Кожогелди Култегиндин котормосунда

* * *
Мазем кетип, зорго келдим өзүмө,
Масчылыктын калжырагы арылап.
Тегерандын гүлүн тиктеп көшүлө,
Чайканада жатам башты дарылап.

Далдайган бу кожойуну чарк уруп,
Даңазалайт чайканасын оруска.
Утур-утур койуу памил чай сунуп,
Ушуну ич дейт арак-шарап оорутса.

Чайга кысташ милдетиң го, милдетиң,
Чарбагыңда розалардын көптүгү-аа!
Ары жактан ача койуп чүмбөтүн,
Азыр бирөө көзүн кысып өттү маа.

Биз, орустар жаздай жаркын кыздарды
Ит сыйактуу байлабайбыз чынжырлап.
Акысы жок өбүшүүнүн – жыргалдын,
Адат эмес канжар сууруп… чыр кылмак.

Ал буралып басканда – адам дал болуп…
Аруу жүзүн – аткан таң деп билемин!
Ага белек Хороссандын шал жоолук,
Ага алпарам жана Шираз килемин!

Кожойун, сен ачуу демдеп, куй чайдан,
Коркпо, менде жалган сүйлөш жок деги.
Өзүм үчүн жооп бере алат курган жан,
Өзүң үчүн кыйын бирок жооп берүү.

Каалга жакты карай бербей, сүйлөчү,
Кайтармаксың кайсы эшикти – көп тура.
Ары жактан ача койуп чүмбөтүн,
Азыр бирөө көзүн кысып өттү маа.
 1924

* * *
Бир рублге жарым туман алмашчу
Сарапка мен суроо бердим жаркыган –
Сүйкүмү артык Лала кызга жарашчу
«Сүйөм» деген сөздү не дейт фарсылар?

Суроо бердим сарапка мен жана да
Суудай мөлтүр, желдей үлбүр дем менен –
«Өбөм» деген сөздү айткым бар Лалага,
Өз тилинде эмне деймин, эмне дейм?

Кайра бурдум ага суроо-жебемди,
Кадимкидей бөжүрөп мен санаада –
Айтат кантип «Меникисиң» дегенди,
Арнасам дейм ажары артык Лалага?

Жооп бербеспи сарап мага жүз буруп:
Жок! Чын сүйүү – кеп-сөз менен айтылбайт.
Анын сөзү – көөдөн жарган үшкүрүк,
Анын көзү жакут болуп жаркылдайт.

Өбүшүүнүн изи калбайт, оо, дайым,
Өбүшүү бу – жазуусу эмес бейиттин.
Өбүшкөндө аңкыйт жыты розанын –
Үлбүрчөктөр эриндерде эрип бир.

Билбейт сүйүү кепилди да, ченемди,
Бирге чапчып шаттык, кайгы дүйнөсүн.
Кол гана айтат «Сен мендиксиң» дегенди
Коомай ачып ашыгынын чүмбөтүн!
1924

* * *
Шаганэм менин, Шаганэм,
Шарт-жайым айтсам болчубу?
Түндүктөн келген жан элем
Дүргүгөн буудай толкуну.
Шаганэм менин, Шаганэм.

Жүрөктөш түндүк жакта Айым
Жүз эсе чоң да! Таза анда!
Ширазды канча мактайын,
Бир азга жетпейт Рязанга.
Жүрөктөш түндүк жакта Айым.

Айтайын аңыз-талаамы,
Алгамын алтын чачты андан!
Ороп тарт чачым салааңа,
Оорубас өзүң тарткандан.
Айтайын аңыз-талаамы.

Ай тийген буудай толкунун
Аңдап ал тармал чачымдан.
Эркелеп-күлүп, кол сунууң
Эстетпесинчи бачымдан
Ай тийген буудай толкунун!

Шаганэм менин, Шаганэм!
Шаарымда бир кыз келет деп…
Анча эмне окшош жан элең,
Ал турат, балким, мени эстеп.
Шаганэм, жаным, Шаганэм.
1924

* * *
Өпчү экен жалаң мамактан
Өрт акын Саади дедиң не?
Үмүттү берсе Жараткан
Үйрөнөм аны кезинде.

Айтылган дедиң куранда
Айоо жок каапыр үчүн деп.
Рйазандык болсом – буларга
Ырасы, кыйын түшүнмөк?!

Ефратты анан ырдадың,
Эмне, гүл кыздан кымбатпы?
Байыраак болсом кыйла бир
Башкача сабак кылмакмын! –

Кыймакмын гүлдү кез келген,
Кылжыйып жатмак түркүн гүл.
Болбошу керек эч жерде
Шаганэ кыздан сүйкүмдүүм!

Накылды сүйбөс кур-жалган
Насили башка төрөмүн.
Акынмын, акын туулгандан,
Акынча сүйүп-өбөмүн!
19-декабрь 1924

* * *
Босфор жакта болсом эмне өзүм же,
Баары-жогун сурай бербей, туруп тур.
Көзүңдө ана… деңиз жатат көзүңдө!
Көгүш жалын көөдөнүңдө күйүп тур.

Багдадга да кербен айдап чубалган
Бара элекмин – жибек, бойок толтуруп.
Мага ийилтип бой-тулкуңду буралган,
Магдыратчы тизеңе баш койдуруп?!

Канча мерте бөгүлсөм да, сурансам
Кайтаар түрү көрүнбөйт ко акымдын.
А мен деген – алыскы Орусийамда
Даңазасы таш жарган чоң акынмын!

Арман – гармонь сыздап ичте баратты,
Ай алдында үргөнү иттин угулуп.
Көргүң жокпу, фарсы кыз, биз тарапты,
Көк мейкинге келгиң жокпу жуурулуп?

Зериккенден келгеним жок бул жакка,
Сезгем сенин чакырыгың жеримен.
Аккуу канат колдоруңду булгасаң,
Ага өзүмчө кучакталып эригем!

Тынчыраак жер издеп жүргөм тагдырдан,
Тырчый турган иш деле жок өмүрдө.
Уккум келет, айтып берчи калтырбай
Ушул сенин куунак өлкөң жөнүндө.

Делөөрүп мен… арман – гармонь жабыкты
Деми-жытың мага жеткен убакта.
Ошентип сен түндүк кызын алыскы
Ойлотпо маа… сабылтпа да, кууратпа!

Босфор жакта болсом эмне өзүм же,
Барбасам да, кыйалданып айтайын.
Көрчү дале – деңиз турат көзүңдө,
Көгүш жалын көйкөлүүдө ансайын.
21-декабрь 1924

* * *
Саргыч-күрөң талааны көр кечтеги
Каалгып-чуркап розалары бараткан.
Кана, жаным, созчу ырыңды, тезде эми,
Хайом өзү жактырган да, жараткан.
Каалгып-чуркап роза гүлдөр бараткан…

Айдын нуру мүлдө каптап Ширазды,
Айлангөчөк – сансыз жылдыз-көпөлөк.
Жактырбаймын чүмбөт деген жыласты,
Фарсы кызды айап сезим көшөрөт.
Айланууда сансыз жылдыз-көпөлөк…

Ысык демден такыр муздап бүткөндөй
Ырасында жабык жүздөр – керсары.
Да жакшылап сүйсө экен деп күткөндөй
Жамалын эч туурултпайбы эрк-алы?!
Ырасында жабык жүздөр – керсары.

Өмүр-шерик кылыштын не кереги,
Өктөөсү күч чүмбөтүңдү чеччи ушул.
Ансыз деле өмүр кыска, ченелүү,
Андан кыска – лаззат даамын сезчү учур.
Өктөөсү күч үлбүрчөктү чеччи ушул.

Өңү сууктар качан, неден айанды,
Өзүлөрүн алыс койбойт асылдан.
Кесир болоор – сеникиндей жамалды
Кереметтүү жарыктыктан жашырган.
Сенин жүзүң – Теңир колдоп ачылган.

Каалгып-чуркап розалары баратса
Кайра неге башка өлкөнү эңседим?
Кана, баарын ырдайын бул тарапта
Хайом ырга салбай кеткен нерсенин!
Каалгып-чуркап розалары баратат.
 1925

* * *
Аба тунук, асман көкмөк, чайыттай,
Аралаймын жайнаган гүл толкунун.
Эй, жолоочум, бараар чегиң – алыс жай,
Эрме чөлгө жете албайсың, койгунуң.
Аба тунук, асман көкмөк, чайыттай.

Бак аралап баскансыйсың шалбаада,
Бакта болсо – асман-жер бүт гүл сымал.
Баш айланса – жыгыл, жерди тандаба,
Баары эле – гүл, ойду-келди чумкуп ал!
Бак аралап баскансыйсың шалбаада.

Шылдыры бу, шыбыры бу, сыры бу,
Үлбүрү бу ырларынын Саадинин.
Көз ирмесең – ирмеминен, чыны бу,
Көрө калам алтын айдын да бирин.
Шыбыры бу ырларынын Саадинин.

Үн жаңырды! Сыбызгы үнү перинин!
Үзүмүндөй Гассан тарткан чоордун ал.
Кучак ачса – арман болбос деги бир,
Кут-тартуусу, сый-урматы доордун ал!
Үн жаңырды! Сыбызгы үнү перинин!

Жол азабын тарткандарга гүлазык –
Жолуң тоскон жыпар жытты жуткун бат.
Жутуп жатам мен да тынбай буратып,
Жутуп жатам – оозу-мурдум купкургак.
Жолуң тоскон жыпар жыттар – гүлазык.
1925

* * *
Алтын нуру муздаган Ай тигинде,
Атыр жыты каптап бактын – өрт өңүм.
Көөлгүй басып жүрөм бейпилдигинде
Көгүлтүр да, көзгө сүйкүм өлкөнүн.

Багдад мындан алы-ыс, алыс белем-эх,
Баралында Шахрезада жар салган.
Сөөгү сөпөт болгон кызга не керек,
Созбойт ырын гүлбактары ар кайдан.

Ошол доордун элестери жеринде
Өсүп турат чөбү болуп бейиттин.
Жолоочу, сен арбактарга берилбе,
Жөнү жок ко ташты өбүштүн, кейиштин.

Эмне жетет тирүүлүккө, карачы,
Эриндерде эрийт гүлдүн үлбүрчөк.
Кандай сонун бул өмүрдүн санаты
Кастарды дос кылганга эгер үлгүрсөк.

Адал жашап, айанбай бол сен ашык,
Ай астында черин жазгын көңүлдүн.
Арбактарга таазим кылам деп атып,
Адамдарга уусун сеппе өлүмдүн!

Шахрезада ырдап өткөн аны да,
Саржалбырак – кайталанган муңдуу обон.
Сөөгү сөпөт болгондорду дайыма
Сөз айтпастан, ичтен айап жүргөн оң.
1925

* * *
Хороссанда дарбаза бар айалуу,
Астанасы гүл чачылып койулган.
Анда жашайт перизатым санаалуу,
Ачып кириш келгени жок колумдан.
Хороссанда дарбаза бар айалуу…

Ашып турат колдо каруу, белде күч,
А чачымда жанганын-айт алтын, жез!
Пери доошу – жылаажынбы, эмне, бүт,
Качан келет каалганы ачаар жаркын кез?
Ашып турат колдо каруу, белде күч…

Урматтабас мажнундарды баары эле,
Угаар жан ким – сыздап-ырдап жатканым?
Же мени бир кызганбады Шаганэ,
Же барып мен эшигин бир какпадым.
Урматтабас мажнундарды баары эле.

Кайтаар мезгил келди – мөөнөт түгөнүп,
Фарсы өлкөнү кыйбай турам кетээрде.
Сүрдүү тура – кош айтышуу түбөлүк,
Сүйгөн кыздан кетиш сүйгөн мекенге!
Кайтаар мезгил келди – мөөнөт түгөнүп.

Жакшы калгын, саламат жүр, пери, сен,
Жабык бойдон калды эшигиң ачылбай.
Өчпөс сулуу эргүүлөрдүн кени – сен,
Өлүп-талып өлкөмдө ырдайм басылбай!
Жакшы калгын, жаным пери, оо, пери!
 Март 1925

* * *
Фирдоусинин көк мунарык мекени,
Бир көргөндү чыгарбассың жадыңдан.
Көөнү жайкын, шойкому жок эзели,
Көздөрү ойлуу орус жүрөөр чакыйган.
Фирдоусинин көк мунарык мекени…

Фарсы өлкө, сен – жакшы өлкөсүң дегдетип…
Розаларың – жарык мээлээр шамчырак.
Алар кайра биз тарапты эстетип,
Айтат кабар ийилип да, жаркырап.
Фарсы өлкө, сен – жакшы өлкөсүң дегдетип.

Азыр мына мас болгондой алдамын
Акыркы деп… жыттап гүлдүү талааны.
Сыбызгы үнүң, оо, Шаганэ ардагым,
Сыздатып тур сыйрып көңүл жарамы!
Акыркы ирет тыңшап туруу – арманым…

Кантип сени унутайын акыры,
Кандай тагдыр кадырыңды жоготмок?!
Кез келсе эле бөтөнү да, жакыны,
Сени өмүрдө айта берем жомоктоп.
Кантип сени унутайын акыры.

Кайгыңа мен каржалбасмын, туурабы,
Катаал жолдо каалашыңча керекте –
Калды ырларым жалаң орус тууралу,
Кайрат берер, кайрып жатып, мени эсте!
Кайрыктарда жолугушуп туралы!
 Март 1925

* * *
Акындыктын мааниси абдан терең бу,
Ал – бузулбас акыйкаттай кымбат иш:
Канжалата кесип назик денеңди,
Каның менен башка жанды жыргатыш…

Акын болуу – аалам чапчып ырдамай,
Атагы таш жарбаса – аны күнөөлө!
Ана, булбул ырдайт өзүн кыйнабай,
Анткени анын ырдаар ыры – бирөө эле!

Канарейка туурап ырдайт башканы,
Калдырбай деп канча бири атады-ай.
Кайрык керек бул дүйнөгө жапжаңы,
Кайры өзүңчө – жок дегенде бакадай!

Кууланган бейм куранында Мухаммед,
Куйдурбаска, ичирбеске кам урат.
Тыйган үчүн ичет акын Кудай деп
Тынчы кетип ыр жазаарда ар убак.

Арзып акын сүйгөнүнө барса эгер,
А сүйгөнү жатса бирөөн кучактап –
Адалдыгы болуп нагыз арка-бел,
Айал үчүн салбайт аны бычактап.

Кызганычта кылган эрдик – чек эмес,
Кыйкырыгы угулдубу, э-эй, сага:
«Акынга, эмне, тентип өлүш – кеп эмес,
Абалтадан көнүк андай нерсе да…»
 Август 1925

* * *
Сүйгөнүмдүн кош билеги – кош аккуу,
Сүзүп кирет алтын сөөлат чачыма.
Ар ким ырдайт ашыглыкты азаптуу,
Ал-ансайын кайталанса – татына!

Качандыр бир ырдагамын жанчылып,
Кайра азыр да ырдап жатам жаңыдан.
Сыйагы, азыр кетет окшойт жан чыгып
Сырданалуу сыйкыр сөздүн шаңынан!

Жетээр жерге чейин сүйсө жүрөгүң –
Жердигинен уйутулган алтын ал.
Тегерандын айын байкап жүрөмүн,
Деги ырларды жылыталбай – салкын ал.

Кантип эми күн кечирем, айт анык,
Шаганэнин жалынчында күйсөмбү?!
Карылыктын алды ушу деп – калтаарып,
Канаат кылып ырларымды жүрсөмбү?

Ар нерсенин ээси болот адатта,
Бири кулак, бири көзгө – ырас жүк.
Эгер фарсы жаман ырды жаратса –
Эгерим ал боло албайт-ов Шираздык!

Мен да, менин ырым дагы сындалат,
Мээге түйүп алгыла ойду кесе айтчу:
Ал мындан да мукам, тунук ырдамак,
Аттиң, аны жоготту окшойт эки аккуу…
Август 1925

* * *
“Хороссанда күңүрт тийет ай неге,
Карасаңар бактарды да, үйлөрдү?
Орусийа түздүгүндөй жай беле,
Озгун туман каптап дайым жүргөнбү?” –

Деп сурадым атайылап, Лала, мен
Деги үн катпас дарактардан кипарис.
Лам деп оозун ачышкан жок дагы эле,
Адатыбы көктү карап чычайыш.

“Ай эмнеге тийет мынча муңайым?” –
Ал суроону укту гүлдөр жайнаган.
Узатты жооп: “Ичтен тартып убайым –
Шуудурашат розаларың кайрадан…”

Катталышкан таажылары розанын
Кабар айтты ыргалып да, үлбүрөп:
«Шаганэби, башкага эрип, оо, аның,
Башканы өөп… баарысына үлгүрөт…»

Жүргөн окшойт: «Байкабайт, – деп, – орусуң,
Жүрөккө ыр, ырга өмүр кыстарып…»
Эми сездим айдын күңүрт болушун,
Эми сездим кайгы өңүнө чыкканын.

Көрдүк нечен жеңил ойлоп-күлгөндү:
Көзүндө жаш, көөдөндө муң – күнү өлүп.
Мала көгүш – сирень түспөл түндөрдү
Анткен менен кут даарыган түбөлүк!
Август 1925

* * *
Эй, дөдөй жүрөк, алкынба,
Эмне бар бакыт артында?
Жардылар дайым улайбы
Жамандык көрүү салтын да…
Эй, дөдөй жүрөк, алкынба?!

Ай төгүп сыйкыр нурларын,
А токой сезип жыргалын…
Башымды ийсем Лалага –
Батырып чүмбөт тур дайым!
Эй, дөдөй жүрөк, алкынба?!

Биз деле кээде балабыз,
Бир күлсөк – ыйлап алабыз.
Жакшылык менен жамандык
Жаап турса – кайда барабыз.
Эй, дөдөй жүрөк, алкынба?!

Далай бир өлкө кыдырдым,
Таалай-бак издеп сызылдым.
Каалаган нерсем болсун деп
Каржалбайм – азыр кыжылмын.
Эй, дөдөй жүрөк, алкынба?!

Калбадым дайым жер муштап,
Канча бир энчи берди уучтап!
Жүрөк, сен мөлмөл тизесин
Жөлөнүп бир аз келчи уктап?!
Эй, дөдөй жүрөк, алкынба?!

Таптакыр унтуп салбоочу
Тагдырдын бардыр арноосу.
Сүйүүбүз үчүн жооп белем
Булбулдун мобул сайроосу!
Эй, дөдөй жүрөк, алкынба?!

* * *
Асманы ачык, маанайы шат өлкө – сен,
Абийримди ырым менен өлчө, сен.
Буйуктурба, сап! сап! деңиз шамалы,
Булбул гүлүн чакырууда санаалуу.

 Гүлдүн ана башын ийип-неткени –
Жүрөгүнө ырдын толук жеткени.
Буйуктурба, сап! сап! деңиз шамалы,
Булбул гүлүн чакырууда санаалуу.

Бой жетсең да наристесиң – качасың,
Боло аламбы наристедей таза акын?
Буйуктурба, сап! сап! деңиз шамалы,
Булбул гүлүн чакырууда санаалуу.

Гелийа, сен кээ бир сөзгө урушпа,
Кезигерин далай гүлдөр унутпа.
Баарысы эле башын буруп ыргалат,
Башкачараак бирөө гана жылмаят.

Жылмайабыз бирге туруп – мен да сен,
Чындап таазим! Жыргалы артык жерге экен!
Буйуктурба, сап! сап! деңиз шамалы,
Булбул гүлүн чакырууда санаалуу.

Асманы ачык, көңүлү шат жер, сенде
Айырбаштап өмүрдү ырга берсемби?!
Бу Гелийа ойлонсун деп –  далдалап…
Булбул гүлдү кучактайт да, жалбарат…
8-апрель 1925

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *