Ирлан эл жомогу: Калпакчандын окуясы

Дайыма чокусун ак кар басып жаткан Галтий тоолорунун этегинен башталган айтылуу Ахерлоо өрөөнүндө жонунда төөнүкүндөй өркөчү бар, андан улам бүкүрөйүп турган бир кембагал эргежээл жашачу. Башка эргежээлдер сыяктуу эле ал кодо бойлуу жана итирейип арык болгондуктан талаада иштегенге шайы жок болучу. Ошондуктан ал мажүрүм талдын майда бутактарынан чабыра токуп, базарга алып барып сатып оокат кылуучу. Өзүнүн ушундай кебетеси менен тагдырына карабастан ал шайыр мүнөздүү, жашоону сүйгөн жан эле. Жумуш убагында ырдаганды да жакшы көрчү. Анан ал жонундагы өркөчүн айтып тамашалашканды, […]

Котормолор боюнча конкурстун жеңүүчүлөрү аныкталды

Буга чейин үч ай бою «Мыкты котормо» критерийи боюнча конкурсубузга 44 чыгарма тандоо түрүндө жарыяланып келди. Алардын ичинен калыстар курамынын эң жогорку баасына татыган 9 чыгарма байгелүү орундарга татыктуу деп табылды. Негизинен ал чыгармалар англис, француз, немис, чех, кытай, түрк, орус, татар, өзбек, каракалпак, казак тилинен кыргызчага которулду. Санынан мурда сапаты да жаман болгон жок… Адабияттагы аттуу-баштуу калемгерлер менен катар жаңы ысымдагы жаш котормочулардын эмгеги калыстар үчүн да күтпөгөн ийгилик жаратты! Өрнөктүү тексттердин сапатын баалоодо калыстар курамына кирген белгилүү публицист […]

Алым Токтомушевдин ачылбаган сандыктагы поэзиясынан

  «Проза – поэзияга, Поэзия – прозага умтулуу» Дептердеги жазуудан ЧЕКСИЗ ТАЛАП… Өз жайыма койгула мени, бейиштин, жайлоонун да жок кереги. Бу түрмө жетет мага, ошенткиле кай үмүт орден, кызмат, атак-даңктан, акчадан, зер-алтындан, жыйындан, салтанаттан оолак жашап көрөйүн бир оокумга, бир оокумга, жок дегенде секунддарга, мүнөттөргө. А эгер берген болсоң алам анда орденди жезден сокпой соксоңор тыным билбес жүрөктөрдөн. Алаар элем атакты берген болсоң, сан-түмөн клеткалуу мээлериңден… Апендиликпи?! Жок жомокпу?! Күлбөгүлө! Өз жайыма койгула мени, ошенткиле! 17-январь, 73-ж. АВТОПОРТРЕТ Жаралгамын […]

Айылчы САРЫБАЕВ: Алым карарган деңиздеги агарган толкун болчу!

«Карарган деңиз, агарган толкун» А.Токтомушев Мезгил билинбей өтүп, Алым Токтомушевге эскерүү жазып бересизби деп Олжобай телефон чалса, Алымдын жок экени ошондо эсиме түштү. Көп эле Алымды жакындан билген билбеген адамдар ар кандай деңгээлде ойлорун айтып, Алым Токтомушевдин элесин колдон келишинче ар тараптан чагылдырууга аракет кылгандарына чоң рахмат. Алым экөөбүздүн байланышыбыз айылда окуп жүргөндө жок болчу. Ал менден бир класс жогору окугандыктан жана ылдыйкы «Кызыл Кыргызстан» деп койчу биринчи бригадада жашагандыктан мамилебиз сый болчу. Алымдын теңтуштары башка, меники башка эле. Менин […]

Максим ГОРЬКИЙ: Даңко жөнүндө уламыш

«Тээ илгерки замандарда бир көчмөн адамдар жашаптыр. Ал адамдардын көчтөрүн үч жагынан өтүп болгус токойлор, а төртүнчү жагынан ээн талаа курчап турчу экен. Алар шайыр, күчтүү, эр-жүрөк болушуптур. Бирок бир кездерде алардын башына оор күндөр түшүптүр: кайдан-жайдан пайда болгону белгисиз жат бир уруулар келип, аларды караңгы токойдун тереңине айдап жиберишиптир. Токойдо саз жана караңгылык гана бар экен, анткени ал токой картаң токой экен, дагы да ал чытырман токойдун бутактары ушунчалык бирине бири жабышып, өрүлүп кеткендиктен, алардын арасынан көк асманды көрүү […]

Жүрөк эч качан талданбайт

Жорж Санд (1804-1876) – француз жазуучусу, чыныгы аты-жөнү Амандина Аврора Люсиль Жашоодо бир  гана бакыт  бар – сүйүү  жана  сүйүктүү  болуу. * * * Бул  жарыкчылыкта  узак  мезгилдер бою  бир гана аялдын жандүйнөсү  менен  канааттанууга  жөндөмдүү  бир  дагы  эркек  жок. * * * Баарын  билүүгө  мүмкүн  эмес,  түшүнүү  жетиштүү. * * * Кимдир  бирөө  жөнүндө аны  толук  билбесең, жаман  сүйлөбө. Эгер  билсең, эмне үчүн  айтып жатам  деп  өзүңдөн  сура. * * * Биз  турмушубуздун  бир  дагы барагын  жулуп  таштай  албайбыз.Бирок  […]

Жидду КРИШНАМУРТИ: Өзүңдө революция жасай аласыңбы? (XI-XII главалар)

I глава  II глава  III глава IV жана V глава VI жана VII глава VIII-IX жана X глава XI глава Көрө билүү жана уга билүү. Искусство. Сулуулук. Аскетизм. Элестетүү. Көйгөйлөр. Мейкиндик. Биз сүйүүнүн табиятын изилдеп, ал маселени аңдап, тереңирээк изилдей турган жерине келдик. Көпчүлүк үчүн сүйүү – бул өмүрдүн аягына чейинки колдоо, ишенүү, абал жана сезимдин канааттаануусунун кепилдиги экенин билдик. Анан мага окшогон бирөө келип, шектенип: “А бул чындап эле сүйүүбү?” деп жатат, анан толтура суроо берип, өзүңдү жакшылап кара […]