Жылкычынын жылдырма

Илгери жазуучулардын кайнаган жери «Кыргызстан», «Мектеп» басмалары болор эле. Ар кандай жарпты жазган, көңүлдү ачкан азил-тамашалар дал ошол эки басманын кууш, узун коридорунда байма-бай айтылып турчу. Анан калса көзгө басар эки басмабыз тең бир имаратта жайгашкан эле.

Күндөрдүн биринде басманын эски кызматкери, саясый тексттердин котормочусу Элакунов Рысалыга эмнегедир Насирдин Байтемировдун («эмнегедир» дегеним, ал көркөм адабият менен иши жок, жазуучулар чөйрөсүнөн обочо киши болчу) дареги зарыл керек болуп калыптыр. Тигиге барат — билбейт, буга барат — билбейт. Акырында Жапиев Жылкычыга келет.

— Ой, Жылкычы, жазуучу эмессиңби, бир билсең ушу сен билесиң. Мага Насирдин Байтемировдун дареги керек эле. Айтып койчу, бай болгур, — деп зарылган түр көрсөтөт.

Тамаша кайдан чыгарын таасын сезген Жылкычы күлкүгө себеп табылганы турганын билет.

— Рысалы аке, Насирдин Байтемировду жакын жерден көргөн кишим эмес. Аны бир билсе Турдубек Элеманов билет,- дей салат. А Турдубек болсо катардагы бөлмөдө котормо редакциясында иштейт, кудай мындай бербеспи.

— Ой, Туке, ырас болбодубу, деле сурабаган кишим калган жок. Бир билсе эле сени билет дейт. Насирдин Байтемировдун дарегин айтып койчу, бай болгур! — дейт эч нерсе менен иши жок Рысалы аке.

Бирок ал айтып оозун жыйгыча, кудай урду, өңүнөн каны качып калчылдаган Турдубек ордунан атып туруп, Рысалыны жети атасын койбой ашатып сөгүп калат. Тигил эмне болуп кеткенин түшүнбөй, бир кызарып, бир бозоруп туруп берет. Көрсө, анын себеби бар экен…

Насирдин Байтемиров Т. Элеманов менен бир уруудан, туугандык жайы бар тура. Бирок ага карабай Айым Айтбаева дүйнөдөн кайткандан кийин (Н. Байтемировдун жубайы) Насыкең Турдубектин чанып кеткен аялын билип туруп алып алыптыр.

Сыягы Турдубектин намысына бул катуу тийген көрүнөт. Ал эми Элакуновдун Насирдиндин дарегин сураганы аны шылдыңдагандай сезилсе керек.

Жүк

Жазуучулар Бексултан Жакиев, Насирдин Байтемиров, Төлөгөн Касымбеков кайсы бир жыйындан чыгышып, чогуу басып калышат. Сүйлөшүп келатышып, бир маалда Төлөгөн:

— Насыке, мен да мурутумду сиздикиндей кичине кылып коюп койдум, -дейт жөн жерден эле. Анда Насыкең:

— Ой, ырас кылыпсың, Төлөгөн, чоң мурутту сен көтөрө алмак эмессиң, — деген тура.

Чоң жаңылыш

Жазуучулардын бирөө: «Насыке, бир кезде Айтматовдун «Жамыйласын» бүткүл дүйнө дүңгүрөтүп жатканда, сиз (Насирдин Байтемиров) «Айтматов деген бир жазуучу пайда болду, Жамыйла деген сойку аял жөнүндө жазыптыр. Бул, кыргызга жат көрүнүш, жаштарды бузат» деп чыктыңыз эле. Эми болсо аны мактап жатасыз. Сизди кандай түшүнсө болот?» десе, Насыкең солк этип койбой:

— Эй, сен билбейсиңби, чоң жазуучу ошентип чоң жаңылат! — дептир кайран киши.

Атсаң да түшпөйт…

Ч.Айтматовдун 60 жылдыгында Кыргыз драма театрында салтанат кече өтүп жатат. Ар ким чыгып жазуучуну куттуктап, көбүртүп-жабыртып мактап жатышат. Сөздүн көптүгүнөн эл тажай баштаган маалда Насыкең (Насирдин Байтемиров) чыгып, Айтматовду мактап келип, анан өзүнүн поэмасын окуганга өттү. Анысы чубалжып дегеле узак экен. Эл угуудан тажап, «эми бутпөйбү» деген кобур башталды. Анда алдыңкы катарда олтурган Тумекең (акын Түмөнбай Байзаков):

— Ой, муну эми атып эле түшүрбөсө, түшпөйт, — деп турат.

Эл дуу күлдү, Насыкең ошондо да түшкөн жок.

Yн деп ушуну айт!

Кайсы бир адабият, маданиятка тиешеси бар кечеде көбүргөн сөздөр сүйлөнүп, өкөлөгөн ырлар жаңырып жатат дейт. Кече кызып, олтургандардын денеси ысып калган кезде бери жактан так секирип акын Атанхай Акбаров чыгат. Обону да, сөзү да өзүмдүкү деп жарыялап, балыктай ойноп, кулундай туйлап, 2-3 ырын ырдап бүтүп, эми арманыңар жоктур дегенсип, «бали, бали» айтып шатырата кол чапкандарды тегерете бир карай, ордуна келип олтурганда, оро-парасында олтурган акын агасы Тууганбай Абдиев: «Ой, аз-замат, тим эле кудайга жетчү үнүн бар турбайбы!» деген экен.

Карамзин деген ким?

Илгери Жазуучулар союзунун кайсы бир пленумунда белгилүү сынчылардын бири, проза жөнүндө доклад жасап жатып, «К.Баялинов «Ажар» аңгемесин Карамзиндин «Бедная Лизасынын» («Шордуу Лиза») таасири менен жазган» — десе, анда К.Баялинов жанында олтурган жазуучуну чыканактан түртүп: «Айтчы байболгур, Карамзин дегени ким эле?» — деп сурайт дейт.

Аттын күчүнө айла жок

Илгери (30-жылдарда) Чүйдөгү чарбанын биринде Кочкорбаев деген башкарма болуптур. Айыл жерлерин электрлештирүү башталып, Кыргыз энерго-системасынан бирөө барып: «Силерге баланча Квт (киловат) энергия беребиз, келишим түзөлү» десе Кочкорбаев: «Мага Квтыңдын кереги жок, мага электр бер» деп асман-айга секирип кетиптир. Тигинин түшүнбөй калганын сезген энергетик: «Аксакал, Квт баланча миң аттын күчүнө барабар күч берет» дегенде, «И-и, бая эле ушинтип айтпайсыңбы», — деп келишимге кол койгон экен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.