Французчадан которгон Турусбек МАДЫЛБАЙ

НОВЕЛЛА

Бул байкуш кайырчы майып болгону менен бир убактарда ал деле жакшылык көргөн.

Он беш жашында Варвиллдин чоң жолунда анын эки бутун араба тепсеп кетип, ошондон бери ал тилемчилик менен оокат кылат; кулагына чейин жеткен балдактарына таянып алып, күнүгө короодон-короого өтүп кыдырып жүрөт. Анын башы балдактарынын ортосунда эки тоого таянгансып калчы.

Наристе кезинде аны Бийеттин диний кызматкери арыктан таап алып, ошол күнү маркумдарды эскерүү болгондуктан аны Никола Туссен[1] деп атап койгон; элдин боорукерлигинен тирүү калып, эч нерсе менен кабары жок, бир күнү айылдын навайчысы шылдыңдап берип койгон аракка мастыгынан майып болгон мезгилден баштап ал селсаяк жашап, кол сунгандан башканы билчи эмес.

Бир кезде манаптын аялы Давари ага боору ачып, эски чеп менен ферма кошулган жеринде тоокканадагы саман толо тешикке жаткырчу: ачка болгондо кээде ага ашканадан бир сындырым нан, бир чыны шарап берип турушчу. Андан тышкары; кемпир айым ага босогосунан туруп же бөлмөсүнүн терезесинен биртике тыйын ыргытып койчу. Бирок ал кемпир алда качан көз жумган.

Кыштактарда ага эч ким эч нерсе берчи эмес, анткени аны бүт таанычу; кырк жыл бою үйдөн-үйгө өтүп жүрүп, анын жыртык кийим-кечеси, жыгач балдак таянып басып жүрүп, кыйшайып калган денеси бардыгын жадатып бүткөн. Бирок баарыбир анын бул жерден кеткиси келчү эмес, себеби ал ушул аймактан башка эч жерди көрбөй, ушул үч-төрт кыштакта анын кайырчылык турмушу өткөн. Ал өзүнүн кайрчылык чегин белгилеп койгонсуп, башка жерге баруу анын оюна да келчү эмес.

Тигил көрүнүп турган бак-дарактын артында аны эмне күткөнүн ал ойлонуп да койгон эмес. Дыйкандар болсо аны дайыма айдоолордун четинен же арыктардын боюнан жолуктуруп калып тилдечү:

– Башка айылдарга да барбайсыңбы, бизден эле сурай бересиңби?

Ал унчукпастан басып кетип, көз алдында белгисиз бир коркунуч пайда болчу; мындай коркунуч жакырды миң нерседен: бейтааныш кишилерден, сөгүүлөрдөн, аны түшүнбөгөндөн улам келип чыккан шектүү көз караштардан – бүт баарынан чоочуркантат; өзгөчө ал экиден ээрчишип баскан желдеттерден коркчу, аларды көргөндө кандайдыр бир күч аны куурайлардын же үйүлгөн шагылдын артына жата калдырып бекиндирчү.

Желдеттердин күнгө чагылышып жаркыраган кийимдерин алыстан эле көрөр замат бир гана айланы тапчу: ал жырткыч сыңары жашырынчу. Балдактарынан секирип түшүп, чүпүрөккө окшоп жерге жабышып, топтой томолонуп, кибиреп көрүнбөй калчу; уясына качкан коёндой жашырынып, бозала кийимдери топуракка аралашып жата берчү.

Ошентсе да ал эч качан желдеттер менен жолугушпай жүргөн. Коркконунан куулукка баруу ага өзү көрбөгөн ата-энесинен өткөнсүп, канына сиңип калыптыр.

Анын тамы, чатыры, күркөсү же башпаанеги жок болчу. Жайкысын көрүнгөн жерде жатып калып, кышкысын бир укмуштай ыкчамдуулук менен уйкана же аткананын ичине кирип кетчү. Ал дайыма өзүн байкатпай чыкчу. Бул селсаяк турак жайлардын ар бир тешигин жакшы билчү; дайыма балдакчан жүрүп, анын колдору күчтүү болуп калган, ошондуктан тырмышып отуруп тамдын чатырына чейин чыгып барчу, анан мурдатан даярдап алган наарын жеп, кээде төрт-беш күн эч жакка чыкпай ордунда жата берчү.

