Абдыкерим МУРАТОВ: Ботобай ырчы

Биз бала кезде, мындан жарым кылымдай илгери Ноокатта Ботобай ырчы тууралуу көп айтышар эле: «Ботобай мындай ырдайт эле», «Ботобай мындай адам эле», «Токтогул менен айтышкан, Барпы менен айтышкан» деп. Биз болсо китептен Токтогул жөнүндө окуп, Барпы тууралуу окуп, бирок Ботобай атабыз тууралуу бир ооз сөз окубай капа болор элек. Анын себебин кийин гана билдим. Ботобай ырчы тууралуу «Кыргыз адабияты» деген энциклопедияга мындай мүнөздөмө киргизилген: «Ботобай (1861–1944) – акын. Ал Кыргызстандын түштүк өрөөнүнө, Өзбекстандын көп жерине таанымал болгон. Орозаалы аттуу чоң […]

Ашыглык илебинен жаралган айкелдер

Жогорудагы сүрөт: Камилла Клодель. «Вальс». 13-октябрда Канаданын Монреал шаарында ачылган балет фестивалы эки бөлүмдүү «Роден-Клодель» спектакли менен ачылды. Аны канадалык жаш хореограф Питер Хуанс койду. Оюндун сюжети атактуу француз айкелчиси Огюст Роден менен анын окуучусу Камилла Клодель ортосундагы ширин сүйүү, ачуу ажырашууга негизделген. Бул баягы эле бытиенин, жашоонун түбөлүктүүлүгү эмеспи. Бул жаш үй-бүлөгө катар улуу курактагыларга да мүнөздүү көрүнүш. М. Камчыбеков Устаз өзүнөн 23 жаш кичүү таланттуу шакиртине XIX кылымдагы эркектер үстөмдүк кылган дүйнөдө өз ысымын ташка чегип, түбөлүктүү кылып […]

Жидду КРИШНАМУРТИ: Өзүңдө революция жасай аласыңбы? (III глава)

I глава жана II глава (ушул шилтемеде) Аң-сезим. Өмүрдүн бүтүндүгү. Аңдап билүү. Качан гана шарттарга көзкаранды экениңдин аңдап билгенде, аң-сезимиңдин чулу экенин түшүнөсүң. Аң-сезим өзү чулу сфера, анда ой менен мамилелер жашайт. Бардык мотивдер, керектеле турчу нерселер, коркунучтар, эргүүлөр, ырахат алуу, кумар алуу, каалоолор, үмүттөр, кайгы-капалар, кубаныч, бардыгы ал сферада бар. Бирок биз ал аң-сезимди экиге бөлүп алганбыз – ойгоо кездеги жана уктап жаткандагы деп, жогорку жана төмөнкү деңгээл деп, үстүңкү катмарында – күнүмдүк ойлорубуз, сезимдерибиз, иш-аракеттерибиз, алардын алдында – түпкү аң-сезим орун […]

Дилазык: Тозок менен бейиштин дарбазасы

ПРИТЧА Жоокер акылманга келип сурады: — Бери ук! Мен эми жаш эмесмин, көп убактым салгылашууда өттү, эртең каалаган убакта өлүм келерин билем. Канткенде жашоодо катачылык кетире алам? Айтчы, тозоктун эшиги кантип ачылат да, бейиштики кандай ачылат? Аксакал самурайга карап күлүп жиберди: — Ырас, сен жоокер эмессиңби? Жок! Сен иттин куйругусуң! Жоокердин көзүнөн каары көрүнүп турду. Кылычын сууруп чыгып аксакалга такады. Бирок акылман аксакал коркпостон беймарал гана: — Мына, жоокер, тозоктун эшиги ушундай ачылат! — деди. Жоокер аксакалды түшүнүп, кылып жаткан […]

Авраам ЛИНКОЛЬН: Бир гана от болотту эң жогорку сапатына жеткире курчута алат

Авраам Линкольн дүйнөдөгү эң көрүнүктүү инсандардын бири. Америка Кошмо Штаттарындагы кулчулукту жоюуда анын салымы чоң болгон, ошондуктан  А.Линкольн Улуттук Баатыр атыккан. Анын төрт  уулу болгон, экөө кичинекей мезгилинде, бирөө эрезеге жеткенде (төрт, он бир жана он сегиз жаш куракта) курган учук жана  тердеме  оорудан көз жумган. 1855-жылы А.Линкольн “Уулумдун окутуучусуна кат” деген белгилүү эмгегин жазат, бул кат өзүнүн беш жаштагы уулу, Президенттин суйуктүү  баласы Уильмдын окутуучусуна арналган. Тилекке каршы, Уильм алган билимин колдонууга мүмкүнчүлүгү болбой, он бир жашында жарыкчылык менен […]

Михаил ЗОЩЕНКО: Акыркы аңгеме

АҢГЕМЕ Революциянын акыркы жылдарында биздин үйдө мындай бир өзгөчө окуя болду. Үй эбегейсиз чоң эле. Беш кабат болучу. Бирок ошондой болсо да кечкисин керосин чырак күйгүзчүбүз. Бул падышачылык режимден калган белек эле. Ал үйдүн жанында турган үйлөрдүн бардыгында электр жарыгы бар эле, биздики гана ушундай болучу. Бул бардыгыбыздын кыжырыбызды кайнатчу. Ошол учурда бул үйдүн тургундары үйгө жарык киргизүү боюнча бир нерсе кылбайлыбы дей башташты. Ушундай тунжураган караңгылыкка канчага чейин чыдайбыз дешти. Аларга муну жасаса болот деп айтышты. Бул учурда биздин […]