Эң биринчи биздин жигиттер татыктуу оюн көрсөткөнүн сыймыктануу менен айта кетели. Бул спорт. Спортто бирде жеңесин, бирде жеңилүү ызасын тартасың. Өзүңдү эр ойлосоң, өңгөнү шер ойло деген кыргыздын сөзү ушул жерге ылайык. Анткени, татыктуу атаандаш болбосо кайсы оюн болбосун кадыры кетип калат. Жеңе да, жеңиле билүү да эрдин иши. Анткени ал өзүнүн күчүн жакшы билет. Кандай шарт, кандай кырдаал жеңишти колдон чыгарып жибергенин түшүнүп турат. Тажрыйба топтойт. Кийинкиде андайга жол бербейт. Бийиктиктерди ошентип багынтат. Биздин спортчулар да бул жагынан чоң мектептен өткөнүн белгилей кетели. Себеп деген Астанада оюн эрежелери башкача өттү. Бул дагы өз таасирин тийгизбей койгон жок.

Утулуунун себептери
Алар кайсылар? Биринчиден албетте улак эмес муляж тартуу биздин спортчуларга бир топ ыңгайсыздыктарды жаратты. Аны эңиш да кыйын, дулдуюп чатка батпай басыш да кыйын. Көкбөрүдө ушул баскандын абдан чоң мааниси бар. Бир басып алса мыкты улакчы оңой менен бербейт. Анын эби бар. Үзөңгү боолук менен буттун ортосуна кысып алышат улакчылар. Басканга, эңгенге улак ылайыктуу. Чыгаан улакчылар басканда андан тартып алыш кыйын. Сезип аттык муляжды басайын десең жылаңач неме бутка токтобойт. Салмагы менен шыпырылып түшүп кетет экен. Улакты бассаң кармап да убара болбойсуң. Жүндүү неме колго жакшы кармалып, басканда да нык отурат.
Ушуга байланыштуу бир мисал айтайын. Астанада тажиктер үчүнчү орунду алып калышпадыбы. Булар да кыйын тарткан, өлөрман эл. Союз маалы болчу. Андагы Фрунзенин азыркы ат майданында республикалык кайсы бир иш чарада тажиктер да келип улак тартып калышты. Ошондо бир тажиктин улак басканы али да көз алдымда. Өзү арык чырай, тарамыш неме экен улакты басып туруп, мына сууруп алгыла дегенсип туруп берди эле биздин албан субандай жигиттер сууруй албай коюшту. Ал тажик ал күнү кыргызга улак берген жок. Бул оюн ушундай. Ар бир элдин чыгаандары бар.
Ошентип муляждын кесепети тийди. Экинчиси тайказан. Биздикилер тайказанга көнүшкөн. Ал эми тиги муляж белгиленген чекке түшүшү үчүн байкап аттык, бир топ алыстан таштаганда , улакча таштаган жерге жатып калбай тоголонуп кетет экен же аттын буту тийсе чектен чыгып кетет тура. Кыргыз-казак беттешинде биздин жигит жакшы эле таштаган, тиги муляж аттын бутуна аралашып кайра чыгып кетип эсептелинбей калды.
Бирок казактар менен беттешүүдө алар тактиканы өзгөртүштү. Муляжды алганын бир тобу тегеректей чаап, калгандары биздин жигиттердин алдын тороп, мүмкүнчүлүк беришпеди. Биринчи таймда ошону менен арбын кийирип жиберишти. Аны байкаган биздин жигиттер экинчи таймда дал өздөрүндөй ойноп, аларга мүмкүнчүлүк берген жок. Менин ишенимимде биздин жигиттер казактардын бул ыкмасын өздөрүнө карай далай ирет колдонот болуш керек.

Эмне себептен казактар муляжды киргизишти?

Кыргыздар көкбөрүнү дүйнөлүк олимпиада оюндарына киргизе албай жүрөбүз. Башкы себеби эле айрым “гумандуу” элдер союлган улакты тартып жүргөнүбүзгө каршы. Муну да туура түшүнсөк болот. Кыргыз үчүн бул күндөлүк көрүнүш болсо, айрым мамлекеттер жаныбарларга аёосуз мамиле катары кабыл алып жатышат. Демек, көкбөрүнү дүйнөгө таанытабыз, олимпиада оюну катары кабыл алынсын десек, аргасыз муляжга өтүшүбүз керек. Антпесек ааламга тааныла албайбыз. Ал эми мамлекет ичинде каалагандай тарта берсек болот.
Бизде да муляж тууралуу эки-үч жыл мурун сөз болуп, көпчүлүк алысты ойлобогондор каршы чыгышкан. Ошону менен кабыл алынган эмес. Ал эми казактардын минтип муляжга өтүшү, бизде калыптанып калган тайказанды алып салышы алардын алысты көздөгөнү. Алар дал ушул эрежелер, муляж аркылуу, анан көкбөрүнү “көкпар” атап алышып, кандайдыр бир кадамдарга барган жаткандай.

Тайказан тууралуу

Эми тайказан тууралуу эки ооз сөз. Бул кийин чыкты. Мурда тайказан деген болчу эмес. Ортосуна көрпөчө таштап, айланта сызып коюшчу. Улак дал ошонун үстүнө ыргытылчу. Үстүнө түшпөй калса эсептелчү эмес. Жеке пикиримди айтсам жоктон табылган тайказан (автору айтылуу режиссер агабыз Болот Шамшиев дешет) улуттук көкбөрү оюнуна күчтөп киргизилген эле көрүнүш.
Ырас ага көнүп калдык. Бирок анын коопсуздукту жараткан жагдайларын көрүп эле жүрбөйбүзбү. Улакка түшкөн киши өлөр-тирилерине карабайт. Тайказан беттеп чапкандар айрым учурда ат-паты менен барып урунуп жатышат. Бул атка да зыян, чабандеске да зыян. Ал эми коопсуз тайказанды дегеле жасай албай койдук. Жүк ташуучу машиналардын дөңгөлөктөрүнөн курчап туруп, ичин саманга аралаштырып, тегерете дубал кылып салабыз. Кадимки эле дубал. Ошого барып урунуп жатат улакчылар. Сыртынан караганда бул дагы көкбөрүнү өтө агрессивдүү көрсөтүүдө.
Ошону менен казактар көкбөрүнүн баштапкы салтына салып, абалдан чыгып кетиптир. Кыргыз деле ошентип тартчу. Демек, ата-бабаларыбыз кандай тартса биз деле андан чыкпашыбыз керек.

Көкбөрү агрессивдүү эмес, көркөм болушу керек

Биз көргөн көкбөрүнүн, азыркыга караганда агрессивдүү жагынан көркөмдүгү көп эле. Көкбөрүгө катышкандардын бардыгынын мүмкүнчүлүгүн ачып берген жактары көп болчу. Мисалы, алты же сегиз киши эки топко бөлүнүп, алардын ичинен экөө улакты өңөрүп түпкө кетишчү. Төртөө жолдон күтүп турушчу. Тигил экөө 200-300 метрдей жерге чаап барышып, улакты ортого ташташчу. Эч качан бир-бирин эңдирбеске аракет кылып, атты омуроолотуп койдурчу эмес. Улакты эңгенге экөө бирдей эңкейчү. Демек экөөндө тең мүмкүнчүлүк бар. Улакты эңүү оңой эмес. Шамдагайы, карылуусу эңип, такымга басып жөнөп берчү. Беркиси да бош келбей, (улакка бекер түшүптүрбү) сууруп алганга аракет кылып, улакты шыйрактан алып өзүнө тартканда улак керилип калчу. Ошол боюнча улакты бир-бирине бербей чаап келатканда, көзгө укмуш көркөм көрүнөр эле. Карылуусу жулуп кетчү. Же болбосо ошентип улакты экөө эки шыйрактан тартып чаап баратышып, карылуусу улакты сууруп алыш үчүн силккенде аттар жабыша калганын көп эле көрдүм.
Мындан эмне көрүнөт. Улакчылардын шамдагайлыгы, күчү, аттарынын күлүктүгү көрүнөт. Баары шайкеш келет. Аты учкул улакчылар ошол түптөн эңген боюнча, берки тосуп тургандарга жеткирбей улакты таштап кеткен учурлары болот. Анын улакты бербей созултуп чааап баратканы да өзүнчө керемет. Ал эми берки тосуп тургандар тигилерди тороп, тартыш башталат. Кишинин саны аз болгондуктан (алты киши) додолонбой, көбүнчө аты мыкты улакчылар, жулуп алып, зуу койгон боюнча белгиленген чекке таштап кетет. Ошентип улам алты же сегиз кишиден кезектешип түшүп отуруп, аттын аты, улакчынын улакчысы тандалат. Ал эми азыр бир командадан 8-10дон киши түшкөндө додо башталып, улак абдан агрессивдүү болуп кетти.

Муляжга эми жүн чыгарыш керек

Ошон үчүн биз дагы казактардай көкбөрү оюнун шарттарын кайра карап чыгышыбыз керек. Көкбөрү — Орто Азия элдеринин оюну. Бери болгондо ич ара өзүбүз каалагандай тартсак дагы, эл аралык жалпы бир эреже иштелип чыкпаса болбойт. Антпесе, бүгүнкү казактардай ар ким билген эрежесин кийире берсе, анда кандай болуп калат?
Сөзүмдүн аягында муляж жөнүндө. Муляжга шыйрак чыгаргандан кийин, эми жүн чыгарыш керек. Анткени ал улакты алмаштырып атпайбы. Жүнү жок да улак болмок беле. Аны кантип чыгарат билбейт экемин…Иши кылып чыгарыш керек.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *