I глава 

II глава 

III глава

IV жана V глава

VI жана VII глава

VIII глава

Эркиндик. Козголоң. Жалгыздык. Акыл-эстин тазалыгы. Кандай болсоң, ошондой өзүңдү кабыл алуу.

Азапты басуу, идеалдай болуу үчүн катуу тартип эч кимди эч качан акыйкатка алып келген эмес. Акыйкатка келүү үчүн акыл-эстин бир жери да бузулбай, эркин болушу керек.

Кел, алгач, чын эле эркин болгубуз келеби деп өзүбүздөн сурап көрбөйлүбү? Эркиндик жөнүндө сөз кылганда, толук эркиндик жөнүндө сөз кылып жатабызбы же ыңгайсыз, жагымсыз же каалабаган нерседен эркин болууну айтып жатабызбы? Бизге оор тийген, жагымсыз эскерүүлөрдөн, башыбыздан өткөргөн азаптуу учурлардан арылгыбыз келет, бирок өзүбүздүн идеолгиябыздан, тыянактарыбыздан жана мурдагы мамилелерибизди сактап, ошолор аркылуу ырахат алып, канааттангыбыз келет. Бирок башка нерсе болмоюнча, болгон нерсени кармап калуу мүмкүн эмес. Анткени жогоруда көргөндөй, ырахатты азап чегүүдөн бөлө албайсың. Ошондуктан ар бирибиз толук эркин болгубуз келеби, ошону чечип алышыбыз зарыл. Эгерде каалайбыз десек, анда эркиндиктин табиятын, структурасын түшүнүшүбүз керек болот. Бир нерседен, азаптан, чочулоонун кандайдыр бир түрүнөн эркин болгондо, ал эркиндикке жатабы? Сен ич күйдүлүктөн эркин болушуң мүмкүн дейли, бирок бул эркин реакция гана болуп, эркиндиктин өзү болбой калбайбы? Сен догмадан эркин болушуң мүмкүн, ага анализ кылып туруп баш тартып коюу оңой, бирок догмадан арылуунун себебин ар кандай негиздесе болот, анткени модага жатпай калган же ыңгайсыз болуп калган догмадан гана арылуу болушу мүмкүн. Же улутчулдуктан арылууну каалашың мүмкүн, себеби интернационализмге ишенесиң же эч нерсеге арзыбаган улутчулдук догманын, аны алмаштыруунун, же дагы балээнин этегинен кармагандан майнап чыкпасын түшүндүң. Мындай догманы оңой эле алып ыргытасың. Же бекем тартип менен же көтөрүлүштүн арты менен эркиндик аласың деп убада кылган диний же саясый лидерге каршы чыгышың мүмкүн, бирок мындай рационализмдин (ойду сезимден ажыратуунун), логикалык тыянакка келүүнүн эркиндикке эч кандай тиешеси жок.

Эгерде сен бир нерседен эркинмин десең, бул болгону реакция, ал бийлик кылуунун жаңы формасы, жаңы ыңгайлашуусу бар башка реакцияны гана пайда кылат. Мындай жол менен сен реакциялардын чынжырын түзө аласың, анан ар бир тогоосун эркиндик катары көрүшүң мүмкүн. Бирок бул эркиндик эмес, акыл-эс этек-жеңинен илээшкен, бир аз өзгөртүлгөн өткөн чак гана.

Азыркы жаштар, дегеле жалпы жаштар сыяктуу эле, коомго каршы козголоң абалында турушат. Бул өзү жакшы көрүнүш. Бирок козголоң – бул эркиндик эмес, реакция. Ошол реакция өзү шаблон жаратып, ал шаблондун туткунунда каласың. Сен бул жаңы нерсе деп ойлошуң мүмкүн, бирок андай эмес. Бул жаңы үлгүдөгү эски нерсе. Кандай социалдык же саясый козголоң болбосун, ал баары бир көнүп алган эски буржуазиялык маанайга кайтып келет.

Сен көрүп-билип, кыймыл-аракет кылып жатканда гана эркиндик келет. Ал эч качан козголоңдун жыйынтыгынан улам келбейт. Көрө билүү – бул кыймыл-аракет. Мындай кыймыл-аракет көз ачып-жумганча болот. Кооптуу абалды көрүп турганда, акыл-эс иштебей калат, талаш-тартыш же күмөн саноо болбойт. Кооптуу абал өзү кыймыл-аракетке түртөт, көрө билүү – кыймыл-аракет кылуу, демек, эркин болуу.

Эркиндик – бул акыл-эстин абалы. Бир нерседен эркин болуу эмес, бирок эркиндикти сезе билүү, бардык нерсеге суроо коюп, ага шектенүү эркиндиги, ошондуктан анда эбегейсиз күч, чоң таасир жана зор энергия болот, ошондуктан ал көз карандылыктын, кулчулуктун, ыңгайлаша билүүнүн, баш ийүүнүн бардык формаларын дароо алып ыргытат. Мындай эркиндик — жалгыздыкта өзүң менен өзүң болуу дегенди билдирет. Бирок кайсыл бир маданиятта тарбияланган, айлана-чөрөгө, өзүнүн көнгөн адаттарына ушунчалык көз каранды болгон акыл-эс качандыр бир эркиндикке ээ болобу? Анткени ал эркиндик — жетекчилиги жок, салт-санаа жок, эч кандай авторитет жок, телегейи тегиз жалгыздыкты элестетет. Бул жалгыздык – эч кандай стимулдардан же билимдерден көз каранды болбогон, тажрыйбанын же ой-корутундунун жыйынтыгы болбогон акыл-эстин кандайдыр бир ички абалы. Көпчүлүгүбүз ичибизден эч качан өзүбүз менен өзүбүз жалгыздыкта болбойбуз. Биз бардыгын билебиз, демек обочолонуп алганбыз. Сокку жебеш үчүн, ызаланбаш үчүн тегерете дубал тургузуп алабыз, азаптын дагы бир башка формасы болгон бирөөгө байланбоону туу тутуп алабыз. Же көзгө көрүнбөгөн пилдин сөөгүнөн жасалган мунара сыяктуу идеологияда жашап алабыз. Өзүң менен өзүң болуу – бул таптакыр башка нерсе.

Сен эч качан өзүң менен өзүң калбайсың, анткени ар кандай шарттарга баш ийесиң, эскерүүлөрдөн чыгалбайсың, көп сөзгө толгон кечээ күнүң бар, мунун баары сага жыйылып алган. Ыйкы-тыйкынын баарын чогултуп алып, анын айынан акыл-эсиң баарын ачык, даана көралбай келет. Өзүң менен жалгыз калуу үчүн сен өткөн чак үчүн жок болууң керек; сен жалгыз болгондо, таптакыр жалгыз болгондо, үй-бүлөгө, улутка, маданиятка, чектелген бир топко тийешең жок болгондо, баарынан тышкары болгон реалдуулукка сезим пайда болот. Өзү менен жалгыз калган киши жер жаралгандагы тазалыкка ээ болот, ал тазалык акыл-эсти кайгы-кападан бошотот.

Биз миңдеген кишилер айткан жүктү, бардык кырсыктардагы эскерүүнүн жүгүн жонубузда көтөрүп келебиз. Баарын алып ыргытканың – демек, жалгыз калганың. Жалгыздыкта калган акыл-эс таза гана эмес, жаш да болот – мезгилдин же жаш курактын чегинде эмес, канча жашта болбосун жаш, тирүү болот, ошондой акыл-эс гана сөз менен айтууга мүмкүн эмес Акыйкатка жетет.

Мындай жалгыздыкта өзүң менен жашоо зарылдыгын түшүнө баштайсың, сен каалагандай, самагандай эмес, өзүңдү кандай болсоң, ошондой кабыл алып каласың. Эгерде өзүңдү эч кандай бир жасалма жөнөкөйлүк, эпсиз толкундануу, коркунучсуз, актанбай же күнөөлөбөй карай алсаң, демек ошол ирмемден баштап өзүң менен жашай баштаганың, чыныгы өзүңдү кабыл алганың. Ушундай тыгыз байланышта жашай баштаганда, сен бир нерсе түшүнө баштайсың. Бул адатка айланган күндөн баштап, кооптонуу, көз каранды болуу, же дагы бир нерсеге болгон адаттарыңдан арылып, аларсыз жашап каласың. Эгерде шаркырап аккан суунун жээгинде жашасаң, анын шаркыраганын укпайсың; эгерде сен күндө көрүп жүргөн сүрөт бөлмөңдө илинип турган болсо, бир жумадан кийин аны байкабай каласың. Тоолор, өрөөндөр, бак-дарактар менен да, үй-бүлөң, күйөөң, аялың менен да ошондой болот. Бирок ушинтип жашоо үчүн кызганыч, ичкүйдүлүк же кооптонуу сыяктуу нерселерге көнбөшүң керек, эч качан алар менен жарашып албагыла. Тескерисинче, аларга көңүл буруп, жаңы отургузулган көчөттөй аярлагыла, күндөн, сууктан сактагыла. Аларды күнөөлөбөй, актабай, багып кирсең – ошондо гана аларды жакшы көрө баштайсың. Бир нерсеге чын ыкласың менен көңүл бурганда, сен аны жакшы көрө баштайсың. Кээ бир адамдардай болуп кызганып же кооптонуп турган абалын жакшы көрүп калуу эмес. Бул аларга байкоо жүргүзгөндү жакшы көрүү болуп эсептелет. Ошентип биз, сен, мен өзүбүздүн дөдөйлүгүбүздү, ичкүйдүлүгүбүздү, коркунучка толгонубузду, чоң сүйүүгө жарай алам деп эсептегенибизди (чындыгында андай эмес), кошоматчылык менен кусага тез берилгенибизди билип туруп, ушулар менен меланхолияга, депрессияга же эйфорияга түшүп кетпей, кабыл албай да, какпай да, жөн гана байкоо жүргүзүп жашай алабызбы?

Эми өзүбүзгө төмөнкүдөй суроо берели: бул эркиндик, бул жалгыздык, биздин коомдун бүтүндөй структурасы менен мамиле кылуу убакыт менен келеби? Башкача айтканда, акырындык менен жылган процесстин жыйынтыгында эркиндик келеби? Албетте – жок, анткени убакытты кошор замат, өзүңдү баш ийдиргенди күчөтүп аласың. Сен бара-бара эркин болалбайсың. Ал убакыттын иши эмес. Кийинки суроо мындай: ошол эркиндикти аңдап-биле аласыңбы? Эгерде сен “эркинмин” десең, анда эркин эмессиң. Бул адамдын “мен бактылуумун” дегениндей эле кеп. “Мен бактылуумун” дегенде адам өтүп кеткен нерсени эстеп жатканы. Эркиндик кадимкидей жеңил келет, аябай каалап, ага таңсык болуп, жан үрөп умтулганда келбейт. Оюңда эркиндик мындай болуш керек деп образын жаратып алсаң да, эркиндиккке жетпейсиң. Эркиндикке жетүү үчүн акыл-эс өмүрдү кабыл алганды үйрөнүүсү керек болот. А өмүр кучак жеткис кыймыл, убакыт менен байланышта эмес, анткени эркиндик аң-сезим мейкиндигинен сырткары болот.

IX глава

Убакыт. Кайгы-капа. Өлүм.

Мен сага бир окуяны айтып бергим келип турат. Бийик деңгээлге жеткен бир шакирт Кудайга келип, Акыйкатка үйрөтүүнү суранат. Кудай: “Досум, бүгүн күн аябай ысып турат, мага бир чөөгүн суу алып келип берчи” дейт. Шакирт көзүнө көрүнгөн бир үйдүн эшигин барып каккылайт. Эшикти айчырайлуу сулуу кыз ачат. Шакирт аны сүйүп калып, ага үйлөнөт, бала-бакыралуу болушат. Бир күнү жамгыр жаай баштайт, жаай берет, жаай берет. Нөшөрдүн агымы көчөлөрдү каптайт, үйлөрдү алып кете баштайт. Шакирт аялын, балдарын ийинине алып, сууда калкып калат. Агым алып жөнөгөндө, ал кудайга жалынат: “Жараткан, суранам сенден, сактап кала көр!” Кудай: “Мен сураган бир чөөгүн суу кана?” деген экен.

Бул аябай сабак болчу окуя, анткени көпчүлүгүбүз убакыттын термини менен ойлонобуз. Киши убакытта, мезгилде жашайт. Келечекти ойлоп табуу  — бул ар дайым анын бир нерседен кутулуп кетүүдөгү сүйүктүү каражаты болуп келген.

Убакыттын өтүшү менен бизде өзгөрүү болот, биздеги ички тартип бара-бара, күн өткөн сайын орнойт деп ойлойбуз. Бирок убакыт тартип да, тынчтык да алып келбейт, ошондуктан биз “бара-бара” деген терминдер менен ойлонгонду токтошубуз зарыл. Жаныбыз жай алдырчу эртең деген түшүнүктөн алыс бололу. Биздин жаныбыз, азыр, көз ачып-жумганча жай алуусу керек.

Чыныгы коркунуч туулганда, убакыт жоголуп кетет, туурабы? Кыймыл-аракет дароо жүрөт. Бирок биз көптөгөн маселелерден коркунуч, кооптонуу көрбөйбүз, аларды жеңип чыгуу үчүн убакытты ойлоп таба калабыз. Убакыт алдайт, ошондуктан өзүбүздө өзгөрүү жасоого жардам бербейт. Убакыт – бул кыймыл, аны адам баласы өткөн чак, учур чак жана келер чак деп бөлүп алган. Ошентип убакытты бөлүп жашай берсе, адам баласы дайыма конфликтте болот.

Окуу, үйрөнүү убакытты ишиби? Бири-бирибизди жек көрүп, бири-бирибизди өлтүргөндөн башка миңдеген жылдар жакшы жолду бизге үйрөтө алган жок. Эгерде биз жашообузду өзгөрткүбүз келсе, убакыт көйгөйүн түшүнүү абдан маанилүү, антпесек, биз жашообузду маанисиз кылып алабыз.

Эң биринчи түшүнө турганыбыз – бул, жогоруда сөз кылгандай, ачык, таза акыл-эсибиз менен убакытка байкоо жүргүзө алганыбыз. Алдыбызда жер-жайнаган чечилбеген көйгөйлөр тургандыктан, дүрбөлөң түшүп, өзүбүздү жоготуп коюп жатабыз. Эгерде киши токойдо адашып кетсе, эмне кылат? Токтоп калат, туурабы? Токтоп, эки жагын карайт. Жашоодо адашып кеткенибизге бушайман болуп, ал адашууну чукул сезе баштасак, ошончолук эки жакка чарпылып, күйпөлөктөп, жардам сурап, жалынып-жалбарып жиберебиз. Сага айтып коюшум керек – баарынан мурун токтолгун, ичиңден толук токтолушуң керек. Ичиңде психологиялык жактан токтосоң, акыл-эсиң “жарк” этип ачыла түшөт. Ошондо убакыт маселесин жайбаракат чындап карай аласың.

Көйгөйдүн баары бир гана убакытта катылган, башкача айтканда, биз бардыгын тынымсыз кабыл ала берсек, көйгөй жаралбайт. Ал эми бир бөлүкчөсүн кабыл алсак, же андан качканга аракет кылсак – башкача айтканда, ага толук көңүл бурбай койсок –  сөзсүз көйгөй жараткан болобуз. Анан ошол көйгөйгө дароо көңүл бурбай, кийинчерээк чечебиз деп койсок, көйгөй чечилгенге чейин тура берет.

Убакыт эмне экенин билесиңби? Саат боюнча хронологиялык эмес, убакыт психологиялык. Бул идея менен кыймыл-аракеттин ортосундагы аралык. Идея өзүңдү коргоо үчүн кызмат кылат. Кыймыл-аракет – дайыма көз ирмемде өтөт. Ал өткөн чактыкы, келечектики эмес. Кыймыл-аракет учур чакта гана бар. Кыймыл-аракет – аябай кооптуу, аныкталган эмес, ошондуктан биз идеяга таянабыз, тобокелчиликтен жардам бере турган ишеним берет деп үмүт артабыз.

Муну өзүңдөн текшерип көр. Сенде эмне туура, эмне туура эмес деген идея бар же өзүң жөнүндө, коом жөнүндө дүйнөтаанымың бар, ошол идеяга карата иш алып баргың келет. Ошондуктан кыймыл-аракет идеянын негизинде жүрөт, ал идеяны так аткаруу керек болот, натыйжада конфликт жаралат. Идея, белгилүү аралык жана кыймыл-аракет бар, ал аралык өзүнө убакыттын бардык катмарын камтыйт. Ал аралык түпкүлүгүндө ой гана болот. “Эртең бактылуу болом” деп ойлосоң, демек кайсыл бир убакыттын ичинде бир нерсеге жетишем деп элестетип алганың. Байкоо аркылуу, каалоо аркылуу жана ошол каалоону узартуу аркылуу ой  — “Эртең бактылуу болом, ийгиликке жетишем, эртең дүйнө эң сонун болот” деген ой менен бекемтелет. Ушундай ой — аралык жаратат, ал эми аралык – бул убакыт.

Биз убакытты токтото алабызбы? Эртеңки күндү болтурбай, толук кандуу жашай алабызбы? Анткени убакыт – бул кайгы-капа. Кечээ же кечээги миңдеген күндөрдөн бери сен бирөөнү жакшы көрдүң дейли, же бир жолдошуң бар эле, аны менен урушуп кеттиң дейли, сенде ошол эскерүү калат, сен ошол кубанычты, ошол урушту ойлоп, артка кылчаясың, өкүнөсүң, үмүт кыласың. Ошентип ой артка кайтып, кайра-кайра өкүнүчтү жаратып, убакыттын аралыгын түзөт.

Ой жараткан убакыттын аралыгы болуп турганда, тынымсыз коркунуч ээлеп турат. Ошондуктан киши өзүнө: “Бул аралык жок болуп кетчү күн барбы?” деген суроо берет. Эгерде сен: “Деги токтойбу?” десең, анда бул бир нерсеге жеткиң келген идея, демек жаңы аралыктын пайда болгону, анын туткунунда калганың.

