Анаргүл Тажибаева тууралуу алгачкы маалыматты кыргыз элдин оозеки чыгармаларын жыйноодо эбегейсиз эрдик кылган, өмүрүн ошол ишке сайып коюп, атүгүл үй-бүлөсүн да таштап, фанат катары эл аралап жүргөн Каюм Мифтаковдон билебиз. Татар уулу, таланттуу жыйноочу 1947-жылы Чоң-Алай жана Ноокат жергесине фольклордук экспедиция менен келет да, Чоң-Алайдан 82, Ноокаттан 168 кишиден материалдарды жазып алат, алардын ичинен 90у ичкилик, калганы адигине, мунгуш урууларынан болот.

Айтуучулардан 5 өзбек, 5 түрк, 1 кожо да катышат. Жогорудагы материалдарын жазып алгандардын 30у аялдар болгон. Ал киши буга чейин да өткөн XX кылымдын 20-жылдарында Талас, Нарын, Ысык-Көл аймагынан «Манас» баш болгон өтө көп чыгармаларды жазып алган, өтө көп информаторлор менен пикирлешкен, кыргыз, казак, башкорт, татар элдеринин, кытай кыргыздарынын оозеки адабиятынын эң мыкты билерманы болгон. Ошол киши Анаргүл Тажибаеванын чыгармалары жазылган дептерге: «Бул дептерде бүткүл Кыргызстанда аялдардан бирден бир эл акыны болгон Анаргүл Тажибаеванын ырлары жазылды. Бул аял акын аялдарга ооз ачып ырдоо чоң айып саналган бир областтан – Оштон чыгып отурат», — деп жазып калтырыптыр (Токомбаева А. Каюм Мифтаков. – Ф.: «Илим», 1991).

Мени таң калтырган нерсе – өлөрүнө бир жыл калганда, 55 жашында түрк элдеринин маданиятын, салтын абдан жакшы билген киши К.Мифтаков ушинтип айтып жатат. Ноокаттык бир карапайым аялды ушинтип баалап атат.

Кайра-кайра окуп көңүл буруучу учурлар: биринчиси, Мифтаковдун Анаргүл Тажибаеваны «бүткүл Кыргызстанда аялдардан бирден бир эл акыны» деп баалашы; экинчиси, «бул аял акын аялдарга ооз ачып ырдоо чоң айып саналган» аймактан чыгып жатышы.

Дагы мени таң калтырган экинчи бир нерсе – ушундай атактуу аялды калайык калк гана эмес, адабиятчылар да жакшы билбей, анын чыгармаларынын китептерге, хрестоматияларга киргизилбей жүргөндүгү, атүгүл ноокаттыктардын да көбүнүн бул ысымды унутуп калышы.

Ырас, биз өткөнүн унуткан маңкурт болбосок буга ким айыптуу деген суроо менен катар эле эми эмне кылышыбыз керек деген суроо да кабыргасынан коюлууга тийиш.

Ырас, бир жылыш болду: профессор А.Акматалиев жалпы редакциялык кылган «Кыргыз адабиятынын тарыхы» деген 7 томдук эмгектин «Кыргыз эл ырчылары» деген 5-томуна Анаргүл Тажибаеванын адабий портрети талыбас изилдөөчү, элдик мударис Омор Соороновдун авторлугунда киргизилген.

Жогорудагы А.Токомбаеванын китебиндеги жана О.Соороновдун макаласындагы маалыматтар бул таланттуу аял тууралуу азырынча аздыр-көптүр пикир айтууга мүмкүнчүлүк берет да, анын чыгармаларын жарыялоо, үйрөнүү, изилдөө кийинкиге калтырылат.

Улуттук илимдер академиясындагы сакталып турган К.Мифтаков 1947-жылы, андан соң аталган мекеменинин бир топ окумуштуулары (С.Закиров, П.Ирисов, Ж.Мусаева ж.б.) 1974-жылы жыйнаган маалыматтарга караганда Анаргүл ырчы, кошокчу, айтуучу болгон.

Мифтаков чыгармаларын жазып алып аткан учурда ал кырк жети жашка келип, чыгармачылык жактан жетилип турган убагы эле.

Кийинки экспедиция учурунда 74 жашта болгон. Колдогу кабарларга караганда ал 1900-жылы Ноокаттын күн чыгыш жагындагы Кашкалдак деген айылда туулган (тагыраагы, кийинки бөлүнүш боюнча Кызыл-Бостон сельсоветинин «III Интерноционал» колхозунун 2-Кашкалдак айлында, Айбекте). Атасы орто чарбасы бар киши көрүнөт. Балким дурус эледир. 1947-жылы баягы атың өчкүр репрессиядан көп өтпөй Каюм деген татар киши бетмаңдайына келип, каламын алып, айткан-дегенин түгөл жазып алып атса, акын аял заади-тегин жашырган болушу да мүмкүн. Анан калса совет учурунда элдин баары эле кедей-дыйкандын уул-кызы, тоголок жетим, итке минген кедеймин дейт эле го.

А.Токомбаеванын да, О.Соороновдун да маалыматы боюнча анын ырлары толук жазылып алынган эмес. Бул, албетте, өтө өкүнүчтүү. Анаркүл апанын алгачкы ыры Сооронов кол жазмалар корундагы материалдарга таянып берген маалымат боюнча эки жүз токсон жети саптан турган Мамазакир менен айтышуусу. Анда Анаркүл Мамазакирдин атын өзгөртүп, Тартип деп алат, Мамазакир болсо Анаргүлдү Зебайым, Акнават, Бейарман деген аттар менен атайт. Түштүк ырчыларынын чыгармачылыгында өз аты менен атабай, жалпыланма ат берүү кеңири тараган салт болгон менен бул жерде кыздын тартынбай, сүйүү, ышкы, ылаазат тууралуу ашкере айтышы жана экинчиси өзүнүн «жаштык – мастык» кездеги ырларын кагазга жазып аткан кишиге жарыя кылышы. Мына ушул эки факт Анаргүлдүн түштүк кыздарынан башкача, тартынбас, бетке чабар болуп өскөндүгүн кабарлап тургансыйт.

Ал он алтысында Кичи-Алайдагы Бөрүбай деген жигитке күйөөгө чыгат экен да, ал аны тоо жакка алып кетет. Кичи-Алайдын географиялык шартын, климатын билип калдык, жашылча, алма-өрүк өспөгөн, жалаң гана топоз, уй, жандык жүргөн, кышы төрт-беш айга созулган, Ак-Буура суусу башталган алыскы бир тоо арасы. Ошондой кыйын жерге баруу, Ноокатын, Кашкалдак айлын, теңтуштарын, үйү-жайын сагынуу анын ыр дүйнөсүнө андан бетер сагыныч, арман, өксүк алып келгендей. Бул армандуу ырлар совет мезгилиндеги фольклор жыйноочуларга албетте керек болгон эмес.

Ошол тоо арасында ал чейрек кылым өмүр-жаштыгын өткөрүп жүргөн кезде компартиянын дагы бир акмакчылык саясатына туш келишет. Өздөрү арызданган деп бирөөлөр айтат, жо-ок, өкмөт көчүрмө кылган деп бирөөлөр айтат, иши кылып, Папан, Кичи-Алай, Чөгөм деген тоолуу аймактын элин Кара-Суу, Жапалак, Араван, Төө-Моюн деген жерге көчүрмө кылып келет. Тоодон түз эле чөлгө келген малдар, адамдар кырылып өлгөнүн азырга чейин жомок кылып, ыр кылып айтып жүрүшпөйбү тоолуктар. Өзгөчө жер үшөп, суу ылгап, калк кыйналат. Мына ушул азаптуу күндү 1941-жылы Кичи-Алайдан Төө-Моюнга түшүрүлгөн Анаргүлдөр да өз көзү менен көрүп, армандуу ырларын дагы чыгарыптыр. Ал ырлар да өкмөткө жакпастыр, лекин аларда адам, анын ички дүйнөсү бар эле. Окууга ортоктош бололу:

Аргымак жалы алты тал,
Өрөр күндөр бар бекен?
Ажырап келген жерибиз
Көрөр күндөр бар бекен?
Тобурчак жалы тогуз тал,
Өрөр күндөр бар бекен?
Тозуп кеткен элимди
Көрөр күндөр бар бекен?

УИАнын Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун папкелеринен чыкпай жаткан бул ырлар азыр эми кадимки эле ырлардай туюлганы менен аны папкеден чыгарып, элге жарыя кылууга ал кезде көп адамдар батынган эместей…

Же ким билет, жөн эле каалабагандар болгондур…

Анан калса, анын чыгармачылыгындагы башкы жанр – кошоктор болгон. Жакыны өлгөндө чыгарган күйүт ырлары да коммунизмге бараткан оптимист элди алаксытат дегенбизби, неси болсо да энеси өлгөндөгү кошогу, акасина кошкон кошогу ошол ошол бойдон былк этпей папкеде турат.

Көңүл буруучу факт – күйөөсү Бөрүбайдын да ырчы экендиги. Алтындан, күмүштөн, жезден аземдеп үй буюмдарын, ат жабдыктарын жасаган зергер болгон, колхоздун устаканасында узанчу экен, анан ал киши Омор аке Соорон сопунун жазганына караганда Алай, Өзгөн, Кадамжай тараптарга кеңири белгилүү акын, ошол эле кезде манасчы болуптур. Мына кызык, табышмактуу биринчи суроо – ал зайыбы Анаркүлдөн да машкур ырчы болгонбу? Экинчи суроо – жанагы алгачкы айтышкан ырчысы Мамазакир деген дал ушул Бөрүбай эмеспи? Үчүнчү суроо – Жеңижок акын Көксулуусун ээрчитип жүрүп ырдагандай Бөрүбай – Анаргүл катарлаша ырдашып жүргөн учур болгонбу?

Бул суроолорго жооп айтыш азырынча кыйын. Неси болсо да Бөрүбай экөө үч балалуу болот, 40-жылдарга чейин чогуу жашайт да, ошол мезгилде акын келин байын кара жерге берип, көгүн кийип, кошогун кошуп отуруп калат:

Күмүштөй эгар гаш галды,
Күзгүдөй балдар жаш галды.
Алтыннан эгар гаш галды,
Айнектей балдар жаш галды.
Эрте менен кайнаткан
Чайым иди ахунум.
Эртеден кечке сүйлөшкөн,
Тайым иди ахунум.

Кошок бир кыйла көлөмдүү келип, 200 саптан ашат.

Мындан кийин ал Ноокатта жашап калган сыяктанат, иши кылып, анын ырын жазгычтар 1947-жылы августта жана 1974-жылы Ноокатта болот. Биринчисинде колхоз раиси К.Мааткеримов азаматтык кылып, шарт түзүп берип К.Мифтаковго жаздырып жаткан менен баары бир фольклор жазгыч кагазга толук түшүрө албай калганын эскертип өтөт.

Ал эми дагы бир фольклорист жогорудагы «… тарыхтын» 3-томунда Анаргүлдүн күйөөсү Борбиев Султан деп берет.

Анаргүл акындын айтып берген дагы көлөмдүү чыгармалары – «Кулмурза», «Ак Саткын менен Мырза уул» дастандары. Алардын көркөмдүк деңгээли жогору, ассонанс, аллитерация, параллелизм, редиф сыяктуу ыр каражаттары абдан орундуу коюлуп, Түштүк мотивдери сакталат.

Бул акындан О.Соороновдун маалыматы боюнча «Манас» дастанынан да баатырдын төрөлүшүн жана балалык чагын камтыган 818 сап үзүндү жазылып алынган. «Анын вариантында, — деп жазат О.Сооронов, — улуу эпостун негизги өзөгү камтылуу менен айрым кепке алаарлык өзгөчөлүктөр да кездешет. Маселен, бул вариантта карыганча уул көрбөгөн Жакыптын досу Каракан ардантыш үчүн чоң той берип, ашпозчуларга: «Уулдууга уча тарткыла. Кыздууга куйрук-боор тарткыла. Перзенти жокко кулагын кесип, куу чоку кылып баш тарткыла. Көзүн оюп, көр чоку кылып гөш тарткыла!» – деген буйрук берет. Кулагы кесилген, көзү оюлган баш алган Жакып арданып, Ак мазарга барып, Ак төө союп, 12 имам, 40 чилтенден бала тилейт. Жети күн, жети түн ыйлап жатат. Акыры уул көрөт, ошондо азали туубаган бир байталы Каккуланы (Аккуланы) тууйт.

Андан ары Манастын укмуштуудай тез жетилиши жөнүндө ыр менен айтылып отурат. Алтысында ат минип, жетисинде куш салат. Сегиз жашында сексен жигит курайт, жүрүш баштайт ж.б. Дагы бир өзгөчөлүгү Анаркүлдүн вариантында Манаска колуктуну атасы Жакып издебестен, апасы Куурасын тандайт. Шооруктун кызы Накылайды жактырып, Манаска алып берет ж.б. Бул айтылгандардан байкалгандай Анаргүл Тажибаеванын вариантын атайын иликтөөгө алса бир топ кызыктуу фактыларга жолуктураарында күмөн жок» (Сооронов О. Анаргүл Тажибаева. китепте: Кыргыз адабиятынын тарыхы. 7 томдук. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 5-т. – Б.: «Шам», 2002. – 581-б.).

Тилекке каршы, Анаргүл апанын «Манасы» толук жазылбай калган. Балким ушуга чейин манасчылык жана кара күү өнөрү ысык-көлдүктөрдө гана кеңири тараган деген түшүнүккө өзгөртүү киргизер белек, ка-ап, аттиң…

Эмнеси болсо да,  «Насыйкат», «Санат» деген дидактикалык чыгармалары, «Энеси Гүлсүн өлгөндөгү кошогу», «Арман», «Кичи-Алай», «Мамазакир менен айтышы», «Казак жигити менен казак кызынын айтышы», «Алчадияр санагы»,  «Небиреме» деген чыгармалары, дагы кудайга шүгүр жазылып калып, анын талантынын таасын изин көрсөтүп берди.

Анаргүл акындын ырларынан аталган «…тарыхта» мындай үзүндүсү келтирилет:

Ырдын бизде кани бар,
Ыргып чыгат жаныбар.
Чачып кеткен жолума,
Карматып кеткен колума.
Мойнума куржун салынып,
Тилеп алган эмесмин.
Төгүлүп жаткан жериден
Шилеп алган эмесмин.
Таразага таш коюп,
Тартып алган эмесмин.
Чөнтөгүмдөн пул берип,
Сатып алган эмесмин
(579-580-б.).

Мына ушундай ырларды биз бала күндөн эшитип чоңойдук, ушундай мотивдеги ырлар азыр да Ноокатта эл арасында айтыла калып жүрөт, бул деген акындын ырларынын калк арасына оозеки түрдө кеңири тарагандыгын айгинелейт, бирок өкүнүчтүүсү алар кат түрүндө кагазга түшүп, калың элге жетпегендиги…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *