон ганынын белгилүү күлүктөрүн минген куугунчуларына жеткирбейт. Эсенаман туулуп өскөн айылы Тентекке келет. Ошол кезде он жашар уулу гандын атканасында калат.

– Бул окуя жөнүндө Эсиркеп карыя абдан толук айтыптыр. Эми мен Толувай сынчынын кенже уулу жөнүндө айтайын, – деди Эгемберди карыя. – Толувай сынчы киндик каны аккан жери Тентекке келет. Тентектин башы жайыкка катарлата көп тал тигип өстүрөт. Жибектен аркан эштирет. Ал, Котон ганынын туткунунда калган бала, менин балам болсо, бир келерин келет, – деп кенже уулун күтүп, үмүтүн үзбөй жашап жүрөт.

* * *

Толувай сынчы качып кеткенден кейин, Котон ганынын куйкасы курушуп, Толувай сынчынын он жаштагы баласына пада[1] бактырып коёт. Арадан жылдар өтөт. Пада багып жүрүп бала балакатка жетет. Качайын десе айласын тапбайт. Качса да кармалат. Анткени гандын атайылап койгон адамдары күндүр-түндүр баладан көз үзбөй карашат. Ошентип, уй кайтарып жүргөн күндөрдүн биринде ал бир чукурдан бир аттын куу башын таап алат. Бала куу башты кучактап, көз жашын көлдөтүп ыйлайт.

– Менин Толувай сынчынын баласы экенимди ким билет. Сенин тулпардын башы экениңди ким билет, – деп көпкө ботодой боздоп ыйлайт.

Бул кавар Котон ганына жетет.

– Оббо-о! Бала атасын тарткан экен да-а! Бала мага керек! Мага керек! Мен Толувай сынчыдан жеңилдим деп жүрсөм… Жо-ок! Жеңилбепмин, – деп Котон ганы баланы чакыртат. Бала келет. – Сынчы бала! Менин ат сарайларыма кирип, күлүктөрүмдү көрүп чык! – дейт ган.

Бала атайы койулган адамды ээрчип, гандын аттарынын баарын көрөт. Котон ганынын айтканын аткарып, ага кайра келет.

– Улуу урматтуу ганым, мага көрсөткөн күлүктөрдүн арасында тулпары жок, – дейт.

Котон ганы капалуу ойго батат. Атайылап бөлөк бактырган күлүгүн апкелдирип, баланын алдынан жетелетип өткөртөт.

– Бул кандай ат? – деп сурайт ган өзү.

– Урматтуу ганым. Бул атыңыз мен көргөн аттарыңыздын баарынан жакшысы, бирок бу атыңыз бука баласы экен, – дейт бала сынчы.

Бул сөздү угуп гандын оозу ачылып, аң-таң боло түшөт. Бир аз увак өтүп ган өзүнө келип бууракандап ачууланат. Ат чаптырып, «тулпардын тукуму» деп мактап саткан адамды алдырат. Толувай сынчынын уулун беттештирип мындай дейт:

– Бу баланын атасы айтылуу ат сынчысы болгон. Бала да атасын тартып сынчы болду. Күлүктөрүмдү бүт сындаттым, бир да тулпар тапбады. Эң артында сенин «тулпар тукуму» деп саткан атыңды көрсөттүм. «Бул ат сиздин аттардын баарынан жакшысы, бирок тулпардан эмес, букадан чалышкан», – деди. Эми сен чыныңды айт! Саткан атың тулпардын таза уругуву же букадан бутташканы ырасбы? – дейт Котон ганы.

– Улуу даражалуу ганым, эми мен сизге болгонун болгондой айтайын, – дейт аттын ээси. – Ганым, мен бээмди дайым тулпарга токтотчу элем. Бир жолу бээмди сугарганы жетелеп баратсам, жол боюнда турган бир бука кокустан секире койду эле. Ошондон гүмөндөнүп, бул күлүктү мен сизге жарым баасына саткам, болбосо кымбатка сатмакмын. Сынчы бала тууру айтат. Мас буканын бедени бээме тийгени чын. Урматтуу ганым, эми менин сынчы балага бир суроом бар. Уруксат этсеңиз, сурасам?!

– Уруксат. Сура! – дейт ган.

– Бу сынчы бала, тулпар тууп жүргөн бээге буканын көлөкөсү түшкөнүн кайдан билди эке-ен? Ошону айтып берсин – дейт.

– Сынчы бала, далилде! – дейт ган.

– Ардактуу ган ата, тулпар тукуму букага бурулганынын бир белгиси – күлүктү суудан кечиргиле. Ат суудан өтүп, арткан аяктарын каккылайт. Белгиси ошол, – дейт бала.

Тулпар делинген күлүктү ган ордонун ичиндеги суудан кечирип өткөрүп көрүшөт. Акыйкат, ат сууду кечип өтүп, арткы буттарын тырс-тырс каккылайт. Ошентип баланын далили аныкталат. Котон ганы баланын сынчылыгына биротоло ишенет.

* * *

Күндөрдүн биринде Котон ганы сынчы баланы ган сарайга чакыртат. Кадырлуу ганды увазирлери, кеңешчи жан-жоокери тегеректеген. Улуу урматтуу ган жаш сынчыга кайрылып мындай дейт:

– Сынчым, эми сен мага бир тулпар таап бер! Менин өлкөмдүн булуң-бурчуна апарып бирге жүрүп көрсөтөр адамдарды дайындадым, – дейт.

Нары жагы Жунгария, бери жагы Кашгария, кыргыз Ала-Тоовлоруна чейин бала сынчыны аралатып жылкы уругун көрсөтөт. Эч жерден тулпар туулган жылкы уругун жолуктурбайт. Котон гандыгынын кол астындагы жылкылардын баарын көз алдынан өткөрүп көрүп, көксөгөнүн көрбөй, көксөсү сууп тапбай ган ордого кайтып келишет. Көргөн-билгенин ганга айтышат. Калк арасында күлүктөрдүн көп экенин билдиришет. Тавылып калар дешет.

* * *

Сынчы бала гандан уруксат алып кыргыз тоовлорун карай жөнөйт. Капчыгай өрдөп баратып бир жерде шылдырап аккан сууга туш болот. Сынчы баланын аты сууга умтулат. Сынчы бала атынын тизгинин бошотуп, суу жуткуруп туруп, жээктен аттын тезегин көрөт. Атынан ыргып түшөт. Суудун чети – жээкте жаткан тезекти колуна алып сынчы бала кыйкыра жарыялайт. Куванычы койнуна батбай каткырат.

– Мына-а, тулпа-ар! Мына-а, тулпа-ар! Тулпа-ардын тезеги-и!

Ошол жерден кайра кайтып ган ордого келишет. Сынчы бала ганга тавылганы көрсөтүп:

– Мына, тулпардын тезеги, – дейт. Котон ганы буйрук берип Кыргыз Ала-Тоовлору тараптагы жылкыларды бүт чогултуп, сынчы баланын алдынан чуватып өткөртөт. Сынчы бала тулпар урук атты тапбайт. Котон ганы кайгыланат, каарданат. Тынчы кетет.

– Деги бир жерде жылкы баласы калган бекен? Жакшылап жарыялап сурагыла?! – дейт ган.

Баланча деген капчыгайда бир кичине суудан өтө албай бир жоор кашаң ат жыгылып калган деген кавар угулат Котон ганына. Котон ганы чериктерин чаптырып (черик – салдат, жоокер), өлөсөлүү ошол атты алдыртат. Айтылган жерге чериктер барса, апти жаман бир ат жатып, оттомуш болуватат. Сагызган, кузгундар аны тегеректеп алышкан. Сүйөмөлөп тургузса, калтаңдап кайра жыгылат. Ошол ордунда жем-чөп берип эки күн багышат. Буттары шилтөөгө келип калтаңдап, темтеңдеп баса баштайт. Эптеп-септеп дегендей жоор да, котур да болгон атты ган сарайдын атканасына апарышат.

Кавыргалары каркайган, күңсүк жыты алыстан буркураган, эки жылдык түлөктөрү түлөп түшүп бүтбөгөн, беденин ар кайсы жайларында дагы эле самсаалаган жаман атты алысыраак байлашты. Котон ганы увазирлери, дагы башка жан-жоокерлери менен овочороок, аттан алыс жайда атты карай жел, жеңил шамал жүргөн жерде турушту.

Сынчы бала, тыяк-быякка жыгылып кете жаздап араң турган атка жакын келип, тегеренип тиктеп байкаштырды. Анан Котон ганы турган жайды карай жүгүрдү. Котон ганы бала жакка таңдана тиктеп ордунан турду.

– Урматтуу ганым! Ган ата-а! Акыйкын тулпар мына ушу-ул, – деп энтигип күлүп, сүйүнүватты сынчы бала.

Көз салып тургандар өз ара сүйлөшүп дуулдашты. Көргөн көздөрүнө, уккан кулактарына ишенишбеди. Кантип эле бул тулпар болсун дешти.

– Тулпарлыгын кантип билгизесиң? – деп сурайт ган.

– Урматтуу ганым, өзүм эки жыл баксам тулпарлыгын билгизем, – дейт сынчы.

Котон ганы баланын айткандарына көнөт. Жаман жатак атка деп жертөлө каздырат. Жоор жана котур атты жертөлөгө киргизип жел тийгизбей, күн көрсөтбөй бир жыл багат. Ат оңолуп өңүнө кирет. Сынчы бала атты адам аттууга көрсөтбөй багат.

Бир жылды өткөрүп, атты жертөлөдөн чыгарып атканага киргизет. Атты дагы бир жыл багып таптап суутат. Сынчы бала атты түнкүсүн суутат. Бираарда гана ээр токуп минип бастырат. Көвүнчө узун арканга айланма казыкка байлап суутат. Аргымактын көрүнүш сымбаты болорунча болду, мерчемине жетти, мындан артык болбойт. Жүрүш-турушу, акыл-эси, бир нерсени сезгичтиги көөнүнө толгон күндөрдүн биринде сынчы бала ганга кавар айттырат:

– Урматтуу ган атамдын тулпары тавына келди. Эми жүгүртүп көрсө, пайгеге кошсо болот, – дейт.

Каварды угуп Котон ганы эки жыл илгери өлөсөлүү, өңү-түсү жийиркеничтүү жылкы баласына таптакыр окшошбогон бир араңжан айбанды көргөнүн көзүнө элестетет. Котон ганы тулпарын көрүшкө көпчүлүк болуп келишет. Сынчы бала тулпарды атканадан жетелеп чыгат. Котон ганы баш болуп карап тургандардын алдынан тыяк-быякка жетелеп өткөрөт.

Тулпардын өтө көрүмдүү көркүнө көргөндөрдүн көздөрү тойбойт. Дагы көрсөм дейт, келбеттүүлүгү башкача, тулпардын түгү күн нурун чагылтып жылтылдайт. Котон ганы мындай, перидей тулпарды көрөм деп деги эле ойлогон эмес.

– Сынчым, эми оволу өзүң жүгүртүп көрсөт, – дейт ган.

– Эмесе ган ата, менин бир шартым бар. Он алты атчан черикти экиге бөлүп катар тизип койуңуз. Ар биринин колуна узун чывык бериңиз. Мен ошолордун ортосунан тулпарды чаап өтөм. Мен тулпарды чаап өткөндө колдорундагы чывык менен мени бир-бир чаап калышсын, – дейт.

Котон ганы чериктеринен он алтоон тандатып, экиге бөлүп, сегиз-сегизден беттештирип катар тургузат. Колдорунда узун чывык даяр болуп турушат. Сынчы бала тулпарды токуйт. Бир жүл куржундун эки көзүн топуракка толтуруп тулпарга арттырат. Тулпарга минет. Кырк карыш бөз менен өзүн ээрге байлаттырат. Тулпарды ойсоктото бастырып жүз арыштай барып бурулуп, катар тизилип турган атчан чериктерге беттенет.

Бир азга токтоп туруп анан.

– Чү-ү, жаныварым, – деп теминет. Чывыктарын кармап, колдорун көтөрүп чавышка даяр турган атчан чериктердин ортосунан «шуу» этип өтүп кетет. Чериктердин бири да чывыктарын шилтешке үлгүрбөй калат. Сынчы бала тулпарын буруп, Котон ганынын бет алдына бастырып келет.

– Урматтуу ган ата, тулпар көөнүңүзгө толдуву? – дейт.

– Бали, сынчым, бали! Сынчылыгың атаң Толувай сынчыдан кем эмес! – дейт ган.

– Эмесе ган ата-а, мага берген наны-тузуңа ыраазы болуңуз!? Мага ак жол каалаңыз. Оомийи-ин, – деп кооз токума куржундун капталдарына канжар уруп тилип топурагын чуурутат. Ган ордонун кооз дувалынын күн батыш таравына тулпарды баштантат. Камчысын бир-эки үйрүп:

– «Чү-ү» жанывар тулпарым, – деп теминет.

Тулпар көз ачып-жумгуча аземдүү бийик дувалга жакындап, бүргөдөй түйүлүп, асмандап секирип ашып кетет. Котон ганынын оозу ачылып нес болуп туруп калат. Увазирлер, дагы башка кадырлуу кызматчылар Котон ганын тегеректешет.

– Урматтуу ганым, куугунчулар даяр болду!

* * *

Котон ганы бир азга башын чайкап туруп, көңүлүнө көптөн бери топтолуп жүргөн чын бикирин гептейт:

– Бу тулпарды кууган күлүк жетбейт! Жөн койгула. Мен Толувай сынчыдан жеңилдим. Мен «оозунан алдырган бөөрүгө окшош» болдум. Биринчи жолу олжого келген кыргыз баатырдын кызын алдырып жеңилдим. Ошого ичим күйүп, Толувай сынчынын эки көзүн ойдуруп таштадым. «Өчүмдү алдым! Жеңдим» – дедим. Толувай сынчы баласы менен багып таптаган Буурул тулпарга учкашып качып кутулуп кетти. Мында кайра жеңилдим. Эми болсо өзүңөр көрдүңөр. Гүвө болдуңар! Эми мен биротоло жеңилдим! Кыргыз кыйын эл экен. Он миң черик менен калмак ашууду ашып кыргыздын жерине басып кирдик. Куралсыз, жайлоолоп мал багып, кымыз ичип жашаган кыргыздарды кырдык, айыл-кыштактарынан сүрдүк. Букара, Самаркан, Тирмиз, Вакыш тараптарга сүрдүк. Бирок кыргыздар жайдыр-кыштыр бизди тынч жашатбады. Сайгылай берди. Түрткүлөй берди. Канчалаган баатырларывыз өлтүрүлдү. Акыры бизди ата-журтунан кувалап айдады. Кыргыздар кыйын эл экен. Биз калмактар, кыргыздарга каршы кол көтөрбөс болуп жеңилдик! Сынчы баланы тим койгула! Ак жол! Аны кууп жетбейсиңер!

* * *

Ошентип Толувай сынчынын кенже уулу Котон ганынын өзү багып таптаган тулпарын минип, туткунунан бошоп чыгат. Элим, жерим кайдасың деп Ала-Тоолорду карай болжолдоп тулпардын башын бурат.

Артынан куугунчулар куувайт. Бала ашуулардан ашып Ысык-Көлгө түшүп жээктеп, Сары-Өзөн Чүйгө кирет. Таласты кесип өтүп, Чаткалдын тоолорун аралап, адыр-чөлдөп жүрүп, Оштон нары Кызыл-Кыя, Баткендин тоолоруна жетет. Тоомо-тоо Лейлектин тоолоруна өтөт. Өзүнө тааныш Кашка-Суу, Текели тоовлорун жандап Санзар суудун башынан түштү. Санзар дайра Бакмал өрөөнү менен Самаркандын ысык чөлүн карай агат. Бакмалдын башкы кыштагы Тентек. Сынчы баланын туулуп өскөн киндик каны аккан айылы. Сынчы бала абдан сагынган ата-энесин агатууган айылынын жакындыгын сезип пичи бошошот. Бүт беденин[2] сүйүнүү бийлеп, көзүнө жаш келет. Сынчы бала кайра чыйралат. Ээрде отурушун оңдойт, тулпардын тизгинин тарта кармайт.

* * *

Толувай сынчы бул увакта: «Баламдын келер учуру болду» – деп жолдун эки таравына катарлап тиккен талына, атайылап бышык эшилген жибек арканын катуу тартып байлап даярданып жүрөт. Катар талдардын жанындагы дөвөгө чыгып, таң аткандан күн баткыча туш-тарапка кулак түрөт. Ошентип күтүп жүргөн күндөрдүн биринде баласы минип келаткан тулпардын дүбүртүн угат. Толувай сынчы дөвөдө туруп баласына минтип кыйкырат: «О-о бала-а-мм! Арканды карма-а-а!? Арканды карма-а-а!?» – деп солуган көздөрүнөн кан агызып, тоо жаңыртып айкырыкты салып турат.

Атасынын айткан сөзүн баласы дабдаана угат. Бала даярданат. Бөз менен ээрге бекем байлаган жерлерин канжары менен кесип бошотот. Ат үстүнө тура калып ак жибек арканды кармап эсен-аман калып калат…

Жүгүрүштөн тула бойу кызыган тулпар токтоно албайт. Жүгүрүшүн жазбайт. Санзар дайраны бойлоп жүгүрүп ээн талаага чыгат. Чөлдүү жайларды басып Чаткал-Талас тоовлору тарапка баштанат, Ысык-Көлгө туш болуп ыргып түшүп кетет…

* * *

Биз Толувай сынчынын урпактарывыс. Толувай сынчы да Эшкара ырчы да байтейиттин чапаң уруусунан болот. Экөөвү кавырга тууган жана бирге өскөн мойунса-курдаш болгон. Азыр биздин чапаң уруувузда Эшкара ырчыдан тарагандар бар. Аларды биз Эшкара тову дейбис. А-а, Толувай тову жок. Севеви Толувай сынчынын балдарынан бала калбаптыр. Бирок Толувай сынчы биздин бававыс! Кандайча? Биз Толувай сынчынын бир туугандарынан таралавыс. Толувай сынчынын атасы биздин топтун түпкү бавасы болот. Менин товумду чоңой тову дейт. Толувай сынчыдан кейин да биздин Тентек, Кара-Шакшак кыштактарында жашаган чапаң уруусунун адамдарынан жылкы уругун сындагандар көп болгон.

Атактуу сынчылардан Мача чоро агасы деген болгон (өткөн). Мача сынчы, Толувай сынчы менен Эшкара ырчы экөөвү Котон ганынан ажыратып көчүрүп келген Баян баатырдын кызынын уулу, кызылдын уругунан чыккан бектин чоролорунун агасы (башчысы) болгон экен. Ошондуктан аны Мача чоро агасы дешкен. Мача сынчыдан кейин Сатывалды сынчы, Орозбай сынчы дегендер болгон. Деги биздин уруктан ат сынчылары үзүлгөн эмес. Орозбай сынчы өзүвүздүн Бакмал, Жети-Кечүү, Заамынга белгилүү сынчы болгон. Орозбайдын таптаган күлүктөрү ар кандай пайгелерде алдына ат өткөргөн эмес!

Бир жолу даңазалуу чоң тойдун түнөмө пайгесине (түнөмө пайге – ат жарыш, аралыгы алыс болот. Күлүктөрдү апарып ошондо түнөтүп, эртеси таң атканда коё берет). Орозбай саяпкер эки атын кошот. Аттарды айдап барып түнөтүп, Бакмал өрөөнүнүн этеги, Камыр-Таш деген жерден коё берет. Той Сопу кыштакта болгон. Аралыгы кырк чакырым. Ошондо эл эртелеп бир дөвөгө жыйылып, аттардын алдын күтөт. Күздүн күнү аркан бойу көтөрүлгөн маалда:

– Аттар келатат! Аттар келатат! – деп эл дуулдашат. Орозбай саяпкердин (сынчы) карыган кези экен, алысыраактагыны дурус көрүп таанывайт экен.

– Кайсы ат келатат? Кандай ат алдыда келатат, – деп сурайт жанындагылардан.

– Шапак ат алдыда. Эң алдыда сиздин шапак ат келатат! – дейт тургандар.

– Шапагы курусун (чегир ат), торуну айткыла? Тору көрүнөвү? – деп сурайт Орозбай.

Ошондо Орозбайдын тору күлүгү анча аттардын аркасында экен. Чаңга бөлөнүп, торулугу билинбей келаткан кези экен. Паттага (марага) жакындаганда аркада келаткан тору аты алдыга озуп чыгып, аттардын алдында биринчи болуп келген экен.

Орозбай сынчы айланага айтылуу улакчы да (көк бөрүчү) болгон. Орозбай сынчы токсон алты жашында каза болду. Өлөр өлгүчө ат минип жүрдү. Мен Орозбай сынчыны көрүп калдым. Орозбайдын уулу Кожовай да азыраак саяпкерлик кылды, Кожовай айыл чарбалары биригип, колхоз болгондон кейин каза болду.

* * *

Толувай сынчы жылкы уругун гана эмес, адам баласын да алыстан көрүп байкаган кыраакы сынчы болгон. Буга бир мындай мисал бар: Бир жылы кышта Толувай Эшкаралар болуп, он чакты адам короо алдында турушса, те-е нары жактан келаткан үч атчан көрүнөт.

– Толувай, ана ошо атчандарды байкачы? Кандай немелер? – дейт тургандардан бир-экөө.

Толувай сынчы келаткан атчан адамдарды бир азга карап туруп:

– Булар жокчулар экен. «Жокту» издеп (жоголгон мал) келаткан адамдар, – дейт.

– Эми булардын ачы-тогун байкачы? Карындары ач бекен, ток бекен? Эмне оовкат ичти эке-ен? – дешет.

Толувай дагы көз салып тиктеп туруп:

– Бири үйүнөн атала ичип аттаныптыр. Экинчиси куурума жеп жөнөптүр. Үчүнчүсү гойдун сары курутуна тойуп алып атына миниптир, – дейт Толувай сынчы.

Үч жолоочу келишет. Амандашып ал-авал сурашат. Анан «жок» издеп, жоголгонду издеп жүргөндөрүн айтышат. Толувай сынчынын бир сыны тууру чыгат. Эми үч атчандын эмне таам ичип-жеп чыккандарын сурап билмекчи болушат. Тургандардын бири атчандарга кайрылат.

– Туугандар бизде бир бүдөмүк маселебис бар. Ошонун ырас же жалган экенин аныктап угалы дейбис. Бая, силердин карааныңар көрүнөр замат биз мында туруп аравыздагы сынчывыздын алдына эки маселе койдук. Суроовуздун бири: «Бу атчандар кандай адамдар? Билсең айтчы?» – дедик. Сынчывыз: «Булар жокчулар, жоголгонду издеп жүргөндөр» – деди. Ал айтканы далилденди. Акыйкат, сиздер жоголгон малды издеп келипсиздер. Эми экинчи суроовуз бар. «Булар үйлөрүнөн кандай оовкат (тамак) ичип-жеп чыкка-ан? Ошону билчи?» – дедик. Сынчывыз аны да айтты. Бирок анын ырас-жалганын авал мурда силердин оозуңардан угалы дейбис! Меймандар, капа болбой, үйүңөрдөн эмне оовкат (тамак) ичип-жеп чыкканыңарды айтып берсеңиздер? – дейт.

– Мен үйүмдөн атала ичип чыккам. Кардым ач. Үшүп турам, –деп тургандарды күлдүрдү бири.

– Мен куурумага тойуп аттангам, – дейт экинчиси.

– Мен гойдун койуу эзилген майлуу курутун ичип жөнөгөм, – дейт үчүнчү жолоочу.

– Сынчывыздын сындаганы баары чын чыкты. Сынчывыз мына! Аты Толувай, – деп тааныштырды Эшкара ырчы.

– Билевиз… Атын укканбыз. Сиз Эшкара ырчыга окшойсуз, – деп каткырды үйүнөн гойдун курутун жутуп жөнөгөнү.

– Эми Толувай сынчы, бизге айткандарыңыздын түйүнүн чечип түшүндүрүп бер, – деди Эшкара ырчы.

– Атала ичип аттанган адам суукка үрпөйүп үшүп келатты. Аны өзү да айтты. Куурума жеген кишинин эки бети кызарып суукту сезбей келатты. Гойдун майлуу койуу сары курутуна тойуп аттангандын бүт бедени (денеси) алоолонуп, эки ийнинен булоо чыгып келатты, – дейт Толувай сынчы.

Жоголгон малды издеп келгендердин аттарын алып оовкатка отургузушту.

«Жаңы Ала-Тоо» 2011, 9 (29)

[1] Пада – уй, сыйыр.
[2] Беденин – тулку боюн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.