Кел, эми өлүм маселесин чечкенге аракет кылып көрөлү. Бул көпчүлүк адамдар үчүн чоң көйгөй. Сен өлүмдү билесиң, ал дайыма жаныңда жүрөт. Өлүмдү толук көрсө болобу? Ал үчүн ишенимдин түрлөрү, үмүт, өлүмдөн коркуу дегендер токтошу керек. Антпесе сен буга ойдун корутундусу менен, алдын ала кооптонуп элестетүү менен мамиле кыласың, ошентип сенин мамилең убакыт менен байланышып калат. Убакыт – бул байкоочу менен байкалып жаткан нерсенин ортосундагы аралык. Демек, сен байкоочу катары өлүмгө жолуккандан коркосуң. Анткени өлүм эмне экенин билбейсиң. Ал боюнча кандайдыр бир үмүтүң, теорияң бар; өлгөндөн кийин жаңы түргө өтүп кетебиз, бир жандык болуп кайра жаралабыз же өлүп кайра төрөлөбүз, же жан учуп кетет, атман болот, рухий жандыкка айланабыз дегенге ишенесиң, ал мезгилден сырткары болот дейбиз; бирок жандын учуп кетип, өзүнчө жашаганын аныктай алдыңбы? Же бул сени ишендирип койгон идеябы? Ойдун ары жагында жашоосун уланткан бир нерсе барбы? Эгерде ой бул жөнүндө ойлоно алса, демек ал ой жүгүртүүнүн катмарында жүрөт, демек тынымсыз болалбайт. Ой жүгүртүүнүн катмарында тынымсыз болгон эч нерсе болбойт. Ушуну аңдап-билүү маанилүү, анткени ошондо гана эркин көрөласың, а бул эркиндик – улуу кубаныч.

Сен белгисиз нерседен коркпошуң керек, анткени ал жок, ошол үчүн билбейсиң. Өлүм – бул болгону сөз, а сөз — образ – ошол образ коркунучту чакырып жатат. Ошентип, өлүмдү анын образы жок карай аласыңбы? Ой элестетип, образ жаратып жаткан соң, ошол эле ой коркунуч жарата берет. Ошондо сен өлүм коркунучун акылың менен жеңгенге аракет кыласың, боло турган нерсеге каршылык көрсөтөсүң, же сансыз ишенимдерди ойлоп таап, өлүм коркунучунан өзүңдү коргой баштайсың. Ошентип сени менен корккон нерсеңдин ортосунда аралык пайда болот. Мындай мейкиндик-мезгил аралыгында конфликт жаралат, ал конфликт – коркунуч, кооптонуу жана өзүңдү аяп кирүү. Өлүм коркунучун жараткан ой: “Өлүмдү жылдыралы, андан качалы, колдон келишинче андан алыс бололу, ал жөнүндө ойлонбойлу” деп кирет, — бирок сен өлүмдү ойлой бересиң. “Өлүм жөнүндө ойлонбойм” дегенде эле, андан качканга аракет кыласың. Өмүрдү узартуу үчүн өлүмдөн коркосуң.

Биз өмүрдү өлүмдөн бөлдүк, ошол өмүр менен өлүмдүн ортосундагы аралык коркунуч болуп саналат. Ал аралыкты коркунуч түзгөн. Өмүр – бул биздин күнүмдүк азаптарыбыз, таарынычтар, бушайман болуу, кээде гана терезени ачканда, мелтиреген деңиздин кооздугу көрүнгөндөй, жакшылыктар “жарк” эте түшөт. Жашоо деп биз ушуну айтабыз, өлгөндөн коркобуз, бирок өлүм жогорудагы азап-тозогубуздан куткарат. Белгисиздик менен бетме-бет келбеш үчүн биз өзүбүзгө белгилүү нерсенин гана этек-жеңинен кармаганга даярбыз. Белгилүү нерсе – бул биздин үйүбүз: үйдүн жасалгасы, үй-бүлөбүз, мүнөзүбүз, жумушубуз, билимибиз, сөзүбүз, жалгыздыгыбыз, кудайларыбыз – бардык майда-барат нерселер.  Ошол майда-барат нерселер өзүбүздө түгөнбөгөн айлампаны жаратат, жан сактаганыбызды чектелген шаблондорго салып, аябай ыза кылып турат.

Өмүр азыр өтүп жатат, ал эми өлүм көп убакыттан кийин келет деп ойлойбуз. Бирок жашоо күнүмдүк тиричиликтеги күрөшпү? – деген суроону өзүбүзгө берип көрелекпиз. Бир жаңы формага өтүп кетүү, башка жандык болуп кайра жаралуу жөнүндө чындыкты билгибиз келет. Бизге өлгөндөн кийин жаныбыз жашоосун уланта берет дегенге далил керек; биз көзү ачыктын айткандарына, анын психологиялык изилдөөсүнөн келип чыккан жүйөөсүнө кулак түрөбүз, бирок кантип күнүгө бардыгына суктанып жашаса болот деп сурабайбыз. Биз жашообуз кандай болсо, ошого моюн сунуп койгонбуз, анын кыйынчылыктарын, аргасыздыгын айла жок кабыл алабыз, биз ага адат сыяктуу көнүп алганбыз, анан өлүмдөн качканды ойлойбуз. Бирок өлүм – бул өмүр сыяктуу эле бир башкача нерсе, биз кантип жашаш керекти билебиз, бирок өлүмсүз жашай албайбыз. Ар мүнөт сайын психологиялык жактан өлүп турбасаң, жашай албайсың. Бул интеллектуалдык пародокс эмес. Күндө улам жаңы кереметтерди ачып, толук кандуу жашаш үчүн кечээ болуп өткөндөр үчүн өлүүгө туура келет; эгерде антип өлалбасаң, анда механикалык түрдө жашап каласың, ал эми механикалык акыл-эс сүйүү деген эмне, эркиндик деген эмне экенин билбей өтөт.

