«Проза – поэзияга, Поэзия – прозага умтулуу»
Дептердеги жазуудан

ЧЕКСИЗ ТАЛАП…
Өз жайыма койгула мени,
бейиштин, жайлоонун да жок кереги.
Бу түрмө жетет мага, ошенткиле
кай үмүт орден, кызмат, атак-даңктан,
акчадан, зер-алтындан, жыйындан, салтанаттан
оолак жашап көрөйүн бир оокумга,
бир оокумга, жок дегенде секунддарга, мүнөттөргө.
А эгер берген болсоң алам анда
орденди жезден сокпой
соксоңор тыным билбес жүрөктөрдөн.
Алаар элем атакты берген болсоң,
сан-түмөн клеткалуу мээлериңден…
Апендиликпи?! Жок жомокпу?! Күлбөгүлө!
Өз жайыма койгула мени, ошенткиле!
17-январь, 73-ж.

АВТОПОРТРЕТ

Жаралгамын дүйнөгө адам бойдон,
адам бойдон;
эки кулак, эки көз жана чаччан,
тилегимди сүйрөп келет буту, колум
тилегимден чарчашат нервим, каным.

Жаралгамын дүйнөгө адам бойдон,
эне тилден куралган бүт клеткам.
Жашаймын жаңылыктар жардыгында,
кандайдыр айлананын огу мисал.
Алаар дедим:
дүйнөгө жаңы келген миң миллион
наристенин жаңылыгы,
дүйнөдөн кетип жаткан миң миллион
жазмыштардын жаңырыгы…

Ошентип жашаймын МЕН
кандайдыр айлампада ДҮЙНӨ деген…
Жок менин арам ойдон башка бир да
ашык нерсем.
Дүйнөнүн бүт чатыры – Атажуртум.
Антсе да өлмөйүм бар намыс аштап,
кай жерде Эне тилим бийлик кылса…
1967-ж.

* * *
Бул турмушка кимдер жетпей, ким жеткен,
Жетип-жетпөө – тирүүлүктө бакты ушу.
Минген атын чарчаганча тердеткен
Балалыктын күнгө күйгөн бактысы.

Бул турмушта кимдер баспай, ким баскан,
өмүр жолу кыска дагы кыйырсыз…
Үмүт сындуу жетип-жетпей кырды ашкан
күндөр катаал, күндөр мерес, кыйын суз.

Кайда батам, кайда барам бүгүн мен,
так каттыбы таңдан таттуу көмөкөй?!
Ишенч окшоп күтүп, күтүп түңүлгөн,
туш тарабым сансыз кара көлөкө.

Кайда мезгил эмеледей көрүнгөн,
көңүлүмдү күнгө бөлөп жазданып
кала бердим калың топтон бөлүнгөн
кайберендей бат чарчаган, аз басып…
25.10.70-ж.

* * *
Өткөн күндөр күүгүм менен бир кирип,
күжүлдөшөт мас достордой чуу салып.
Жаш мезгилди жашообузга пир кылып,
жаман эмес, аздыр-көптүр дууладык.

Өткөн мезгил жылдыз менен бир чыгып,
себет менин сезимиме ак жарык.
Кылыч болуп кынга сыйбай курчуду
кыялга мас кыз мезгилдин аттары.

…Мен соороттум. Мен өзүмдү соороттум,
адашканда алдан тайып эңгиреп.
Ошентсе да сезимимди ойготтум;
эң бир ыйык, эң бир таза, эң бир ак.

…Мен алдадым. Мен өзүмдү алдадым,
Бирок достор, алдабадым силерди.
Адамзаттын ак жолунда ал дагын
Аалам үчүн түмөн кайрык, түмөн күү…

Өткөн күндөр калкып чыгып кайдагы,
Мени айлантат арзыбаган наркына.
Айтор достор, чоңбу же бир майдабы
Ар өлүмдүн өз күрөшү бар тура…
26.10.70-ж. (1973-ж)

* * *
Жыландай улам түлөгөн тоолор.
Селсаяк булут түнөгөн тоолор.
Көөнөрбөс байлык, көгөргөн бакыт –
Типтирүү жашоо тиреген тоолор.

Добулуң уруп, шилтенип кылыч,
Эсимде сенде көшүгөн ырыс.
Жаңырык болуп, жаш өмүр бойлоп,
Жашаган дайым ырларың ууз.

Эртеңки күндүн чалгынын чалып,
Мен кеттим узап бир топко алыс.
Каран түн түшсө карарып койбос,
Мага деп тиккен жылдызың жарык.

Мен кеттим сенин дүйнөңдөн башка…
Ырыссың чууга, ыймансыз джазга.
Кан жолум сенде… кайытып учмай
Каргып бир минип аргымак атка.

Талыктым сенин таалайың карай,
Тамылжып аккан он беште айдай.
Бүркүтүң мисал, бир мүрүм сынса,
Элесиң эстеп, бир шаңшып алмай!
6.11.70-ж. 

* * *
Көшүгөн бейкут. Көгөргөн жымжырт.
Күрүлдөйт дөөдөй көчөдө турмуш.

Самсыган булут бактыма толот.
Сандаган элес басчудай болот.

Денелер бүтүн. Жарасыз эч жер.
Агарган таңдар. Кызгылтым кечтер.

Жылдыздар тунуп, шоодурап учкан.
Шоокумдуу жүрөк. Шойкомдуу кыздар.

Болоттон катуу, албарстан өткүр,
Ажайган не бир ак өткөн мезгил.

Бардыгы мында… жандүйнөм тинтип.
Ирмелсе кирпик, качышат үркүп…

Талыкшып таңдай атканда көзүм,
Айланам тегиз төрт чарчы сепил.

Ананбы, анан… баягы турмуш…
Аркандап салган… ордуңан жылгыс…

Апаңдын аппак мамасын алып,
Оозуңа койгон чылымды салып…

Ананбы, анан… баягы турмуш…
15.12.70-ж. 

ТӨРӨЛГӨН КҮН
Кечирим сурашым керек эле баарыңардан,
сөздөр менен уңгусунда Прометей азабы бар,
ыргагында ый-муңу бар Верлендин!
(Эгоисттик, мансапкорлук, деспоттук иштериме
же качандыр бир жаш кызды кордогонум үчүн эмес,
бирок, кечирим сурашым керек эле баарыңардан:
дегеле көз жарып калганым үчүн
кең дү            йнөгө…)
1-январь, 71-ж.

ТОЛСТОЙДУ ОКУП…
Мына, дос, бейкут күндөр, катаал согуш…
Мына, дос, орден, атак, шаан-шөкөт.
Мына, дос, сүйүү күткөн Наташа кыз.
Мына, дос, кудай туруп,
кудайды издеген Толстой чал.

Көйкөлгөн көз алдыда орус турмуш…
Сен деле кайра тартпас жалапчылык
кужулдаган аялдар…
шарап, чылым…

Мына согуш. Мына тирлик бөксө-толук.
Баатырга, коркокко да тегиз, калыс
мынакей жымжырт сөздөр
кылыч сөздөр.
Мынакей атактан да, даңтан да эмес
өзүнөн качып жүргөн Толстой чал…
6.01.71-ж.

12-КОЛОНИЯ
Бул жерде түндөр узун, күндөр кыска…
селт этем сары жалбырак “шырп” деп учса…
Бул жерди бир жымжырттык сагаалаган
эч жан жок сени аяган…

Бул жерде түндөр узун, күндөр кыска…
Жаратылыш каткан бойдон
кунарсыз бир сүрөттөрдөй
илинүү көңүлдөрдө…

Сезесиң антсе дагы
бир сындырым нан менен сага берген
суу шыбырын
чөп бактысын…

Айтыпсың:
экөөбүз тайраңдачу мейкиндикке
сыя албай жүргөнүңдү…
саргарып жатканыңды өткөндү эстеп…
китептин кыздарындай көзжаш төгүп…
узатып жатканыңды ушул күздү…
Эх, деги, зор бакытың ушул сенин:
кайгырып, шаттана алган учуруңда…

Жазыпсың:
Эркиндиктин ЭРКИН гана сөзү менен…
чаалыгып-чарчаганың ушул күздөн,
бу дагы ЭРКИНДИКтин ырыскысы…

Айтыпсың:
коркоруңду дендин эмес,
духтардын чабыттаган өлүмүнөн…
Айтыпсың:
духум эмес, жатканымды түрмөдө мен.

…А бирок түндөр узун… күндөр кыска…
селт этем, сары жалбырак “шырт” деп учса…
21.01.71-ж.

* * *
Бардым мен тереземе.
Боройлоп жаткан экен жамгыр төгүп.
Көчөлөр ээн…
Шыпырып жүрөт аны карыган чал бир.
Күн куят көнөк-көнөк,
чал болбой өжөрлөнөт.
Чалгыдай шилтейт, шилтейт шыпыргысын
түгөнүп кетүүчүдөй ыпыр бүтүн,
тазарып калуучудай бүгүн дүйнө…
чалгыдай шилтейт, шилтейт шыпыргысын…
12-апрель, 1971-ж.

АКАДЕММААНАЙ
Ырлар не?
Жашоомдун жаш жалбырак, беш ыргайы
(тагдырды табыштагам каламыма)
акыры тартып алдым беш ыңгайда
духтардын сүрөтүн мен,
…………………………………………………
көргөздүм жетиналбай бардыгына…

Бардыгы баш чайкашты
текедей көк мээ болгон…
… анан да коркутушту акелер, э-эй!

Академ –
изм менен!
Мен айттым:
кеттим мен изм менен
саясаттан башка дагы
бар экен көсөм иштер,
талаа-түздөр
суулар, таштар,
жылдыз, асман
жаңырыктайт…
Жаңырыгым алар менин
(а мүмкүн мен алардын жаңырыгы).

Жиберем сезимиңе
академ таажы кийген
жаңы ырымы.
Сен аны даяр жебей,
чайнап жуткун…

Алты муун Мааникерди сурап көнбө!
Мезгилден утулбагын,
мезгилди уткун.

Ырлар бул – үлбүрөгөн сезим дебе.
……………………………………
аталар ырдап жүргөн кечээги эле
үйрөнүп аталардын атасынан:
ырлар бул – адамзаттын өткөн чагы,
ырлар бул – адамзаттын келечеги.
ырлар бул – келечектин акыл-эси…
кайгысы, кубанычы,
маанайы, жан ширеси…

Уяттын эң жөнөкөй машинеси
канчалык ойлонууну талап кылган.
Сен анан жуткуң барбы кулк эттирип
кыйналып, кысталбастан, эй, кысталак!

Жок, сени тынчтандырам,
кокоңо жутаар кезде тура калып.
Турмуштун академиялык маанайында
салют берем!
Ахилесстик тагдыр менен!
Академиялык маанай менен!
17.06.71-ж.

КАТ
Ай турат муңайыңкы маңдайыңда,
Айзаадам андан жүзүң далдоо кылба!
Бурулуп бир байкабай басып кетпе,
Булбулдун үнү муунуп калганына.

Күн турат күлүмсүрөп гүлзарыңда,
Күнзаадам күйүттөш бол муң-зарына.
Байкабай башты чайкап басып кетпе,
Бакыттын мында паста турганына.

Адаштым. Түштүм сенин капканыңа.
Нени издеп, нени таптым жаш жаныма?!
Манчыркап маани бербей түкүрбөгүн
Максаттын мында жерде жатканына.

Жоболоң жолдо жүрүп жомок кылар
Жоголдум оор ызалуу конок сыңар.
Адамдар, бу дүйнөдөн эмнени таап,
Адамдар, эмнелерди жоготтуңар?

Билемин мындай кезде дудуксуңар!
Билемин мындай кезде дудуксуңар!
Билемин мындай кезде дудуксуңар!
Билемин мындай кезде дудуксуңар!
Июнь, 1971-ж.

* * *
Жылтырайт издер али,
Жылаажын шүүдүрүмдөй,
Таалайдын таңдарында,
Тагдырдын күүгүмүндө.
Жылтырайт издер али…

Беттеген шойкум менен
Жолдорду биз баралек,
Миң канат салтанаттай
Көп бала элек, көп бала элек.

Аркимдин чындыгы бар,
Чырактын бою сыңар.
Канчоо элек Прометей,
От уурдап, жалын сунар?!

Генийдин кейпин эңсеп,
Ойчулдун даңкын самап.
Көсөмдүн үстөлүнөн
Тарадык тарам-тарам.

Мына тоо – бир эргүүдөн
Жаралып калгансыган.
Билебиз, бийик, терең
Биздердин жалган-чындан.

Кубалайт күндөр күндү,
Булгалап түркүн жоолук.
О алар чаңда калган
Буюмдай сүртүп болуп.

Качандыр карайт биздин,
Ичибиз, ишибизди.
Жардыгы жаңылыктын
Бизден жаш, бизден күчтүү.

Жалаңдап жалган атка,
Жабышпай атак-даңкка,
Теңирге теңелгенче
Теңелгин сен аларга!

Мезгилби же бир суубу,
Мелмилдеп агып жаткан?
Жайдары илеби урат,
Жаз менен акыйкаттын.
Август, 71-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *