Сайтыбыздын бир жылдык аземинде «Улут абийри» жана «Рухий эш» наамы тапшырылат!

Урматтуу «РухЭш» сайтынын туруктуу окурмандары жана күйөрмандары! Баарыңыздарды 1-октябрь (жекшемби), саат 11-00дө боло турган адабий-музыкалуу салтанатыбызга чакырабыз! Каалоочуларга кирүү акысыз! Бир жылдык тушоо кесүү аземибизде жазма акындардын бирден тандалма ырлары окулат. Ошондой эле төкмө акындардын алым сабак айтышын жана жазма акындар менен төкмө акындардын өнөр таймашын көрө аласыздар. Кечебизде таланттуу өнөрпоздор Элмирбек Иманалиев, Асылбек Насирдинов, Бакыт Капаров, Сыймык Бейшекеев, Аскат Мусабеков, Азамат Болгонбаев, Амантай Кутманалиев, Болот Назаров, Асылбек Маратов, Чыңгыз Кожошов, Кадырбек Бейшенов, Элзада Нарынбаева жана Роман Чыныбаев сымал таланттар өз […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Чоң энемдин жомокторунан

Менин бүкүр чоң энем бар эле. Ал кезде электр жарыгы келе элек, интернет, телевизор, радио дегенден түшүнүгүбүз жок. Кечке үй бетин көрбөй карала-торала болуп эшикте ойноп, эжелерим, карындаштарым менен кечкисин упай же топ таш ойнор элек. Оюндан тажаганда чоң энеме жомок айтып бер деп жабышчубуз. Ошондогу бүлбүлдөгөн чырактын жарыгы менен жатып алып уккан керемет жомокторду ошол керосин чырактын бар экенин унуткандай эле унутуп калган элем. Эми өзүм чоң ата болуп, жашым алтымышты таяганда улам бир неберемдин тили булдурап чыгып, артымдан […]

Жек ЛОНДОН: Коңур карышкыр

АҢГЕМЕ Көк шибер шүүдүрүм болгондуктан, аял көлөчүн кийгени үйүнө кирди, кайта сыртка чыкса, аны күтүп турган күйөөсү бардыгын эстен чыгарып, жаңыдан ачылып келаткан жакшынакай бадам гүлүн суктана карап турганын көрдү. Аял жан-жагын карап, жемиш бактарынын арасындагы жыш чыккан бийик чөпкө көз жүгүрттү да: — Карышкыр кайда? — деп сурады. — Эми эле ушуерде болчу. Уолт Ирвин кызыл-тазыл болуп гүлдөгөн көркөм дүйнөнү байкоодон назарын бөлүп, эки жагын каранды. — Жанараак бакма коёнду кууп жүргөнүн көргөндөй болдум эле. — Карышкыр! Карышкыр! Ме-ме!— […]

Аман САСПАЕВ: Гүлкайыр

АҢГЕМЕ Ар качан эртең мененки салкын абада өзүмдүн кунт коюп өстүрүп жаткан Гүлкайырыма, кишилерде болуучу зор мээримдүүлүктөн пайдаланып, эмгектенүүнү милдетиме алдым. Гүлкайыр мындан кыйла мурда жапан түздө жалбырагын кылтыйтып, болочок гүлдөрүн өзөгүнө жашырып турганын көргөм. Чегинен чыга жаздаган өзүмчүлдүгүм, аны мында көчүрүүгө мажбурлаган. Ошентип, ага тунук тоо суулары шылдырап агып жаткан арыгымдын кырынан орун бердим. Алда нече сабактар чыгарып, эркин гүл ачсын дедим. Көгү узара түшкөн ушул Гүлкайырдын жай мезгилинде биринчи гүл ачканы эсимде. Күтүүсү жетилген Гүлкайырдын гүл ачуусунан мурда […]

Амирбек АЗАМ уулу: Латын арибине өтүү – зарылдык

Латын арибине кайра  өтүү маселесин биздин жетекчилер орого салып, үстүн бекем цементтеп салган күндө да, ал асфальт жолду тешкен дарактай ар кай жерди тешип чыга берет. Казакстан 2025-жылы латын арибине өтүүсү менен төбөлсүз түрк мамлекеттери, Кыргызстанды кошпогондо, орток алфавитти пайдаланып калат. Эгерде биз Москванын кыл жүгөнүн кесип, оторчулук жана тоталитардык доордун чынжырынан биротоло бошонууну кааласак, латын арибине өтүү үчүн чечкиндүү кадам шилтешибиз зарыл. Латын арибине өтүү Кыргызстанды алыстатса, жалгыз Россиядан алыстатат. А биздин жаңы эски арипке өтүүбүздү, албетте, Кремль каалабайт. […]

О.Генри: Жомоктогу ханзада

Англисчеден которгон Таалайбек АБДИЕВ АҢГЕМЕ Акырында саат тогуз болду да, күндүзгү азаптуу оор жумуш аяктады. Лена «Ташчы» мейманканасынын үчүнчү кабатындагы бөлмөсүнө эптеп жетти. Ал таӊ аткандан баштап чоӊ аялдардай иштейт: пол жууйт, төшөктөрдү жыйнайт, оор темир чөйчөктөр менен табактарды жууйт, ызы-чуу түшкөн ушул жийиркеничтүү мейманканага отун-суу ташыйт. Таш кенинде да жумуш бүттү: таштарды тешип, талкалап жаткандардын күрүлдөгү, зор крандардын кычыраганы, көзөмөлчүлөрдүн кыйкырыктары, зыӊгыраган оор таштарды ташыган арабалардын ызы-чуусу токтоду. Төмөндө, мейманкананын конторунда үч-төрт жумушчу сөгүнүп-сагынып шашки ойноп отурушат. Дымдалган эттин, […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Өзүмдү «сыйлаганда»

ЭССЕ — Биринчи өзүңдү сыйлап үйрөн, анан гана өзгөлөрдүн кадырына жетесиң! — апамдын чарчабастан мага айта берген насааттарынын бирөөсү. — Эртең таң азандан баштап кечке чейин атайылап, өзүмдү сыйлап көрөйүнчү… — деп уйкуга кирдим. Таңдан мурда эле ойгонуп алдым. Жуундум, тарандым. Эрикпей сабиз менен алманын ширесин чыгарып ичтим. Чачым анча узун болбосо да тал-тал кылып майдалап өрүп, учтары жазылбас үчүн ак жибек жиптер менен бекемдедим. Азырынча кийип чыгуу эртерээк болсо деле, жакындарымдын үйлөнүү үлпөтүнө кийүү үчүн сакталып турган жаңы сарафанымды […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Көпөлөктөр өрөөнүн көксөгөн Мурза Гапаров

Жазуучу Мурза Гапаровдун адамдык жана сүрөткерлик ажарына айрым бир сүртүмдөр Фудзи тоону кар баскандай кыроолонгон чачтар ай… «Көчө» киносун көргөнбүз, ошо бүтөрү менен Ноокаттын «Улуу-Тоо» кинотеатрына ак чач жигит чыга келди. Ошондо биз, мадыра баштар, көрдүк тирүү жазуучуну. Кино бизге абдан жакын эле: айылыбызга окшош айылдар, классташтарыбыздай өзбекче көйнөк-шалбар кийген Малике, кудалашуу, короз уруштурмай, ашар, гүвалак, ашыглык, шыпыргычы, бешикчи, «Эй, аппагым, сен менен өттү жаш чагым…» деп ырдаган Аваздын ыры – баары-баары бизге ушунчалык жан дүйнөбүзгө бап чыгып калбайбы… Анда […]

Куба эл жомогу: Жаман кожоюн

Бир бай кожоюн өрттөнүп жаткан токойдо калып, жалынга кептелеринде негр кулу аны өз жанын тобокелге салып куткарып алат. Ыраазы болгон кожоюн өлүмдүн чеңгээлинен куткарган кулга үйгө барары менен эркиндикти ыйгарарын убадалайт. Бирок үйгө келип, жакшы жашоосу башталары менен убадасын унутуп койот. Дагы бир жолу кожоюн менен негр кул токой аралап үйгө кайтып келатышса, каракчылар кол салып, кул өз жанын аябай алар менен салгылашып, акыры кожоюнун ажал чеңгээлинен алып чыгат. — Сен каракчыларга каршы чыкмак тургай, аларга кошулуп кетсең — ишим […]

Билгенден билелегиң көп: Паганини  

Италян скрипачы жана композитору Паганини Никколо 1782-жылы 27-октябрда Генуя шаарында төрөлгөн. Атасы Антонио майда соодагер болгон. Ал 24 жашында 17 жашар Терезага үйлөнүп (1777-ж.), Карло, Никколо, Анжела, Жулия-Николетта, Паола-Доминика аттуу 5 балалуу болушкан. Улуусу кичинесинде эле чарчап калган. Никколо алардын экинчи баласы. Никколонун тагдырынан кызыктуу окуя: бир күнү Тереза түш көрөт. Ага периште келип, кандай каалоолору бар экенин сурайт. Тереза андан уулу Никколо улуу музыкант болушун гана суранат. Муну ал ошол кезде туугандарына жана кошуналарына толкундануу менен айтып берген экен. […]

Сулайман КАЙЫПОВ: Жомоктор – зoр эскeртүү

Бул жoмoк – зoр эскeртүү: aйрыкчa кыргыз сындуу aз элгe өз мeнeн жaттын, aлыс мeнeн жaкындын, туугaн мeнeн душмaндын aйырмaсын aнык билип жүрүү кeрeк дeгeн сөз; кaрa чaaр oк жылaндын бaлaсын туугaным дeп, кoйнунa сoймoңдoтуп сaлып жүрүп бaккaн бoлсoң, aл чoңoюп, oмурткaсы кaтыгaнда, oктoрулуп өзүңдү чaккaн бoлoр дeгeн сөз. Көөнө кыргыз бул жoмoкту, aндa aйтылгaн oйлoр бир күн кыргызыңa кeрeк бoлo тургaндыгын билип туруп, чычкaн тукумун кaнчaлык бaпeстeп бaксaң дaгы, aл жүрүп oтуруп, өзүнүн чычкaндыгынa бaрaрын, aл өзүнүн чычкaндыгы мeнeн […]

Самара НАСЫРОВА: Түштүк жергесинин көктөмү жана көркөмү

Мына ушинтип насип буйруп отуз жетинчи жазымдын биринчи күнүн тосуп отурам. Биринчи март, биринчи көктөм, жаздын алгачкы күнү… «Туулган жердин топурагы алтын» демекчи, кай жерде кандай күндө жүрсөм да, берекелүү Түштүгүм ар дайым көңүлүмдө. Айрыкча, Россиянын узакка созулган кышы каардуу. Он эки миллионго чукул калкы бар ызы-чуусу аралаш жашоосу, анан дагы ара күндө жааган жааны жадатканда, Түштүктүн мээ кайнаткан ысык аптабы, март айы баш баккандан баштап, «жер айрылып көк чыккан, желин айрылып сүт чыккан» жаздын жыты мурдума уруп, ушул кездеги […]

Аман САСПАЕВ: Дос жана газик

АҢГЕМЕ Узакка созулган ооруга кирептер болдум да, кызматыман бошонуп айылга келдим. Эни бир чакырым, узундугу он нече чакырым келген Көк-Терек токоюнун бир бурчуна үй салдым да, бала-чакам менен узагыраак дем алууну көздөп туруп калдым. Апрель айынын аяк ченинде токойдоку моюлдар кудум ак сирень өңдүү быжыгыр ак гүл ачып, чар тарапка атыр жытын бүркө баштайт. Эртели-кеч жыш өскөн моюлдарды аралап, таза абадан кангыча жутуп, үйгө кайрылам. Врачтардын кеңешинин эң бир майда-чүйдөлөрүнө чейин аткарышым керек. Элдин баары жазгы өндүрүшкө киришип кетип, кийинки […]

Ата-энелерге кулак кагыш: Баланы кантип ийгиликтүү адам кылып тарбиялоо керек?

Монтессори-мугалимдин кеңештери Расмий билдирүүлөргө таянып жаза турган болсок, ар күнү Кыргызстан боюнча 250дөн ашуун наристе бул жарык дүйнөгө келет. Ушул күндөн баштап ата-эне деген ардактуу атка ээ болгон инсандар чечилиши зарыл болгон көптөгөн көйгөйлөргө кезигишет, туура жооп берүүгө милдеттендирген түрдүү суроолорго кабылышат. “Баланы кантип туура тарбиялап чоңойтуш керек?”деген собол ошолордун арасындагы эң орчундуусу болуп саналат.  Kaktus.media сайтынын редакциясына «Синяя птица» монтессори-клубунун негиздөөчүсү монтессори-мугалими Камила Исабекова бул маселе боюнча маек курду (монтессори – көрүнүктүү италиялык окумуштуу-педагог Мария Монтессоринин бүт дүйнөгө жайылган […]