Ал жырткыч сыңары жашап, адамдарды жактырбай, эч кимди жактырбай, дыйкандар тарабынан кайдыгерлик менен адаттагы кекти жолуктурчу. Аны «коңгуроо» деп атап коюшкан, себеби ал эки түркүктүн ортосуна илинген коңгуроого окшош болчу.

Эки күндөн бери ал оозуна наар ала элек. Акыркы күндөрү ага эч ким эч нерсе бербей калды. Жетишет да, ага улам эле бере беришмек беле. Дыйкандардын аялдары аны алыстан көрүп эле ач айкырык салчу:

– Жогол биерден, арамза! Нан бергениме үч күн болбой атып эле, кайра келе бересиңби?

Кайырчы бурулган бойдон коңшу үйгө жөнөйт, ал жактагылар да аны дал ошентип кууйт.

Аялдар бир эшиктен экинчисине кыйкырат:

– Жыл сайын эле ушуну бага беребизби, йа?..

Бекерчи болгону менен ал баарыбир күнүгө бир нерсе жеп турушу керек да!

Бир тыйын же эң кур дегенде каткан нан да чогулта албай, ал Сент-Илер, Варвилл жана Бийетт айылдарын кыдырып жүрдү. Жалгыз үмүтү эле Турнолл кыштагы болчу; бирок ошол жерге барыш үчүн эки чакырым жол басыш керек, ал эми бечаранын кыймылдаганга да алы келбей, карды чөнтөгүндөй эле бошоп калган.

Ошентсе да ал жолго чыкты.

Декабрь айы эле, суук шамал талааларды аралап, коркойгон бутактарды ийип жатты; кайда шашканы белгисиз булуттар жапыз жана күңүрт асманды аралап жүрдү.

Чолок адам жай басып, улам кыйналганда бир балдактан экинчисине ооп, чүпүрөктөр менен оролгон жалгыз кыйшык бутуна таянып басат.

Кээде ал арыктын четине отуруп, бир аз эс алат. Ачкалык ансыз деле томсоргон жанын сыздатып турду. Оюнда бир гана нерсе бар болчу – тамактануу, бирок кандайча тамак табышты ал билчү эмес.

Үч саат бою жол басып жүрдү; анан кыштактагы талдардын учу көрүнгөндө, ылдамыраак басты.

Биринчи эле жолуккан дыйкандан кайыр сураганда, тигил мындай деди:

– Дагы келдиңби, томаяк? Ушу сенден качан кутулар экенбиз?

Коңгуроо нары басып кетти. Кайсыл үйгө барбасын, ага орой жооп берип жатышты, эч нерсе бербестен куушту. Ал чымырканып, тырышып отуруп кыштакты аралады. Бирок бир да тыйын чогулта алган жок.

Анан ал баткак кечип жүрүп, балдактарын зорго кыймылдатканга жарап, чарчаган бойдон фермаларга жетип барды. Барган эле жеринен аны кууй беришти. Ушул суук жана бозала күн жүрөктү сыздатып, акылды айнытып, үрөйдү учуруп, колду алганга да, бергенге да жаратпай койгон күндөрдөн болчу.

Акырында ал тааныган үйлөрдү бүт бир сыйра айланып чыгып, Шикенин чарбасынын жанындагы арыкка барып кыйшайды. Ал «балдактарынан чечинди», анын колдорун коё берип, коркойгон балдактарынан сыйгаланып кулап түшкөнүн сүрөттөш үчүн эл ушинтип койчу. Анан ал ачкадан кыйналып, бирок өзүнүн кандай кордук көрөрүн түшүнүүгө акылы жетпей, көпкө кыймылдабай отурду.

Эмнени экенин билбей, ал бир нерсени күтүп турду: мындай кур үмүт бардыгыбызда бар. Ушул короонун бурчунда ызгаарланган шамалдын суугунда үшүп отуруп, ал укмуштай бир жардам келээрине ишенип жатты; мындай үмүт көктөнбү же адамданбы, кандайча, эмнеге, кимге келээрин билдирбей, дайыма күттүрөт. Ар бир жанды бага ала турган жердин үстүнөн жем издеп, анын жанынан тооктордун тобу өтүп бара жатат. Кээде алар тумшуктары менен бир данды иле калып же көрүнбөс бир курт-кумурсканы чокуп, анан кайрадан шашпай, салабаттуу басып жөнөйт.

Коңгуроонун эч нерседен ою жок, тоокторду карап отурду; бир убакта ал акылы менен эмес, ач карды менен ушул тооктордун бирин куурайдан от жагып, бышырып жесе абдан даамдуу болорун ойлоп койду.

Анын уурулук кылып жатканы деле оюна келген жок. Колун созуп, таш алып, ыкчамдуу болгондуктан ал жакыныраак турган тоокту бир уруп өлтүрдү. Тоок канаттарын тыпыратып, кулап түштү. Калгандары ничке буттарын тайтаңдатып, качып жөнөдү, ал эми Коңгуроо балдактарына таянып, өзү да тоокко окшоп, колуна тийген олжосун алмакка ошол тарапты көздөй басты.

Башы канжалаган кара тоокту алганы жатканда, аркасынан бирөө аны уруп жиберип, балдактарын ыргыта койду, ошондо ал он кадамдай жерге томолонуп барып түштү. Чарбанын ээси Шикенин жини келип, ал каракчыга асылды да, анан тонолгон дыйкан өңдүү өзүн коргогонго жарабаган майыпты колу менен да, буту менен да томолото ургулап-тепкилей берди.

Чарбанын кызматкерлери да чуркап келип, кожоюнуна болуша селсаякты токмоктоп киришти. Анан акырында тигинин эси ооп калганын көргөндө, алар аны көтөргөн бойдон отунканага жеткирди да, желдеттер келгиче ошол жерге камап салышты.

Чала жан, кансырап, ачкалыктан өлгөнү турган Коңгуроо сыз жерде жатты.

Кеч кирди, анан түн болду, анан кайрадан таң атты. Тигил байкуш дагы эле ачка кала берди.

Түшкө маал желдеттер келди; эшикти алар бирөө кол сала тургансып акырындык менен ачты, себеби Шике селсаяк ага кол салып, андан ал зорго коргонгонун эскертип койгон.

Желдеттердин башчысы кыйкырды:

– Кана, тургун!

Бирок Коңгуроо кыймылдай албай койду, ал жакшылап эле аракет кылды, бирок чамасы келген жок. Муну тигилер арамзалык, куулук, кылмышкердин амалкөйлүгү деп эсептеди, ошондуктан куралчан экөө тигини күчкө салып оодарып, балдактарына орнотушту.

Селсаяк чочуп кетти, бул коркунуч алардын тагынган сары белгилеринен, аңчыны көргөн жаныбар, мышыкты көргөн чычкандыкындай пайда болду. Бардык күчүн жумшап ал эптеп турду.

– Жолго чыктык! – деди башчысы.

Алар жолго түштү. Алардын кетип баратканын чарбадагылардын бардыгы карап турду. Аялдар кайырчыга муштум көрсөтүп, эркектер аны шылдыңдап сөгүнүштү:

– Акыры кармалган экен да! Мурун эле ошентиш керек болчу!

Кайырчы эки желдеттин ортосунда баратты. Айласыздан чымырканып, аң-таң байкуш эмне болгонун түшүнбөй, түшүнүүгө да чамасы келбей, кечке чейин эптеп басып жүрүп отурду.

Жолдон жолуккан кишилер алардын өтүп баратканын көрүп токтоп, дыйкандар болсо кобурана берди:

– Бир ууру болсо керек!

Кечинде гана алар борбор шаарга жетти. Кайырчы эч качан бул шаарга келип көргөн эмес. Ал эмне болгонун, эмне болорун дале түшүнгөн жок. Ушул ойлобогон каргашалуу нерселер, ушул бейтааныш адамдар, тамдар бүт анын шайын кетирди.

Селсаяк эч нерсе деген жок, сөз да сүйлөгөн жок, анткени ал эч нерсени түшүнгөн да эмес. Акыйкаты, ал ушунча жылдан бери эч ким менен сүйлөшүп да көрбөгөн, атүгүл, сүйлөшкөндү да унутуп койгон; анын ойлору сөз менен айтууга деле жарабаса керек.

Аны шаардагы камакка отургузуп салышты. Желдеттердин ага тамак берүүгө ою да келген жок, алар аны таң атканча тим койду.

Бирок аны суракка алып бармакка эртең менен таң азандан келгенде, алар жерде тигинин өлүп жатканын көрүштү. Мына кызык!

[1] Туссен – «бардык ыйыктар» деп которулат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *