Америка жомогу

Өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын башында  Нью-Йорктун сейректиктер Музейинин кожоюну Барнемдин кабинетинин каалгасын кимдир бирөө какты.

— Кириңиз! — деп кыйкырды ал.

Эшик кең ачылып, бөлмөнүн босогосун калбаат аттап, кадимки  америкалыктардын көзүнө көнүмүш  янки өз үйүнө киргендей шыдыр баш бакты.

Ал өзүнө көрсөтүлгөн орундукка жайланыша отуруп, сунушталган кызгылт түстүү шарапты серпип жиберип,  музей кожоюнуна мылжыя жылмайып үн катты:

— Сиз мистер Барнем болосузбу?

— Дал үстүнөн түштүңүз! — дилгирлик менен жооп берди мистер Барнем.

— Андай болсо мындай! — деди күтүүсүз конок ачык-айрымдана. —  Уксаңыз… Сиздердин көргөзмөңүздөрдө сейрек жаныбарлар барбы? Болсо, мен сиз менен мелдеше алам, биздеги, Коннектуттагы жаныбардай жаныбарды сиз өмүрү көргөн эмессиз!

Мистер Барнем өзү  түлкүдөй сак киши, ал өзгөчө жаныбардын кебете-кешпирин  ооз  жүзүндө айтып берүүсүн өтүндү.

— Сиз ал таңгалыштуу жаныбарды тагыраак сүрөттөп бере аласызбы?

— Так жана даана кебетесин келтире алабыз. А сиз ажайып мышыктарды кандай элестетесиз?

— Мышык? Анда өзгөчөлүү эмне бар! Нью-Йорктун жашоочуларынын теңинен көбүндө мышык бар.

— Ээ! Менин мышыгымдын өңү кадимки алчаныкындай!

Нью-Йорктун сейректиктер Музейинин атагы чыккан кожоюнунун өңүнөн таңгалуу байкала түштү. Бирок  кесиптик кекселиги менен анысын билдирбөөгө тырышты.

— Оо, сизде көрүүчүлөр чындап кызыга турган сейректик бар экен! — деп ал баары бир эле таңгалуусун моюнга алды. — Сиз алча түстүү мышыгыңыз үчүн канча сурайсыз?

— Жоо-жок! Бааны мистер Барнем, сиз өзүңүз коюңуз. Бирок менин жубайым ал жандыкка абдан байланып алган. Ал мышыкты оңою менен кармата бербе-ейт…

— Мышык деген мышык! Ал кымбат турбайт,- деди мистер Барнем.

— Азбы, көппү…  Эгер мен сизге анын өзгөчөлүгүн жакшы  сүрөттөп берген болсом жана сиздин ага кызыгууңуз ойгонсо, анда   алча түстүү мышыкты  колуңузга тийгизгенимде сиз мага үч жүз доллар төлөп берүүгө макулсузбу?

— Макулмун!

Бир жумадан кийин жыгач куту көтөргөн почта кызматкери мистер Барнемдин кабинетинин каалгасын какты.

Кирүүгө уруксат алган неме алып келгенин мистер Барнемдин үстөлүнө коюп, анын алдына кандайдыр кагазды жайды:

— Мистер Барнем, алча түстүү мышык үчүн үч жүз доллар төлөп, аны алдым деп бул жерге кол коюп коюңуз,- деди.

Анын айтканын жасаган мистер Барнем бөксөрө түшкөн капчыгын төш чөнтөгүнө салары менен, өзү сейректиктер Музейинин ээси болсо дагы өмүрүндө көрбөгөн өзгөчүлүктү көрчүдөй, кутуну ачкыча шашты.

Бирок кутуда ал элестеткен кочкул кызыл мышык эмес,  Нью-Йорктун ар бир көчөсүнөн жолуктурчу кара мышык бар экен. Акылынан ашкан ачуусун сабыры менен араң баскан мистер Барнем дароо эле Коннектутка  мындай телеграмма урду:

“Сиз эмне, алча түстүү мышыктын ордуна кара мышык салып, мени шылдыңдап турасызбы? Катаңызды оңдобосоңуз соттон жолугушабыз!”

Көп өтпөй ага мындай деген жооп келди:

“Мистер Барнем, сиз эмне, өмүрүңүздө кара алчаны көргөн эмес белеңиз? Нью-Йорктун ар бир көчөсүнөн кара мышыктарды канчалык көп жолуктурсаңыз, Коннектуттун ар бир бакчасынан ошондой эле кара алчаларды кезиктирүүгө болот.”

Көптү көргөн мистер Барнем дароо эле утулганын мойнуна алды. Бул көз көрүнөө алдамчылык көңүлдүү тамаша катары бүткүл Нью-Йорк шаарын аралап, мистер Барнемдин Музейине жакшы жарнама болуп берди. Ал баары бир эле кара мышыкты көргөзмөгө коюп, анын үстүнө Коннектуттун кара алчаларынан алдырып, сейректик катары илдирип койду. Өзү сыяктуу кара алчаны көрбөгөндөр агылып, мистер Барнем чыгашасын эки эсе актап алды.

Деги эле янкилер ушинтип акча тапканга маш келишет эмеспи.

Орусчадан оодарган Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.