Көпчүлүгүбүз өлүп калуудан коркобуз, анткени өмүрдүн эмне экенин билбейбиз, биз кантип жашаш керекти билбейбиз, ошондуктан кантип өлүш керекти билбейбиз. Биз өмүрдөн коркуп жүрө берсек, өлүмдөн да корко беребиз. Өмүрдөн коркпогон киши, коргоосуз калгандан да коркпойт, анткени ал эч кандай психологиялык коргонуу жок экенин жакшы билет. Коопсуздук ишеними жокто, токтобогон кыймыл бар, ошондо өмүр менен өлүм бир эле болуп калат. Конфликтсиз, сулуулукта, сүйүүдө жашаган киши өлүмдөн коркпойт, анткени сүйүү – бул өлүү экенин билет. Бардык нерсе үчүн: үй-бүлөң үчүн , бардык эскерүүлөр үчүн, бул жашоодо эмнени сезсең, ошол үчүн өлсөң, анда өлүм – тазарткан, жаңылаган процесс; анда өлүм тазалык, пакизалык алып келет, бир гана пакиза, таза адамдар берилгендик, кумар эмне экенин билет, ал эми өлүмдөн кийин эмне болорун изилдегиси келгендердин көөдөнү сокур бойдон калат.  Чын эле өлгөндөн кийин эмне болорун билүү үчүн өлүп көрүш керек. Бирок денең өлүш керек эмес, психологиялык жактан, ички дүйнөңдө бардыгы үчүн, эмнени бааласаң, эмнеден көңүлүң калса, ошол үчүн өлүп көрүш керек. Жок дегенде бир кичинекей же бир чоң ырахат алуу үчүн, күч сарптабай, аргументация кылбай, жөн гана кадимкидей өлүп көрсөң, өлүм эмне экенин билесиң. Өлүм – өзүнүн мазмунунан, күнүмдүк умтулуулардан, ырахат алуудан, азаптардан куру калган акыл-эс. Өлүм – бул жаңылануу, баш иштебеген мутация, анткени ой карып калат, эски болуп калат. Өлүм келгенде, жаңы нерсе жаралат. Белгилүүдөн эркин болуунун өзү өлүм. Ошондо гана чындап жашайсың.

X глава

Сүйүү, жакшы көрүү

Бардыгына толук ишенимдүү болгуң келип, ага умтулганда кайгы менен коркунуч келип чыгат. Ошол ишеним ишенбегендикти жаратат. Бардыгына толук ишенип көрдүң беле? Көпчүлүгүбүз сүйүүгө ишеним артабыз, сүйгөнгө умтулабыз, бизди да сүйсө дейбиз, бирок ар бирибиз издеп жүргөн ишенимде, өзүбүздүн жеке жолубузда сүйүү барбы? Бизди сүйүшпөйт, анткени биз сүйгөндү билбейбиз.

Сүйүү деген эмне? Бул сөздүн баркын ушунчалык кетирип коюшту, атүгүл колдонгум келбей калды. Бардыгы сүйүү жөнүндө сөз кылышат, ар бир журнал, ар бир гезит, ар бир миссионер сүйүүнү айтып жатып, ашмалтайын чыгарып коюшту. Мен өз мекенимди жакшы көрөм, өзүмдүн падышамды, кайсыл бир китепти, бир тоону, ырахат алганды, Кудайды жакшы көрөм, өз аялымды сүйөм. Сүйүү идея эмеспи? Эгерде ошондой болсо, анда аны туу тутса болот, үлпүлдөтүп турса болот, бардык жерде реклама кылса болот, каалашыңча бурмаласаң болот. Сен кудайды жакшы көрөм деп айтканың эмнени билдирет? Бул өзүңдүн кыялыңды чагылдырганды жакшы көргөнүң же эң керектүү, ыйык санаган жетишкендиктин (респектабелдүүлүктүн) белгилүү формаларына жамынган өзүңдү чагылдырганды жакшы көрөсүң; мен кудайды сүйөм деп айткандын өзү абсурд. Сен кудайга сыйынганың, өзүңө сыйынганың, а бул сүйүү эмес.

Адам жашоосундагы Сүйүү деген көрүнүштү чечмелей албагандан кийин, биз абстракцияга өтүп кетебиз. Сүйүү адамдын бардык кыйынчылыктарын, көйгөйлөрүн жана түйшүктөрүн жеңиши мүмкүн. Бирок сүйүү деген эмне экенин кантип билебиз, кандай аныктама беребиз? Чиркөө же мечит аны башка өңүттө, коом башка өңүттө аныктама берет, бурмалоонун, четттөөнүн толтура түрлөрү бар: бирөөнү аздектөө, бирөө менен дене кумарына батуу, эмоционалдык, жолдоштук мамилелер – мунун баарын сүйүү катары көрбөйбүзбү? Бул норма болуп калды, жеке сезимге айланды, чектелип калды, үлгү катары көрүп калдык, ошондуктан диндер: “Сүйүү – бул өтө зор нерсе” деп жар салды. Сүйүү дегенде биз дене кумарын, атаандаштыкты, кызганычты, ээлик кылууну, кармап калууну, көзөмөлдөөнү, бирөөнүн оюна кийлигишүүнү көрүп калдык, ушунун баарынын татаалдыгын түшүнүп, башка сүйүү: эң кереметтүү, эң бийик,  эң таза сүйүү болуш керек дейбиз.

Дүйнөнүн бардык жеринде динчил ыйыктар: “Аялды караганга болбойт, дене кумарына жол ачканың, ошондуктан Кудайга жакын жолой албайсың” деп айтып келишкен. Ошондуктан алар сексти четке кагышат, бирок өздөрү жакшы эле азгырылышат, бирок сексти четке кагып, көздөрү көр, кулактары кер болот, анткени алар жердин бүтүндөй сулуулугун, жылуулугун четке кагып жатышат. Алар жүрөгүн, акыл-эсин сугарбай, денелерин кургатып жиберишти, анткени сулуулук аял менен байланыштуу.

Сүйүү ыйыктардыкы жана элдики, адамдыкы жана кудайдыкы деп бөлүп кароо керекпи же сүйүү өзү эле, бирөө эле болобу? Бирөөнү сүйүү менен көптү сүйүүнүн айырмасы барбы? “Мен сени сүйөм” дегенде, башкаларга болгон сүйүүнү алып таштайбы? Сүйүү жекеби же жеке эмеспи? Сүйүү моралдуубу же аморалдуубу, үй-бүлөгө багышталабы же башкагабы? Эгерде бүткүл адамзатты жакшы көрсөң, жалгыз адамды да жакшы көрө аласыңбы? Сүйүү сезимби? Эмоциябы? Ырахат алуубу же каалообу? Бул суроолордун баары сенде сүйүү жөнүндө идея бар экенинен кабар берет же кандай болуусу керек, кандай болбоосу керек деп аныкталган шаблонго салабыз же өзүбүз иштеп чыккан маданияттын коду кыла коебуз.

Демек “Сүйүү деген эмне?” деген суроого терең кирүү үчүн, биз алгач кылымдар бою жыйналган катмарлардан, бардык идея менен идеологиялардан, сүйүү кандай болушу керек, кандай болбошу керек деген элестетүүлөрдөн суурулуп чыкпасак болбойт. Бар нерсени мындай болушу керек деп бөлүп-жаруу – бул эң адашкан жол, өмүрдү талкуулап жатканда, мындай адашуулардан алыс болгонубуз эле жакшы.

Сүйүү деп аталган от-жалынды кантип чечмелейм? Бирөөгө көркөмдөп айтып эмес, ал өзү эмне экенин аныкташым керек болот. Алгач буга чиркөө, мечит, коом, ата-энем, достор, башка бирөөлөр, китептер баа берип келгендеринин баарын алып ыргытып, өзүм  гана түшүнүшүм керек. Бул аябай татаал, зор маселе, анткени бүтүндөй адамзатты камтыйт; аны аныктоонун миңдеген жолдору бар. Мен өзүм тигил же бул шаблондун туткунундамын, ушул мүнөттө мага эмне жагып, эмне сүйүнтүп турат, ошого да жараша болот – ошондуктан эң биринчи кезекте жеке өнөкөттөрүмөн, ойлоруман аралышым керекпи? Менин жеке каалоолорум мени ар тарапка тарткылап, бушайман болуп турам, ошондуктан өзүмө: “Биринчи  бушайман кылган нерселерден кутулуп алчы, анан сүйүү эмне экенин изилдейсиң” деп жатам. Мамлекет болсо: “Бар, мекениңди сүйсөң, барып киши өлтүр” деп жатат, ушул да сүйүүбү? Дин болсо: “Кудайды сүйсөң, дене кумарынан баш тарт” деп жатат, ушул да сүйүүбү? Сүйүү каалообу? Жок дебегиле, көпчүлүгүбүз үчүн сүйүү – бул сексуалдык канааттанууга негизделген балкыган сезимди каалоо. Мен секске каршы эмесмин, бирок ал өзүнө эмнелерди камтырын кара. Секс көз ирмемге өзүңдү унуткарып коет, анан кайрадан баягыл бушайман абалыңа келесиң, ошондуктан анын кайталануусун каалайсың, түйшүгүң, көйгөйүң, атүгүл өзүң унутулган абалды кайра-кайра каалайсың. “Аялымды сүйөм” дейсиң. Бул сүйүүдө  — дене кумары бар, үйдө бирөөнүн болгону жагат, балдарыңды тарбиялайт, тамак-ашың даяр. Аялың жылуулук берет, сезимин билдирет, ар дайым колдоп турат, өзүңө ишеним берет, бакыбат жашоо тартуулайт, ошондуктан аялыңа көз карандысың. Анан бир күнү эле сенден тажап, башкага кетип калсачы? Эмоционалдык тең салмактуулук бузулат, бул кызганыч деп аталат. Мында көңүл оору, чочулоо, жек көрүү жана жаал бар; сен оюңда өзүң билбей: “Сен меники болуп турганда, мен сени сүйөм, менден кетсең эле, жек көрө баштайм. Менин сексуалдык жана башка талаптарыма жооп берип, канааттандырып жатканда – мен сени сүйөм, менин талаптарымды канааттандырбай калсаң, мен сени сүйбөй калам” дейсиң. Ошентип экөөң ажырашып, ортоңордо кастык жаралат, силер чогуу болбогондо, сүйүү да жок болот. Эгерде ортоңордогу түгөнбөгөн уруштарды, карама-каршылыктарды ой жаратпай, ыйкы-тыйкысыз аялың менен жашап көрсөң – балким – сүйүү деген эмне экенин түшүнөсүң. Ошондо толугу менен эркин болосуң, сүйгөн жарың дагы эркин болот. Ошол эле учурда бардык канааттануулардан аялыңа көз каранды болсоң, анда сен аялыңдын кулусуң. Ошондуктан, сүйүүдө бирөөдөн гана эмес, өзүңдөн да эркин болушуң керек.

Бирөөнүн менчиги болгондо, бирөө сени психологиялык жактан колдоп турса, бирөөгө көз каранды болгондо, ал сөзсүз чочулоону, коркунучту, кызганычты, күнөөлүү сезимди жаратат, а коркунуч бар жерде сүйүү болбойт; азап чегүү менен басмырланган акыл-эс эч качан сүйүү эмне экенин билбей калат. Сезимталдык менен эмоционалдуулуктун сүйүүгө тиешеси жок. Ошентип сүйүүнүн ырахат алуу менен каалоого тиешеси болбойт.

Сүйүү – өткөн чакта калган ойдун продуктусу эмес. Ой сүйүүнү пир туталбайт. Сүйүүнү кызганыч менен байлап, кармап калалбайсың, анткени кызганыч – өткөн чак. Сүйүү – бул дайыма активдүү учур чак. Бул “келечекте сүйөм” же “мурда сүйгөм” деген нерсе эмес. Эгерде сүйүүнү таанып билсең, сен эч кимди ээрчибей каласың. Сүйүү баш ийбейт. Сен сүйүүдө болгондо, сыйлоо, сыйлабоо деген категориялар болбойт.

Бирөөнү жек көрүүсүз, кызганычсыз, жин келтирбей, анын кылган ишине же ойлогон оюна кийлигишпей, кине койбой, салыштырбай, сүйүү деген эмне экенин билесиңби? Сүйүү барда аны салыштырса болобу? Бирөөнү чын жүрөктөн, болгон акыл-эсиң, турган турпатың, болгон жандилиң менен сүйсөң, анан аны бирөө менен салыштырасыңбы? Өзүңдү сүйүүгө толук арнап салганда, бүт бардыгы жок болуп, эч нерсе калбай калат.

Сүйүү жоопкерчилик менен милдетти өзүнө камтыйбы, дегеле ушул сөздөргө муктажбы? Киши милдетин бузганда, сүйүү болобу? Милдетте сүйүү болбойт. Милдеттин структурасы адам баласын капаска камап, ойрон кылат. Милдетке баш ийип, бир нерсе кылып жатканда, ошол кылып жатканыңды сүйүп жазабайсың. Сүйүү барда милдет, жоопкерчилик деген нерселер болбойт.

Тилекке каршы, көпчүлүк ата-энелер өз балдары үчүн жоопкерчиликтүүмүн деп эсептешет, ошол жоопкерчилик сезим менен балдарына муну кыл, муну кылба, мындай кылышың керек, мындай кылбашың керек деп башкарып турушат. Ата-эне баласы коомдо өз ордун тапсын деп каалашат. Алар айткан жоопкерчилик өздөрү баш ийген жетишкендиктин (респектабелдүүлүктүн) бир бөлүгү. А менимче, жетишкендик бар жерде, тартип, иреттүүлүк болбойт. Алар болгону чыныгы буржуй гана болгусу келет; балдарын ошондой коомго кынык алсын деп даярдап жатып, коомдо болуп жаткан согушка, конфликтке, ташбоордукка кол кабыш кылышат. Сен муну камкордук, сүйүү деп атай аласыңбы? Чындап камкордук кылуу – бул бир даракты же өсүмдүктү олтургузуп, аны сугарып туруу, кандай топурак керек, кандай жер семирткич керек деп изилдеп, аны аябай бапестеп, мээрим төгүп туруу, сен болсо, балдарыңды коомго даярдайсың, согуш болуп кетсе, өлбөй калсын деп үйрөтөсүң. Эгерде сен чындап балдарыңды жакшы көрсөң, анда сенде да, дүйнөдө да согуш болмок эмес.

Сүйүктүү кишиңден ажыраганда, көз жашың ошол өлгөн кишиге багытталабы же өзүңөбү? Өзүң үчүн ыйлап жатасыңбы же башка үчүнбү? Башка бирөөгө ыйлап көрдүң беле? Согушта курман болгон уулуңа ыйлап көрдүң беле? Ошондо анын өлгөнүнө ыйладың беле же өзүңө бооруң ооруп ыйладың беле? Эгерде өзүңө боор ооруп ыйласаң, ал көз жаштын эч кандай мааниси жок, анткени анда сен өзүң менен гана алышып жатканың. Эгерде бир тууганың каза болуп калса, ошого ыйла. Ага эмес, өзүңдү аяп ыйлаган оңой. Балким анын өлүмү жүрөгүңдү шылып өткөндүр, ошого көз жаш төгүп жаткандырсың, бирок өлгөн кишиге ыйлаган жоксуң. Ошол жүрөгүңдү аяп, өзүңдү аяп ыйлап атасың, өзүңдү аяганда, ал сени ташбоор кылып коет, өзүңө катылып аласың, акыл-эс мокойт.

Эгерде өзүңдү аяп ыйласаң, жалгыздыктан улам, таштап кеткени үчүн, колуңдагы бийликти жоготкондой болсоң, тагдырыңа таарынсаң, айланаңдагы шартка арыз-муң болсо, ыйдын баары сен жөнүндө болуп жатса, ушул сүйүүбү? Эгерде ушул болуп жаткандардын баарына даракка, устунга же бирөөгө колуң менен тийип көргөндөй  түшүнсөң, анда ошол кайгы сен тараптан, оюң тарабынан жаралганын, кайгы – убакыттан туулганын көрөсүң. Үч жыл мурун менин агам бар эле, каза болуп калды, эми мен жалгызмын, достордой кобурашчу элек, кеңеш айтчу эле, жоопкотуп турчу эле, эми ал жок, ошондон улам көзүмөн жаш чыгып кетип жатат.

Муну силер өзүңдөн байкасаң болот, буга анализ жасайм деп убакыт коротпой эле, бир карап эле толук баамдасаң болот; “мен” деп аталган майда, алсыз, жарыбаган неменин табиятын, бүткүл структурасын көз ирмемде эле көрө аласың. Менин көз жашым, үй-бүлөм, улутум, диним – мунун баары түрү суук немедей, ал ичибизде, ошонун баарын акылың менен эмес, жүрөгүңдүн болгон тереңдиги менен көралсаң, ошол кайгыны баса турган ачкыч болалат.

Кайгы менен сүйүү чогуу жүралбайт. Христиан дүйнөсү азапты крестке коюп, идеалдаштырып алды, эми сыйынып олтурушат, ошону менен азап-тозоктон кутулам деп ишенишет. Диний сезимди эксплуатациялоого негизделген коомдун болгон структурасы ушундай.

Ошентип сен: “Сүйүү деген эмне?” деп сурап алып, балким кайра жообун алгандан чочулайт чыгарсың. Ал жооп сенде төңкөрүш жасап жибериши мүмкүн, ал жооп үй-бүлөңдү бузуп салышы мүмкүн, аялыңды, күйөөңдү же балдарыңды сүйбөгөнүң аныкталышы мүмкүн. Сен аларды сүйөсүңбү? Салган үйүңдү майдалап талкалап салышың мүмкүн, баары мүмкүн, бирок сен эч качан ыйык үйгө, храмга киралбайсың.

Ошентсе да,  түшүнгүң келсе, коркунуч – бул сүйүү эмес, көз карандылык  — сүйүү эмес, кызганыч – сүйүү эмес, ээ болуу, бийлик кылуу – сүйүү эмес, жоопкерчилик менен милдет – сүйүү эмес, өзүңө боор ооруу – сүйүү эмес, “мени сүйбөйт” деп үмүт үзүү – сүйүү эмес экендигин көрөсүң. Сүйүү — жек көрүүнүн, жөнөкөйлүк – көйрөңдүктүн карама-каршысы эмес. Бир күч коротпой эле ушунун баарынан арылсаң болот, көп күндөн бери жалбыракта жаткан чаңды жамгыр жууп кеткендей жууп салсаң, ошондо балким адам баласы өмүр бою издеп жүргөн жомоктогудай гүлдү табат чыгарсың.

Эгерде сүйүүгө ээ болбосоң, майда тамчысын эмес, ашып-ташыган сүйүүгө ээ болбойсуң, өзүң ошол сүйүүдөй ашып-ташыбасаң, анда бул дүйнөнүн кыйраганы ошол. Адамзаттын биригүүсү жашоодо эң маанилүү экенин акылың менен аңдап жатасың, сүйүү – бул жападан жалгыз жол, бирок сүйө билгенди сага ким үйрөтөт? Кайсыл бир авторитет, кайсыл бир ыкма, кайсыл бир система сүйө билгенди үйрөтө алабы? Эгер бирөө айтып бергенге жараса, анда ал сүйүү болбой калат. Сен: “Мен сүйүүнү практикалайм. Күндө олтуруп алып сүйүү жөнүндө ойлоно берем. Мен боорукердик менен момундукту практикалайм, башкаларга көңүл бурганга өзүмдү мажбурлайм” деп айталасыңбы? Сүйүү үчүн өзүмдү тарбиялайм, эркимди машыктырам деп эмнени айтып жатасың? Сүйүү үчүн эрк менен тарбияны колдонгондо, сүйүү чымчык болуп терезеден учуп чыгып кетет. Сүйүү үчүн кайсыл бир ыкманы же системаны колдонгондо, сен ашыкча акылдуу, ашыкча боорукер болуп, зордук-зомбулуксуз абалга келет чыгаарсың, бирок булардын баары сүйүүгө эч кандай тиешеси болбойт.

Бул эшилген кум, эрме чөлгө айланган дүйнөдө сүйүү жок, анткени башкы ролду ырахат алуу менен каалоо ойноп калган. Бирок сүйүүсүз жашооң маанисиз болуп калат, сулуулук, кооздук жокто, сүйүү да жок. Сулуулукту көрүүгө болбойт. Ал бир кооз дарак эмес, көркөм сүрөт эмес, кооз салынган имарат эмес же чырайлуу аялзаты эмес.

Жүрөгүң, акылың сүйүү эмне экенин билгенде гана сулуулук пайда болот. Сүйүүсүз, сулуулук сезими жок изгилик болбойт, сен жакшы билесиң – коомго кандай жакшылык кылба, бей-бечараларга бекер тамак-аш тарат, ошондо ого бетер жамандыктын үрөнүн себесиң, анткени сүйүүсүз жүрөгүң менен акылың мокок, алсыз, бир түрү суук бечера болуп калат. Ал эми сүйүү менен сулуулук барда эмне жасаба – бардыгы туура болот, бардыгында иреттүүлүк, тартип болот. Сүйгөндү билсең, каалаганыңды кыла бер, анткени сүйүү бардык көйгөйдү, бардык маселени чечалат.

Ошентип, биз эң маанилүү жерине жеттик: акыл-эс дисциплинасыз (тартип-тарбиясыз), ойсуз, мажбурлоосуз, эч бир китепсиз, устатсыз же жетекчисиз сүйүүгө келалабы – күн баткан жерине келгендей келалабы?

Менимче, ал үчүн бир нерсе абдан керек болот – берилгендик, ашык болуу (страсть); эч бир себепсиз, эч бир милдеттемеси жок же бирөөгө аябай кызыгып, анан ага байланып калбаган берилгендик. Берилүүнү, ашык болууну билбеген адам эч качан сүйүүнү таанып-билалбайт, анткени сүйүү өзүңдү таптакыр унутуп калганда гана келет. Издеген акыл-эс берилген акыл-эс болбойт, сүйүүгө ээ болуунун жалгыз жолу – бул атайын аракеттенбей же тажрыйба аркылуу эмес,  жөн гана издебей келүү, кокустан жолугуу. Ээ болгон ошол сүйүү – убакыттан болбойт. Ал бир эле учурда түбөлүктүү жана ээрчиме, бир эле учурда бирөөнө да, баарына да арналат. Ал гүл сыяктуу, жыпар жытын искей аласың, ошол эле учурда байкабай жанынан өтүп кетишиң мүмкүн. Ал гүл бардыгы үчүн жаралган, ошондой эле бирөө анын жыпар жытын искеп, аябай суктана алат. Киши жанындабы же алыста жүрөбү, гүл үчүн баары бир. Гүлдүн аңкыган жыпар жыты бүтпөйт, ошондуктан ал баарына жетет.

Сүйүү – бул жаңы, таза, тирүү нерсе. Анда кечээги күн, эртеңки күн деген жок, ал ойлордун кымгуут болгонунан бийик. Таза акыл-эс гана сүйүү эмне экенин билет. Ошондой таза акыл-эс кир, ыпылас дүйнөдө жашай алат. Бул керемет нерсени табуу үчүн адам баласы эмне кылбайт, бир нерседен кечип кетүү, таазим этүү, мамиле күтүү, төшөк кумарына батуу аркылуу, ырахат менен азаптын бардык формалары аркылуу ээ болом деп, эмне деген сансыз аракеттерди кылат, бирок ой өзүн өзү түшүнгөндө гана жетип, аягына чыгат. Ошондо сүйүүдө карама-каршылык, конфликттер болбойт.

“Эгерде мен ошондой сүйүүгө ээ болсом, аялым, балдарым, үй-бүлөм эмне болот? Алар мага ишенгендей болушу керек да” деп сурашың мүмкүн. Эгерде сен ушундай суроо берсең, анда сен эч качан ой талаасынын, аң-сезим талаасынын сыртына чыкпаган болосуң. Эгерде сен бир эле жолу ал талаанын сыртына чыкккан болсоң, анда жанагындай суроо бермек эмессиң, анткени ошондо эле сүйүү эмне экенин түшүнмөксүң, анда ой жок экенин, убакыт менен ченелбестигин билмексиң. Буларды окуп жатып, өзүңдү гипнозго кабылгандай, таңгалып суктанып тургандай сезишиң мүмкүн, анан чындап эле ой менен убакыт айдыңынан чыгып кетишиң мүмкүн, — демек, азап чегүү айдыңынан да, — ошондо сүйүү деп аталган таптакыр башкача чен-өлчөмдү таанып-билмексиң.

Бирок сен бул өзгөчө булактын жолун билбейсиң. Эмне кылууң керек? Билбей, эмне кылмак элең, эч нерсе кылган жоксуң да, туурабы? Таптакыр эч нерсе кылган жоксуң. Ошондо ичиңден тымып каласың. Бул эмне экенин түшүнүп жатасыңбы? Демек издеген жоксуң, каалаган жоксуң, умтулган жоксуң, сен байлана турган эч кандай борбор жок. Ошондо гана сүйүү бар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.