«Карарган деңиз, агарган толкун»
А.Токтомушев

Мезгил билинбей өтүп, Алым Токтомушевге эскерүү жазып бересизби деп Олжобай телефон чалса, Алымдын жок экени ошондо эсиме түштү. Көп эле Алымды жакындан билген билбеген адамдар ар кандай деңгээлде ойлорун айтып, Алым Токтомушевдин элесин колдон келишинче ар тараптан чагылдырууга аракет кылгандарына чоң рахмат.

Алым экөөбүздүн байланышыбыз айылда окуп жүргөндө жок болчу. Ал менден бир класс жогору окугандыктан жана ылдыйкы «Кызыл Кыргызстан» деп койчу биринчи бригадада жашагандыктан мамилебиз сый болчу. Алымдын теңтуштары башка, меники башка эле. Менин адабиятка аралашып кеткениме Советбек Байгазиевдин чоң таасири тийди. Алымды дагы, мени дагы «Дүбүрт» аттуу мектептин дубал газетасына материал бердирип, ар кандай ийримдерге Советбек Байгазиев тарткан. Советбек байкем өзүнчө феномен деп Алым урматтап турчу.

Биздин айыл «Жон көчө» деп аталып, Кайырма айылынын жогору жагында жайгашкан. Алымдын таэнеси (баккан апасы) Батыш эне колхоздун ферма башчысы болгондуктан жаз келгенде «Көлмө» жайлоосуна биздин айылды аралап көчүп өтчү. Алым тыртайган арык бала болчу. Тайэнесинин артына бекем жабышып, атына учкашып алып көч менен өтүп баратканы такай көз алдыма тартылып турат.

Ал эми мектепте ар бир танапис сайын ар бир класстын балдары өзүнчө туруп ар нерсени сүйлөшүп же ойночубуз. Көпчүлүк убакта жогорку класстардын балдары эмнени сүйлөшүп жатканын тыңшап калар элек. Ошондо эле Алым өзүнүн классташтары менен ар нерсени талаша берер эле.

Мен сегизинчи классты бүткөндөн кийин Фрунзедеги Финансы-экономикалык техникумунда окуп калдым. Класс жетекчим баш болуп (анын ичинде Советбек да бар) мектептин мугалимдери «сен жегичтин окуусуна өтүп алдың, жолуң башка эле» деп бир топ чычалашты.

Биздин чыгармачылык байланышыбыз Алым «Кыргызстан маданияты» газетасында иштеп жүргөндө башталды. Себеби токсонунчу жылдардын башында өлкө талап-тоноого учурап, экономика кыйрап, башкаруунун жоктугунан маданият системасы толук кароосуз калган мезгил болчу. Рыноктук экономика эмне экенин биз экономистер деле жакшы түшүнө берчү эмеспиз. Дзержинский бульварында келатсам Алым учурап калды. Саламдашып, ал жайды сурашкандан кийин маданият тармагын финансылоо боюнча бир макала жазып бербейсиңби, болбосо маданият системасы сызга отуруп калдык деп суранып калды. Буга чейин бул проблема жөнүндө ойлонбогонумду айтып, аракет кылып көрөйүн дедим. Жазып келсем, сүйүнүп, газетага жарыялап койду.

Ошондон кийин мен дагы өлкөнүн бюджет ситемасын жана чыгашалар саясатын терең талдап, маданият тармагы эле эмес башка тармактарда да эмне мүчүлүштөр бар деп ар кандай массалык маалымат каражаттарына чыга баштадым. Кийин «Асаба», «Агым» жана башка аттагы газеталарда иштеп жүргөндө да үзбөй кабарлашып, ар кандай темалардагы проблемаларга кайрылып ой бөлүшчүбүз. Анан ушул маектешкен проблемаларды кагазга түшүрүп берүүмдү суранчу. Мен жазып берген материалдарды үйүнө баргандан кийин редакциялап, оңдоп-түзөп басылмага берээр эле. Көпчүлүк учурда материалдын курч жерлерин сага залакасы тийип калбасын, булардан жакшылык күтпөш керек деп өз атынан бергенге аракет кылчу. Өлкөнүн, элдин жашоо турмушуна ушунчалык күйүп бышар эле. Ошолорду айтканда токтоно албай калтырап, титиреп кетчү. Мен дагы анын ою менен болчумун.

Алыке бала кезинен эле айтканынан кайтпаган тырышчаак өжөр болгон. Кайырмада мектептин директору болуп туруп пенсияга чыккандан кийин чоӊ бизнесмен болуп кеткен Абдразаков Жаныбек агабыздын эскергени бар. Үйүбүз кошуна болгондуктан көп ойнор элек. Кээде уруша кетип мен чоӊураактык кылып (бир класс өйдө Советбек Байгазиев менен чогуу окучу) уруп койсом, коркуп калбай кайра артыман ээрчип мушташа берчи. Айлам кеткенде байкелеп атып араӊ кутулчумун дейт.

Ошол мүнөзүн өзүнүн бир тууган бажасына көрсөткөнү бар. Өзү айтып калчу. «Биринчи президентибиз менен бажам жакын дос болгондуктан аны көтөрмөлөп республикалык деӊгээлдеги чоӊ кызматка койгон. Бажамдын үйүнө барып жүрүп ал кишини (биринчи президентти) да жакшы таанучумун. Кайра-кайра газеталарга ал кишинин ишин сындаган макалаларым чыга бергенинен тажаганда бажама айтыптыр: «Алымды кой дебейсиӊби, бир чоӊ университетке газета ачып редактор кылып жакшы айлык коюп берейин. Чоочун деле эмеспиз» — деп.

«Бир күнү үйүнө барсам, бажам бир досу менен арак ичип отуруптур. «Алым, президент ушинтип айтты, кандай дейсиӊ?» — деп калды. «Мен силердей жеп-ичкичтер менен иштеше албайт экемин десем — эле бажам тура калып мени көмөлөтө койду. Мен да тура калып мушташып жатып калдым. Кайнежем чырылдап ортого түшүп, араӊ токтотту. Кайын атам жакшы киши эле. Ошол күнү биздин үйдө болчу. Барып болгонун айтып берсем «алар ошондой акмактар. Элге жакшылык кылбаган иттер. Коркпой эле жаза бер» деп мага кайрат айтып болушуп койду», — деп калчу.

Ушул мүнөзү анын жазган макалаларынан даана байкалып турчу. Мени өтө таӊ калтырганы — анын макаларынын курч, далилдүү материалдарга бай жана күчтүү логикалык байланыш түзүмү болчу. Бир дагы ревизор же өзүн экономистмин деп эсептеген профессорлор да андай так куюлуштуруп жаза албайт эле. Мен берген материалдардын үстүнөн кошумча далилдерди издеп, тактоолорду киргизип турчу. Ар бир темага тиешелүү терминдерди так колдонууга аракет кылып, өзү да аларды түшүнүп пайдаланууга аракет кылганы көрүнүп турчу.

Бир жолу үйүндө элек. Кийинки мезгилде жаандан кийинки козу карындай жайнап кеткен жөнү жок, көп убакта калп, тарых деп эле ой келди бирдемелерди  жаза бергендер жөнүндө сөз болуп калды. «Муну эми кандай деп түшүнсөк болот» деп сурасам: «Муну комплекс малых народов деп эчак эле далилдеп коюшкан» деп китеп текчесинен авторун атап, китептин бетин ачып абзацынан бери көрсөтүп калды. Ичимен «аа, Алыкем бул жөнүндө небак эле ойлонуп, анын атын да тактап койгон экен» деп калдым.

Жазуучулар менен акындар таарынышпасын. Алым кээде эмне үчүн «эл акыны», «эл жазуучусу» деген наамды өкмөт бериш керек. Аны китебин, жазган ырларын окуп жактырса, ансыз деле эл баалайт да. Бул наамды да сатып алаганды өнөр көрүп алышты деп каткырып калчу.

Жеке турмушунда Алымды аскет десе да болот. Өтө жупуну жашады. Алымдын бактысына жараша жары Шербет да фантазер акын болчу. Үйдө андай жок, мындай жок деп чыр кылганын уккан эмесмин. Абу Райхан Беруни, Омар Хаямдын мезгилиндеги окумуштуулар менен акындардын жашоосу бир кызыктай болгон. Ал мезгилде Чыгыштын падышалары акындар менен окумуштууларды жыйып, керек болсо согуш ачып, биринен бири аларды тартып алып дүйнөдө жок чоң-чоң китепканаларды ачканды сүйүшкөн. Алар ошону менен мактанышкан. Окумуштуу философтор, акындар күнү-түнү ошол китепканаларда иштешип, чарчаганда чогулуп алып арак-шарап ичип, кыз-келиндерди ырдатып-бийлетип, өздөрү да рубаилерди айтып көңүл ачышкан. Арак-шараптан чарчагандан кийин кайрадан китепканаларга барып иштешкен. Алымдын турмушу да ушуга окшоп кетээр эле.

Алымдын Кыргыз Республикасынын системасына, элдин жашоо турмушуна көз-карашы Америкага журналистердин тобу менен барып бир ай жүрүп келгенден кийин биртоп өзгөрдү. Биз эч жакка чыкпай, эчнерсени көрбөй эле кыйынбыз деп жүргөн турбайбызбы деп калчу. Эмне көрдүң, эмне деген жаңы ойлор пайда болду жазгын десем «дагы толук түшүнөйүн» деп жүрөм деп ойлонуп калчу. Алымдын көзкарашы жана ички дүйнөсү Президент Роза Отунбаева менен Кытайга барып келгенден кийин да биртоп өзгөрдү. Тилекке каршы, бул жөнүндө жазганга да жетише алган жок. Кийинчерээк журналистикадан четтеп, философиялык көзкараштарга, чоң-чоң проблемаларга кайрылууну чечтим деп «Жаңы Ала-Тоо» журналына иштей баштаган. Ошого материалдарды сурап калчу. Аларды Ботаника багында керээли кечке басып жүрүп талкуулай берээр элек.

«Адамдын жашоо энергиясы канча болсо ошончо жашка чыгат» деген туура окшойт. Кийинки эки жылда «мен жакында жашоо менен коштошот окшойм» деп көп айтып калчу. «Койсоңчу, Шербет ооруп калса эле өлгүң келе береби» деп койчумун. Турмуштан, өзгөчө биздин коомдогу жат көрүнүштөрдөн өтө көңүлү калганы байкалып турчу. Чыңгызхан өлгөндөн кийин аны менен өмүр бою талбай согушуп келген Желаледдин (Хорезмшахтын баласы) «мени менен тең келишип уруша турган, өчүмдү ала турган адам өлдү. Эми мени эч нерсе кызыктырбайт» деп аскерин таратып жиберип өзү арак-шарапка берилип, акыры күрддөрдүн колунан тонолуп өлгөн. Көрсө, адам жашоого кызыгы тараса өзүнүн өлөрүн сезет деген чын окшойт, ошондон көп өтпөй Алым көз жумду.

Алым Болот Шерниязовду абыдан жакшы көрчү. Өзгөчө Аламедин-1 деги тар үйүнөн  Болот Шерниязов берген эски аэропорттогу кенен үйгө көчкөндө аябай сүйүндү. Андан кийин Көк Жардагы үйүнө көчүп барганда андан бетер жерге батпай калды. Алым кайтыш болгондо ошол эле Болот Шер «Алым жалпы кыргыздын чыгаан жигити болчу» деп бүт чыгымын мойнуна алды. Эки чыгаан бирине бири жарашып калды.

Көп убактарда Алым Токтомушевди жөнөкөй эле мыкты журналист жана акын катары баалашат. Бирок чындыгында Алым терең ойчул, ар тараптуу билимдүү, турмушка кенен караган алп окумуштуу-философ десек да болот. Кыргыздын тарыхында кыргыздар үчүн ат көтөргүс эмгек сиңирген инсандардын катарына Алым Токтомушевдин кошулууга толук акысы бар деп ойлойм.

Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев. 1ентябр, 2017жыл. Бишкек

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.