Далай-лама «Эңсеген кыялым – НАТОнун штаб-квартирасы Москвага көчүп келсе» дейт

Жакында Дели шаарында Далай-лама XIV ой-туюмдун табигатын изилдеген россиялык эксперттер менен тарыхта биринчи жолу сукбат курду. “Түптүү билим: орус жана будда окумуштууларынын алым-сабагы” аталган жолугушуулар Тибет маданияты жана маалымат Борбору тарабынан “Тибетти сактайбыз” фонду жана Москва ой-туюмду изилдөө борбору менен биргеликте уюштурулган. «Коммерсантъ FM» радиостанциясынын серепчиси Станислав Кучер буддисттердин рухий жолбашчысы менен адамзаты XXI кылымдын экинчи ондугунда кездешкен башкы көйгөйлөр тууралуу баарлашты. – Буга чейин сиз жашооңуздун башкы максаты катары сүйүү, боорукердик жана башка гуманитардык баалуулуктарды диний эмес усулдар менен, […]

Михаил ЗОЩЕНКО: Эстен кеткис окуя

АҢГЕМЕ Бир кызматкердин келинчеги майда буржуазиянын үй-бүлөсүнөн чыккан абдан эле жаш жана бардыгын билүүгө дилгир айым бир актерду сүйүп калды. Ал драма жана комедия артисти эле. Мына ошентип ал келин ошону сүйүп калды. Же ал анын аткарган оюнун көрүп, ал оюн аны өзүнө тартып алганбы, же тескерисинче, анын оюнун көрбөй туруп эле өзүнүн келишимдүү келбети менен жакканбы, айтор ким билсин, аны дегдеди да калды. Ал көпкө чейин эмне кыларын билбей жүрдү: күйөөсү менен ажырашып, артистке турмушка чыгып алабы же күйөөсү […]

Антон ЧЕХОВ: Караңгылык

АҢГЕМЕ Ак саргыл, жаагы узун жаш жигит айрылган тону бар, кара чоң кийиз өтүк кийип алган экен, жергиликтүү доктурду күтүп турду, ал болсо киши кабыл алганын бүтүрүп, ооруканадан өз батирине кайтып келаткан эле, жигит тартынгандай жанына араң басып келди. — Сиздей ырайымга, — деди ал. — Эмне керек сага? Жигит алаканы менен ылдыйдан өйдө мурдун сылай өттү да, асманды бир пас карап, анан барып жооп кайтарды: — Сиздей ырайымга… Бул жерде сенде, улуу урматтуу таксыр, арестанттар палатасында байкем Васька жатат, […]

Молдолор кофеге тыйуу салган заман…

Илгери кофе ичимдигин жакшы көргөн бир адам ”Кудайдын атын айтып, кофе ичкен адам уктабай сергек жүрөт. Арак-шарап ичип, рахатка батууну каалаган адам, мас болуп, Кудайды унутат” деген экен. Кофе азыр Кыргызстанда кыйла эле популярдуу суусундук болуп калды. Эртең менен кофе ичпесе суз тартып, ишке көңүлү чаппаган кофеге “талгак” кыз-жигиттер менен орто курактагы аял-эркектер арбын кездешет. Бир кезде молдолор “акылыңды айнытат” дешип, ал эми тарса диниятчылары мусулмандардын шарабы деп, ичкенге тыюу салган бул ичимдикке акын Кыялбек Кыргыз (Урмамбетов) мына бул ырды […]

Жидду КРИШНАМУРТИ: Өзүңдө революция жасай аласыңбы? (II глава)

I глава (ушул шилтемеде) Өзүңдү таанып-билүү. Жөнөкөйлүк. Шарттын коюлушу Эгерде сен — мен же дагы бирөө айткандан улам гана өзүңдү таанып-билгиң келип жатса, анда пикир алмашуунун, мамиле түзүүнүн кажети жок. Эгерде эч ким айтпай эле, өзүңдү таанып-билүү эң маанилүү экенин түшүнгөндө гана  биз чогуу изденсек болот, изденүү терең, толук жана кубанычтуу нукта жүрөт. Мага сенин ишенимиңдин кереги жок. Мен өзүмдү авторитет катары көрсөткүм келбейт. Мен сени эч нерсеге үйрөтө да албайм. Менин бир жаңы философиям, жаңы системам жок, реалдуулукка, бу Болмушка […]

Дилазык: Кагаз барак жана кара чекит

ПРИТЧА Мугалим окуучуларын чакырды да ак кагазды көрсөтүп: — Бул жерден эмнени көрүп турасыңар? — деди. — Чекитти-деди бирөөсү. Окуучулардын бардыгы анын жообуна кошулуп баштарын ийкешти. — Көңүл буруп, жакшылап карагыла, — деди мугалим. — Бул жерден бир гана кара чекитти көрүүгө болот, — деди кийинки окуучу. — Жок! Бул жерде кичинекей кара чекит, туурабы? — деп үчүнчү окуучу анын жообун жокко чыгарды. Калган окуучулар ооба дегендей ишарат менен баштарын ийкеп, мугалим эмне дээр экен деп күтүп калышты. — Өкүнүчтүү, […]

Владимир ВЫСОЦКИЙ: Шахмат оюну

АҢГЕМЕ Эгерде сага шахмат ойногонду сунуш кылышса, эч качан: “билбейм” деп айта көрбө. Андан көрө: “Билем, бирок көңүл чаппай турат” деп койгонуң оң. Бул алтын эрежени эми мен жакшы билем. Бирок баягыда!.. Мен паркта гезит окуп, тынч олтурсам, бейтааныш киши жаныма басып келди. Көзүндө ушундай бир куса бар экен дейсиң, а колтугунда – шахмат тактайы. — Ойнойлубу? – өтүмсүз суроо узатты; менин баш тартаарымды билип тургансыйт тимеле. — Билбейм! — Кандайча? – секирип кете жаздап, мени асмандан түшкөн немедей карады. […]