I глава 

II глава 

III глава

IV жана V глава

Зордук-зомбулук. Актануу жана талкуулоо. Бар нерсе гана идеал.

Коркунуч, ырахат, азап чегүү, ой жана зомбулук бири-бири менен тыгыз байланышта. Көпчүлүгүбүз зордук-зомбулук кылгандан, бирөөнү жаман көргөндөн, кайсыл бир улутту же адамдар тобун жек көргөндөн, башкалар менен болгон касташуудан ырахат, канааттануу алабыз. Бирок акылда зомбулукка басым жасоо жок болгондо, кубаныч келип чыгат, ал кубанычта зомбулуктан ырахат алуу, анын карама-каршылыгы, жек көрүүсү, коркунучу менен бириктирген жалпы эч нерсеси болбойт.

Биз зордук-зомбулуктун тамырына чейин жетип, андан эркин боло алабызбы? Антпесек, дайыма өзүбүз менен өзүбүз күрөшүп жашап калабыз. Мындай жашоого ыраазы болсоң, менимче, көпчүлүк элге бул жагат, анда ошентип жашай бер;  эгерде: “Эмне кылсам? Тилекке каршы зордук-зомбулукту эч нерсе кылалбайбыз” десең, анда сени менен сүйлөшө турган сөзүм да жок. Деп, сен өзүңдү кулпулап салдың. А эгерде башкача жашоо баштайм десең, анда бул биздин сүйлөшүүнүн негизи болуп бералат.

Анда эмесе, кел, мени менен сүйлөшүүгө даяр болсоң, баарын талкуулап алалы, өзүбүздөгү, ичибиздеги зомбулуктун бардык түрүн токтотууга мүмкүнбү же ташбоор дүйнөдө “замана бөрү болсо – бөрү бол” деп жашай берелиби? Менимче зордук-зомбулукту токтотсо болот. Жек көрүүнүн, шектенүүнүн, чочулоонун же коркунучтун менде кенедей да пайда болуусун каалабайм. Мен бейкуттукта жашагым келет. Бул өлүп калгым келет дегендикке жатпайт. Мен бул бай десең бай, сонун десең сонун, керемет жер жүзүндө жашагым келет, ушул бак-дарактарга, назик гүлдөргө, аккан сууларга, көк шибер жайыттарга, аялзатына, бала-бакырага карап тургум келет, ошол эле учурда өзүм менен, аалам менен эриш-аркак болгум келет. Эмне кылуум керек?

Эгерде биз зомбулукка кандай кароо экендигин билсек – сырттагы: согушка, көтөрүлүштөргө, баналдуу антоганизмге, таптык конфликттерге гана эмес – өзүбүздүн ичибиздеги зомбулукка да, — ошондо, балким биз зомбулуктан өйдө болалабыз.

Бул өтө татаал көйгөй. Көптөгөн жүздөгөн жылдардан бери карай адам баласы зордук-зомбулук кылып келет; диндер дүйнө жүзү боюнча адам баласынын тизгинин тартып, зомбулукту токтотууга аракет кылса да, биринин колунан келбеди. Бул маселеге баш-отубуз менен киргибиз келсе, биз жок дегенде, менимче, ага олуттуу мамиле кылышыбыз зарыл, анткени ал бизди таптакыр башка тармакка алып жөнөйт, а эгер жөн гана бул маселе менен интеллектуалдык оюн-зоок катары “ойноп” койгубуз келсе, анда биз алыс кеталбайбыз. Сен бул маселеге олуттуу мамиле жасап жатам деп ойлошуң мүмкүн, бирок дүйнөдө башкалар бул маселе жөнүндө ойлоп да койбосо, бул маселени чечели деп аракет кылбаса – сенин ойлонгонуңдан эмне пайда? Бирок бул маселеге болгон башкалардын көз карашы менин ишим эмес. Менин олуттуу караганым жетиштүү. “Мен бир тууганыма кароолчу эмесмин” дегендей кеп,  адам катары бул зордук-зомбулук көйгөйүн терең түшүнүп турам, бирок сага же дагы башка бирөөгө: “зордук-зомбулук кылбагыла” деп айталбайм. Андан пайда жок. Эгерде чындап эле зомбулук көйгөйүн түшүнгүң келсе, анда кел, изилдөө, таанып-билүү жолубузду чогуу уланталы.

Зомбулук көйгөйүнө кайсыл тарабынан карайлы? Бул көйгөйдү сырткы дүйнөдөн чечүү керекпи же ичибизден издешибиз керекпи? Эгерде сен зомбулуктан алыс болсоң, анда алдыңда: “Зордук-зомбулугу , араздашуусу, ичкүйдүлүгү, таш боордугу толтура бул дүйнөдө кантип жашайм? Өлүп калбаймынбы?” деген суроо жаралат. Бул суроону берсең, анда сен ички дүйнөңдүн абалында жашабаганың. А эгерде ички дүйнөңдүн абалында жашап жүрсөң, анда сенде эч бир көйгөй болбойт. Аскерге кызмат өтөгөндөн баш тартсаң, түрмөгө камап коюшу мүмкүн, согуштан баш тартсаң, атып салышы мүмкүн, бирок сени атып салганы маселе эмес. Ушуну түшүнүү эң маанилүү. Биз зомбулукту идея катары эмес, факт катары түшүнгүбүз келип жатат, адам табиятындагы фактыны, ал адам менмин. Демек менин табиятымдагы, өзүбүздүн табиятыбыздагы зордук-зомбулукту түшүнүү зарыл. Бул көйгөйгө баш-отум менен кирүү үчүн, мен зомбулуктун алдында корголбогондой, ачык болушум керек, өзүмдүн алдында корголбогондой абалда калышым шарт. Сага муну ачыкка чыгаруунун да кереги жок, балким сен буга кызыкпайт чыгарсың. Мен зордук-зомбулукту башынан аягына чейин көргөн, эч жерине токтобогон, андан ары баралбайм дебеген акыл-эстин абалында болушум керек.

Адам катары өзүм зордук-зомбулукка баралганым ачык болушу шарт. Мен муну жинденгенимден, сексуалдык каалоомдон, жек көргөнүмдөн, кастыгыман, кызганганыман ж.б.у. сыяктуу нерселерден көргөзгөнүмдү моюндашым зарыл. Мен буларды башыман өткөрүп, аны билип, түшүнүп, анан сага айтканым ушул болот: “Мен бул көйгөйдү толук түшүнгүм келет, согуш сыяктуу бир бөлүгүн эмес. Адам баласындагы агрессияны түшүнгүм келет, ал агрессия айбанаттарда дагы бар, алардын бир бөлүгү Менмин”.

Зордук-зомбулук – бул бирөөнү гана өлтүрүү эмес. Айтылган катуу, орой сөз да – зомбулук. Ал биз коркуп кеткенде, бирөөгө жинибиз келгенде пайда болот. Демек, зордук-зомбулук – бул кудай-таала үчүн, коом үчүн, өлкө үчүн же бир сулуу кыз үчүн уюшулган бычакташуу эмес, зомбулук – бул аябай кылдат, терең нерсе, биз зомбулуктун ошол тереңдигине киргенге аракет кылып көрөлү.

Сен өзүңдү индуист, мусулман, христиан же европалык, же дагы бирөө деп атап, зомбулук көрсөтөсүң. Эмнеге бул зомбулук экени түшүнүктүүбү? Анткени сен өзүңдү башкалардан, калган адамзаттан бөлүп көрсөтүп жатасың. Сен өзүңдү ишеним, улут, каада-салт менен бөлгөндө – ал зордук-зомбулук жаратат. Ошондуктан зордук-зомбулукту түшүнгүсү келген киши бир да өлкөгө, бир да динге, бир да саясый партияга, бир да системага тиешелүү болбошу керек. Анын оюнун баары адамзатты түшүнүүгө багытталганы туура.

Зордук-зомбулукка карата эки негизги философиялык көзкараш бар; бири: зомбулук – бул кишинин тубаса касиети, -дейт, экинчиси: зомбулук – бул биз жашаган социалдык жана маданий чөйрөнүн натыйжасы, — дейт. Кайсыл көзкарашты карманганыбыз бизге кызыксыз – бул маанилүү эмес. Зомбулуктун келип чыккан себеби эмес, бизге факт катары маанилүү.

Зомбулуктун кадимки түрлөрүнүн бири – бул ачуулануу, каар. Эгерде менин аялыма же карындашыма кол салынса, мен адилеттүү түрдө жиним келип, каарданам. Менин мекениме, идеяма, принциптериме, жашоо образыма кол салынса, анда да адилеттүү түрдө каарданам. Менин адаттарыма, арзыбаган ойлорума да каршы чыгышса, жиним келет. Мага тийишсең, намысыма шек келтирсең, мен ачууланам;  эгерде сен менин аялым менен качып кетсең, мен кызгана баштайм, бул кызганыч адилеттүү болот, анткени менин аялым – менин менчигим. Адетте каардын мындай бардык формалары моралдык жактан туура эле болуп эсептелет. Өз мекениң үчүн киши өлтүрүү да туура. Зомбулуктун бир бөлүгү болгон каардануу жөнүндө сөз кылып жатканда, биздин өнөкөттөрүбүзгө, бизди башкарган үрп-адаттарыбызга ылайык, адилеттүүлүк жана адилетсиздиктин өзөгүндө кароого туура келет, же жөн гана каарданууну өзүнчө эле карайбызбы? Дегеле адилеттүү каардануу деген барбы? Жакшы же жаман таасир деген жок, бир гана таасирдин өзү бар. Бирок сен бир нерсенин таасиринде болгондо, мага жакпаганы, аны мен зыяндуу, терс таасир деп атайм.

Сен өзүңдүн мекениңди, үй-бүлөңдү, жөн гана кичинекей чүпөрөк болгон тууну, ишенимди, идеяны, догманы, колуңдагы буюмду коргоп жатканда, ошол коргоо фактысы каарданууну көрсөтөт. Анда сен каарданууга аныктама бербей, “Мен өзүмдүн мүлкүмдү коргошум керек”  же “Менин жинденгенимдей эле бар болчу”, же “Жөн эле ачууланыптырмын” дебей, актанбай каарды карай аласыңбы? Каарданууну эч нерсеге байлабай, өзүн гана караганга дараметиң жетеби? Актабай, күнөөлөбөй, бейтарап, объективдүү караса болобу? Дал ушинтип карай аласыңбы?

Мен сени душманымдай жек көрүп же сонун киши катары суктанып карашым керекпи? Мен сени түшүнүүгө аракет кылганда, мамилелердин бир да аспектисин пайдаланбай, кунт коюп көңүл бурганда гана билем. Каарданууну да ушундай карай аламбы? Бул маселеден коргонбой, каршылык көрсөтпөй, мен жөн гана эч бир реакциясыз, болуп көрбөгөндөй феномен сыяктуу карай аламбы?

Каарды кадыресе кароо өтө татаал, анткени ал менин бир бөлүгүм, бирок мен дал ушинтип кароом керек. Мына менин зомбулук өнөкөтүм бар дейли, мен карамынбы, күрөңмүнбү, акмынбы, көкмүнбү, кеп анда эмес. Жинимдин чукулдугу тукумумданбы же коомчулуктун таасиринен келип чыкканбы, ал маанилүү эмес, мен үчүн маанилүү бир нерсе гана: зордук-зомбулуктан эркин болсо болобу? Зомбулук өнөкөтүмдөн эркин болуу – мен үчүн бул бүт баарысы. Бул секстен, тамак-аштан, коомдогу абалыман да маанилүү, анткени булар мени бузуп жатышат, мени да, дүйнөнү да талкалап жатышат, ошондуктан мен зомбулукту түшүнгүм келет, андан бийик болгум келет. Мен дүйнөдөгү зордук-зомбулук, каар үчүн жоопкерчиликти сезип жатам. Мен чындап эле жоопкерчилигимди сезип жатам, бул жөн эле курулай сөз эмес. Мен өзүмө: “Мен каардан, зордук-зомбулуктан, улутчулдуктан бийик болсом эле, бир нерсе жасаганга колуман келет” деп айтып жатам. Өзүмдөгү зомбулукту жеңем деген сезим мага шумдуктуудай энергия берип, муну изилдегенге каалоом жогору болууда.

Зомбулуктан бийик болуу – бул аны басуу, жоготуу же “Мейли, бул да менин бир бөлүгүм, айла жок” же “Мен муну каалабайм” деп айтуу эмес. Мен зомбулукту көрүшүм керек, мен аны изилдешим керек, мен ага кол тийгизип көрүшүм керек, бирок мен аны актасам же күнөөлөсөм, колумду тийгизе албайм. Атүгүл зомбулукту күнөөлөп жатып, биз ошол күнөөлөө менен аны актап жаткан болобуз. Ошондуктан: азырынча аны актагандан же күнөөлөгөндөн алыс бололучу, — дегим келет.

Эгерде зордук-зомбулукту, согуштарды токтоткуң келсе, анда канча энергияны, күүнү, өмүр күчүн коротосуң?  Балаңды өлтүрүп кетсе, балдарыңды аскерге чакырса, аларды уруп-сабаса, көрбөгөндү көрсөтүшсө, сен буга маани бербей коесуңбу? Кудайым, ай, эгерде бул сени кызыктырбаса, анда сени эмне кызыктырат? Акча жыйнообу? Ойноп-күлүүбү? Баңгизат колдонуубу? Арак ичибүү? Өзүбүздүн ичибиздеги зомбулук балдарыбызды талкалап жатканын көрбөй жатасыңбы? Же мунун баарын бир абстаркция, жалпы нерсе катары кабыл алып жатасыңбы?

Эгерде чындап кызыкккан болсоң, анда бул маселеге болгон акылың, чын жүрөгүң менен киргенге аракет кыл. “Кана, айтып бергилечи” деп чалкалап олтуруп алба. Кайра кайталайм, эгерде актануунун же күнөөлөөнүн көзү менен карасаң, каарданууга же зомбулукка кунт коюп көңүл бурбайсың. Бул сен үчүн жаныңды жай алдырбаган көйгөй болмоюнча, каарыңды да, зомбулукту да токто албайсың. Демек, баарынан биринчи үйрөнүү, окуу керек. Сен каарданууга күйөөңө же аялыңа, балдарыңа карагандай караганды үйрөнүшүң керек болот. Атүгүл саясый ишмерди уга билүүнү да үйрөнүш керек. Эмне үчүн актап  же күнөөлөп жатканыңды, объективдүү эместигиңди аныкташың керек; күнөөлөгөнүңдү, актаганыңды түшүнүү зарыл, анткени күнөөлөө же актоо бул социалдык түзүлүштүн бир бөлүгү, сен ошол түзүлүштө жашайсың, немис, орус же индус, негр же америкалык деген улутка байлангансың, ким болбо, төрөлгөндөн эле акылың мокок болгон, шарттарга көзкаранды болуп калгансың. Бир нерсени түптамырынан бери, фундаменталдуу ачып берүү үчүн, ага терең сүңгүп кириш керек. Эгерде колуңда мокок курал болсо, эч качан терең казалбайсың. Ошондуктан азыр биз ошол куралыбызды, акылыбызды курчутушубуз керек, анткени алар актоонун, күнөөлөөнүн айынан мокоп калган. Эгерде акылың курч, ийнедей учтуу, алмаздай катуу болсо, терең сүңгүй аласың.

Анан креслого чалкалап жатып алып: “Кантип акылымды курч кыла алам?” деп сурагандан пайда жок. Курч болушу үчүн аябай каалашың зарыл, курсак ачып, тамакты каалагандай эле бул, акылыңды макоо, мокок кылган бул тоготпогондук, ал актоо жана күнөөлөө деген нерселер менен тоготпогондук дубалын тургузуп, корук кылып тосуп алган. Акылың ошол дубалды кулатканда гана карай, изилдей, сүңгүй алат – ошондо болгон чындыкты аңдаган абалга келишиң мүмкүн.

Анда эмесе, кайрадан негизги борбордук көйгөйгө келели – өзүбүздөгү зомбулукту түптамырынан бери жок кылалабызбы? Эгерде сен өзүңө: “Өзгөрбөй койдуң, эмнеге?” деп айткан болсоң – анда бул дагы зомбулуктун бир формасы болот. Мен антип айтпайм, мен сени бир нерсеге көндүрөйүн дегем оюм жок. Сенин жашооң меники эмес, менин ишим — сенин жашоо образың. Менин сурап жатканым, кандай коомдо жашабасын, адам баласы ички дүйнөсүндө зордук-зомбулук өнөкөтүнөн толук арыла алабы? Бул мүмкүн болсо, анда бул процесс таптакыр башкача жашоо образына алып келет.

Көпчүлүгүбүз зордук-зомбулукту жашоонун кадыресе көрүнүшү катары кабыл алат. Болуп көрбөгөндөй эки дүйнөлүк каардуу согуш бизди эч нерсеге үйрөтпөдү. Алар адамдар арасында, силер менен менин ортомдо тоскоолдуктан тоскоолдук жаратып келди. Анда зомбулуктан арылгысы келгендер эмне кылуусу керек? Ким жасабасын, өзүбүзбү, профессионалдуу аналитик болбо,  анализдин жардамы менен бир нерсеге жетишүү мүмкүн эмес. Балким биз өзүбүздү бир аз өзгөртүп, тынч жашайт чыгарбыз, сүйүүнү катуурак сезип калаттырбыз, бирок бул толук түшүнүүгө жардам бералбайт. Бирок анализ кандай жүргүзүлөрүн билишим шарт, анткени анализ процессинде менин акылым кадимкидей курчуй түшөт, ошол курчтук, көңүл кое билүү, олуттуу мамиле жасоо сапаты толук, чулу кабыл алганга чоң жардам. Киши бир кароо менен бардыгын камтый албайт. Баарын кароо үчүн алгач бардык деталдарды көрүп чыгышы керек, анан барып толук кабыл алууга секирик жасайт.

Кээ бирибиз зомбулуктан арылуу үчүн зомбулуксуз идеалды элестетип алат: зомбулукка карама-каршы идеал зомбулукту жеңип чыгат деп ойлойбуз, бирок бул мүмкүн эмес. Бизде санап бүткүс идеалдарыбыз көп, бардык ыйык китептерде жык-жыйма, бирок дале зомбулуктан арылбай келебиз, андай болсо, эмнеге биз зомбулуктун өзүн шыйрактан албайбыз да, бул сөздү биротоло унутуп койбойбуз?

Бир нерсенин толук түшүнгүң келсе, ал үчүн болгон көңүлүңдү, энергияңды берүү керек. Качан гана жасалма идеалдуу дүйнө куруп алганда, ал көңүл буруу, ал энергия болбогондой жок болот. Идеалдан түптамырынан бери кутула аласыңбы? Себеп эмне, акыйкат эмне, сүйүү эмне экенин түшүнүүгө умтулган олуттуу кишиде эч качан идея болбойт, ал барга каниет кылып жашайт.

Өзүңдөгү каардануу фактысын изилдөө үчүн сен аны талкуулоодон качышың керек болот, анткени анын карама-каршылыгы жөнүндө ой келери менен сен аны күнөөлөп киресиң, ошентип ал чындыгында кандай экенин көралбай каласың. Сен бирөөнү сүйөм же жек көрөм деп айтканда, кандай угулбасын, бул факт бойдон калат. Эгерде бул фактыга толук түшүнүп карасаң, ал жөн гана жок болуп кетет. Эгерде сен: “Мен жек көрбөшүм керек, жүрөгүмдө сүйүү гана жашоого тийиш” десең, — анда сен эки жүздүүлүктүн, жүрүм-турумдун ачакей стандарттындагы дүйнөдө жашаган болосуң. Ушул көз ирмемде толук кандуу жашоо – демек эч кандай күнөөлөө же актануу сезими жок, чыныгы турмушта жашоо болуп эсептелет – ошондо гана бул фактыны чулу түшүнөсүң, каардануу өзүнөн өзү жоголот. Бул көйгөйдү ачык, даана көргөндө – ал көйгөй чечилген болот.

Бирок сен бул фактыны ачык, даана көраласыңбы? Зомбулук фактысы сырткы дүйнөдө гана эмес, ички дүйнөбүздө да барбы? Бул — сен зомбулуктан эркинсиң дегендик, андан кутулам деп эч кандай идеологияга берилген жоксуң. Бул үчүн аябай терең сүкүт чалуу зарыл болот, ал эми макул болуу же макул болбоо, бул болгону сөз гана.

Сен эртеден бери менин ырастаган, түшүндүргөн нерселеримди окудуң, бирок чындап түшүнө алдыңбы? Сенин шарттарга байланган акылың, жашоо образың, сен жашаган коомдун бүтүндөй структурасы фактыны көрүп, андан көз ирмемде арылууга тоскоолдук жаратып турат. Сен: “Зомбулуктан эркин болууга мүмкүнбү, мүмкүн эмеспи, мен бул жөнүндө ойлонуп көрөйүн. Мен андан кутулууну каалайм, аракет кылып көрөйүн” десең, бул сенин эң келегей, эч нерсе түшүнбөгөн билдирүүңдүн бири болуп калат. Андан көрө аракет кылбай эле кой: же кылыш керек, же кылбаш керек, башка жол жок. Үй жалындап күйүп жатса, сенин убакыт күтүп олтурганың кимге кереги бар? Өзүңө да кереги жок. Бүткүл дүйнөнү зордук-зомбулук каптады, сенин ички дүйнөңдү да каптады, ошол зордук-зомбулуктун айынан үй күйүп жатат, а сен болсо: “Ойлонуп көрөйүн, ээ? Бул отту өчүргөнгө кайсыл идеология туура келет?” деп жатасың. Үй күйүп жатканда, суу көтөрүп келаткан өрт өчүргүчтүн чачынын түсүн талкуулап олтура бересиңби?

VII глава

Мамилелер. Конфликттер. Коом. Жакырчылык. Баңгизат. Көзкаранды болуу. Салыштыруу. Каалоо. Идеалдар. Эки жүздүүлүк.

Азыр эле биз талкуулаган зомбулуктун токтогону – бул акылдын өзү менен өзү, башкалар менен да ынтымакта, бейкуттукта жашап калды дегенди билдирбейт.

Адамдардын өз ара мамилелери — коргонуу механизми эмне боло алат деген көзкараштардын калыптануусуна негизделет. Биздин бардык мамилелерибизде ар бирибиз бирөөнүн образын жаратабыз, башканы элестетүү, мамиле адамдар арасында болбойт, ошол эки элестетүүнүн ортосунда болот. Аялдын күйөөсү жөнүндө элеси бар, балким аял аны аңдабайт, бирок ал бар, күйөөсүнүн аялы жөнүндө элеси бар. Кишинин өзү жөнүндө, мекени жөнүндө элестетүүсү бар, ошол элестетүүгө улам бир нерсе кошуп, ал элестетүүнү күчөтүп кете беребиз. Мына ушул элестетүүлөрдүн ортосунда мамиле жаралат. Элестер, образдар калыптана баштаганда, эки же андан көп адамдардын ортосундагы мамиле токтойт. Элестетүүлөргө негизделген мамилелер эч качан ал мамилелерге ынтымак алып келбейт, анткени алар реалдуу эмес, киши абстрактуу жерде жашай албайт. Бирок биз ушинтип жашап келебиз. Биз идеаларда, символдордо, өзүбүз жана башкалар жөнүндө өзүбүз жаратып алган элестерде жашайбыз, бул реалдуулук эмес. Биздин бардык мамилелерибиз түпкүлүгүндө ушундай калыптанган образдарга негизделген, ал эми алар араздашууну, конфликтти жаратат. Анда өзүбүз менен, башкалар менен кантип ынтымакта жашай алабыз? Акыр аягы жашоо – бул мамилелердин кыймылы, жашоодон сырткары болбойт, эгерде жашоо абстракцияга, жалпылоого, идеаларга же божомолдоолорго негизделген болсо, анда мындай абстрактуу, жалпылаган жашоо мамиле күтүүгө мажбур болот, ал согуш майданына айланат. Демек, адам ички дүйнөсүндө, мажбурлоонун, бирөөнү тууроонун, психологиялык жактан коргонуунун эч кандай бир формалары жок тынч жашоосу мүмкүнбү?  Ал өзүнө ички жан дүйнөсүндө тартип орното алабы, ошол тартип өмүрүндөгү негизги сапат болобу, идеялар системасына көз каранды болбойбу, эч качан эч нерсе бузалбаган ички бейпилдик жаратабы, — фантастикалуу, мистикалуу, абстрактуу дүйнөдө жашабайбы, а күнүмдүк тиричилигинде, үйүндө да, жумушта да ошондой болобу? Менимче, бул маселеге тыкыр карап, баш-отубуз менен киришибиз керек, анткени биздин аң-сезимде конфликт тийбеген бир да чекит жок. Биздин бардык мамилелерде, — мейли эң жакын адамың, кошунаң, бүтүндөй коом болсун – сөзсүз конфликт болот, карама-каршылыктардын конфликтиси, көз караштардын туура келбөөсү, бөлүнүүчүлүк, кош мамилелер бар. Өзүбүздү, биздин коом менен болгон мамилебизди карап олтуруп, бул жашоонун бардык тепкичинде конфликт болорун көрөбүз, мейли майда, мейли чоң конфликт болсун, үстүрт жооптору бар же катастрофага алып келген араздашуулар болсун, алар сөзсүз бар.

Киши конфликти күнүмдүк жашоодогу сөзсүз боло турган нерседей кабыл алат, анткени ал атандашууга, кызганычка, ич күйдүлүккө, сараңдыкка, дүйнөкорлукка же агрессияга кадыресе нерседей көнүп калган. Биз ошондой кадыресе кабыл алуу менен коом кандай болсо, ошондой кабыл алып, респектабелдүү (“жашоодо ийгиликке жеттим, кийген кийимимен ичкен ашыма чейин өзгөчө, мага ишенсе болот, коомдо өз ордум бар” деген сыяктуу) шаблон менен жашайбыз. Көпчүлүгүбүз ушундай шаблондун туткунундабыз, өтө эле респектабелдүү (жетишкен) болгубуз келет. Качан биз акылыбыз менен жүрөгүбүздү, ой-жүгүртүү образыбызды, сезимдерибизди, күнүмдүк тиричилигибизде эмне кылып жатканыбызды изилдей келгенде, жашоонун шаблонуна көнүшүп жатканда, өмүр согуш майданына айланышы керектигин көрөбүз; эгерде буга биз макул болбосок, бир дагы динчил киши мындай коом менен макул болбойт, анда биз коомдун психологиялык структурасынан толук кандуу эркин болобуз.

Көпчүлүгүбүз коомдон көп нерселерге байыдык: сараңдык, ич күйдүлүк, каар, жек көрүү, шектенүү, чочулоо – коом биздин ички дүйнөбүздө эмне жаратса, ошонун баарын өзүбүз жараттык – буларга биз карк болуп турган кезибиз. Бүткүл дүйнөдө ар кандай диндер кедей жашоону үгүттөп келет. Кечил бир чүпөрөк-сапаракты илип алып, ысымын өзгөртөт, чачын тасырайта алат, бир ээн жерден жай табат, кедейчиликтин, тартып жашоонун антын берет. Чыгышта балтырына бир чүпөрөк байлап алат, үстүндө бир кемсели болот, күнүнө бир маал гана тамактанат, биз ушундай кедей жашоону сыйлайбыз. Бирок бул кедей кийинген кишилердин ички дүйнөсү бай болот, алар деле кадыр-баркка ээ, коомдо өз орду бар. Алар тигил же бул монах орденине ээ, тигил же бул динге тиешелүү. Бирок алар дале өзүнчө бир маданиятка, каада-салтка тиешелүү жашайт. Бул кедейлик эмес. Кедейлик – бул коомдон толугу менен эркин болуу. Балким мындай кишинин кечилдерден көбүрөөк кийими, көбүрөөк тамак-ашы бардыр, анын кандай мааниси бар? Бирок, тилекке каршы, көпчүлүк адамдар эксгибиционизмге (өзүн көргөзүүгө), өзүнө суктанууга, өзүн рекламалоого чукул келишет.

Акыл-эс коомдон эркин болгондо, кедейчилик эң сонун. Киши кедей болушу керек (Евангелиеде “духуң жакыр болсун” деп айтылат), жандүйнө жарды болгону туура, анткени издөө, суроо, каалоо болбогондо, дегеле эч нерсе болбогондо – жарды жандүйнө гана өмүрдүн Акыйкатын көрө алат, анда эч кандай конфликт болбойт. Мындай жашоо – бир да чиркөөдө, бир да храмда, бир да мечитте табылбаган, чыныгы бакыт тартуулаган бата болуп эсептелет.

Бирок биз кантип коомдун психологиялык структурасынан кутула алабыз? Конфликттин маани-маңызынан кутулуу деген эмне? Конфликттин кээ бир бутактарын кыйып-кескилеп коюу кыйын деле эмес, бирок азыр биз өзүбүздөн сурап жатабыз, ички да, тышкы толук бейпилдикте жашай алабызбы? Бул бир өсүмдүктөй же токтоп калган көлчүктөй болуп өмүр сүрүү дегендик эмес. Тескерисинче, биз динамикалуу, тирүү болуп, энергиябыз ашып-ташып жашап калабыз.

Кандай көйгөй болбосун, аны түшүнүп, андан кутулуу үчүн биз жалындаган, дайыма агып турган ири энергияга муктажбыз, бул энергия бир гана дененин же акылдын энергиясы эмес, эч бир себепке, кандайдыр бир психологиялык стимулга көз каранды эмес энергия болуусу зарыл. Эгерде биз кандайдыр бир түрткү берген стимулга көз каранды болсок, анда ошол стимулдар биздин акыл-эсибизди мокотуп, сезимсиз кылып коюшат. Баңгизаттын кайсыл бир түрүн пайдалансак, биз кайсыл бир убакытка чейин баарын так, ачык көргөнгө жетиштүү энергия алабыз, анан кайра баягыл акыбалыбызга келип, андан көбүрөөк баңгизат пайдалабыз, анан дагы, дагы деп олтуруп баңгиликке берилип кетебиз. Ошентип кандай стимул болбосун, мейли мечиттен алалы, мейли арак, мейли баңгизат, мейли айтылган же жазылган сөз болсун, ал баары бир өзүнө көз каранды кылып алат, бул көз карандылык баарын ачык, даана көрүүгө бөгөт болот, жыйынтыгында, абадай зарыл турмуштук энергиядан куржалак калабыз.

Тилекке каршы, биз дайыма психологиялык жактан бир нерсеге көз карандыбыз. Эмнеге мындай каалоо болот – көз каранды болуу? Биз, сени менен чогуу саякатка чыктык, мен сенин көз карандылыгыңдын себебин айтып берет деп күткөн деле жоксуң: эгерде биз чогуу изилдөө жасасак, ачылышыбызды да чогуу кылган болобуз. Ошентип бул биздин чогуу ачылышыбыз болуп, натыйжада сенин жеке ачылышың болуп, ал сенин жашооңо дем-күч берет.

Мен өзүмдү ачып жатып, аудиторияга көз каранды болуп жатам, анткени аудитория мага стимул берүүдө. Мен аудиториядан, жоон топ элге кайрылганыман энергиянын кандайдыр бир түрүн алып жатам, ошондуктан мен ушул аудиторияга, ушул элге көз карандымын, алар мени менен макулбу, макул эмеспи, кеп анда эмес. Канчалык алар мени менен макул болушпаса, ошончолук мага энергия берип жатышкан болот. Эгер макул болуп жатышса, алардын макулдугу үстүрт, көңдөй. Мен ушинтип аудиторияга, элге кайрылууга муктаж экенимди ачып жатам – бул аябай чоң түрткү берет, ири стимулятор. Эмнеге? Эмнеге мен көз карандымын? Анткени мен өз ичимде көңдөймүн, үстүртмүн, менде энергиянын булагы жок, бирок ал дайыма толуп турушу, ашып-ташып турушу, дайыма кыймылда болушу, агып турушу, турмуштук дем-күчкө толуп турушу, тирүү болушу зарыл. Мына мен эмнеге көз карандымын. Мен сага себебин аныктап бердим.

Бирок ушул түшүнүү мени көз карандылыктан куткара алабы? Анткени себебин аныктоо – бул ойдогу гана нерсе, демек ал акыл-эсти көз карандылыктан куткара албайт. Идеяны бир гана интеллектуалдык кабыл алуу же идеологияны бир гана эмоционалдуу кабылдоо акыл-эсти көз карандылыктан куткара албайт; ал баары бир бир нерседен көз каранды болуп туруп алат, аны түрткүлөгөн нерсе да болот. Акыл-эс көз карандылык менен стимулдун табиятын, бүтүндөй структурасын толук аңдап-билгенде гана көз карандылыктан кутулат. Көз карандылык кишини маңыроо, мокок, инерттүү (демилгесиз) кылып коерун да билдик. Бул структураны бир гана толук, чулу таанып-билүү гана акыл-эсти эркин кылат.

Ошондуктан мен эми толук, чулу таанып-билүү эмне экенин түшүнүшүм керек. Мен жашоону бир көз караштан гана кабыл ала берсем, кандайдыр бир тажрыйбанын призмасы менен карасам, анткени ал тажрыйбаны баалайм, аны мен билим артынан билим казып жүрүп топтогом, ал менин объективдүү негизимди, менин “менимди” түзөт, ошондуктан толук, чулу көралбайм. Мен көз карандылыгымдын себебин анализдин жардамы менен, сөздөрдүн деңгээлинде, интеллектуалдуу түрдө аныктадым, бирок бардык ой менен жүргөн изилдөөлөр үзгүлт, фрагментардуу болот; ошондуктан мага ой кийлигишпегенде гана толук, бүтүн, чулу көрө алам.

Ошондо гана көз карандылыгымдын фактысын көрөм, эмне болсо, ошону гана көрөм. Мен буга “жагат” же “жакпайт” деп карабай, көз карандылыктан кутулгум, анын себебинен эркин болгум келет. Мен аны байкап жатам, ушундай байкоо болгондо, бүтүн, чулу көрөм, бир үзүмүн көрбөйм, акыл-эс бүтүн, толук көргөндүн өзү – бул эркиндик. Мен фрагменттөө болгон жерде, бардыгын үзүк-үзүк көргөндө, энергия жоголоруна көзүм жетти. Мен энергияны короткон чыныгы булакты аныктадым.

Эгерде бирөөнү туурасаң, бир молдонун, үрп-адаттын, догманын, партиянын же дагы бир идеологиянын кадыр-баркына, авторитетине баш ийсең, энергия коробойт деп ойлошуң мүмкүн, бирок жаман же жакшы экенине, ыйык же ыйык эместигине карабай, бир идеологияга баш ийүү, аны ээрчип кетүү – ишмердүүлүктүн үзүк-үзүк болуусу, б.а. фрагментардуу ишмердүүлүк, андан чыкты, конфликттин бирден бир себеби. Бар нерсени же боло турган нерсени бөлүп-жара берсе, конфликт да пайда боло берет, ал эми ар бир конфликт энергияны коротот. Эгерде сен өзүңдөн: “Мен кантип конфликттен кутула алам?” деп сурасаң, жаңы көйгөйдү жараткан болосуң, демек, конфликтти андан да күчөтүп жатканың. Ошол эле учурда аны факт катары кабыл алсаң, конкреттүү бир объектини карагандай ачык, так, даана карасаң, анда сен сөзсүз эң негизги акыйкатты түшүнөсүң – эч кандай конфликт жок жашоо бар экенин билесиң.

Кел, эми башка өңүтүнөн карап көрөбүз. Биз дайыма эртең кандай болушубуз керек экендигибиз менен өзүбүздү салыштырабыз. Кандай болушубуз экендиги – бул оюбуздун коргонуп жаткандыгы. Биз өзүбүздү бирөө менен же бир нерсе менен, кечээ кандай болгондугубуз менен салыштырабыз, ошондо карама-каршылык келип чыгат. Демек, боло турган менен азыркынын ортосунда конфликт жаралат экен. Азыркы салыштыруу жок болгондо гана бар болот. А бар болгондо жашоо — бейпилдикте жашоо дегенди билдирет. Ошондо гана эч нерсеге алаксыбай, ички дүйнөңө, чочулоого, дүрбөлөңгө, ташбоордукка, жалгыздыкка, ушулар менен жашап жатканыңа бардык көңүлдү бурасың; ошондо карама-каршылык болбойт, демек конфликт дагы.

Бирок биз дайыма өзүбүздү ким бай, ким ийгиликтүү, ким акылдуу, ким атактуу, кимди жакшы көрүшөт, ж.б.у. сыяктуулар менен салыштыра беребиз. Ушул бизден “жогору” деген сөз жашообузда эң башкы ролду ойнойт. Бирөө менен же бир нерсе менен өзүбүздү салыштырып баа берүү конфликттин биринчи себеби.

Эмнеге салыштыруу келип чыгат? Эмнеге өзүңдү башкалар менен салыштырасың? Буга бизди бала кезден үйрөтүшкөн. Ар бир А. мектеби В. менен салыштырышат, анан А. мектеби В.га окшошкусу келип, өзүн буза баштайт. Качан дегеле эч нерсе менен салыштырбаганда, идеал, карама-каршылык, ачакей фактор болбогондо, өзүңдү өзгөртүп, башкача болом деп күрөш жүргүзбөгөндө, акыл-эсиң эмне болот? Акылың карама-каршылык жаратпай калат, кайсыл бир деңгээлде даанышман, жогорку деңгээлде сезимтал болуп, чоң кумарга, берилгендикке жарап калат, ал өмүр энергиясына айланып, ошол энергияны коротосуң. Мындай кумар, берилгендик жок болгондо, сен эч нерсе кылбайсың.

Сен өзүңдү башкалар менен салыштырбаганда, өзүң бойдон каласың. Салыштыруу менен өнүгүп-өскүң келет, мындан да акылдуу, мындан сулуу болгуң келет. Бирок кептин баары, ошондой болосуңбу? Өзүңдүн кандай болгонуң – бул факт, салыштырганда фактыны үзүмдөргө, фрагменттерге бөлүп коесуң да, энергияң курулай сарп болот. Өзүң кандай болсоң, ошондой кабыл алсаң, сен салыштыруудан бийик турасың, бул акыл-эс өзүнө ыраазы болуп, ордунда туруп калды дегендикке жатпайт. Ошентип акыл-эс кантип энергияны курулай сарптаганын көрдүк. Ал эми энергия жашоону толук камтып түшүнгөнгө зарыл.

Мен ким же эмне менен конфликтте экенимди билгим келбейт. Мени өзүмдүн үстүрт жеке конфликттерим кызыктырбайт. Менин билгим келгени – эмнеге мен конфликтте жашашым керек экен? Өзүмө ушундай суроо бергенде, үстүрт конфликттерим жана аны чечүү маселелерге тиешеси жок негизги көйгөйдү гана көрөм. Негизги көйгөйгө көңүлүмдү бурганда, эгерде каалоонун табиятын туура түшүнбөй калсаң, ал конфликтке алып келерин дароо байкайм (балким сен да байкайсың).

Каалоо дайыма карама-каршылыктуу келет. Мен карама-каршылыктуу көп эле нерселерди самайм, бирок бул каалоону жок кылуу, басуу, көзөмөлдөө же бардыгын камыр-жумур кылып аралаштыруу дегенди билдирбейт. Мен жөн гана каалоонун өзү карама-каршылык экенин көрөм. Каалаган нерселер карама-каршы эмес, дегеле каалоонун табияты ошондой. Конфликтти түшүнөрдөн мурда, каалоонун табиятын түшүнүшүм керек. Ички дүйнөбүздө биз карама-каршы абалда болобуз, ошол карама-каршылык каалоодон келип чыгат; мурда сөз кылгандай, каалоо — бул ырахат алуу жана азаптан качуу аракети.

Ошентип, каалоо – ар кандай карама-каршылыктын негизи экенин, бир нерсени каалоо же каалабоо ачакей экендигин көрдүк. Биз бир жагымдуу нерсени жасап жатканда, ага аябай аракеттенип, күч деле коротпойбуз, туурабы? Бирок канааттануу азап алып келет, азаптан качуу күрөшү жүрө баштайт. Бул дагы энергия коротуу. Эмнеге бизде ачакейлик бар? Табийгатта деле ачакейлик бар дечи: эркек менен аял, жарык менен караңгы, түн менен күн; бирок эмнеге психологиялык ички ачакейлик болот? Суранайын, ушуну мени менен чогуу ойлон, суранам, менин жообумду күтпө. Аны билүү үчүн акыл-эсиңди иштетишиң керек. Менин сөздөрүм өзүңдү көрө турган күзгү гана. Эмнеге сенде психологиялык ачакейлик бар? Бизди бала кезден салыштырып жашаганга үйрөткөндөн эмеспи? Эмне туура, эмне туура эмес, эмне жакшы, эмне жаман, эмне адептүү, эмне адепсиз деген шарттарга баш ийип калганбыз. Бул ачакейликтин келип чыгуусу –  зордук-зомбулук, ич күйдүлүк, пастык деген түшүнүктөргө карама-каршы түшүнүктөрдү ойлойбуз, анан алардан арылабыз деп ишенгенибизден келип чыккан жокпу? Карама-каршылыкты бар нерседен кутулуунун куралы кылып жаткан жокпузбу? Же бул чындыктан качуубу? Сен да ошол чындыкты эмне кылаарыңды билбей, андан качуу аракетинде карама-каршылыкты пайдаланып жаткан жоксуңбу? Же учур чакта жашоо үчүн бар чындыкка карама-каршы идеал болуусу керек деп миңдеген жылдардан бери мээңе куюп салгандыктан, ошондой болуп жатабы? Сенде идеал болгондо, ал бар нерседен арылтат деп ойлойсуң, бирок андай эч качан болбойт. Сен зомбулуксуз жашоо жөнүндө ичер сууң түгөнчө үгүттөп, насыят айта бересиң, бирок баары бир зомбулуктун уругун сепкен болосуң. Кандай болушуң керек экендигин, ал үчүн эмне кылышың керек экендигин элестете аласың, бирок таптакыр башкача кыласың; ошентип принциптер, ишенимдер жана идеалдар сени сөзсүз эки жүздүүлүккө, жалган жашоого алып келерин көрдүң. Дал ошол идеал чындыкка карама-каршыны жаратат, ошондуктан бар чындыкка кандай мамиле кылуу керектигин билгениңде, карама-каршылыктын кереги жок болуп калат.

Бирөөгө окшош болгуң келгени же идеалдын өзүндөй болууну каалаганың – бул карама-каршылыктын, дүрбөлөң түшүүнүн жана конфликттин негизги себептеринин бири. Дүрбөлөңгө акыл-эс эмне кылбасын, кандай деңгээлде болбосун, дүрбөлөң бойдон кала берет. Ал эми дүрбөлөңгө түшүп кылган иш андан да өткөн дүрбөлөңгө алып келет. Мен муну ачык, даана көрүп турам. Бул сөзсүз коркунуч жаратат. Андан кийин эмне болот? Мен дүрбөлөң түшүп иш кылбай калам. Ошентип эч нерсе кылбагандык толук кыймыл-аракет болуп калат.

Орусчадан оодарган Эрнис АСЕК уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *