Алыкени жакындан “Алас” гезитинде бирге иштешип калгандан бери жакшы билип калдым. Ал бир көңүлү түшүп калган адамга жакшы пейлинен жазчу эмес. Ошондон уламбы, көзү өткөнчө Алыке менен ага-инидей мамилебиз үзүлгөн жок. Кийин башка гезиттерде иштеп кетсем да, атайы издеп барып же телефон чалып жай сурашып калышар элек. “Атаңдын көрү дүнүйө” аталган туңгуч китебиме баш сөзүн жазып, батасын бергендердин бири да Алыкем эле.

Алым ага редакциянын көркү болчу. Баары Алыкенин көрүнбөгөн казыгына байланып, айланып тургандай сезилчү. Алыкенин көркү анын аналитикалык макалаларында, анан тай чекеге тепкендей таамай коюлган рубрикаларында, майын чыгара иштеген материалдарында эле. Алыкенин колунан өткөн кайсы гана темадагы материал болбосун, рубрикасы жарашып, тили таңшып, табына келе калган куштай талпынып турчу. Жарыктык кишинин бир ирет “Ушу мен өмүр бою оңдоп эле келатам, оңдоп эле келатам” деп, анысына нааразы же ыраазы экенин билгизбей күлүп туруп айтканы жадымда.

Кыргыз журналистикасында аналитика жанрынын жаагын айрый жазган, тагыраагы, багын ачкан ушул Алыкем болду. Бизге, артында калган журналист журтчулугуна калтырган Алыкенин сабагы да ушул. Баамымда, Алыкенин күчү эң биринчи көбүрүп-жабырган тилинде болчу. Анан сөзсүз Алыкенин ар бир жазган аналитикасынын өзөгүндө күчтүү логика, терең анализ, тандырбай турган аргумент-фактылар, керек болсо түшкө кирбеген тарыхый да, адабий да салыштыруулар жатчу.

Бир ирет кезектеги макаласын “катырыпсыз, Алыке” деп көзүнчө эле мактап калсак, минтип айтканы бар: “Мен буларды көзүмдүн жашын көлдөтүп, уктабай түн терметип отуруп жазамын. Силерге оңой окулганы менен ар бир макаламдын артында кандай гана азап жатат” деген эле. Ушу сөзү эсимден чыкпай калыптыр. Алыкенин кыргыз журналистикасына калтырган дагы бир сабагы – бул сөз, факты менен иштөө маданияты. Азыр көбүбүзгө ушул жетишпейт. Анын айныгыс фактыларга таянган макалаларына эч бир бийлик эгеси “кың” дей алчу эмес.

Соңку журналистикада жазганын далилдей албай соттошкон, кээси “бийлик мени куугунтукка алып жатат” деп, атургай чет өлкөгө чыга качкан учурлар көп болду. Болуп да жатат. Ушулар тууралуу Алыкенин күлүп туруп айтканы да эсимде: “Мен өмүр бою эле бийликти, бийлик башындагыларды жер-жеберине жеткире сындап жазып келатам. Бирок бирөөнөн да коркуткан-үркүткөн сөз укпадым. Азыркылар бирдеме жазса эле, ким бирөөлөр бурчтан чыга калып сабап кетет же сабаган жатат деп чет өлкөгө качып кетчү болду”деген эле.

Алыке акын юморду, таамай айтылган сөздөрдү терең баалачу. Аны күндөлүк ишинде чеберчилик менен пайдалана билчү. Ошондон уламбы, койгон рубрикалары да кыбаңды кандырып, чекчейип турчу. Бир жолу ойдо жок окуялуу куш тилиндей макалага “Ой, итиң, о-ой!” деген рубрика коюп, баарыбызды жыгып салган. Жумуштан сырткары “жай сураша” калган жерлерде замандашы, жамакчылык жайы бар Жоробек акындын жоруктарынан төгүлө айтчу. Аягында “алар кетип, мен калдым” дегенсип жашып да алчу. Эмнегедир өлүмдү күткөндөй да туюлуп кетчү. Тээ, 2006-жылдары, “Алас” гезитинде иштеп жүргөндө, бир жолу “стакан” айлында отурганыбызда “ушу мен деле жакындап калдым го” деп эсибизди чыгарган.

Андан бери кыйла мезгил өтүптүр. Ажал Алыкеге акыры жетти. Күтүп жүргөнсүп, Алыке кармашкан да жок. “Келсең, кеттик” деп жетелешип шар эле жүрүп кетиптир. Бизге ошонусу күтүүсүз болду…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.