Габриэль Гарсиа Маркести окурманга тааныштырып отуруунун зарылдыгы жок. Колумбиялык улуу жазуучунун чыгармалары кырк жылдан бери дүйнө жүзү боюнча эң көп окулган китептерден. Жазуучунун атагын чыгарган “Жалгыздыктын жүз жылы” романы 1970-жылы орус тилине которулуп, Россияда басып чыгарылат. Маркес анын эң мыкты окурмандары дал ушул Россияда жашайт деген. Жазуучу СССРде акыркы жолу 1987-жылы болот. Дүйнөлүк новеллистиканын генийин Кремлде М.С. Горбачев тосуп алганы бар.

Сиздерге сунуштап жаткан маек Россиянын “Развитие личности” журналынын 2004-жылдагы №4санына жарыяланган.

– Устатыңыз ким болгон?

– Окутуучуларым деп менин инсандыгымдын калыптанышына, жашоодогу жолумду тандап алууда, мендеги өнөр-шыкты андан ары өрчүтүүдө таасирин тийгизген адамдарды айтар элем. Мындай адамдар менин турмушумда аз эмес. Баарынан мурун бул менин таятам, полковник Николас Рикардо Маркес Мехия. Таятам чебер зергер болгон, алтындан балык, чынжыр, билерик жана башка кооздуктарды жасачу. Мен таятамдын үйүндө бой тарттым. Ал мени көп нерселерге үйрөттү, өзү катышкан граждандык согуштар, табигат кубулуштары тууралуу айтып берчү. Мен көбүнчө андан өзүм түшүнбөгөн сөздөрдүн маанисин сурап шайын оодарар элем, менин бул суроолорума жооп бериш үчүн таятам сөздүктөрдү аңтарчу. Көп нерсени заматта билип алгысы келген небересинин бардык суроолоруна жооп тапкан таятам, полковник Маркес жакындарымдын арасынан мени толук түшүнгөн жалгыз жан болгон.

Балалык жана өспүрүм чагымда кыялдарга берилип, ар кандай окуяларды ойлоп таап, досторумду катуу оорулуу экениме ишендирип койчумун. Чындыгында ден соолугум куландан соо. Мен жашоону кызыктуураак кылып, аны түркүн түс боёкторго боёгум келчү. Мунүчүн мени жемелешип, калпычы жана келжирек атка кондурушкан. Таятам гана менин кыялдарымды айыптоочу эмес. Кыязы, ал кичинекей калпычыдан келечектеги жазуучуну көргөн окшойт. Бир жолу ким бирөөгө мен тарткан тамашалуу сүрөттөрдү көрсөтүп жаткан таятам: “Ал окуяларды жалаякта жаткан чагынан бери ойлоп табат” деди. Таятам кайтыш болгондо, мен сегиз жашта элем. Менин бардык жазуучулук жумушум – ошол мен сегиз жашка толгондогу дүйнөнүн абалы, көргөн, туйган нерселеримди кагазга түшүрүү, түшүнүү аракети гана. Дагы бир устатым деп атачу адам – лицейде испан тили жана адабияты сабагынан берген мугалимим Карлос Хулио Кальдерон Эрмида болгон. Мен анын сүйүктүү окуучусу болгомун. Дон Карлос лицейде тарбия иштерине да жоопкер эле, кезектеги шоктугум үчүн мени жазалоо убактысы келгенде ал мени партага отургузчу да, эртеңки күнгө чейин бир аңгеме жазып келүүмдү буйруй турган. Дал ушул агайым мени жаза баштоого түрттү. Мен агайыма ырларымды көрсөтүп, анын демилгеси менен ал чүргөмөлөрүм лицейдин адабий гезитине басылып чыкты. Бул ырлардын баарын ошол убактагы сүйгөн кызыма арнагамын. Кийин окутуучума алгачкы китебимден тартуу кылдым.

Эгерде адабияттагы окутуучуларым тууралуу сөз кылсам, төрт адамдын ысымын атай алам. Деги эле адабияттагы таасир бул кызыктуу нерсе. Ал мени көптөн бери кызыктырып жүрөт. Абдан эле жаш чагымда колума Кафканын “Метаморфозалар”  аңгемелер жыйнагы тийип калды. Бул китепти окуп чыгып, эстен тандым. “Ушундай дечи! Эгерде ушунун өзү адабият болсо, анда жазса болот!” деп ойлогонум эсимде. Кафка мага адабиятта мүмкүн эмес, болбойт деген нерселерди чынында жасоого болорун көрсөттү. Мен колума кагаз-калем алып олтуруп жаза баштадым. Кафканын таасири менен алгачкы аңгемелерим жаралды. Азыр ошол аңгемелеримди чыгармалар жыйнактарыма дайым киргизип коюшат. Мен муну колдобос элем, себеби менин алгачкы адабий жазмаларым ашыкча акыл-эстештирилип, менин жашоом, турмуш чындыгы менен такыр байланышы жок. Бул мен адамдарга айткым келген нерсе эмес эле.

Уильям Фолкнер да мени көп нерсеге үйрөттү. Ачыгыраак айтсак, ал менин жеке акыл корутундуларымды бекемдеди. Ал сүрөттөгөн дүйнө мен жазгым келген нерселерге укмуштуудай окшош. Фолкнер АКШнын Түштүгүнүн жашоосун сүрөттөгөн. Бул жерлер мен жарыкка келген Колумбиянын Кариб деңиз жээгиндеги Аракатака кыштагы менен көп окшоштуктары бар. Жайыттар, пальмалар, цинк (көгүш ак түстөгү металл) менен жабылган үйлөр, темир жол вагондору – мунун баары АКШнын түштүк штаттарында да, мен туулган аймакта да бар. Себеби, Аракатаны атактуу “Юнайтед фрут компани” куруп, ал ишкана өзү менен кошо америкалык жашоо образын кошо ала келди, түштүк штаттары көп мезгилге чейин Мексикага тиешелүү болгон. Андыктан Фолкнер менин чакан космосумдун бир бөлүгү.

Дагы бир таңкаларлык таасирди Вирджиния Вульфтан алдым. Анын прозасы фантастикалык, дүйнөнү жана ага толгон бардык нерселерди укмуштуудай курч кабыл алуусу менен өзгөчөлөнөт. Эң башкысы, ал мезгилди укмуштуудай сезе алган. Ал реалдуу ирмемдерди, сааттарды, күндөрдү чагылдыруу менен ошол эле убакта түбөлүктүүлүктүн бүтүндөй көчүрмөсүн сактай алган. Анын китептери да мага жазганга жардам берди.

Дагы бир мен атын атабасам болбой турган бирөө бар. Бул никарагуалык акын Рубен Дарио. Анын ырларында Кариб Америкасынын кайталангыс, сыйкырдуу дүйнөсү жатат. Мен Дарионун жана башка карибдик элдердин ырларын менин жашоомдун башкы китеби болгон “Патриархтын күзү” чыгармамда көп пайдаландым. Менин көзкарашымда, Дарио – улуу феодалдык диктаторлордун доорлору үчүн типтүү акын. Патриарх тууралуу китебимде анын ырларынын таңгаларлык тилин китептин башынан аягына чейин колдондум. Ансыз романым роман болмок эмес.

– Өзүңүздүн жашооңуз менен басып өткөн жолуңузга канааттанасызбы?

– Бул суроого жообум канааттандырарлык болмокчу. Менин абалымда жашоомо канааттанбайм деп айтуу бери дегенде таңгаларлык, туурабы? Тагыраагы, менин жашымда. 76га чыкканда тырышып, мөңкүп, баарын “башынан баштагысы келген”, “түбөлүк жаш жандүйнөсү бар” карыянын ролун ойноо келесоолук. Ушул азыр да башын канжыгага сайып, таңгалыштуу жаштык кайрат менен жашап келаткан Фидель Кастро эмесмин. Кээ бир жагынан ага суктанам. Улгайган курагым түйшүктөнтөт деп айтпаймын. Мен дайым карылыкка даяр болгом. Он жашымда “Абышка” деген каймана атым болгон, себеби өзүм курактуулардан улуураак көрүнгүм келип, карыган адам сыяктуу ой жүгүртө тургамын.

Менин жашоом менен жазуучулук мансабымдын көрүнүктүү чеги жана мен дээрлик жарым кылым корккон нерсе мемуар жазуу жумушу эле. Бул ирмемди көпкө чейин создум, себеби Жер бетиндеги жашоомдун жыйынтыгын чыгарууну каалаган жокмун, мен жөн гана жашагым келген. Анын үстүнө, мен дайым ойдон чыгарылган окуяларды, ар кандай болбогон иштерди баяндайт эмесминби, а биерде болсо, окурманга чыныгы “жылаңач” чындыкты жеткирүү керек. Эки жыл мурун мемуарлардын биринчи тому болгон “Жашоону айтуу үчүн жашоо” китебимди чыгаруу менен бул чекти бузуп кирдим. Бул китептин 579 барагынын баары – Габриэль Гарсиа Маркес тууралуу нукура чындык. Эскерүүлөрүмдү 1989-жылы эле жаза баштагам, бирок булар атүгүл 2002-жылы да жарыялоого жараксыз бойдон эле. Бирок менин басып чыгаруучуларым башка ойдо экен. Алар мени шаштырышып, кол жазмаларымды колумдан жулуп кетип жатышты. Төрт жүздөн ашуун түзөтүүлөрүмдү терилип даяр болгон текстке киргизүүмө туура келди. Акыркы ирмемдерде китептин негизги өзөгү болгон “Жашоо — бул сен жашап өткөн нерселер эмес, эмнени эстеп калганың жана аны кандайча айтып бере алганың” деген эпиграфты киргиздим.

Өзүмдүн Рубиконумду аттап өтүү менен Габриэль Гарсиа Маркес аттуу адам эки жашоодо жашарын билдим. Алардын бири – мен өзүм билген, мен бара жаткан жана мен баалаган өзүмдүк жашоом. Экинчиси болсо, таптакыр менден көзкарандысыз жашаган, мага анчалык тиешеси болбогон жашоо. Менин бул башка жашоомдо өзүм батынып жасай албаган иштер болуп турат. Мындай ажырым мага белгилүүлүк келгенден кийин болду. Гезиттер менен журналдарда мен барбаган иш-чараларга баргандай кылып жазып жатышты. Басма сөздөн жер шарынын ар кай бурчтарында окуган дарстарым, берген маектерим тууралуу окуп жаттым. Эң кызыктуусу, бул маектерди өзүм бербеген болсом да, алардын ар бир сөзүнүн алдына кол коюуга даяр элем. Акыркы чекитине чейин ойдон чыгарылган маектерде менин ойлорум, көзкараштарым, табитим мен берген маектерге караганда алда канча мыкты чыгарылган.

Бул эмне болуп калыптыр! Канча жолу мейманда болгонумда, байкатпай ал үйдүн китепканасына кирип, өзүмдүн китептериме автограф коймокчу болуп, бирок китепти ачып көрүп, мен үчүн алда качан ким бирөө мен сүйгөн кара сыя менен шашылган стилде колтамгасын калтырганын көрчүмүн. Бир жолу да досторума бул менин колтамгам эместигин айтууга батынган жокмун. Муну далилдөө мүмкүн эмес болчу. Анан калса, акылынан алжыган картаң киши болуп көрүнгүм келген жок. Бирок менин түгөйлөшүмдүн кылыктары муну менен токтоп калган жок. Дүйнө кезип саякаттап жүрүп, бардык жерден мени менен өзүм болбогон жерлерде учурашкан жана ал учурашуу тууралуу жылуу сезимдерди сактап жүргөн адамдарды көп кезиктирдим. Атүгүл, мен тааныбаган туугандарым менен таанышып, жылуу мамиледе болгондор да кездешти. Мындай окуяларды топтоштуруп туруп, мындан он алты жыл илгери “Менин экинчи Меним” деген жыйнакка киргиздим. Мен менин “эгизим” бул жазмаларды окуп, анын “эрдиги” элге жеткенине уялып, “ишмердүүлүгүн” токтотор деген ойдо элем. Бирок андай болгон жок. Алиге чейин менин экинчи “Менимдин” эрдиктеринин жаңырыгы мага угулуп турат.

Акыркы жылдары менин атыма байланышкан окуялар улам коркунучтуу да боло баштады. Массалык маалымат каражаттары түшүнүксүз тытынуу менен өлгөндүгүм тууралуу жар салып жатышты. Бир нече жолу телевизор же радио угуп жатып алып баруучунун: “Бүгүн Габриэль Гарсиа Маркес ааламдан өттү” деген билдирүүсүн уктум. Адегенде буга кыжырланчумун, бирок акырында өз өлүмүм менен макул болууга туура келди, ошентип ай сайын экиден кем эмес жолу өлүп жаттым. Жакында эле Мехикодогу ресторандардын биринен бир журналист мага мындай деди: “Маэстро, бүгүн эртең менен радиодон Сиздин өлгөндүгүңүз тууралуу кабарлашты”. “Дал ошол каза тапкан мени көрүп турасыз” дегенден башка сөз айта албадым. А мындан эки жыл мурун “бир акылдуу” мен тарабынан адамзатка жазылган коштошуу катын жазыптыр. Мени чын дилден сүйгөн жана мен да ак ниеттен сүйгөн окурмандарымдын мындай былжырак катка ишенишкендери үчүн кайгырып, уялууну сездим. Мунун баары атактуулуктун ашыкча жүгү. Биерде эчтеке кыла албайсың. “Менин экинчи “Меним” дүйнө кыдырып, менин макулдугумсуз атак-даңкымдын көлөкөсүндө күнчубактап, экөөбүздүн канчалык окшош эместигибизди ойлоп да койбостон тайраңдап жүрөт. Ал ушинтип менин аркам менен жыргап жүргөндө мен жазуу үстөлүмдө отурган тейден картайып баратам, өткөн күндөрүм тууралуу азаптуу жалгыздыкта сагынуу менен ойлонуп, жашоодо алымдын жетишинче тырбалаңдап өмүр сүрүп келем.

– Сиздин жандүйнөңүздүн бүгүнкү күндөгү абалы кандай?

– Аз дегенде он жыл бою жандүйнөмдү тынчсыздануу менен коркунуч ээлеп келет. Биздин дүйнө өтө эле тездик менен жаман жагына өзгөрүүдө жана бул бүлгүндүү өзгөрүүлөр ар бирибизге таасирин тийгизип жатат. Эгерде мындан бир аз эле мурун планетанын жашоо агымын көз алдыма даана, так келтире алсам, азыр болуп жаткан кубулмалуу өзгөрүштөргө талкуу жүргүзө албайм. Кээде эчтеке түшүнбөгөндөй, эч бир ой жүгүртө албагандай сезем өзүмдү. Балким, мен түгөнгөн кыялкеч жана романтик чыгармын, бирок мен үчүн дүйнө бүгүн жана эртең кандай болору маанисиз эмес. Андыктан, көпчүлүк кесиптештеримден айырмаланып, көпчүлүккө көзкараштарымды жарыялагандан тартынбайм. Көбүнө бул жакпайт жана алар менин активдүүлүгүмдү сынга алышат. Испан өкмөтү биз, колумбиялыктар үчүн энебиздей болгон Испанияга кирүү үчүн визалык режимди алып салмайынча менин Испанияга келбөө тууралуу басма сөздөгү чечимимди айыпташат. Революциялык Кубаны колдошумду айыпташат. Менин саясый акцияларга, анын ичинде колумбиялык бийлик менен партизандардын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөргө катышканымды айыпташат.

Албетте, менин үнүм көп нерсени чечпейт. Эч ким жалгыздыкта азыр ушинтип атоо модага айланган глобалдык көйгөйлөрдү чече албайт. Адамдардын чачкындыгын жоготуп, дүйнөдө күн санап күч алып бараткан чексиз жекечеликке каршы туруп, чегине жете булганган достук, жолдошчулук, сүйүү түшүнүктөрүнүн алгачкы нукура маанисин кайтарып берүүбүз зарыл. Муну жасоого болот деп ишенем. Болгону бир гана нерсе керек – дүйнөлүк цивилизациянын рухий кайрадан жаралышына бардыгы катышуусу керек. Буга байланыштуу эски революциялык ураанды эстедим: “Эл бирдиктүү болгондо, ал жеңилгис”, бул ураан биздин тынч жок мезгилде жаңы мааниге ээ.

– Келечекке койгон максаттарыңыз?

– Жеке максатым – жазууну улантуу. Өзүмдүн жумушумсуз үч күн да жашай албаймын. Ошон үчүн да Жараткан мага бардык максаттарымды ишке ашыруум үчүн күч берет деген үмүттөмүн. Акыркы алты жыл ичинде дайым шашып жүргөнүмдү байкадым. Жашаганга шашамын. Мемуарларымды бүтүргөнгө шашамын. Ар кандай көптөгөн иштерди бүтүргөнгө шашамын. Бирок ошол эле учурда дайым жашап келгенимдей эле жашаганга аракет кыламын. Мурдагыдай эле сандаган каалоолор менен көптөгөн кыялдарым бар. Аткарылбай калат ко деп корккон каалоолорумдун бири – эски досторумду кайра кайтаруу. Өлүм – достор ортосундагы жалгыз тоскоолдук эмес. Дагы бир кырдаал бар. Мерседес экөөбүз көбүнчө үйдө жалгыз калып, чын ниетибизден бизге досторубуз коңгуроо кылышып, мейманга же дагы башка жактарга чакыруусун каалайбыз.

Тилекке каршы, алар эртелеп эле телефондун туткасын тирүү эстелик алып, сөзсүз анын бүгүн маанилүү жолугушуусу бардыгын же кезектеги улуу романын жазганы отурганын жана өзүнүн баа жеткис убактысын болбогон иштерге короткусу келбегенин айтат деп ойлошот. Бул мени капалантат. Чокуга чыгып алып, айланамды карап, коркуп кеттим: тегерегимде эч ким жок. 24 саат бою баарына алакандай ачык туруп обочолонуп калуунун өзү айрыкча коркунучтуу. Мына ушул өмүр бою жазмакерлигимдин өзөгүнө айланган чыныгы жалгыздык. Жалгыздыктын бийлиги жана бийликтин жалгыздыгы – менин романдарым, аңгемелерим менен повесттеримдин башкы темасы. Тагдыр мени менен орой тамашалашты: жашоомдун аягында өзүм жалгыздыкта камалып калдым; бул бийликтин жалгыздыгына окшогон атак-даңктын жалгыздыгы. Бийликтин жалгыздыгына эң сонун мисал, ал өзү буга анча макул боло бербесе да, менин эски досум жана терең урматтаган адамым, улуттук жолбашчы Фидель Кастронун абалы.

– Үй-бүлөдө кандайсыз?

– Мен өз үй-бүлөмдү, жакындарым менен туугандарымды абдан жакшы көрөм. Аларга жалаң жакшылык каалап, колумдан келишинче кубаныч тартуулаганга аракет кыламын. Үй-бүлөнүн жыргалчылыгы – бул кесиптик ийгиликтин да ачкычы. Менин адабий жетишкендиктеримде жакындарымдын салымы чоң. Чын жүрөктөн ажырашуулар менен араздашуулар үй-бүлөмдү кыйгап өтүшүн тилейм.

– Ата-энеңиз менен ата-бабаларыңызга мамилеңиз кандай?

– Таятам тууралуу айтып бердим. Ата-бабаларым туурасында аз билем. Атамдын ата-энеси испандыктар болушкан, бирок алар өмүр бою Колумбияда жашашкан. Апамдын чоң атасынын атасы да испандык болгон. Менин досторум тышкы келбетим армянинге окшош экенин айтышкан. Балким, менде чын эле армян каны бар чыгар. Колумбия – келгиндердин өлкөсү. Биздин жерде ондогон улуттар менен элдер бириккен. Армяндар да аз эмес. Бизде атүгүл, Армения деген шаар бар. Менин чоң энем, Транкилина Игуаран Котес, чоң атамдын эки ата өтүшкөн карындашы болгон. Алардын ортосунда үч бала, эки кыз жана бир уул төрөлгөн. Чоң энем абдан ишенчээк жана бат таасирленүүчү аял болгон. Ал менин чеги жок фантазиямдын башкы курмандыгы болду. Демин ичине алган чоң энем мен турган ордумда ойлоп тапкан тамсилдерди берилип укчу жана бир сонун көз ирмемде гениалдуу ойго келчү: анын небереси кайыптан кабар берүүчү көзү ачык. Жыйынтыгында менин “көзү ачыктыгымдан” аз жерден ооруп кала жаздады. Менин апам, Луис Сантьягу Маркес Игуаранды “Аракатакинин гүлү” деп аташкан. Ал абдан сулуу жана жакшы тарбияланган аял болчу. Атасы, Габриэль Элихио Гарсиа Мартинес телеграфчы болуп иштеген. Алар энесинин эркинен тыш үйлөнүшкөн. Полковник Маркес анын жалгыз кызы чөнтөгүндө сокур тыйыны жок телеграфчыга турмушка чыкпашы керек деген.

Андан тышкары, таятам жеткен либерал болсо, атам туруктуу консерватор болушкан. Колумбияда бул душмандашуу үчүн жетишерлик шылтоо. Мен алардын тун уулу элем, жарыкка 1928-жылдын 6-мартында келгемин. Менин жаралышым үй-бүлөлүк араздашууга чекит коюп, таятам менен атам элдешишет. Апамды эки жашымда көргөмүн. Мени ага алып келип, мындай дешти: “Апаң менен саламдаш”. Мен бул аялдын менин апам экенине катуу таңгалдым. Ал мага талапты катуу койчу, себеби мен балдарынын улуусу болгондуктан, ал сыяктуу эле үй-бүлө үчүн жоопкер элем. Мен апамды чексиз жакшы көрүп, эч кимге ага төгүлгөндөй төгүлгөн эмесмин. Көп жылдар бою кай жерде гана жүрбөйүн, ар бир жекшемби сайын ага телефондон коңгуроо кылчумун. Бул коңгуроо биздин өзара мамилебиздин эң маанилүү салты эле. Апам менин эң мыкты окурманым. Ал бардык китептериме оңой эле ачкыч таап, каармандарымдын жашоодогу көчүрмөсү ким экенин дароо таап ала турган. “Жарыяланган өлүмдүн ирети” чыгармамдагы Сантьяганын образы апамдан алынган. Романды окуп чыгып, ал көңүлү калганын жашыра албады, анткени өзүнүн анчалык угумдуу эмес Сантьяга деген экинчи ысымын жашырып келген, эми болсо бул ысымды дүйнө укту.

Атам менин мамилем оор болгон. Аны алгач ирет ал 33кө чыкканда көргөмүн. Анда мага жашым алты жаш, тогуз ай болгон. Көп жылдар бою атам мен үчүн жомок бойдон калган. Ал жашоодо бар да, жок да болчу. Ал менин жашоомдо бирде пайда болуп, бирде жоголуп турар эле. Ата-энемдин үйүнө көчүп келгенимде жети жашта элем. Ошол кезде мен үчүн “эркек” түшүнүгүгү таятама байланышкан. Мен аны туурап жашаганга аракет кылчумун. Атам болсо таятама такыр окшобойт. Үй-бүлөлүк жашоомдун өзгөрүшү жашоомо таасирин тийгизди. Атам таятамдан айырмаланып мага абдан катаалдык менен мамиле жасап, бир да жолу эркелеткен жок. Аны менен кантип тил табышууну такыр биле албадым. Балээнин баары атамды жакшы билбегенимден эле. Качан жашым отуздан оогондо гана атам экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнүшө баштадык жана мезгилдин өтүшү менен абдан жакын болуп калдык. Эчтемкеге карабастан, атама көп жагынан милдеттүүмүн: дал ушул өз атам мага китеп окууну сүйүүнү үйрөттү. Атам адабиятты сүйүп, абдан көп окуй турган. Ал колуна тийген китептин баарын окуп чыгар эле. Бул менин жазуучу болуп калыптанышыма көп таасирин берди.

Сиз үчүн жашоонун маңызы эмнеде?

– Өзүмдү өзүм ачып берүүдө, менин эң башкы кыялымды ишке ашыруу жана чыныгы сүйүүнү таанып-билүүдө. Жашоо чыныгы махабатсыз көркүнө чыкпайт. Сүйүү сезими жашоого дем берет, жашоону көрктөйт. Сүйүүсүз жашоо – көңүлсүз жашоо. Мындай жашоо пайдасыз жана маанисиз. Сүйүү вирусу жукпаган жүрөк сенейип катып, карайып, упурап чачырайт. Адам жүрөгү сүйбөй калгандан улам өлөт. Же сүйүүдөн чарчайт. Мындай болбогондо бүт дүйнө, бүткүл адамзатынын абалы азыркыдан башкача болмок.

– Адамдагы кайсы сапатты өзгөчө баалайсыз?

– Ак ниеттүүлүктү. Биздин доордо ал уламдан улам азаюуда. Ал кудум чигирим терисиндей (шагреневая кожа) көзалдыбызда бырышып-тырышып, азайгандан азаюуда, ошондуктан да өзгөчө баалуулукка айланып, адамзатын дайым коштоп жүргөн өз белгисинен кандайдыр бир асыл сапатка айланууда.

– Кайсы кемчиликке көз жуумуп коё албайсыз?

– Жалган айтууга. Калп айтуу кыжырымды кайнатат.

– Сүйүктүү жумушуңуз?

– Менин эң башкы, сүйүктүү жана жападан жалгыз жумушум – китеп жазуу.

– Эгер сыйкырчы болсоңуз, өзүңүз үчүн эмне кылмаксыз?

– Эгер ойкуштатпай айтчу болсом, мени тажаткан оорудан кутулмакмын. Жакындарыма алардын бактысы жана жыргалчылыгы үчүн менин мүмкүнчүлүктөрүмдөн тышкары болгон нерселерди жасамакмын. Эң акырында “Жалгыздыктын жүз жылы” романымды жок кылмакмын. Жок дегенде, кайра жазып чыкмакмын. Бул китеп үчүн уялам, себеби кээ бир себептерден улам аны өз оюмдагыдай жаза алган жокмун…

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.