«Асабанын» редакциясы Манас-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашып калган жылдар болчу. Бир жолу Алыке айтып калды:

— Төкө, мык какканга кандайсың?

— Төрт какканда төрт мык кирет, Алыке! — деп ооздукту тарталбай мактанып жибердим.

— Болду, болду,- деди Алыке адетинче каткырып,- саманын алып салганда, төрт уруп бир мык киргизет экенсиң, жарай берет…

Көрсө, квартирасындагы эки терезенин сынык айнектерин алмаштырмак экен.

Белгиленген күнү кычкач, балкаларымды алып жетип бардым. Ал кезде Аламүдүн-1 кичирайонунда жашачу. Экөөбүз ээрчишип алып базарына бардык. Базары да жакын эле болчу. Терезелердин узун-туурасын ченеп жазып алганбыз. Иш башы деп пивнушкесинен «жүздөшүп» да алдык. Жакшынакай кылып кестирип алып, экөөбүз эки терезенин айнегин көтөрүп келатабыз. Үйгө жуп жете бергенде, балдар ойногон жердеги кызыл-тазыл темирлердин бирине тийип кетип, Алыке көтөрүп келаткан айнектер шаңгырап эле сынып калды. «Туу-иттики, эми эмне кылдык?!» деп көз айнеги менен кошо өйдөтөн олуттуу бир карады да, «А мейли, урушта туруш жок дейт, азырынча бир терезесин айнектей туралы» деди.

Залдын терезесин кечке эрмектедик. Үйдөгү жыгач сызгыч менен айнекченин темир сызгычында чоң айырма болот окшойт, айнектер кененирээк кесилип калыптыр. Аттиш менен кемирип отуруп терезенин көздөрүн араң отургуздук. Улам алып, улам кагып атып дегендей кеч да кирип, үйгө жөнөмөк болуп калдым. «Курал-жарагыңды эмики терезени эптегиче мында кое тур» деди Алыке.

Сыртка жөнөтүп чыкты. Жанагы пивнушкеден сөздү уладык. «Бир жолу Генка (белгилүү акын Кемел Белеков) сага окшоп куралдарын көтөрө келип, эшик-тереземди оңдоп бердиле. Толук бүтпөй калып, эмики келгенде биротоло колдон чыгарайын деп темир-тескегин таштап кеткен. Андан кийин көп эле келди, бирок бүтүргөн да жок, аттиш-маттишин да алган жок. Сен да ошенте көрбө, ыя, Төкө?!» деп сырдуу каткырды…

Тарых кайталанат деген чын окшойт, кийин Алыкеге көп эле барган менен терезе чын эле бүтпөдү. Алыке гана анда-санда: «И-и, Төкө, аттишиңди качан алып кетээр экенсиң, ыя?» деп каткырып калчу эле, атаганат…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *