Дайыма чокусун ак кар басып жаткан Галтий тоолорунун этегинен башталган айтылуу Ахерлоо өрөөнүндө жонунда төөнүкүндөй өркөчү бар, андан улам бүкүрөйүп турган бир кембагал эргежээл жашачу. Башка эргежээлдер сыяктуу эле ал кодо бойлуу жана итирейип арык болгондуктан талаада иштегенге шайы жок болучу. Ошондуктан ал мажүрүм талдын майда бутактарынан чабыра токуп, базарга алып барып сатып оокат кылуучу.

Өзүнүн ушундай кебетеси менен тагдырына карабастан ал шайыр мүнөздүү, жашоону сүйгөн жан эле. Жумуш убагында ырдаганды да жакшы көрчү. Анан ал жонундагы өркөчүн айтып тамашалашканды, аны кийимимдин алдындагы калпагым деп тергей сүйлөп, өзү жалгыз кезде аны менен сүйлөшкөндү жактырчу. Чын эле ал катуу калпагын жонуна кондуруп, а үстүнө көйнөк кийип алгансып көрүнгөндүктөн өзү да аны “калпагым” деп, бул кичинекей бүкүргө эл да Калпакчан деген ылакап ат коюп алышат.

Бир жолу ал өзүнүн чабыраларын саткан базардан кеч кайтып келатты. Түн кирип баратты, бирок чарчаган бүкүрдүн шашылганга шайы жок эле. Акыры аяк шилтерге алы келбей калганда, жол боюндагы ураганы турган жаман тамдын жанындагы чоң ташка отуруп эс алууга мажбур болот. Бир кезде караңгы баскан жымжырттыктан чоордун сыбызгыган добушу угулду. Музыкага жакшы табити бар ал жөнөкөйлүк менен кереметтүүлүк айкалышкан, өзү өмүрү угуп көрбөгөн кайрыктарды тыңдап ордунда катыды. Аңгыча обону да өзгөчө созолонуп, артынан жөнөкөй сөздүү ыры жаңырды:

Шаршемби, бейшемби-и,
Шаршемби, бейшемби-и,
Шаршемби, бейшемби-и…

Ушул жерине келгенде ыр ыргагы кандайдыр ишенимсиз чыгып, аргасыз үзүлгөнсүп, анан кайра башталды:

Шаршемби, бейшемби-и,
Шаршемби, бейшемби-и,
Шаршемби, бейшемби-и…

Калпакчан өзгөчө ырды ырахаттанып угуп отуруп, бул ырдагандар өзү жомоктордон угуп жүргөн, аталары бармактай, балдары тырмактай, кебетелери адеми куурчактай болгон жер алдынын перилери экенин, алар жаңы ыр чыгарып жаткандарын түшүндү. Перилер чыгарып жаткан обонунун жакшы эле үч сабын созуп келишип, төртүнчү сабына келгенде сөз таппай калышканын Калпакчан билип, аларга жардам бергиси келди.

Шаршемби, бейшемби-и,
Шаршемби, бейшемби-и,
Шаршемби, бейшемби-и,- деп перилер ырынын аягын дагы таппай аргасыз токтошкондо ал акырын, назик үндө:

— Жана-а  жума-а! — деп кооз аяктады эле, айланага кулак-мурун кескендей жымжырттык орной түшүп, анан кубанычтуу жана назик үндөрдүн ызы-чуусу, жагымдуу күлкүсү, шайыр үндөрү угулуп, Калпакчан карай калса, айланасына кичине музыканттар толуп кетиптир. Булар: ирландыктар – сид, англичандар – фея, кыргыздар пери атаган жер алдынын сыйкырлуу жашоочулары болучу. Алар акыры өздөрүнүн ыры керемет аяктаганына кубанышып, жетине албай бийлеп жатышты, чарчоо билбей Калпакчанды айланып ырдап киришти:

Шаршемби, бейшемби-и,
Шаршемби, бейшемби-и,
Шаршемби, бейшемби-и,
Жана-а жума-а!

Акыры перилердин бири, кебетеси боюнча баардыгынан улуусу жанындагылардан бөлүнүп, Калпакчанга кайрылды:

— Оо ырчы, карабашыл пенделердин арасындагы аруу жан! Сени ушундай үстүнө тоо артып койгондой көрүү – биз үчүн оор. Бактыга жараша биз сыйкырлуу таягыбыз менен бир шилтеп, сени бул азабыңдан түбөлүккө куткара алабыз. Бул сенин керемет ырыбызды аяктоого жардам бергениң үчүн ыраазылыгыбыз болсун! Кош бол, Калпакчан! — деп ал ушул сөздү айтар замат колундагы таягын шилтеди эле, Калпакчандын көзүнө жарк эткен от ойноп, жан жыргаткан нур анын бүткөн боюн чулгап, өзүн жоготуп, кайдадыр калкылдай учуп бараткансыды… Качан ал эсине келгенде жумшак чөптүн үстүндө жатыптыр, жерге жарык кирип, өзүн аябай жеңил сезип калыптыр.

Анткен менен Калпакчан чочуп кетип, өйдө тура калганында бою өмүрүндө биринчи жолу түзөлүп, башы асманга жакындай түшкөнсүдү. Өз боюна көз жүгүрткөн ал зыңкыйган келишимдүү жигит болуп калганын көрдү…

Ошентип ал жаңы жана жакшы жашоо баштады. Эл өзүн тааныбай койгондо ал перилер менен болгон окуяны баардыгына улам-улам кайталап айткандан тажаган жок. Акыры эл аны мурдагы бүкүрдүн жайдары жана шайыр мүнөзү боюнча таанып, өзгөргөн азамат жигит боюнча кабыл алышты.

Калпакчандын бул ажайып окуясы ошондой эле жонунда чоң өркөчү бар Жонни аттуу бүкүргө жетип, жетмек тургай катуу таасир этип, бир күнү ал дагы Калпакчан сыяктуу бактылуу болуш үчүн, ал айткан жол боюндагы жаман тамдын жанындагы чоң ташка түн кире келип отурду.

Жонни ал жерде көпкө отурду, чарчады, тажады, акыры көзү илинип көөшүп баратканында кулагына чоордун сыбызгыган добушун коштогон назик обон угулду:

Шаршемби, бейшемби-и,
Шаршемби, бейшемби-и,
Шаршемби, бейшемби-и,
Жана-а жума-а!

«Ага! — деп ойлонду Жонни. – Калпакчан буларга бир гана жума күнүн айтыптыр, мен болсо экөөнү бир айтып таштайын! Алар бул үчүн мени өркөчүмдөн арылтканы аз келгенсип, толтура алтын менен сыйлашат. Эл айтып жатпайбы, бул керемет перилердин жеринде алтын деген таш сыяктуу жайнап жатат» — деп. Ушундай ойго алдырган Жонни перилер жаңы эле “Шаршемби…”- деп ырын кайра баштап келатканда оозун чоң ачып, эч кандай ыргак менен обонго карабастан, шашылыш түрдө дарылдап койо берди:

Ишемби, жекшемби-и,
Ишемби, жекшемби-и…

Баардыгы саамга гана дымырай түшүп, анан:

— Кандай кесеп биздин ырды бузду! Ким кыйкырды?- деп чыйылдай нааразы болгон үндөр угулду.

Жонни жерди карай калса, бармактай кишилер тегеректей калып, муштумдарын кезей  кыйкырып жатышыптыр. Бир кезде алардын арасынан сыйкырлуу таяк көтөргөн улуусу бөлүнүп мындай деди:

— Оо макоо, карабашыл адамдар арасындагы кара мүртөз! Сен өзүңө татыктуу сыйлык аласың! Ылайым сен өз өмүрүңдүн аягына чейин өзүңдүн ырыңа окшоп копол жана жагымсыз болуп кал! — деп таягын шилтеди.

Жоннинин көзүнөн чаар чымын учуп, кара куюн муздак илеби менен айланып, акырындан өзүн жоготуп баратты…

Ал ойгонсо, сыз жерде жатыптыр. Таң эбак атып, түнкү болгон окуяны эстеп, чочуган бойдон ордунан обдула берип, үстүнөн мурункудан да оор салмакты сезип, жонун сыйпаласа, мурунку дөмпөйгөн өркөчүнүн жанына дагы бир ошондой дөмпөк пайда болуптур. Перилерди ачуулантып алганын эми араң билген Жонни ал жерден эптеп алыстап кеткенге аракеттенди.

Ал эми шайыр жана ак пейил Калпакчан өзүнүн жакшы ырлары жана жагымдуу мүнөзү менен адамдарды кубандырып өмүр өтөптүр.

Орусчадан оодарган Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.