Французчадан которгон Турусбек МАДЫЛБАЙ

НОВЕЛЛА

Париж камалып, ачкадан азып, онтоп турган кез. Тамдардын чатырындагы тараанчылар күндөн-күнгө азайып, арыктар да ээнсиреп кетти. Эл эмнени болсо да жеп жатты.

Январдын ачык бир таңында шымынын чөнтөгүнө эки колун салып, курсагы ачканынан капалуу шылкыйып, кызматы боюнча саат оңдоочу, кысталыш боюнча бекерчи Мориссо кыябанды бойлоп келе жатса, бир маалда алдынан бир жолдошу бетме-бет чыга калды. Ал Соваж болчу, дайранын боюнда таанышкан досу.

Согуштан мурун дайыма жекшемби күнү Мориссо колуна кышадан кайырмагын көтөрүнүп, артына калай кутучасын асынып, эртең менен эрте жолго чыгар эле. Аржантөйлгө чейинки от араба менен Коломбго жетип, анан Марант аралына жөө барчу. Эңсеген жерине жетээри менен кайырмагын сууга ыргытып коюп, караңгы киргенче балык уулап отурар эле.

Ал дайыма жекшемби күнү ошол жерден семиз, бирок шайыр бир кишини жолуктурчу; ал Соваж, кайышчы, Нотр-Дам-дө-Лоретт көчөсүндө жашаган балык уулоонун дагы бир кумарчысы. Колдоруна кайырмактарын алып, буттарын аккан сууга малып коюп, алар дайыма жарым күндөн жанаша отуруп өткөрчү, ошентип алар достошуп да калган.

Алар көп деле сүйлөшпөйт, кээде гана бир аз кеп алмашып коёт, акыры ойлору да, көзкараштары да шайкеш болгондуктан алар сөз айтпай эле бири-бирин түшүнө баштады.

Жазында эртең менен саат ондордо жаңы чыккан күн жай аккан суунун үстүн жеңил буу менен каптап, ал буу сууга кошулуп агып, кызып калган эки балыкчынын далысына кереметтүү мезгилдин майин жылуулугун төккөндө, Мориссо дайыма шеригине кайрылчу:

– Кандай гана жыргал, а?

– Ушундан өткөн да жыргал болобу! – деп жооп кайтарчы Соваж.

Алардын бири-бирин түшүнүп, бири-бирин сыйлап жүрүшүнө ушул эле жетет болчу.

Күздүн күнү батайын деп калганда, асман батып бара жаткан күндүн нуруна толуп, кыпкызыл булуттарды сууга чагылыштыра анын үстүн кызартканда, жердин учу күйүп, эки досту оттой жалындатканда, кыш алдында шуудураган ансыз деле кызыл-тазыл дарактарды алтындай алоолонткондо, Соваж Мориссону тиктеп жылмайчы.

– Мына керемет! – дечү ал.

Ажайып мезгилге суктанган Мориссо эки көзүн кайырмактан албай жооп кайтарат эле:

– Биерде кыябандагыдан да кооз экен, а?

… Экөө бири-бирин тааный коюп колдорун бекем кысты да, бул жолугушуунун бөтөнчөлүгүнөн улам өтө толкунданып кетти. Соваж үшкүрүнүп алып кобуранды:

– Мына, иштер ушундай!

Мориссо дагы үңүрөйө онтогонсуп жиберди:

– Аба кандай укмуш болуп турат! Быйыл биринчи ушундай болушу.

Асман чын эле көгөрүп, күндүн нурларына толуп турган. Алар чогуу басып кыялданып, терең ойго батып келе жатты.

– Баягы балык уулаганыбызчы, йа? Кандай керемет күндөр эле!

Соваж аны карады:

– Эми дагы качан балык кармайт болдук экен?

Экөө кичинекей бир аракканага кирип, шыбак арагынан ичип, анан кайрадан кыябанды бойлоп жөнөдү. Бир маалда Мориссо токтой кетти:

– Дагы бирден тартып ийсек кандай болор экен?

Соваж деле макул болду.

– Жарайт!

Ошентип экөө ичимдик саткан дагы бир жайга жөнөдү. Алар ал жерден өтө кызуу бойдон, ач курсакка ичкилик барганда мас болгон балдарга окшоп маңырайып чыгышты. Аба жылуу, болгону гана шайкелең жел алардын беттерин сыйпап өтүп жатты. Соваждын мастыгы бир аз тарап, ал шалдыраган өңдүү ордунда туруп калды.

– Биз аякка барсакпы, йа?

– Каякка?

– Балыкка.

– Бирок каерге?

– Биздин эле аралга. Француздардын алдыңкы аскерлери Коломбдо турат. Мен миңбашы Дүмулаңды тааныйм, ал бизди өткөрүп коёт.

Мориссо толкундана түштү.

– Болуптур. Кеттик.

Анан алар курал-жарагын алганы үйлөрүнө жөнөдү. Бир сааттан кийин экөө жанаша басып, чоң жолго чыкты. Алар миңбашы жашаган кыштакка кирди. Чунак кишилердин тилегин угуп жылмайып, тигил макул болду. Ураанды билип алып, алар кайрадан жолуна түштү. Алдыңкы катардагы аскерлерди артына калтырып, экөө тез эле Коломбго өттү да, чакан жүзүмзарлардын четине чыкты, андан нары Сена сайына түшүп кетсе болот. Саат он бирлерге жакындап калган.

Бет маңдайдагы Аржантөйл кыштагы кырылып калгандай тымтырс. Оржемоң менен Саннуа бийиктиктери айлананын үстүндө зоңкоёт. Нантерге чейин созулган кең талаа ээн, дегеле ээн, алчалар гана көгөрөт, жер бозорот. Соваж чокуларды көрсөтүп шыбырады:

– Прусстар тээ үстүндө!

Ошол замат экөөнү тең селесеп ордуна кадап койгонсуду. Прусстар! Экөө тең аларды көрө элек, бирок көп айдан бери алар Францияны талкалап, тоноп, кырып, өрттөп келе жаткан көрүнбөс, бирок күчтүү жоону Париждин тегерегинен дайыма сезип жүрөт. Ушундай белгисиз, бирок олжолуу элди алардын жек көрүүсүнө дагы кандайдыр бир түшүнүксүз коркунуч кошулуп турчу.

– Алар жолугуп калсачы? – деп кобурады Мориссо.

Соваж париждиктердин куудулдугун көрсөтүп жооп кайтарды:

– Анда биз аларга куурулган балыктан жедирип коёбуз.

Бирок ушул талааны баскан жымжырттан коркуп, экөө көпкө кыймылдабай турду. Акырында Соваж мындай чечим чыгарды:

– Чыга берели, болгону акырын…

Анан алар кулактары сак, көздөрү кыраакы, эки бүктөлүп, жөрмөлөп, чөп-чарды аралап отуруп, жүзүмзарга түшүп келди. Эми бир тилке жерди өтсө эле, алар суунун боюна жетет. Экөө тең чуркап, этияттык менен сайды аралап, акырында куураган камыштын арасына жашырынды. Мориссо жерге жата калып, жака белде эч ким жокпу деп тыңшады. Эч нерсе угулбайт. Алар жалгыз, өздөрү эле жалгыз экен. Эки дос өздөрүн жеңил сезип, балык уулаганга киришти.

Бет маңдайдагы ээн калган Марант аралы экөөнү наркы жээктен далдалап турду. Ашкананын чакан имараты жабык, аны эл небак унутса керек.

Алгачкы балыкты Соваж кармады. Экинчисин Мориссо алып чыкты, анан экөө алмак-салмак кайырмактарын тарткан сайын жиптин учунда бирден балык жылт этип жатты: балык улоо жакшы башталды. Улам-улам алар бутунун алдындагы жиптен токулган себеттерге бирден балык сойлотуп коёт. Экөөнүн кубанычы көкүрөгүнө батпайт: мындай кубаныч көпкө жыргал эс алуусунан айрылып, анан ага кайрадан ээ болгондо гана келет. Ысык күн алардын жонуна нурларын төгүп жатты; алар эч нерсени укпайт, эч нерседен үркпөйт, аларга эч нерсенин кереги жок, анткени алар балык уулап отурат.

Бир маалда жердин түпкүрүнөн күркүрөгөнсүгөн добуш айлананы титиретти. Замбиректер атыла баштады. Мориссо башын өйдө кылып, тээ бийикте, солдо, Моң-Валерйаңдын килейген караанынан көтөрүлүп чыккан ак тозоңду, замбирек баргыткан октун түтүнүн көрдү. Ошол эле заматта экинчи атылган октун түтүнү сепилдин чокусунан бүркүлдү, анан бир аздан кийин күрүлдөп дагы бир ок атылды. Ошондон кийин биринин артынан бири замбиректердин өлүм алып келген демдери чыга берди, сүттөй ак түтүндөрү абага үйлөнүп, жайбаракат мелжиген асманга акырындап булут болуп агып кетип жатты.

– Ана, дагы башталды, – деди Соваж ийнин куушуруп.

Мориссо улам чөгүп жаткан кайырмагынын учун каабатырлык менен тиктеп, бир маалда жини келе түштү, себеби анын жоош мүнөзүнө мындай тополоң жакчу эмес. Ал кыжырланды:

– Ушундай да акмак болуп, бири-бирин талкалайбы!

– Булар жырткычтан да жаман, — деп коштой кетти Соваж.

– Өкмөттөр болгондон кийин согуш да дайыма боло берет турбайбы, – деп балбалактады Мориссо, чабакты суудан сууруп чыгып жатып.

– Жумурият болгондо согуш болбойт эле, – деп ага көнбөй койду Соваж.

– Падышалык менен сыртта согушсак, жумурият менен ичте согушабыз, баары бир да, – Мориссо аны кагып койду.

Анан алар саясаттын олуттуу маселелерин жайма-жай талкуулап, өздөрүнүн карапайым, мөшкөөлүгүнө карабастан омоктуу ойлорду айтып отурушуп, акырында адамдар эч качан эркин боло албай турганына келип токтоду. Ал эми Моң-Валерйаң тынымсыз күркүрөп, замбиректеринин октору менен француздардын үйлөрүн талкалап, адамдарынын жанын кыйып, жашоону бүт тып-тыйпыл кырып жатты; алардын алдында далай үмүттөр, далай жыргал-тилектер, эңсеген бакыттар кыйрап, эки тараптагы тең аялдардын, кыздардын, энелердин жүрөгүн жаралап, түгөнбөс кайгы алып келе берди.

– Жашоо деген ушундай экен да, – деди Соваж.

– Андан көрө өлүм деген ушундай дебейсиңби, – деп жылмайды Мориссо.

Бирок достор эмнегедир чочуп кетип, денелери калчылдап чыкты, анткени артында бирөөлөр келе жатканын алар сезип калды. Көзүнүн кыры менен карап, экөө артындагы куралчан, сакалчан, килейген төрт жоокерди көрдү. Төртөө тең жоокердей кийинип, баштарында жалпак туулгалары бар экен, колдорундагы мылтыктарын алар эки доско каратып туруптур.

Берки экөөнүн колдорунан кайырмактары түшүп, сууга агып кетти. Заматтын ичинде аларды кармап, колдорун байлап, кайыкка салып, аралды көздөй алып кетишти. Эки дос эч ким жашабайт деген тамдын артында дагы жыйырмадай жоокер бекинип туруптур. Саксайган дөө адам отургучуна минип алып, мийнеден жасалган килейген канжасын түтөтүп отуруп, французча так сүйлөп кайрылды:

– И, мырзалар, балык уулоо ийгиликтүү болдубу?

Ошол маалда сарамжалдык менен ала келген балык толо себетти жоокерлердин бирөө анын бутунун түбүнө койду. Прусстардын башчысы жылмайды:

– Оо, өзүм көрүп турам, жаман эмес экен. Бирок кеп анда эмес. Бери карагыла, коркпой эле койгула. Мен үчүн силер мени аңдыган тыңчысыңар. Мен силерди кармап алдым, демек, мен эми силерди атып ташташым керек. Силер балык ууламыш болуп келип, өз ишиңерди бүтүрүп жүрүптүрсүңөр. Анткени менен силер менин колума түштүңөр, бу өзүңөрдүн шоруңар. Согуш деген ушундай. Бирок чек арадан өткөндө, кайра артка кетиш үчүн силерге ураан айтылган. Мага ошо ураанды айтсаңар эле, мен силерди коё берем.

Эки дос кубарып, колдору кичинеден калчылдап, унчукпай жанаша турду. Башчы аларга дагы бир жолу кайрылды:

– Бу жөнүндө эч ким деле билбей калат, силер да аман-эсен үйүңөргө кайтып барасыңар. Мунун сырын силер өзүңөр менен гана кошо ала кетесиңер. Эгер айтпасаңар, анда силерди өлүм күтүп турат. Тандагыла.

Беркилер кыймылдай албай турду, бирок ооздорун ачкан жок. Прусстардын башчысы суу тарапты көрсөтүп, дагы эле жай улантты:

– Ойлонуп көргүлө, беш мүнүттөн кийин силер дал ушу суунун түбүндө болосуңар. Беш эле мүнүт… Бала-чакаңар бар чыгар?

Моң-Валерйаң дагы эле күрүлдөп жатты. Эки балыкчы унчукпай турду. Прусстардын башчысы өз эне тилинде буйрук берди. Анан отургучун туткундардан алыс жылдырып койду. Он эки жоокер жыйырма кадам аралыкта катарга тизилип, мылтыктарын буттарына тиреп туруп калды. Башчысы кайрадан кайталады:

– Мен силерге дагы бир мүнүт берем, бирок андан кийин эч күтпөйм.

Бир маалда ордунан тура калып, ал эки французка жакындап барды, анан Мориссону колунан алып, нары ээрчитти да, ага акырын шыбырады:

– Тез, ураанды айт! Жолдошуң эч нерсени билбей калат, мен экөөңөрдү тең аягансып коём.

Мориссо унчуккан жок. Анда прусстардын башчысы Соважды ээрчитти да, ага деле ошондой сунуш менен кайрылды. Соваж дагы айтпай койду.

Эки дос жанаша турду. Башчы буйрук берди, жоокерлер мылтыктарын мээледи. Ошондо гана Мориссо чөптүн арасында жаткан нарагыраактагы балык толо себетти көрө калды. Дагы эле тыпырап жаткан балыктардын үстүнө күндүн нуру чагылышып, аларды жарк эттирди. Мориссодон кубат кетти. Канча аракет кылса да, баары бир көз жашын токтото албай, ал балбалактап жиберди:

– Кош бол, Соваж!

– Кош! – деди ага досу.

Экөө бир-биринин колун кысып, денелери калчылдап чыкты. Прусстардын башчысы буйрук берип айкырды:

– Аткыла!

Он эки мылтык тең бирдей атылды. Соваж таштандыга барып, бети менен кулады. Узун бойлуу Мориссо бир аз солкулдап туруп, кичине бурулуп кетти да, шеригинин үстүнө жыгылып, бети асманды карап калды; көкүрөгү тешилген кийиминен чууруп кан акты.

Прусстардын башчысы дагы бир буйрук берди. Жоокерлер чачыранды чапкылап, жип менен таштан таап келди; аларды өлүктөрдүн бутуна байлап, суунун боюна жеткиришти.

Моң-Валерйаң тынымсыз күркүрөп, тоонун чокусун дагы эле түтүн басып турду. Эки жоокер Мориссону, дагы экөө Соважды буту-башынан кармап барып, көпкө күүлөнтүп, анан күчкө салып, алыс ыргытканда, сөөктөр тикесинен учуп, буттарына байланган таштар менен кошо суунун ичине кирип жоголду. Суу чачырап, толкуп, айлампадай көбүрүп, анан тынчып калды, болгону гана майда толкундар жээкти карай умтулду. Суу бир аз кызара түштү. Прусстардын башчысы дагы эле шашпай кобуранды:

– Калганы балыктардын иши…

Анан ал тамды көздөй басты. Бир маалда ал чөптүн арасындагы балык толо себетти көрүп калды. Себетти колуна алып, аны бир сыйра карап жылмайды да, анан кыйкырды:

– Вильем!

Ак айпооч тагынган жоокер чуркап келди. Башчы азыр эле атылган экөөнүн балыктарын ага ыргытып коюп, буйрук берди:

– Мага ушу балыктарды тирүүсүндө кууруп берчи. Өтө даамдуу болсо керек.

Анан ал кайрадан канжасын түтөтүп кирди.

Guy de Maupassant, Contes et nouvelles. Paris, Albin Michel, (1956.) китебинен которулду

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *