Жидду КРИШНАМУРТИ: Өзүңдө революция жасай аласыңбы? (IV-V главалар)

Ырахаттын артынан кубалоо. Каалоо. Ой жараткан бузукулук. Эс. Кубаныч. Мурдагы главада биз кубаныч – ырахаттан өзгөчөлөнүп турарын айтканбыз, келгиле, ырахат өзүнө эмнени камтырын (ырахатсыз дүйнөдө жашаса болобу?),  шумдуктуудай кубаныч экенин, балкыткан жыргал экенин териштирип көрөлү. Биз бардыгыбыз ырахаттын артынан тынбай кубулап келебиз, ал ырахат тигил же бул формада болушу мүмкүн: интеллектуалдык ырахат алуу, сезимдин балкыганы, маданий оюн-зооктор; реформа өткөрүп, ошондон ырахат алуу, башкаларды үйрөтүп-окутуудан, коомдун кемчиликтерин оңдоп-түзөп, жакшылык кылуудан, денени жибитип, машыгуудан, тажрыйба алгандан, турмушту түшүнүүдөн, акылдын бардык бейкүнөө, куу […]

Орхан ПАМУК: Адабият мен үчүн – дары

Орхан Памук – түркиялык атактуу жазуучу, “Кар” романы үчүн эл аралык Нобель сыйлыгына алган. Адабият мен үчүн – дары. Дарыны кашык же уколь (иньекция) түрүндө кабыл алгандай, мен дагы адабияттагы “дозамды” ар күнү кабыл алууга тийишмин. Эгерде мындай айтууга ылайык болсо, дарынын белгилүү касиеттери жана тиешелүү консистенциясы менен кошо өзүмдүн “дозамды” күн сайын ичүүмө туура келет. * * * Жазуучу болуш окурманды мындай деп айтууга мажбурлоо: «Мен дагы бул жөнүндө айткым келген, бирок кимдир бирөө  мурда-кийин да мындай айта  албагандай […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Кара бука

АҢГЕМЕ — Ата, ата, сүйүнчү, Куу кулак байкем аял алып келди! – деп антаңдап кирип келдим. — Чүш-ш-ш! – сөөмөйүн тике көтөрүп, ээгине тийгизди да: — Шамен же Турат байке десең… «Куу кулак» десең жеңеңди кайра алып кетип калат, ал биз эркелеткен аты да, — деп кулагыма шыбырады. Уурусу кармалган кишидей тымпыйып туруп калдым эле, көзү сокур болсо да сезими күчтүү атакем жүзаарчысынын четине түйүп алган сары жез 5 тыйындан төрттү берди да: — Барагой Шакар, акырын барып ойноп кел, […]

Мырзаян ТӨЛӨМҮШОВ: Деген экен…

Эрдикте чек жок Айтылуу акын, прозачы, драматург жана котормочу Эрнис Турсунов бир күнү сырттан алагүү келип, балдарын олтургузуп алып, нуска айтат: «Эй, балдарым, алдың 3, артың 2 аял алдың, мобу мен кургур социализмден бир аял менен чыгып кеттим го. Ушу ну билесиңерби?» деген экен. Качыкемден калган сөз… Ал илгери Москвада литинституттун 2 жылдык жогорку курсунда окуп жүргөн чагы экен. Бир жолу трамвайда баратып, аялдын бутун басып алат. Аял кантсе да кечирим сурайт ко деп күтсө, Качыке (Качкынбай Осмоналиев) эч нерседен […]

Нурайым ШАРШЕНБАЕВА: Ата мурасына ээлик кылар уул

ЖОМОК Илгери бир акылдуу карыя жашаптыр. Анда бийлик болбосо да, ошол чөлкөмдүн эли ага баш ийип, ар бир кеңешин кабыл алып, акыл сурап турушчу экен. Анын үч уулу болот. Уулдары эр жетип, эл керегине жарар мезгилде чакырып алып: — Уулдарым! Мына, баарыңар эр жетип, өз алдынча турмуш кура турган мезгилге келдиңер. Менин өсөрүм калган жок, өлөрүм калды. Маңдай терим менен тапкан  байлыгымды мураска калтырууга да убакыт жакындады.  Мурасты бөлбөй, бириңе гана калтырууну туура көрдүм. Бул үчун менин бир каалоом бар, […]

Габриэль Гарсиа МАРКЕС: Сыйкырчы болсом, “Жалгыздыктын жүз жылы” романымды жок кылмакмын…

Габриэль Гарсиа Маркести окурманга тааныштырып отуруунун зарылдыгы жок. Колумбиялык улуу жазуучунун чыгармалары кырк жылдан бери дүйнө жүзү боюнча эң көп окулган китептерден. Жазуучунун атагын чыгарган “Жалгыздыктын жүз жылы” романы 1970-жылы орус тилине которулуп, Россияда басып чыгарылат. Маркес анын эң мыкты окурмандары дал ушул Россияда жашайт деген. Жазуучу СССРде акыркы жолу 1987-жылы болот. Дүйнөлүк новеллистиканын генийин Кремлде М.С. Горбачев тосуп алганы бар. Сиздерге сунуштап жаткан маек Россиянын “Развитие личности” журналынын 2004-жылдагы №4—санына жарыяланган. – Устатыңыз ким болгон? – Окутуучуларым деп менин […]