I глава 

II глава 

III глава

IV жана V глава

VI жана VII глава

VIII-IX жана X глава

XI глава

Көрө билүү жана уга билүү. Искусство. Сулуулук. Аскетизм. Элестетүү. Көйгөйлөр. Мейкиндик.

Биз сүйүүнүн табиятын изилдеп, ал маселени аңдап, тереңирээк изилдей турган жерине келдик. Көпчүлүк үчүн сүйүү – бул өмүрдүн аягына чейинки колдоо, ишенүү, абал жана сезимдин канааттаануусунун кепилдиги экенин билдик. Анан мага окшогон бирөө келип, шектенип: “А бул чындап эле сүйүүбү?” деп жатат, анан толтура суроо берип, өзүңдү жакшылап кара деп сунуш кылып жатат. Бирок сен өзүңдү карабаганга аракет кыласың, анткени ал сени тынчсыздандырып жатат. Андан көрө сен жандүйнө, саясый же экономикалык абал жөнүндө талкуу кылгың келет, бирок анда өзүңдү бурчка такап койгон болосуң, ал караганга мажбур кылат. Дайыма сүйүү деп эсептеп жүргөн нерсең – сүйүү эмес эле, бири-бирин канааттандыруу, бири-бирин эксплуатация экенин ачык көрдүң.

Мен сүйүүнүн кечээгиси, эртеңкиси жок, байланган борбор жокто гана сүйүү болот деп айтып жатканда, бул сен үчүн эмес, мен үчүн реалдуулук. Сен муну цитата кылышың мүмкүн же башка бир формага айландырышың мүмкүн, бирок ал эч кандай баалуулук болбой калышы мүмкүн. Сен өзүң үчүн түшүнүшүң керек, бирок ал үчүн эч кандай күнөөлөө, эч кандай актануу, эч кандай макул болуу же макул болбоо деген нерселерсиз, эркин караганды түшүнүү керек.

Бирок көрө билүү, уга билүү – бул жашоодогу кыйын нерселердин бири. Көрүү менен угуу – экөө бирдей. Түйшүктөрүңдөн улам көзүң көр болсо, кылкылдап батып бараткан күндүн кооздугун көралбайсың. Көпчүлүгүбүз жаратылыш менен болгон байланышыбызды жоготуп алдык. Цивилизациянын арты менен чоң шаарлар бири артынан бири салынып, аябай көп болуп кетти. Бардыгыбыз шаардык болуп кеттик, көчүк айланбаган батирлерде жашап калдык, эртең менен кечкисин атүгүл асманды карабайбыз, ошондуктан жаратылыш менен, анын кооздугу менен болгон байланышыбыз үзүлдү. Байкасаң, кээ бирибиз эле күндүн чыгышын, батышын, айдын жарыгын, анын сууда чагылганын карап калдык. Жаратылыш менен болгон байланышыбыз үзүлгөн соң, биз интеллектуалдык көрөңгөбүздү өнүктүрүүгө аракет жасап жүрөбүз.

Биз көптөгөн китептерди окуйбуз, көптөгөн музейлерге, концерттерге барабыз, телеберүүлөрдү көрөбүз, көп элди оюн-шоок менен алаксытабыз. Башка кишилердин айткандарын келтиребиз, искусство жөнүндө көп ойлоп, көп сөз кылабыз. Эмнеге мынчалык искусствого көзкаранды болуп калдык? Ал дагы качуунун, стимул берүүнүн бир формасы эмеспи? Эгерде сен жаратылыш менен тыгыз байланышта болсоң, куштун учуп баратканын, анын канат какканын карап турсаң, ар бир булуттун жылганын, дөбөдөгү көлөкөнү көрүп турсаң, анан ушунун ордуна музейге барып, бир сүрөттү тиктеген жакшыбы? Балким сен айлана-чөйрөдөгү бардык нерсени көргөндү билбейсиң, көрө билүүгө стимул катары баңгизатты пайдаланасың. Күндө таңында шакирттери менен сүйлөшкөн диний устат жөнүндө бир аңгеме бар. Бир күнү эртең менен шакирттерин чогултуп, сөз баштайын дегенде, кичинекей чымчык учуп келип, терезенин кырына конуп сайрай баштайт. Тимеле ушундай жаны калбай, берилип сайрайт дейсиң. Анан учуп кетет. Ошондо устат: “Бүгүнкү сабагыбыз ушуну менен аягына чыкты” деген экен.

Менимче, биз үчүн эң оор, эң кыйыны, сыртыбыздагы гана жашоону эмес, ичибиздеги жашоону көрө билүү. Биз даракты, гүлдү же кишини көрүп турам дейбиз, бирок чындап эле көрүп жатабызбы? Же сөздөн жаралган образды гана көрүп турабызбы? Башкача айтканда, сен даракты же кечки булутту көрүп суктанып жатасың дейли, бирок чындап эле толук, даана көрүп жатасыңбы, көзүң менен, акылың менен, жүрөгүң менен, турган турпатың менен? Бир реалдуу нерсени, мисалы, даракты, эч нерсеге салыштырбай, окуп алган билимиңе салбай, эч бир ой жоруусуз, талкуусуз, сени менен дарактын ортосуна экран жараткан эч бир сөздү колдонбой, чындап өзүн гана карап, анан ошол караганыңды изилдеп көрдүң беле? Ошентип көргүлө.

Жандилиң менен, болгон энергияң менен кара. Ошондой энергияда карап турган киши жоголуп, чын ыкластан көңүл буруу эле калаарын баамдайсың. Көңүл бурбаганда гана карап жаткан жана каралып жаткан нерсе болот. Көңүл борборунда турганда гана идеяга, формага салууга жана эскерүүлөргө орун болбойт. Тыкыр изилдөөнү талап кылган бир нерсеге сүңгүп кирерден мурда, ушуну түшүнүү эң маанилүү. Даракты, жылдыздарды, суунун күнгө чагылганын акыл-эс өзүн унутуп коюп караганда гана алардын кооздугун көралат. Ошентип чындап көрө билгенде, биз сүйүүдө болобуз. Көпчүлүк учурда биз сулуулукту, кооздукту кишинин колунан келип чыккан нерсеге салыштыруу аркылуу кабыл алып, ошол нерсеге кооздукту ыйгарып коебуз. Бирөө жараткан нерсени көрүп, ошонун кооздугуна баа берем, архитектурадагы билгендериме таянып, мен көргөн башка имараттар менен салыштырып көрөм. Бирок азыр суроо берип жатканым, эч бир объектисиз сулуулук, кооздук болобу? Байкоочу барда, цензор барда, ойлонуп жаткан киши барда сулуулук, кооздук болбойт, анткени ал кооздук сырткы нерсе болуп калат, анан аны бирөө карап, баа берип жаткан болот. Байкоочу, карап жаткан бирөө болбогондо, бул үчүн терең сүкүт чалуу керек, объектисиз сулуулук, кооздук келет.

Байкоочу жана байкалып жаткан нерсе таптакыр жок болгондо гана сулуулук бар, бардыгын унутуп коюш үчүн толук кандуу аскетизм, кечилдик болушу кажет – бир молдо чалыштын тартиби, тыйуусу, баш ийүүсү башкарган аскетизм эмес, кийимдеги, тамак-аштагы, идеялардагы, жүрүм-турумдагы аскетизм эмес, абсолюттуу жөнөкөйлүктүн аскетизми, а бул чарпылбагандык, момун, жоош, жөнөкөй болуу. Ошондо жетишкендик болбойт, тырмалаңдап чыга турган шаты болбойт, бир гана алгачкы кадам бар, бул түбөлүк биринчи кадам. Сен бирөө менен сүйлөшүп сейилдеп жүрөсүң, анан эле сөзүң “тып” токтоду дейли, айланаңды жаратылыш курчап турат, шуулдап өткөн машиненин дабышы жок, үргөн ит да жок, учуп өткөн куш да жок. Тунжурап туруп калдың, табият да тунжурап турат. Ушундай абалда карап жаткан байкоочу көргөнүн ойго айлантпаганда, мындай жымжырттыкта өзгөчө сулуулук болот. Жаратылыш да жок, аны караган байкоочу да жок. Толук кандуу акыл-эстин абалы гана бар; ал куркулдайдын уясына кирип алгандай, бирок чектелип, бөлүнүп калган эмес, жымжырттыкка бөлөнгөн, ошол жымжырттыктын өзү сулуулук. Сен сүйүп турганда, байкоочу болобу? Сүйүү каалоого, ырахат алууга айланганда байкоочу болот. Каалоо менен ырахат алуу сүйүүгө салыштырылбаганда, сүйүү чыныгы күчүнө келет. Сүйүү, сулуулук сыяктуу – күнүгө жаңыланып турат. Мен мурда айткандай, анын кечээгиси менен эртеңкиси болбойт.

Ошондо гана текшерилбеген, алдын ала каралаган идеяларсыз, элестетүүсүз карай алабыз, жашоодо эмне болбосун, ошонун бардыгы менен тыгыз байланышта боло алабыз. Сенин бардык мамилең оюңда гана болот. Алар ой тарабынан жаралган акыл калчоого негизделген. Менин сен жөнүндө оюм, элестетүүм болсо, мен жөнүндө сенин оюң, элестетүүң болот, ошондон улам чындап бири-бирибизди көрбөйбүз. Биздин көргөнүбүз – бири-бирибиз жөнүндө гана оюбуз, бул тыгыз байланышта болгонго тоскоолдук кылат, ошондуктан мамилебиз туура эмес өрчүйт.

Мен сени жакшы билем деп айтканда – бул сен жөнүндө кечээ билгеним болуп калат, а бүгүн кандай экениңди билбейм. Менин билгеним – сен жөнүндө оюм, элестеткеним гана. Сен мурда мени мактасаң же таарынтып койгон болсоң, ошонун негизинде сени элестетем. Бул – сен жөнүндө болгон эскерүүм, а сен мен жөнүндө ошондой эскерүүдөсүң, ошол эскерүүлөр тирешип, биздин чыныгы мамилебизге, сүйлөшүүбүзгө тоскоолдук кылат.

Узак убакыт чогуу жашаган кишилер да бири-бирин элестетүү менен жашайт, бул алардын чыныгы мамилеси тоскоолдук жаратат. Биз мамилени түшүнсөк, анда чогуу-чаран иш кыла алабыз, бирок символдордун же идеологиялык түшүнүктөрдүн призмасы аркылуу кызматташуу мүмкүн эмес. Ортобуздагы чыныгы мамилелерди түшүнгөндө гана сүйүү пайда болот, ал эми элестетип жашаганда сүйүү жоголуп кетет. Ошондуктан интеллект менен түшүнбөйлү, бирок күнүмдүк тиричилигибизде биз аялыбыз, күйөөбүз, балабыз, кошунабыз, өлкөбүз, лидерлерибиз, саясый ишмерлерибиз, кудайларыбыз жөнүндө элестетип алып эле жашай беребиз. Мындай элестетүүдөн башка бизде эч нерсе жок.

Бул элестетүүлөр сени менен сен көз салып жаткан нерсенин ортосунда мейкиндик түзүлөт, ал мейкиндикте конфликт жаралат. Ошондуктан азыр биз өзүбүз түзгөн мейкиндиктен, адамдардын бардык мамилесин бөлүп-жарып турган ички дүйнөбүздөгү мейкиндиктен эркин болалабызбы, ошону чечмелегенге аракет кылып көрөлү.

Көйгөйгө бурулган көңүл ошол көйгөйдү чечкен энергия болуп саналат. Көңүлүңдү толук бөлгөндө, байкоочу таптакыр жоголуп, ашып-ташыган энергия болгон көңүл буруу абалы гана калат, ал энергия — аң-сезимдин жогорку формасы. Албетте, акыл-эстин мындай абалы жымжырттык болушу керек, а бул жымжырттык толук көңүл буруу болгондо пайда болот. Бул бир дисциплинанын арты менен келген жымжырттык эмес. Мындай абсолюттуу жымжырттыкта байкоочу, байкалып жаткан нерсе, диний акыл-эстин жогорку формасы болот, бирок ушундай абалда болуп жаткан нерсени сөз менен айтып бералбайсың, анткени сөз айтып жаткан факт эмес. Муну түшүнүү үчүн аны кан-жаның менен башыңдан өткөрүү керек.

Ар бир көйгөй башка көйгөй менен байланыштуу, эгерде бир көйгөйдү толугу менен чечкенге кудуретиң жетсе, ал кандай көйгөй экени маанилүү эмес, анда калган көйгөйлөрдү да жеңил чечип коеруңду көрөсүң. Биз, албетте, психологиялык көйгөйлөрдү айтып жатабыз, көйгөйлүү маселелер убакытта гана болорун аныктаганбыз. Көйгөйгө толук караганда ошондой болот, демек биз бир гана көйгөйдүн табияты менен структурасын аңдап-билишибиз керек эмес, аны толук көрүп, көйгөй жаралар замат чечип салышыбыз зарыл, ал акыл-эсибизге тамырлап кеткенине жол бербөө зарыл.

Эгерде көйгөй бир айга, бир күнгө же бир нече мүнөткө созулуп кетсе – ал акыл-эсти бурмалап, бузуп салат. Ошентип, көйгөйдү токтоосуз, эч бир бурмалабай, эстутумга калтырбай дароо чечип салса болобу? Бул эскерүүлөр дайыма жаныбызда алып жүргөн элестетүүлөр, өмүр деп аталган эң кызыктуу нерсе менен кол кармашып келет; мындан карма-каршылык, андан чыкты, конфликт жаралат. Жашоо, өмүр – бул абсолюттуу болмуш эмес, абстракция эмес, жалпы нерсе эмес, аны биз элестетүүлөр, эскерүү менен тосуп алганда, көйгөйлөр жаралат.

Ар бир көйгөйгө мейкиндик-мезгил аралыгы жок, киши менен ал корккон нерсенин ортосундагы аралыгы жок караса болобу? Байкоочунун созулган убактысы болбосо, чогулган эскерүүлөрүн, идеаларды элестетпесе, бир кочушка чогулган абстракция болбосо гана караса болот. Асмандагы жылдыздарды карап жатканда, жылдыздар менен аларды караган сен каласың; асманда жымыңдаган жылдыздар, аба салкын, анан аларды караган, кабыл алган, ойлонгон сен; онтогон жүрөгү бар сен; сен мейкиндик жараткан борборсуң. Сен эч качан жылдыздар менен сенин ортоңордогу, аялың, күйөөң, дагы бирөө менен сенин ортоңордогу мейкиндикти түшүнө албайсың, анткени аларды сен элестетпей карай албайсың, ошондуктан сүйүү эмне, сулуулук эмне экенин билбейсиң. Сен алар жөнүндө айтасың, жазасың, бирок эч качан билген да, түшүнгөн да эмессиң, өзүңдү унутуп калган кээ бир ирмемдерди эске албаганда. Айланасына мейкиндик жараткан борбор бар кезде сүйүү да, сулуулук да болбойт. Борбор жокто сүйүү да, сулуулук да бар, а сүйүүдө болгондо, өзүң сулуулук болуп каласың.

Алдыңда турган ырайды көргөндө, сен борбордон карайсың, а борбор эки адамдын ортосунда мейкиндик жаратат, ошондуктан биздин жашообуз жакыр, көңдөй. Сен сүйүү менен сулуулукту пир тутуп алышың мүмкүн, бирок акыйкатты ойлоп табалбайсың, бирок дайыма эмне кылганыңды аңдап-билип жүрсөң, анда ошол аңдап-билүүнү пир тутуп аласың, ал аңдап-билүүдөн киши ырахатынын, каалоосунун, кайгысынын табиятын, жалгыздыкты, кусаны көрөсүң, анан “мейкиндик” дегенди түшүнө баштайсың.

Сени менен сен карап турган нерсенин ортосунда мейкиндик болуп турганда, сүйүү жок, болбойт дагы. Канчалык дүйнөнү өзгөртөм, жаңы социалдык тартип орнотом деп аракет кылба, жакшылыкка өзгөртүүнү айтып түгөталба, баары бир азап чегүүнү жаратасың. Демек, иштин баары сенде. Эч кандай лидер жок, устат жок, кантип жасоо керектигин айта турган эч ким жок. Сен бул жапайы, ташбоор дүйнөдө жалгызсың.

XII глава

Байкоочу жана байкалып жаткан нерсе

Кел, изилдөөбүздү андан ары уланталы. Бул өтө татаал, чаташкан нерсе болушу мүмкүн, бирок биз аракет кылып көрөлү. Ошентип, мен сен жөнүндө же дагы бирөөнү элестеткенде, мен ал элестетүүгө байкоо жүргүзүп турам. Ошентип элестетүү бар жана элестетүүгө байкоо жүргүзгөн бирөө бар. Мисалы, мен кызыл көйнөкчөн бирөөнү көрүп турам дейли, менин дароо кылган реакциям ал мага жагып турабы, жакпай турабы, дароо аныктайт. Жакканы же жакпаганы – бул менин маданиятымдын, тарбиямды, бирөөгө салыштыруумдун, өнөкөттөрүмдүн, менин топтогон же илгертен келаткан шарттардын жыйынтыгы. Ушундай борбордон байкоо жүргүзүп, пикир жаратып жатам; ошентип байкоочу байкап жаткан нерсесинен бөлүнүп калат. Байкоочу бир эле элестетүү эмес, оголе көп экенин түшүнүп турат. Ал миңдеген элестерди жаратып, бирок ошол элестерден обочолонуп турабы? Балким, өзү да ошол элестердин бириби?

Ал улам бир элести кошуп, кайра алып ыргыта берет; ал – тирүү, ал баарын аралаштырып, салыштырып, баалап, башынан өткөргөнгө аракеттенет, сырткы жана ички басымдан улам өзгөртүп турат, ал билген билиминен, ар түрдүү таасирлерден, тайжрыйбадан, башынан өткөргөндөрүнөн турган аң-сезимдин ичинде жашап калат. Ошол эле учурда байкоочу өзүңдү караганда, ал эскерүүлөрдөн, окуялардан, таасирлерден, салт-санаалардан, азаптын түрдүү формаларынан, бардыгы өткөн чактан турарын көрөсүң. Ошентип байкоочу өткөн чак менен келер чакка айланат. Эртеңки күн да анын бир бөлүгү. Ал жарымынан тирүү, жарымынан өлүк. Анан ошол өлүмдөр аркылуу өмүрдү карап жатат, убакыттын мейкининдеги акылдын бул абалында сен (байкоочу катары) коркунучка, кызганычка, согушка, бузулган нерселерге, шарттарга көзкаранды үй-бүлөңө карап, карап турган көйгөйдү чечкенге аракет кылып жатасың. Бул өзүңдү жекеме-жекеге чакырганың. Сен дайыма жаңыны эски терминге которосуң, ошондуктан дайыма бүтпөгөн конфликттерде жүрөсүң.

Чындап эле элеске айланган байкоочу, тегерегинде толтура башка элестерге байкоо салып турат. Байкоочу: “Бул элес мага жагып турат, сактап коеюн, бул элес жагымсыз экен, андан кутулайын” дейт. А бирок өзү башка элестерге болгон реакциядан улам келип чыккан ар түрдүү элестерден турат. Ушинтип биз айта турган жерге жеттик: байкоочу – бул дагы элес, элестетүү, бирок өзүн бөлүп салып, анан байкоо салып турат. Ар түрдүү башка элестетүүлөрдөн турган байкоочу, өзүн дайымкы, өзгөрбөс көрөт, ал өзү жараткан элестердин ортосунда ажырым, убакыт аралыгы бар. Бул өзү менен элестердин ортосунда конфликт жаратат, ал бул конфликттерди баардык балээлердин себеби катары көрөт, ошондуктан: “Мен конфликттен арылышым керек” деп айтат. Бирок конфликттен арылуу идеясы кайра жаңы элестерди жаратат.

Булардын баарын аңдап-билүү – чыныгы сүкүт чалуу, медитация экенин, башка бардык элестерден турган борбордук элестетүү экенин көрсөтөт, бул борбордук элестетүү, байкоочу катары цензор болот, ал цензор баалайт, чыдайт, ким баш ийдиргиси келсе, күнөөлөп, бүтүм чыгарат, башка элестерге ээлик кылат же таптакыр тыптыйпыл кылып жоготот. Ошол калган элестер – байкоочунун ой жоруусунун, пикирлеринин, корутундуларынын жыйынтыгы, а байкоочунун өзү – бардык башка элестердин жыйынтыгы. Ошентип байкоочу өзү байкалып жаткан объект.

Ошентип, аңдап-билүү акыл-эсибиздин ар түрдүү абалдарын таап алды, ар кандай элестер, ортолорундагы карама-каршылыктар болорун көрдү, чечүүгө мүмкүн болбогон аргасыздык менен конфликт жараларын ачты, ошондой эле акыл-эстин конфликттен качып кутулууга ар түрдүү аракеттерди кыларын баамдады. Мунун баары күмөн санаган, ошол эле учурда өтө сак аң-сезимден улам ачылды. Андан кийин байкоочу өзү байкоодогу объект экенин түшүнүү келди. Муну кайдагы бир жогорку күч, жогорку “Мен”  (булардын баары ойдон чыгарылган элестер) дегендер жок эле, аңдап-билүү өзү ачылыш жасады.

Сен өзүңө: “Жооп уккусу келген жандык ким жана суроо бере турган жандык ким?” деп суроо бересиң. Эгерде бул жандык – ой-жүгүртүүнүн, аңдап-билүүнүн бир бөлүгү болсо, анда ал изилдей да, аныктай да албайт. Аңдап-билүү абалында гана түшүнүү келет, бирок аңдап-билүү абалында дагы эле жанагыл жандык бар болсо, анда ал: “Мен аңдап-билүүчү болушум керек, мен аңдап-билүүнү практика жүзүндө көрүшүм керек” деп турат, — анда бул дагы эле элестетүү болуп калат. Байкоочу байкалып жаткан объект экенин аңдап-билүү – байкалып жаткан объект менен салыштыруу процесси эмес. Өзүңдү башка менен салыштыруу эң оңой. Көпчүлүгүбүз өзүбүздү башка нерсе менен салыштырабыз: үй-бүлөбүз менен, күйөөбүз же аялыбыз менен, улутубуз менен; бул көптөгөн азаптарга, көптөгөн уруштарга алып келет.

Биз азыр таптакыр башка нерсени карап жатабыз, аны биз сөздүн деңгээлинде эмес, а жүрөгүбүздө, кан-жаныбыздын өзөгүндө карашыбыз зарыл.  Байыркы Кытайда дарактын сүрөтүн тартуудан мурда, сүрөтчү көп күндөр бою, айлар, жылдар бою ордунан козголбой олтура берген, анан өзү ошол даракка айлангандан кийин сүрөтүн баштаган. Ал өзүн дарак менен салыштырган эмес, дарактын өзүнө айланган. Бул сүрөтчү менен дарактын ортосунда мейкиндик болбогонун, байкоочу менен байкалып жаткан нерсенин ортосунда мейкиндик болбосун, көлөкөнүн кыймылындагы, жалбырактардын түсүндөгү кооздукту караган эч ким жок экенин айтып турат; сүрөтчү даракка айланып калды, ушундай абалда гана ал дарактын сүрөтүн тарта алат. Байкоочу тарабынан келтирилген кандай аныктоо болбосун, эмнени байкап турганын аңдап-билалбаса, анда ал элестетүүлөрдүн жаңы ирээтин гана түзөт да, алардын туткунунда калат. Бирок байкоочу өзү байкалып жаткан объект экенин билгенде эмне болот?

Шашпай тур, жай жылгандай бололу, анткени азыр биз келе турган жер өтө татаал. Кана, эмне болот? Байкоочу эч кандай кыймыл-аракет кылбай калат. Байкоочу дайыма: “Мен бул элестерди бир нерсе кылуум керек, мен аларды жеңип өтөм же аларга башкача форма берем” дейт, ал байкап жаткан объектиге абдан активдүү  болуп турат, аракет кылып, жалбырттап же жайбаракат кабыл алат, анын кыймыл-аракети жагат же жакпайт дегенден келип чыгып, “Бул мага аябай жакты, мен буга ээ болушум керек, бул мага жаккан жок, мындан дароо кутулбасам болбойт” дейт; бирок качан байкоочу объекттиге карата аракет кылып жаткан объект — өзү экенин түшүнгөндө, өзү менен объекттинин ортосунда конфликт жоюлат. Ал — ушул, андан бөлүнүп калган объект эмес. Буга чейин бөлүнүп калган болсо, анан аны бир нерсе кылгысы келип жатса, эми өзү байкалып жаткан объект экенин түшүндү, эми жагат, жакпайт деген нерсе жок, конфликт жок.

Эми ал эмне кылуусу керек? Эгерде объект өзү болсо, сен болсоң, кантип кыймыл-аракет кыласың? Сен буга каршы чыгалбайсың, качып кеталбайсың, атүгүл көңүлүңө албай коелбайсың; ал бар, ошондуктан “жагат – жакпайт” деген реакциядан келип чыккан кыймыл-аракет дароо токтойт.

Ошондо аңдап-билүү укмуш тирилип алганына ишенесиң. Анын кайсыл бир борбордук тапшырма же элестетүү менен байланышы болбойт, аңдап-билүүнүн бул күчүнөн такыр башкача көңүл буруунун сапаты келип чыгат, ошондуктан аңдап-билүү болгон акыл-эс өзгөчө сезимтал болуп калат жана даанышмандыктын бийик деңгээлине жетет.

Орусчадан оодарган Эрнис АСЕК уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *