Ырахаттын артынан кубалоо. Каалоо. Ой жараткан бузукулук. Эс. Кубаныч.

Мурдагы главада биз кубаныч – ырахаттан өзгөчөлөнүп турарын айтканбыз, келгиле, ырахат өзүнө эмнени камтырын (ырахатсыз дүйнөдө жашаса болобу?),  шумдуктуудай кубаныч экенин, балкыткан жыргал экенин териштирип көрөлү.

Биз бардыгыбыз ырахаттын артынан тынбай кубулап келебиз, ал ырахат тигил же бул формада болушу мүмкүн: интеллектуалдык ырахат алуу, сезимдин балкыганы, маданий оюн-зооктор; реформа өткөрүп, ошондон ырахат алуу, башкаларды үйрөтүп-окутуудан, коомдун кемчиликтерин оңдоп-түзөп, жакшылык кылуудан, денени жибитип, машыгуудан, тажрыйба алгандан, турмушту түшүнүүдөн, акылдын бардык бейкүнөө, куу кылыктарынан ырахат алуу; Кудайды тааныйм деп аракеттенип, аны жогорку ырахат алуу катары көрөбүз.

Ырахат алуу – бул коомдун кандайдыр бир түзүлүшү. Бала кезден өлөр-өлгөнчө биз ырахаттын артынан кубалап келебиз. Ошондуктан, ырахат алуунун кайсыл түрүн карабайлы, биз алгач көйгөйдүн өзүн так, ачык, даана көрүшүбүз керек, анткени ырахатка умтулуу биздин жашообузга өзгөрүү киргизип келатканын унутпайлы. Ошондуктан ар бирибиз ырахат көйгөйүнө көңүл коюп, кылдаттык менен изилдөөбүз маанилүү, анткени ырахат алуу, андан кийин аны сактап калуу, ал сезимди эстеп жүрүү жашообуздун негизги талабы болуп эсептелет, ансыз жер үстүндө басып жүргөнүбүз зериктирет, жалгыздыкка салат, маанисин жоготот.

Андай болсо, эмнеге жашоо ырахатка умтулуу болбоосу керек? – деп сурашыңар мүмкүн. Себеби жөнөкөй эле, ырахат алуу акыры азапка салат, көңүл калтырат, кайгы-капа, коркунуч жаратат, а коркунуч – бул зордук-зомбулук. Ошондой өмүр сүргүңөр келеби, анда ошентип жашай бергиле. Ал эми кайгы-кападан эркин жашайм десеңер, анда ырахаттын толук структурасын, түзүлүшүн түшүнүү керек.

Ырахатты түшүнүү – бул аны четке кагуу дегендикке жатпайт. Биз аны жакшы же жаман деп аныктама бербейбиз. Бирок артынан кубалап жүргөндөн кийин, көзүбүздү чоң ачып алып кубаналы, ырахат издеген акыл-эс ар дайым анын көлөкөсүн — азабын билүү зарыл. Ырахаттын артынан кубалап, азаптан кутулууга аракет кылып жүрсөк да, аларды бөлүп кое албайбыз.

Эмнеге акыл-эс ар дайым ырахат талап кылып турат? Эмнеге биз жакшы, жаман иш жасап, ичибизден жашыруун ырахат алабыз? Эмнеге биз ырахат үчүн бир нерседен баш тартып, кайра азапка башыбызды малабыз? Ырахат алуу деген эмне, ал эмнеден пайда болот? Силер өзүңөргө ушундай суроо берип, кайра ага жооп бергенге аракеттенип көрдүңөр беле?

Ырахат 4 баскыч аркылуу келет: кабыл алуу, сезе билүү, контакт жана каалоо. Мисалы,  мен кооз сонун автомашина көрүп калдым дейли. Аны карагандан кийин, менде ага карата реакция сезими пайда болот, андан кийин мен машинеге тийип, кармалап, сыйпалап көрөм, анан аны сатып алгым келет, меники болсо дейм. Же көк асмандын фонунда бир кооз булутту же тоону, же алгачкы жазгы барикти, же чалкыган өрөөндү, же кызарып батып бараткан күндү, өзүнүн сулуулугун сезбеген, бирок акылдуу, тирүү, чырайлуу кыздын жүзүн көрдүм дейли. Мен буларга суктанып карайм, сүйүүгө тете сулуулукту көрөм. Бул көз ирмемде менин көйгөйлөрүмдү, кыжаалат кылган нерселерди, азабымды унутуп коем. Жалгыз ушул мен көргөн керемет калат. Ушундай суктануу менен карайм да, кийинки көз ирмемде унутуп коем. Же акыл-эс иштей баштап, дароо көйгөй жаралат.

Мен көргөнүм жөнүндө ойлонуп, сонун экен дейм, буларды дагы көп жолу көргүм келет. Ой салыштырып, талдап, “Мен бул кереметти эртең да көрүшүм керек” деп жиберет. Көз ирмемдик суктануу узартылып, акылыңда жашай баштайт. Төшөк кумары жана башка ырахаттар менен деле ошол. Каалоонун өзүндө туура эмес эч нерсе жок, ага болгон реакция – кадыресе көрүнүш. Мени төөнөгүч менен сайып жиберсең, шал болбосом, мен дароо реакция жасайм, бирок суктануу ойду иштетип, аны сезе баштаганда гана ырахатка айланта баштайт. Ой ал сезимди кайра-кайра каалап кирет. Канчалык көп кайталанса, ал механикалык түргө айлана баштайт. Канчалык ырахат жөнүндө көп ойлонсоң, ой ага ошончолук чоң күч берет.

Ошентип ой каалоонун жардамы менен ырахат жаратып, аны кармап турат, узартат, натыйжада кайсыл бир керемет, сонун нерсеге болгон каалоонун кадыресе реакциясы акыл-эс тарабынан бузулат. Ой ал реакцияны эскерүүгө айлантат, кайра-кайра эске түшүп, эскерүүнү азыктандырып турат. Эске тутуу кайсыл бир деңгээлде калетсиз зарыл. Ансыз күнүмдүктө тиричилик кылалбайт болчубуз. Ал тиричиликте керек дечи, бирок эстутум анчейин маанилүү болбогон ойдун абалы болот. Эстутумдан жабыркабаган ой чынында эркин.

Толук, чулу нерсени бүт жүрөгүңдү салып кабыл алганда, эске тутуу катышпаганын байкадың беле? Жүрөгүңдү салбаган учурда гана конфликт жаралат, ал конфликт дүрбөлөң, ырахат же азап алып келет, анан ал күрөш эстутумда жүрө берет. Ал эскерүүгө башка эскерүүлөр кошулат, так ушунда негизги жооп жатат. Эстутумдан чыккандын баары эски болот, демек ал эч качан көзкарандысыз болалбайт. Эркиндик, ойдун көзкарансыздыгы деген түшүнүктөр жок. Ой эч качан жаңы болбойт, анткени ал эстутумдун, тажрыйбанын, билим-илимдин жообу гана. Ой эски болгондуктан, азыр эле суктанып караган нерсени эскиге айлантат. Ал эски нерседен силер ырахат жаратасыңар, жаңы нерсе жаралбайт. Жаңыда убакыт, мезгил болбойт.

Ошентип, эгерде сен ырахатты пайдаланбай, ар нерсени карасаң: киши кебетесин, кушту, кийимдин түсүн, күнгө чагылышкан көлдүн кооздугун, суктануу жараткан эмнени гана караба, — ушуларды көргөндөн кийинки жылуу сезим кайталанбасын деп карасаң, анда азап болбойт, коркунуч болбойт, бир гана сөз менен айтып бералбаган кубаныч гана калат.

Бир гана ырахатты сактап калуу аракети аны азапка айландырат. Муну өзүңдөн байкап көрсөң. Ырахатты кайталоо максаты гана көңүл оорутат, анткени ал кечээгидей боло албайт. Ошол эле суктанууну, ошол ырахатты сезгиң келет, бирок андай болбой, көңүл калат. Бир кичинекей эле ырахатка бирөө макул болбой койсо, кандай кыжаалат болгонуңду байкайсыңбы?

Каалаганыңа жетпей, тынчың кетет, ич күйөт, жаман көрүү сезими ойгонот. Сени менен ичпей койсо, тамеки бербей койсо, төшөк кумарына макул болбой койсо, дагы бир нерсеге “жок” деп койсо, — ички дүйнөңдө кандай күрөш жүргөнүн байкадың беле? Бул коркунучтун кандайдыр бир формасы, чынбы? Сен каалаганыңа жетпей калдым деп чочулайсың же биротоло таппай калдым деп коркосуң. Канча жылдардан бери карманып келген кайсыл бир ишеним же идеология кулай баштаганда, сен жалгыздыкта калып калам деп корко баштайсың. Анткени ал ишеним көптөгөн жылдан бери канааттандырып, ырахат тартуулап келген, анан аны жоготкондо, же көңүл калганда, ичиң аңгырап бош калат, анын ордуна башка ишеним, ырахаттын башка формасын тапкычакты коркунуч сени кое бербейт, ичиңден жей берет, кыжаалат кылат.

Бул мага өтө жөнөкөй нерсе, дал ушул жөнөкөй болгондуктан, биз ал жөнөкөйлүктү көргүбүз келбейт. Биз бардыгын татаалдаштырганды жакшы көрөбүз. Аялың карабай кетсе, эмне кызганбайсыңбы? Эмне жиниң келбейби? Аны жетелеп кеткен кишиге жек көрүү пайда болбойбу? Мунун баары – ырахат тартуулаган кишини, чукул, жакын кишини, жылуу мамиле берген кишини, өз күчүңө ишеним тартуулаган кишини, бар экениңе ыраазы кылган кишини жоготуп алуу коркунучу.

Ырахат алуунун артынан кубалоо бар жерде, сөзсүз азап болорун түшүн. Кандай жашап келсең, ошондой жашай бер, бирок бул билбегенден келип чыккан ката болсун. А эгерде азап тартуудан кутулгуң келсе, анда ырахат алуудан баш тартуу керек, ырахаттын бүтүндөй түзүлүшүнө кунт коюп, толук көңүл бурууга туура келет. Монахтар менен кечилдер эч качан аялды карабайт, анткени муну алар күнөө катары көрөт, ошентип алар өзүнүн түшүнүгүндө жашоо негизин бузуп алышат, мен алардай болуп кечил болуп кеткиле дебейм, ырахаттан биротоло кол үзгүлө дегим келбейт, ырахаттын бардык маани-маңызан түшүнгөндө, таанып-билгенде, сен жашоонун болуп көрбөгөндөй кубанычына ээ болосуң.

Кубаныч жөнүндө ойлонбой эле кой. Кубаныч – бул өзүнөн-өзү кирпик каккыча пайда болгон нерсе, бирок кубаныч жөнүндө ойлонсоң, ал ырахатка айланат. Бүгүнкү күн менен жашоо – бул ырахат алам дебей, жашоонун сулуулугун жөн гана кабыл алуу, ага суктана билүү.

V глава

Өзүңө кызыгууну токтотуу. Жетишкендикти каалоо. Коркунуч жана токтобогон коркунуч. Ойдун үзүндүлөрдөн турушу. Коркунучтун бүтүшү.

Сөзүбүздү улаардан мурда, жашооңдогу негизги, эң маанилүү кызыкчылыгың эмне экенин сурагым келет. Кайпактаган жооптордун баарын четке кагып, бул суроого түз, чын жүрөктөн жооп бере аласыңбы? Эмне экенин билесиңби деги? Ал кызыкчылык өзүң эмеспи? Чын жооп берсең, “өзүм” деп жооп бермексиң.

Менин жетишкендиктерим, жумушум, үй-бүлөм, жашаган үйүм, мансап самаган каалоом, кадыр-барк, бийлик, башкалардан жогору болсом деген кыял-жорук мени кызыктырат, бул менин кызыкчылыгым. Ушинтип биринчи кызыкчылык өзүң экенин мойнуңа алсаң, акыл-эстүүлүк болмок.

Кимдир-бирөө биринчи кезекте өзүңдү ойлоо туура эмес деп айтышы мүмкүн, бирок аны моюнга алгандын эмнеси жаман? Моюнга алсак да, уялып калабыз. Чындыгында негизги кызыкчылык өзүбүздө, бирок идеологиялык шарттарга ылайык же салтка жараша, минтип ойлоо туура эмес катары көрөбүз. Бул биздин ишке эч тиешеси жок. Бул болгону идея, түшүнүк, ал эми кызыкчылыгыбыз өзүбүздө экени факт.

Башкалар жөнүндө ойлоо, аларга жардам берүү керек дешиңер мүмкүн, бирок айырмасы кайсыл? Бул деле өзүңдүн кызыкчылыгың. Башкаларга жардам бергениң менен, андан өзүң ырахат аласың. Кандайдыр бир идеологиялык негизге такоонун канчалык зарылдыгы бар? Эки ача ойдун кереги эмне? Түз эле “Мен секстен ырахат алам, башка бирөөгө жардам бергенден ырахат алам же ыйык киши, окумуштуу же саясый ишмер болгум келет, ушунун өзү ырахат” деп койсо болбойбу? Бул жанагыл эле процесс да, туурабы? Ар түрдүү формада канааттануу – бул биздин каалообуз. Биз “эркиндик каалайм” деп аны каалайбыз, ойлонобуз, ал ой бизге ырахат берет. Бирок толук ырахат ал ишке ашканда болот. Биздин издегенибиз эле – ырахат алуу, толук канааттануу, ал жерде канааттанбай калуу деген болбойт.

Көпчүлүгүбүз коомдогу абалыбыздан канааттануу алабыз, эч ким болуп калуудан коркобуз. Дегеним, коом ушундай түзүлгөн, жогорку даражадагы кишиге чоң сый менен мамиле кылышат, коомдо орду жок адамды каалаганы ары түртүп салат. Дүйнөдө бардыгы барк-баа күткүсү келет: коомдо, үй-бүлөдө, тууган арасында же Кудайдын оң колу болгусу келет, аны башкалар кабыл алуусу керек, андай болбосо даражаң, кадыр-баркың бир тыйын болуп калат. Биз дайыма өйдө  олтургубуз келет. Ичибизден болсо – азаптын айлампасы буркан-шаркан түшүп турган болот, анткени сыртыбыздан маанилүү экенибиз бизди канаатандырат. Каада күтүү, бийлик самоо, ал даражаңды коомчулуктун кабыл алуусу – бул башкалардан жогору турууну каалоо болуп эсептелет. Мындай каалоо агрессиянын бир формасы. Ыйык болгусу келген киши да элдин кабыл алуусун каалайт, демек ал да агрессивдүү, тоок фермадагы жанталашып жем чокуган жөжөдөн айырмасы жок. Бул агрессиянын себеби эмнеде? Себеби коркунуч, туурабы?

Коркунуч – бул жашоодогу эң чоң көйгөйлөрдүн бири. Коркунуч баскан акыл дүрбөлөңдө, конфликтте жашап калат, ошондуктан бузулуп, зомбулукка ыктап, агрессивдүү боло баштайт. Өзүнүн көнүмүш ой-жүгүртүүсүнөн арылууга чыгына албайт,  эки жүздүүлүк жаратат. Биз коркунучтан эркин болмоюнча, кандай бийик тоого чыккан болбойлу, кандай укмуш кудайды ойлоп таппайлы, биз баары бир караңгы капаста кала беребиз.

Биз ушундай бузулган, кемчонтой коомдо жашап келебиз, бизди атаандаштыктын духунда тарбиялап, окутуп, үйрөтүп келишет, а бул коркунуч жаратат, бардыгыбыз ар түрдүү коркунучтарга толуп калганбыз. Коркунуч – бул жексур неме, ал баарын бузат, талкалайт, жашообузду мокотот.

Дене коркунучу бар, бирок бул жаныбарлардан мураска алган реакция. А бу жерде психологиялык коркунучтар маанилүү, качан биз тээ түпкүрүбүздө тамырлаган коркунучтарды түшүнгөндө, дене коркунучунан арылса болот, анткени ал коркунуч денеге гана багытталат, айбандык коркунучтар биздин психологиялык коркунучтарыбызга жардам бералбайт.

Бардыгыбыз бир нерседен коркуп жашайбыз. Жалпы коркунуч деген болбойт. Ал бир конкреттүү нерсеге багытталат. Сен өзүңдүн коркунучтарыңды билесиңби? Жумушуман айрылып калам, жетиштүү тамак-аш же акча каражаты жок, же коомчулук же кошуналар сен жөнүндө кандай ойдо, ийгиликтерден куржалак калуу, жек көрүндү болуу, шылдыңга калуу, оорудан, бийликтен коркуу, сүйүүнү билбей калам, же мени сүйбөй коет деген коркунучтар, аялдан, балдардан айрылуу, өлүмдөн коркуу, өмүрдөн коркуу, кусадан жаралган коркунуч,  эл айткан образдай болбой калуу, ишенимден калуу, жана башка, жана башка толгон-токой коркунучтар бар, сен өзүңө тиешелүү, өзгөчө, жеке коркунучтарды билесиңби? Аларды кандай кабыл аласың? Же качып кетесиңби? Аларды жашыруу үчүн жасалма идея, жасалма көзкараш жаратасыңбы? Коркунучтан качуу – коркунучту гана күчөтөт.

Коркунучтун эң башкы себептеринин бири – бул чындыгында өзүбүздүн кандай экенибизди көргүбүз келбейт. Ошондуктан алардан кутулуу үчүн биз ойлоп табылган качуунун ар түрдүү ыкмаларынын системасын изилдешибиз керек. Эгерде мээге байланган акыл коркунучту жеңүүгө аракет кылса, аны баскысы келсе, тартипке салгысы келсе, көзөмөлдөгүсү келсе, аны терминдерге салып түшүндүргүсү келсе, анда араздашуу болот, конфликт жаралат, ал конфликттиден толтура энергиябызды, күүбүздү сарп кылабыз. Биринчи талдай турган маселебиз: коркунуч деген өзү эмне? Кантип жаралат? “Коркунуч” деген сөзгө эмне маани беребиз? Мен өзүмдөн эмнеден коркконумду эмес, дегеле коркунуч деген эмне деп сурап жатам. Мен өзүмдүн аныкталган жашоо образым бар, аныкталган үлгүдө ой жүгүртөм, аныкталган ишенимим, догмаларым бар, мен ушул калыптанган шаблондордун бузулуусун каалабайм, анткени өмүрүмдүн өзөгү ушунда. Алар бузулса эле аныкталбаган жайда калып калышым мүмкүн, а мен муну каалабайм. Мен баарынан баш тартсам да, мен багыт алган тарапта мага баары бир жаңы тартиптеги аныкталган нерсе керек болот. Мээнин клеткалары кандайдыр бир үлгү (шаблон) түзүп койгон, башка аныкталбаган үлгү (шаблон) жаратуудан баш тартып турушат. Аныкталган нерседен аныкталбаган нерсеге багыт алуу – муну мен коркунуч деп коем.

Азыр, ушул жерде олтуруп, мен эч нерседен корккон жокмун. Эч нерседен коркпойм дагы, анткени азыр мени менен эч нерсе болуп кетпейт, эч ким коркуткан жок, эч ким бир нерсемди тартып алып жаткан жок. Бирок бул көз ирмемдин ары жагында акылдын терең катмары жатат, ал билип-билбей келечекте бир нерсе болуп кетпесин, жамандык болбосун деп кооптонуп турат. Ошентип мен өткөн чактан да, келер чактан да кооптонуп, коркуп турам. Мен убакытты өткөнгө жана келечекке бөлүп койдум. Ойду иштетсек, ал: “Абайла, баягыл кайталанбасын, келечекке даяр бол, келечекте сага коркунуч туудурган нерселер болуусу мүмкүн; азыр барың бардай, бирок келечекте андан кол жууп калышың мүмкүн. Эртең өлүп калышың мүмкүн, аялың кетип калышы мүмкүн, жумушуңдан айрылышың мүмкүн, балким эч качан атак-даңкка жетпей каласың, башыңа жалгыздык түшүп, кыйналарсың, эртеңки күнгө даяр болушуң керек” деп айтып жаткан болот.

Эми өзүңдүн коркунучуңдун өзгөчө формасын карап көрөлү. Ал коркунучка назар сал, ага болгон реакцияңды кара. Андан качпай, актанбай, күнөөлөбөй же басууга аракет кылбай карай аласыңбы? Коркунучтун себеби болгон сөздү пайдаланбастан, унчукпай карай аласыңбы? Өлүм коркунучун жараткан сөзү жок эле, өлүмгө өзүнө түз карай аласыңбы? Сөздүн өзү калчылдатып коет, туурабы? “Сүйүү” деген сөз болсо дирилдетип коет, өзүнчө өзгөчө элеси (образы) бар. Өлүмдүн элеси акылыңда эстутум аркылуу башка өлүмдөрдүн элесин сактап алган, аларды көргөнсүң, тиешең болгон, ошол элес коркунуч жараткан жокпу? Же аны элестетпей эле, жөн гана “өмүр бүттү” деп коркуп жатасыңбы? “Өлүм” деген сөз коркунуч жаратып жатабы же өмүрдүн аягына чыкканыбы? Эгерде коркунуч сөздөн же эскерүүдөн келип чыгып жатса, анда ал дегеле коркунуч эмес.

Мисалы, сен эки жыл мурун катуу ооругансың дейли, анда кыйналганың эсиңде гана калды, эми болсо: “Абайла, кайра ооруп калба” деп жатсын дейли. Ошентип эстутум ооруну эстеп коркунуч жаратып жатат. Бирок бул негизи жок коркунуч, анткени азыр денсоолугуң беш. Ой дайыма эски, анткени ал эстутумдун жообу, эскерүү дайыма эски болот, ой убакытта жүргөндө, коркуп жаткандай сезилет. Бирок коркунучту жараткан нерсе факт эмес. Денсоолугуң жакшы экени факт, бирок акылда эскерүү катары калган нерсе ойду козутуп: “Абайла, кайра ооруп калба” деп турат.

Ошентип биз ой кандайдыр бир коркунучту жаратарын аныктадык. Бирок кандайдыр бир түрдөн сырткары коркунучтун өзү барбы? Коркунуч дайыма ойдун жыйынтыгы болобу, андай болсо, коркунучтун башкача формасы барбы? Биз өлүмдөн коркобуз, эртең, же бүрсүгүнү, бир канча убакыттан кийин эмне болуп кетет дейбиз. Боло турган нерсе менен азыркынын ортосунда кандайдыр бир аралык болот. Ой ал абалды билет. Өлүмдү көрүп: “Мен өлөм” дейт. Анан өлүм коркунучун жаратат, эгерде мындай болбогондо, кандайдыр бир коркунуч болот беле?

Коркунуч ойдун жыйынтыгыбы? Андай болсо, ой дайыма эски, демек, коркунуч да эски болот. Жогоруда биз аныктагандай ой жаңы болбойт. Биз эски нерсени гана таанып-билебиз, ошондуктан эскинин кайталанышынан коркобуз – бул болгон деген ой, келечекке өтүп кетет. Демек, ой коркунуч үчүн жоопкер. Ушундай экенине көзүң жетет. Качан алдыңда бир нерсе даана пайда болгондо, коркунуч болбойт. Ой иштей баштаганда гана пайда болот. Демек, азыр алдыбызда бир суроо пайда болду – акыл-эс толугу менен учур чакта жашай алабы? Бул коркунучу жок акылда гана болушу мүмкүн, бирок аны түшүнүү үчүн ой менен убакыттын структурасын түшүнүү керек. Аны интеллектуалдык деңгээлде эмес, сөздүн катмарында эмес, чын жүрөктөн, болгон акыл, болгон ички көрөңгөң менен түшүнгөндө, ошондо коркунучтан эркин болосуң, ошондо акыл-эс коркунуч жаратпаган ойду пайдаланып калат.

Ой-жүгүртүү эстутум сыяктуу эле күнүмдүк тиричиликте сөзсүз керек. Бул пикир алмашуунун, иш кылуунун ж.б.у.сыяктуулардын жападан жалгыз куралы. Ой – эстутумдун жообу, тажрыйбаны, билимди, салтты, мезгилди чогулткан эстутум, эстутумдун ушундай негиздерине таянып, реакция кылабыз, демек, бул реакциянын өзү ой-жүгүртүү. Ошентип ой аныкталган деңгээлдерде  зарыл болот, бирок психологиялык жактан келечекке, өткөн чакка өтүп кеткенде, ал канааттанууну жараткандай эле, коркунучту да жаратат. Акыл мокой түшөт, натыйжада токтоп калат. Ошондуктан мен өзүмөн: “Эмне үчүн мен минтип ой-жүгүртүү коркунучту жаратарын билип туруп эле, ырахат алуу жана азап чегүүнүн терминдери менен өткөн чакты ойлоп жатам?” деп сурап жатам. Ой психологиялык жактан токтоп калбайт, антпесе коркунуч эч качан  токтоп калбайт.

Ойдун функциясы — дайыма бир нерсе менен алек болуп тургандыгында. Көпчүлүгүбүз оюбуз дайыма бир нерсе менен алек болуп туруусун каалайбыз, анткени чынында өзүбүз кандай экенибизди көргүбүз келбейт, ой ошондон алаксытып турушу керек. Биз көңдөй болуудан коркобуз, өзүбүздүн коркунучту карагандан коркобуз. Сергек акыл-эс менен коркунучту аңдап билсе болот, бирок аң-сезимдин терең деңгээлинде аны таанып-билүүгө дараметибиз жетеби? Жашыруун, купуялуу коркунучтарды кантип тапса болот? Коркунучту аң-сезимдеги жана түпкү аң-сезимдеги деп бөлүп караса болобу? Бул өтө маанилүү суроо. Адис-психологдор жана аналитиктер тереңдеги жана үстүңкү катмардагы деп коркунучту бөлүп карашат. Бирок психологдор менен мага макул болсоң, анда сен биздин теорияларыбызды, догмаларыбызды, билимибизди талкуулап калган болосуң; өзүңдү түшүнбөй каласың. Сен Фрейдди, Юнгду же мени билип, өзүңдү билбей каласың. Кандай шумдуктуу болбосун, башкалардын теориясы эч кандай мааниге ээ болбойт. Аң-сезимдеги жана түпкү аң-сезимдеги эки башка коркунуч барбы же ар түрдүү формага салынган жападан жалгыз коркунуч болобу деп сен өзүңдөн гана сура. Бир гана каалоо болот, сен каалаган жалгыз каалоо болот; каалаган нерселер алмашып турат дечи, бирок каалоонун өзү ошол эле. Балким ушул сыяктуу эле коркунуч да жалгыз болуп жүрбөсүн? Сен ар кандай нерселерден коркушуң мүмкүн, бирок коркунуч бирөө эле.

Коркунуч бөлүнбөстүгүн ачык түшүнгөндөн кийин түпкү аң-сезим деген маселеден, ушуга байланыштуу психологдор менен аналитиктер айткандарынан толук кутулганыңды баамдайсың. Коркунуч  — бул ар кандай жол менен өзүн көрсөткөн бирегей кыймыл экенин түшүнүп, багытталган нерсени эмес, кыймылдын өзүн гана көргөндө, эң оор көйгөй менен бетме-бет келесиң – акылыңды бузган үзүмдөрдөн турбаган кыймылды кантип кабыл алуу керек?

Бир гана толук, чулу коркунуч бар. Анан ар кандай үзүндү-үзүндү ойлонгон акыл аны кантип чулу камтый алат? Мүмкүнбү бул? Биз ошондой үзүндүлөр менен жашайбыз, толук коркунучка бир гана ой-жүгүртүүнүн үзүндү процесси аркылуу гана карай алабыз. Ой-жүгүртүүнүн бардык процесси, бардык механизми үзүндүлөрдөн турат – мен сени сүйөм, мен сени жек көрөм, сен менин касым, сен менин досум, менин өзгөчө мүнөзүм, менин жумушум, менин абалым, менин кадыр-баркым, менин аялым, менин балам, менин өлкөм, менин кудайым, сенин кудайың – мунун баары ой-жүгүртүүнүн үзүндүлөрү. Ой-жүгүртүү коркунучту толук карагаганга аракет кылат, бирок бөлүп-жарып жиберет, ошондуктан биз ойдун кыймылы жок болгондо гана, акыл-эс коркунучту чулу камтый аларын көрөбүз.

Сен коркунучка эч кандай бүтүм чыгарбай, ал жөнүндө билим жыйнабай карай аласыңбы? Анте албасаң, анда байкап жатканың – бул өткөн чак, анте алсаң, анда сен биринчи жолу өткөн чакты аралаштырбай, коркунучка тике карап жатканың. Оюңда башка нерсе турса, сүйлөп жаткан кишини укпай каласың, өзүң менен өзүң болуп, өз маселең, өз чочулооң менен болуп каласың, а кунт койсоң, кишинин сүйлөгөнүн угуп, түшүнөсүң, ошондуктан акылды эч нерсе алаксытпашы керек. Коркунучту ошентип карай аласыңбы, коркпойм, аны басып өтөм деп, эржүрөктүк кылам деп дагы башка жакка урунбай? Коркунучтан качпай карай аласыңбы?  Эгерде: “Мен аны көзөмөлдөй алам, мен андан баш тартам, мен аны түшүнүшүм керек” десең, анда коркунучтан жаа бою качып жаткан болосуң. Акыл токтотуп, булутту, даракты же суунун агымын карашың мүмкүн, анткени булар өзгөчө мааниге ээ эмес, бирок өзүңдү кароо, көзөмөлдөө өтө татаал, себеби практикалык кызыгуубуз чоң, реакциябыз өтө тез. Ошондуктан коркунучка же айла кетүүгө, жалгыздыкка же кызганычка же акылдын аңтар-теңтер абалына туш келип калганда, аларды акылың жайбаракат карап, толук камтыганга чама-чаркың жетеби? Акыл-эс коркунучтун ар кыл формаларын эмес, коркунучтун өзүн кабыл алганга дарамети жетеби? Коркуп жаткан нерсени эмес, коркунучтун өзүн толук камтыйбы? Эгерде коркунучтун конкреттүү формаларын карап жатсаң же жөн гана коркунучтардын улам биринен кутулууга аракет жасап жаткан болсоң, анда эч качан коркунуч менен чогуу жашаганга үйрөткөн негизги маселеге жакын жолой албайсың.

Коркунуч сыяктуу тирүү неме менен жашоо үчүн чебер акыл жана чебер жүрөк керек болот, алар бир бүтүмгө байланбай, коркунуч кыймылынын ар бир кадамынын артынан жүргөндөй болушу кажет. Эгерде коркунучту байкап, аны менен жашасаң, коркунучтун толук табиятын таанып-билүү үчүн сага бир күндүн да кереги жок. Бир мүнөт же бир секунда жетиштүү. Коркунучту толук сезсең, сөзсүз: “Коркунуч менен жашаган ким? Ким коркунучтун бардык формадагы кыймылын байкап жатат? Ошол эле учурда ким коркунучтун маани-маңызын аңдап-билип жатат? Байкап жаткан неме, өзү жөнүндө толтура билимди, маалыматты чогулткан неме тирүүбү, кыймылсызбы, ошол өлүк неме байкап, көрүп, коркунучтун кыймылы менен жашап жатабы?” деп сурайсың. Кантип жооп бересиң? Мага эмес, өзүңө жооп бер. Сен ошол тирүүнү байкап жаткан өлүк немесиңби же тирүүнү байкап жаткан тирүү немесиңби? Анткени байкоонун өзүндө ушул эки абал көрсөтүлгөн.

Байкоочу  — бул коркунучту башынан өткөргүсү келбеген цензор. Байкоочу коркунуч менен байланышкан туюм-сезимдерди чулу камтый алат. Ошентип, байкоочу коркунучтан сырткары өзүнчө жашай алат. Ортолорунда кандайдыр бир аралык бар. Байкоочу дайыма коркунучтан кутулгусу келет же качкысы келет, ошондуктан коркунуч экөөнүн ортосунда дайыма үзүлбөгөн күрөш болуп турат, энергия сарп болот…

Карап олтуруп, байкоочу – бул идеялар менен эскерүүлөрдүн жыйындысы экенин билесиң, анда эч кандай баалуулук болбойт, ал эми коркунуч — бар нерсе, бирок ага абстарктуу, жалпылап карасаң, коркунучту түшүнүү аракетиң эч нерсе бербейт. “Мен коркуп жатам” деп байкоо салган киши чындыгында байкоочудан эмне айырмасы бар? Байкоочунун өзү – коркунуч. Муну аңдап-билсең, коркунучтан кутулам деп энергия коротпойсуң, байкоочу менен байкоодогу нерсенин ортосундагы мейкиндик-мезгил аралыгы жоюлат. Качан сен коркунучтун бир бөлүгү экениңди, ал жок жашай албасыңды көргөндө, өзүң коркунуч экениңди түшүнгөндө – аны менен эч нерсе кылалбай калганда, коркунуч толугу менен жок болот.

Орусчадан оодарган Эрнис АСЕК уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *