2016-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Кытай Эл Республикасынын мамлекет Жетекчилеринин достукта жана жакшы коңшулаштыкта ынтымакта жанаша жашоо, соода, экономикалык, өндүрүштүк, маданий, адабий байланыштарын бекемдөө, улантуу үчүн макулдашылган эл аралык келишимдерди жетекчиликке алып, “Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясы” Бишкек шаарында КР Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, ишмердүүлүгүн баштаган.

НЕГИЗГИ МАКСАТЫ

“Чыгыш адабияты жана искусствосу Басма компаниясынын” негизделишинин максаты: Чыгыш элдеринин адабияты, маданияты, искусствосу, тарыхы, экономикасы ж.б. тармактары боюнча жарык көргөн китептердин ичинен кыргыз мамлекетине пайдасы тийе турган, өнүгүп-өсүүгө, көчүрмөлөп албай кыргызга ылайыкташтырып үйрөнүүгө, тажрыйба алууга өбөлгө болор чыгармаларды (эмгектерди) кыргызчага котортуп, жарыкка чыгарып, кыргыз окурмандарына тааныштыруу аркылуу өлкөнүн алга карай жылышына рухий дүйнө аркылуу салым кошуу болуп саналат.

 ЖАРЫККА ЧЫККАН КИТЕПТЕРИ

2016-жылдын 1-ноябрынан баштап, 2017-жылдын 24-августуна чейинки аралыкта кыргыз тилинде:

 “Алтын ажыдаардын сыры”;

“Суу менен Сыянын жомогу”;

“Цызылан карышкырдын мүдөөсү”;

“ХХ кылымдагы кытай эстетикасы”;

“Азыркы кытай адабиятынын тарыхы”;

 “Кытай жолу жана кытай кыялы”;

“Улуу дөөлөттүн жоопкерчилиги”;

“Чай чеберинин”үчилтигинен

1. Түштүктүн көркөм дарагы”;

2. Туруктуу түнкү сакчы”;

3. Чөптөн тургузулган сепил”;

“Кытай цивилизациясынын негизги баалуулуктары” жана казак тилинде:

Жибек жолы жане Кытай мадениети”;

“Кытай адабиетиниң тарихы” аттуу чыгармалар (жалпы 13 китеп) даярдалып, басмадан жарыкка чыкты.

 ЭМГЕК ЖАМААТЫ

 “Чыгыш адабияты жана искусствосу Басма компаниясынын” эмгек жамааты:

Администрация:

 Башкы директору Му Пин,

Аткаруучу директор Узакбаева Наргиза

Аппарат жетекчиси Кеңешова Гүлина

Кадрлар бөлүмүнүн башчысы Шакетаева Элмира

Башкы менеджер – коммер. директор Турсун уулу Сүйүндүк

Котормочу Асыпбаева Бегимай Турусбековна

 Редакция:

Башкы редактор Айтикеев Кеңешбек — кыргыз редакциясы

Башкы редактор  Юсупбаева Гүлнур – казак редакциясы

Техникалык редактор Талканов Эрнис

Ага редактор Сариев Абдымамбет

Редактор Аркабаев Кубанычбек

Редактор Осмонова Назгүл

Редактор Изаева Анжела

ИШ-ЧАРАЛАР

2016-жылдын декабрь айында Басма компаниянын жүргүзгөн иштери жөнүндө коомчулукка  тааныштыруу  жана алгачкы 5 китептин жарыкка чыккандыгын белгилөө максатында окурмандар, студенттер, окумуштуулар, акын-жазуучулар ж.б. ар кайсы кесиптердин ээлеринин катышуусунда жолугушуу салтанаты болуп өттү.

2017-жылдын апрель айында Басма компания тарабынан чыгарылган 9 китептин презентациясы өткөрүлдү.

Презентацияда “Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясынын” Башкы директору Му Пин, Аткаруучу директор Узакбаева Наргиза Талантбековна, тарых илимдеринин кандидаты Абдырахман Алымбаев (Байас Турал), экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев доклад жасашты.

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Каныбек Иманалиев ж.б. меймандар сөз сүйлөштү.

Презентациянын алып баруучусу Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын Президенти Маамытбаев Нурбек болду.

Мындан сырткары уюштуруучу Турсун уулу Сүйүндүк тарабынан ММКларда, жалпы коомчулукта семинарлар, жолугушуулар өткөрүлүүдө.

Көптөгөн илимий-популярдуу, көркөм, тарыхый, философия-эстетикалык китептер жарык көрүү алдында турат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.