«Мыкты котормо» критерийи боюнча конкурсубузда 1-байгеликти жеңген Үмүт Култаева кыргызчалаган чыгарма окурмандар назарында…

Чыгарманын автору жөнүндө кыска сөз

Лу Синь (鲁迅, Lǔ Xùn), кытай адабиятынын тарыхында азыркы кытай адабиятынын негиздɵɵчүсү эсептелет. Ал ХХ кылымдагы улуу жазуучулардын катарында турат. Лу Синь – котормочу, редактор, сынчы, азыркы кытай адабиятында майда жанрды өнүктүргɵн жазуучу жана акын. 1930-жылдан баштап, Кытайдагы солчул жазуучулардын Шанхайдагы лигасын башкарган. Лу Синь солчул идеяны жактырып, партияга өтпөгөнүнө карабастан, Мао Цзедун өмүрү өткөнчө анын күйөрманы болгон.

Лу Синь Шаосин шаарында (провинция Чжэцзян) 1881-жылы 25-сентябрда туулган, ысмын бир нече жолу которгон. Ал туулганда берилген ысым –  Чжоу Чжаншоу (周樟寿),  экинчи аты  — Юшань (豫山),  кийинчерээк  Юцай (豫才) аталган, ал эми дүйнɵлүк адабиятта аны Лу Синь деп билишет. Бул анын адабий псевдоними, Лу энесинин фамилиясынан алынган.

1898-жылы Лу Синь Цзяннань деңиз-аскердик академиясына (江南水師學堂) окууга барар алдында ɵз атын Шужэнь (树人) деп которгон, бул сɵздүн бир мааниси  «билимдүү адам болуу» дегенди түшүндүрɵт экен. Бул окуу жайда эки жыл окугандан кийин темир жолчулардын академиясында (礦路學堂) окуган. Дал ушул окуу жайы Лу Синдин тагдырында зор роль ойногон. Анткени бул окуу жайда чет тилдерди окутууга чоң кɵңүл бурулгандыктан, ал немис, англис тилин үйрөнүп, чет тилдеги көркөм адабиятты окуй баштаган. Ал студенттик кезде эле котормочулук ишин баштап, дүйнɵлүк адабияттан Томас Гекслинин[1] адабияттан «Эволюция жана этика», Джона Стюарт Миллинин[2] «Эркиндик жɵнүндɵ» чыгармаларын, Вальтера Скоттун[3] «Айвенго» романын кытай тилине которгон .

1918-жылы май айында биринчи жолу олуттуу чыгармасы – «Жиндинин күндɵлүгү» (狂人日аттуу аңгемесин Лу Синь деген псевдоним менен байхуа – оозеки сүйлɵшүү тилинде басмадан чыгарат. Бул буга чейин кытай адабиятынын салтында болбогон жаңы чыгарма эле. Чыгарма албетте, катуу сынга кабылат. Бирок жазуучулардын аң-сезимине курч таасир эткендиктен, адабий салттын ɵзгɵрүшүнɵ алып келет. Ошондуктан Лу Синь кытай адабиятынын тарыхында жаңы адабияттын негиздɵɵчүсү эсептелет.

Лу Синди орус синологдору А.П.Чехов менен салыштырышат. Ван Дань «Чехов и Лу Синь: историко-генетические и типологические аспекты» аттуу диссертациясында (1996-жылы коргогон) эки жазуучуну мындайча салыштырган: «Адабият таанууда Лу Синь менен А.П.Чеховдун ортосундагы байланыш кызыгууну эки өлкөдө тең жаратып келет. Россияда Лу Синди кытайлык Чехов атагандар бар, алардын чыгармачылыгында жана адамдык тагдырындагы окшоштуктар таң каларлык: экөө тең медицинадан адабиятка келген, экөө тең реалист-жазуучулар, экөө тең жөнөкөй адамдардын образын түзүп, кыска сюжеттүү аңгемелерди жазышкан, экөө тең  кылдат психолог болгон, экөө тең   иронияга жакын, экөө тең жазуудагы лаконизмди сүйгөн. Ал гана эмес экөө тең учук оорусу (туберкулез) менен ооруган».

Кытай адабиятынын тарыхында биринчилерден болуп каннибализмге каршы чыккан Лу Синдин “Жиндинин күндөлүгү” аталган аңгемесин окурмандарга сунуш кылабыз. Нобель сыйлыгына татыктуу болгон Мо Яндын чыгармаларынын негизги идеяларын эске алсак адам жегичтикти айыптоо кытай адабиятындагы негизги тематикалырдын бири экендигин байкоо кыйын эмес.

Чыгарма биринчи жолу кыргыз тилине которулду жана түпнуска менен тыкыр салыштырылды.

АҢГЕМЕ

I.

Мен азыр фамилиясын унутуп калган Х аттуу бир туугандар биз орто мектепте окуп жүргөнүбүздө жакын досторуман болушкан. Мектепти бүтүп коштошкондон бери арадан көп жыл өтүп кетти, арабыздага мамиле да акырындап үзүлүп калды. Жакында мен капысынан алардын бири катуу ооруганын угуп калдым. Туулуп-өскөн жериме баратып, жолдон аларга кайрылдым эле, алардын бирин гана таптым; улуусу инисинин ооруганын  мага мындайча айтып берди:

“Сиз биз менен учурашуу үчүн бекер узак жол басып убара болуптурсуз. Иним эчак эле оорусунан айыккан, азыр ал белгилүү бош орунга  кызматка дайындалууга кетти”. Андан соң каткыра күлүп эки күндөлүк-дептерди алып чыкты да эски досторго инисинин ооругандагы абалын тааныштыруу ашыкбаш болбостугун айтты. Күндөлүктү алдым да, үйгө келип, андагы жазылгандарды окуп чыккандан кийин оорулуу “шектенүү психикалык оорусунан” жапа чеккен экен деген жыйынтыкка келдим. Күндөлүктөгү окуялар абдан чаташып жазылган, баяндоо иретсиз берилген, мааниси бири-бирине байланышпаган көптөгөн сөздөр кездешет; окуянын күнү да, жылы да жазылган эмес, аларды сыянын түсү менен гана айырмалоого болот, колжазма айтып тургандай, күндөлүк бир жолу жазылган эмес. Күндөлүктөн аздыр-көптүр өз ара байланышы окуяларды тандап алып, бир китепчеге бириктирдим да, врачтардын изилдөөсүнө бермек болдум. Мен бир да сөздү оңдогон жокмун, болгону адамдардын аты-жөнүн гана өзгөрттүм; чынында мындай  өзгөртүү деле эч кандай мааниге ээ эмес, анткени алар көп элге белгисиз эле айылдык адамдар. Ал эми китептин аталышын айыккандан кийин  өзү койгон, аны мен өзгөрткөн жокмун.

Жетинчи жылдын төртүнчү айы, экинчи күн.

Бүгүн кечинде ай ажайып нур чачып турат.

Мен отуз жылдан ашуун убакыт мындай ай нурун көргөн эмесмин. Бүгүн аны көрүп, көңүлүм бир укмуш көтөрүлдү. Бүгүн гана отуз жылдык өмүрүм караңгылык менен чүмбөттөлүп өткөнүн сездим. Бирок абдан этият болууга тийишмин. Жаонун үйүндөгү ит соо эмес… Эмнегедир мени көзү тешилгенче тиктейт.

Менин коркунучумдун  негизи бар…

II.

Бүгүн таптакыр ай тийген жок; бул жакшылыктын жышааны эмес экендигин түшүндүм. Эртең менен акырын дарбазадан чыктым. Жао Гуй-выңдын көз карашы да түшүнүксүз: же ал менден коркот, же мени өлтүргөнгө камынып жатат. Дагы жети-сегиз киши өз ара мен тууралуу шыбырашып жатты. Ошол эле учурда мени байкап калбаса экен деп коркуп турушту. Бүт баары, жолдон мен кимди жолуктурбайын, ушундай эле сезимде болушту. Алардын бири өзгөчө жаалданып турган; мени көрө коюп, оозу айрылганча күлдү. Мени башыман бутума чейин денемди муздак калтырак басты, ошондо мен алардын даярдыгы бүтүп калганын түшүндүм.

Бирок мен чочуган жокмун, жолумду уланта бердим. Алдымда тобу менен бараткан жаш балдар да мен жөнүндө сүйлөп баратышты. Алардын көз карашы да Жао Гуй-выңдикиндей, жүздөрү чоюндай кара. Мен ойлодум: бул балдарга мен эмне жамандык кылдым, мынчалык эмне мени жек көрүшөт? Мен өзүмдү бекем кармап туруп, кыркырдым: “Эй, силерге эмне керек?”. Алар качып кетишти.

Ойлондум: Жао Гуй-выңге мен эмне кылдым, жолдон кезиккен адамдарды эмнеден таарынттым эле; же жыйырма жыл мурда Гу Жиунун көп жылдан бери киреше-чыгаша жазган  китебин тебелеп салганым үчүнбү?  Гу Жиу мырза го менин бул жоругума нааразы болгон. Жао Гуй-вың аны тааныбаса да, ушак жеткен окшойт, ошондуктан ал Гу Жиуга болушуп, жолдогуларды мени жек көрүүгө тукуруп жатпайбы. А балдарчы? Ал кезде булар жарык дүйнөгө келе элек эмес беле; эмнеге алар мени бүгүн таңкалыштуу теше тиктешет? Алар менден коркуп жатышабы же менин көзүмдү тазалаганга камданып жатышабы? Мунун баары мени коркутат, таң калтырат, ошону менен бирге капа кылат.

Түшүнөм. Алардын ата-энелери ушуга үйрөткөн!

III.

Түнү бою уктай албадым. Ар кандай ишти ар тараптан изилдегенден кийин гана түшүнөсүң!

Бул адамдарды жергиликтүү бийлик башчылары баштарына моюнтурук салган, байлар жаакка чапкан, дорголор[4] аялдарын тартып алышкан, алардын ата-энелери эзүүдөн жана сүткорлордун азабынан көз жумган; бирок ошондо да  алардын жүзү кечээгидей коркунучтуу жана каардуу болгон эмес.

Айрыкча мага жолуккандардын ичинен бир аялдын жоругу жолдо калсын; ал өз уулун уруп жатып кыйкырды: “Мен сага көрсөтөм, сенин териңди тескери сыйрыбасам!” Бирок анын көзү баласын эмес, мени теше тиктеп турду. Мен коркунучумду жашыра албадым. Жүздөрүнөн киши жечүдөй мыкаачылыктын жышааны көрүнүп турган. Карап турган адамдар тобу оозу кулагына жеткенче каткырышты. Мага Чэн Бешинчи чуркап келди да үйдү көздөй сүйрөдү.

Үйгө сүйрөп келди… Үйдөгүлөр мени билбегендей түр көрсөтүшөт. Мени тиктегендери баягы эле көчөдөгүлөрдөй. Бөлмөгө кирсем, артыман тоокту же өрдөктү камагандай эшикти шак кулпулап салышты. Эмне болуп жатканын такыр эле аңдай албай койдум.

Мындан бир нече күн мурда Жырткычтар айылынан быйыл жакшы болбой калгандыгын маалымдаганы келген арендатор агама шумдук окуяны баяндады. Анын айылдаштары чогулуп ич ара сүйлөшүп алып, ошол эле кыштакта жашаган бир шумпайды өлтүрүшүптүр; анын жүрөгү менен боорун сууруп алып, өздөрүн баатыр көрсөтүү үчүн кууруп жешиптир. Мен сөзгө аралашмакчы болгондо агам менен арендатор мени бир нече жолу жекире тиктешти. Алардын көз караштары деле көчөдө мени теше тиктеген кишилердикиндей.

Мага бир ой келгенде башыман аягыма чейин денемди калтырак басты.

Ырас, алар адам жей алса, демек, мени да жеп коюшат эмеспи.

Муну ойлогондо төбө чачың тик турат! Баягы “сенин териңди тескери сыйрыйм” деген аялдын кыйкырыгы, түрү суук кишилердин оозу кулагына жеткенче күлгөн каткырыгы, арендатор менен агамдын сүйлөшкөнү – баары бекеринен эмес. Аялдын сөзү – уу, адамдардын каткырыгы – бычак; тиштери аппак, курч, жырткычтыкындай жалаңдап, адам жегенге гана ылайыкташкан сыяктуу.

Менимче, мен арам ойлуу, карамүртөз деле эмесмин, бирок Гу Жиунун киреше-чыгаша китебин тебелегенден кийин ким билет, мындай жыйынтык пикир айтуу кыйын. Болжолу, алар бир нерсени ойлоп жатышат, бирок эмне экенин биле албай жатам. Анын үстүнө алар бир адамга жини келсе эле болду, аны арам ойлуу аташат.

Ар кандай ишти ар тараптан изилдегенден кийин гана түшүнө баштайсың! Илгери адамды көп жешчү: муну мен тарыхтан эстейм, чынында, бүдөмүк. Бул келемтени толуктоо үчүн тарых китебин ачтым, ичинде так дата жок, анын ордуна  ийри-буйру жазылган “боорукерлик”, “адилеттүүлүк”, “жол-жосун”, “адеп-ахлах”[5] деген сөздөр тимеле жайнайт. Баары бир уктай албаган соң, түн ортосуна чейин кунт коюп китеп окудум; бир убакта эле анын саптарынын арасынан “адам жегичтик” чыга келбеспи.

Бул сөз мени шылдыңдап, тирмее тиктеп жекирип турду.

Мен да адаммын, алар мени жегиси келет!

Эртең менен көңүлүм жай гана олтурсам, Чэн Бешинчи кирип келди. Ал мага кайнатылган балык менен бир чыны салат алып келиптир; балыктын көзү аппак, каардуу, оозу жырткычтыкындай ачылган, тактап айтканда, адам жегичтикти ойлогон кечээ мага кезиккен кишилердикине оп-окшош экен. Балыктан таякча менен бир-эки  жедим: илешчээк, бул балыкпы же адамдын этиби – билип болбойт, жүрөгүм айланып кетти.

“Чэн аксакал – дедим мен, — агама айтчы, мен зеригип кеттим, бакка сейилдегим келет”. Чэн жооп бербей чыгып кетти. Бирок ал тез эле кайра келип эшикти ачты.

Мен ордуман козголбой туруп, аларды аңдый баштадым: булар мени эмне кылганы жатат? Билем, булар мени чыгарбайт. Тигине! Мага агам кандайдыр бир карыяны ээрчите акырындап жакындап келатат. Абышканын көзү да каардуу, анысын менден жашыруу үчүн жоошсунуп, көз айнегинин астынан мени ууру тиктейт. Агам мага кайрылды: “Сен бүгүн өзүңдү жакшы сезип турат окшойсуң?”  Мен: “Ооба” – дедим. Агам сөзүн улантты: “Мен доктур Хэни чакырдым, сени көрсүн”. Мен бул абышка терисин тескери кийген желдет экенин билип турсам да: “Макул” – деп жооп бердим. Ал менин тамырымды кармамыш болуп, этимдин майлуулугун текшерип жатты, анткени ага да менин денемден бир бөлүк эт тиет да. Мен корккон жокмун. Мен алардай адам этин жебесем да,  жүрөгүм  баатыр болчу! Мен муштум түйгөн колумду абышкага сундум да, анын ишке кантип киришерин байкап турдум. Карыя олтуруп алып, көзүн жума, көпкө тамырымды кармады; көпкө ойлонду, андан кийин желмогуздай көзүн ачып, мындай деди: “Эч нерсени ойлонбосун, бир нече күн толук тынчтыкта кармагыла, буйруса баары жакшы болот”.

“Эч нерсени ойлонбосун, бир нече күн толук тынчтыкта кармагыла!” Түшүнүктүү: толук тынчтыкта мени кармашса, мен арыктабай турсам, ага да этимдин чоң бөлүгү тиет да; а бирок “баары жакшы болот” дегени эмнеси? Бул адамдар жеткен куу, митайым, алар адамды жегиси келет, ошол эле учурда бул жоругун жашырып, ишке киришүүдөн тайсалдайт – мына кызык тамаша! Мен кармана албай, каткырып жибердим. Өзүмө өзүм ыраазы боло түштүм. Менин күлкүмдө кайраттуулук жана түздүк бар эле.  Менин бул жоругума басыла түшкөн агам менен абышканын өңү өзгөрүп кетти. Мен канчалык кайраттанган сайын алар ошончолук мени жегиси келди, анткени менин кайратым аларга жугуп, дем берип жаткандай. Абышка бөлмөдөн чыгып баратып, эшикке жеткенде агама акырын шыбырады: “Кел, муну тезирээк жеп салалы”. Агам макул боло башын ийкеди. “Демек, сен да адам жегичсиң!”. Бул ачылыш күтүүсүздөн болсо да, логикалуу болчу. Мени жегиси келген топтун ичинде менин өз агам да бар экен!

Менин  агам – адам жегич!

А мен – адам жегичтин инисимин!

Мени жеп салган күндө деле мен адам жегичтин иниси бойдон кала берем.

Акыркы бир нече күндөн бери менин алгачкы божомолум өзгөрдү: айталы, бул абышка башкесердин кейпин кийген желдет эмес, чыныгы дарыгер экен, бирок баары бир ал адамжегич. Алардын устаты Ли Шыжын болжолу, “Тамырлар жана чөптөр” аталган китебинде адамдын этин кууруп жесе болот деп ачык эле айтып жатпайбы. Ошондон кийин бул абышка адам жегичтик менен алектенбейм деп кантип айта алат?

Ооба, мен өз бир тууганыма да бекер жалаа жапкан жерим жок. Ал мага байыркы тексттердин маанисин түшүндүрүп жатып, “балдарды өз ара алмашып алып жегенге болот” дегенди өзү айтпадыбы. Дагы эсимде, кайсы бир жаман адам жөнүндү сөз болгондо, агам, “аны өлтүрүп, терисин сыйрып, талпагын ташка жайып, этин жегенде” туура болмок – деген.  Мен анда кичине элем, коркконумдан көпкө чейин жүрөгүм дүкүлдөп жүргөн.

Мындан бир нече күн мурда  Жырткычтар айылынан бизге келип айтып берген арендатордун шумдуктуу  “өлгөндүн жүрөгү менен боорун жегендиги” тууралуу кебине агам таң калып да койгон жок. Тескерисинче, агам ал сөзгө башын ийкей макул болуп олтурду.

Балким, ал азыр деле мурдагыдай мыкаачы. Ырас, ал балдарды өз ара алмашып алып жегенге болору мүмкүн деп эсептесе, демек, эмнени болсо да алмашып, кимди болсо да жегенге болот турбайбы. Мурда агам акыйкаттык жөнүндө сүйлөсө, мен аңкоолугуман ага ишенет элем, эми мен билем, ал акыйкаттык тууралуу толгонуп жүрүп, оозун адамдын майына булгап алган турбайбы, демек, анын жүрөгү да адам жегичтик жөнүндөгү ойлорго толгон.

Терең караңгылык, билбейм: түнбү же күнбү. Жаонун короосунда кайрадан ит үрүп жатат.

Арстандай мыкаачылык, коёндой коркоктук, түлкүдөй куулук.

IV.

Мен алардын айлакерлигин таптым, дароо өлтүргүлөрү келбейт, ага даай алышпайт, жамандыктын кесепетинен коркушат. Ошондуктан алар бири-бири менен байланышып алып, бардык жерге мени өзү барып түшсүн деп кылтак коюп, тор жайып салышкан. Мындан бир нече күн мурда көчөдө турган аял-эркектерди эстеп көргүлө, агамдын жоругун талдап көрсөңөр эле буга жүз пайыз ишенесиңер. Мен үчүн баарынан жакшысы – курумду чечип, устунга арта салып, муунуп алышым керек, ошондо алар күнөөлүү болушпайт да, жашырын максаттары орундалып, кубанычка баткандан каткыра күлүшөт. Андан да жакшысы – мен коркконумдан же кусалыктан өлүшүм керек, мындай болгондо менин этим анча семиз болбой калат, бирок алар баштарын ийкеңдете бул жоругумду колдошот.

Алар адамдын атын жегенди гана билишет! Эсимде, китепте айтылгандай, жалаң өлүмтүк жеп жашаган гиена деген жырткыч айбан бар. Айбан абдан жийиркеничтүү, айрыкча – көзү. Өлүмтүктүн эң чоң сөөктөрүнө чейин майда чайнап жутат. Аны ойлогондун өзү – коркунучтуу. Бул жырткыч карышкырлардын тукумунан чыккан, а карышкырлар болсо – иттер тукумунан чыккан. Үч күндөн бери Жаонун короосундагы ит мени бир нече жолу тиктеди, анын тигилер менен ою бир экени ачык. Сен мени алдай албайсың, абышка, жер тиктемиш болбой эле кой.

Өзгөчө мен агамды аяйм. Ал адам го, эмне үчүн кымындай да коркуп койбойт? Анысы аз келгенсип, мени жеш үчүн кескилер тобуна кошулдубу? Бул эмне – адам жеген күнөө эмес деген эски саркынды адатпы же  адам кылмыш аң-сезимдүү кылмыш жасоого жөндөмдүү болгондо абийирин такыр жоготуубу? Мен адам жегичтерге каргыш айтам, баарынан мурда агама. Мен аны адам жегичтиктен куткарып алышым керек, бул ишти агаман баштайм.

V.

Чынын айтканда, айтылган далилдер, аларга түшүнүктүү болууга тийиш.

Капысынан киши келди: кейпине караганда жыйырма жашта, андан көп эмес. Аны жакшы деле карай алган жокмун. Жылмаюга жалжая, мага баш ийкеди. Жылмаюсу жасалма. Мен сурадым:

— Адам жегичтик туурабы?

Ал мурункудай эле жылмаю менен жооп берди:

— Азыр ачарчылык эмес да, эмнеге адамды жеш керек?

Ошондо мен түшүндүм, бул да жанагы кескилер тобунда экен, бул да адам жегенди жакшы көрөт. Менин кайратым жүз эсе көбөйдү, аны сынай баштадым: “Адам жегичтик туура ишпи?”

—  Аны эмнеге сурайсың? Тамашакөй экенсиң… Бүгүн аба ырайы эң сонун.

Аба ырайы чынында эле жакшы болчу,  ай жарык нур чачып турат.

— Жок, сен мага жооп бер: “Туурабы?”

Ал кыңырылды. Канткен менен да кыйылып, жооп берди:

— Жо…

— Туура эмеспи? Анда эмне үчүн адам жешет?

— Андай болушу мүмкүн эмес…

— Мүмкүн эмеспи? Жырткычтар айылында ачык эле жеп жатпайбы; ал аз келгенсип, бардык жерде китептерге жазылган.

Анын өңү өзгөрүп кетти, жүзү түнөрүп, чоюндай боло түштү. Мени тирмее тиктей мындай деди:

— Болсо болгондур. Байыртан болуп келген.

— Байыртан болуп келсе, демек, туура турбайбы?

— Сени менен талашкым келбейт. Бирок сен мындай сүйлөбөчү; күнөөлүү болуп калып жүрбө!

Таң калуудан көзүм ачыла, атып чыктым, ал адам изи менен жоголду. Мени кара тер басты. Ал менин агамдан бир топ эле жаш, ал да кескилер тобуна кошулат деп ойлогон жок элем. Албетте, бул жаман жорукка ата-энеси үйрөткөн. Коркконум, эми ал өз уулун үйрөтө баштайт; ошону үчүн балдар мени жек көрүп карап жатпайбы.

VI.

Адам жешет, кайра бизди да башкалар жеп салабы деген ой менен бирин-бири шектене карап коркушат…

Алар ушул жаман ойдон баш тартышса, кандай жакшы бейпилдик болот эле, анын ордуна өз иштерин жасашпайбы, сейилдеп, тамак ичип, уктап… Ал үчүн анча чоң эмес тоскоолдукту аттап өтүү керек. Бирок алар адамжегичтердин тобун уюштуруп алышкан, ал топто: аталар, балдар, бир туугандар, жубайлар, достор, мугалимдер, душмандар жана таптакыр тааныш эмес кишилер бар. Алар бири-бири шыкакташат, ал эмес өлүм алдында да тоскоолдукту аттап өтүүнү каалашпайт.

VII.

Эртең менен эрте агамды издеп жөнөдүм: ал короодо табигатка суктанып турган экен; мен анын артына барып жайбаракат токтодум да,  эң эле сылыктык менен ага кайрылдым:

— Байке, мен сизге бир нерсе айтышым керек.

— Айта гой, – деп башын ийкей мага бурулду.

— Мен сизге бир-эки ооз сөз айтмакмын, бирок айта албай жатам. Байке!

Балким, башында бүткүл эле жапайылар адамдын этин аз болсо да таткандыр. Кийин ишенимдердин ар түрдүүлүгүнөн улам айрымдар андан баш тартышты,  пикирлерин тазарта өнүктүрүп адамга айланышты, чыныгы адам болушту, башкалар болсо мурункудай эле адамжегичтик менен алектенишет. Баары курт сыяктуу: айрымдары балыкка, кушка, маймылга айланууга өздөрүн өнүктүрүп олтуруп, акырында адам болушту, башкалары өздөрүн өнүктүрүүгө аракеттенбей, бүгүнкү күнгө чейин курт бойдон калды. Жадагалса курт да маймылга салыштырганда, адамжегичтерди адамжебегендерге салыштыргандагыдай пас эмес.

Мен баламды бышырып Жие жана Жоуго жегенге бердим деген нерсе байыртан калган. Асман жерден бөлүнгөндөн бери,  Йи Я уулдарын жегенден бери, андан Шү Шилинге чейин, адам желгенин ким билет, Шү Шилинден азыркы эле. Жырткычтар айылындагы окуяга чейин канча адам желгенин ким билет? Өткөн жылы эле шаарда кылмышкерди өлтүргөндө,  кандайдыр бир кургак учук менен ооруган адам  кылмышкердин канына токочту малып, аны жалаган.

Алар мени жегиси келип жатат, албетте, аларды  сен жалгыз болгондуктан, токтотууга алсыз болуп турасың. Бирок сен ал кескилердин тобуна эмне үчүн кошулдуң? Адам жегичтерден жакшылык күтпө! Ырас, алар мени жегенге барышса, сени да жешет, андан кийин бирин-бири кемирет. Адамдар ортосунда бейпилдик болсо эле мындай жаман ишти оңдоого болот эмеспи. Мейли, ушул мезгилге чейин мындай жаман ишке каршы турууга мүмкүн болгон жок дейли, бирок биз болгон күчүбүздү жумшап, өзүбүздү өркүндөтүүгө эмне үчүн болбосун; айтчы, бул эмне мүмкүн эмеспи? Байке, сенин оюң боюнча, бул мүмкүн эмес экенине ишенем; мындан бир нече күн мурда арендатор аренда акыны төмөндөтүүнү суранганда, сен ага макул болгон жоксуң.

Байкем адегенде салкын жылмайды, бирок менин сөзүмө жараша, анын көз карашы жаалданды, мен алардын жашырын ойлорун ашкере кыла баштаганда, жүзү түнөрүп кетти.

Дарбазанын сыртында топтошкон адамдар турат: алардын ичинде Жао Гуй-вың ити менен жүрөт. Алар моюндарын созуп, кире бериште тыгыла бир нерсеге кызыга тиктешет. Айрымдары беттерин чүмбөттөп алгансып жүздөрү көрүнбөйт, башкалары, баягыдай тиштерин арсайтып, өңдөрү түнөрөт. Алар эриндерин жаба албай жалжайышат. Билем, алардын баарынын көздөгөнү бир, баары адам жегичтер. Бирок алар ар түрдүү ойлонушат: айрымдары байыркыдай эле адам жегиси келет; башкалары адамды жегенге болбой турганын түшүнөт, бирок жегенди каалашат. Бир гана жашырын сырлары башкаларга билинип калгандан коркушат; ошондуктан менин сөзүмдү укканда  кыжырлары кайнап, ооз ачпай,  мыскыл күлгөндү улантышат.

— Жоголгула! Жинди болгон адамдын эмнесине кызыгасыңар! Ушу жакшы нерсеби!

Ушул жерден мен алардын дагы бир айлакерлигин аңдадым. Алар оңолгонго аракет кылгандын ордуна мени жинди деп бир жакка тыгып салгылары келет. Качан гана алар мени жегенде, баары жайына келет, андан калса алар менен тилектеш болгондор да табылбай койбойт. Дал ушундай жагдай тууралуу арендатор айтпады беле. Иш ойдогудай баратат.

Чэн Бешинчи да мага ачуулангандай чуркап келди. Бирок бул адамдар канчалык менин оозумду жапканга аракет кылбасын, аларга айткым келет: “Тообо кылууга али да кеч эмес, чын дилден тообо кылгыла! Билгиле, келечекте бүт аалам адам жегендерди жек көрөт. Силер оңолбосоңор,  өзүңөрдү, бириңди да калтырбай жеп салышат. Силердин тукумуңар канча көбөйбөсүн, чыныгы адамдар, мергенчилер карышкырды кыргандай, силерди тукум курут кылат. Курттарды жоготкондой жоголосуңар!”

Чэн Бешинчи баарын кууп жиберди. Байкем да бир жакка кетип калды. Чэн Бешинчи мени бөлмөгө кирүүгө көндүрдү. Бөлмөдө – түпсүз караңгылык. Шыптагы устундар төбөмдө термеле баштады; бир аз термелип туруп, андан соң чоңое кетти… Үстүмө урап түштү…

Адам чыдагыс оордук, кыймылдай албайм: алар менин өлүшүмдү каалашат. Бул оордук чыныгы жүк эмес экенин түшүндүм да, эптеп суурулуп чыктым. Кандай гана болбосун аларга айткым келет: “Тезирээк тообо кылгыла, чын дилден тообо кылгыла!  Билгиле, келечекте бүт аалам адам жегендерди жек көрөт…”

VIII

Күн да чыкпай калды, эшик да ачылбайт. Күнүнө эки маал тамак беришет. Мен колума тамак жей турган таякчаны алдым да капысынан байкемди эстедим: билбейм, ал кичинекей карындашымдын өлүмүнө жалгыз өзү себепкерби. Эмдигиче карындашымдын элеси көз алдымда турат. Кебетеси жакшынакай жана муңайым болчу. Анда ал болгону беш жашта эле. Апам тынымсыз өксөп ыйлаганда байкем аны сооротуп жаткан; балким, карындашымды өзү жеп алган, ошондуктан апамдын көз жашы анын абийирин кыйнап жаткандыр. Бирок ал абийирдин кыйноосун сезе алабы…

Карындашымды байкем жеген: билбейм,  бул шумдук апама белгилүүбү?

Менимче, белгилүү, бирок апам эч нерсе айткан жок, болгону ыйлай берди – болжолу ушундай болууга тийиш деп эсептеди көрүнөт. Эсимде, мен беш жашта белем же андан да жаш белем, эшиктин алдында кечки салкынга ыракаттанып олтурганымда, ошондо байкем айткан: эгер ата же эне ооруп калса, алардын уулу өз денесинен бир кесим эт кесип алып, аны бышырып  ата-энеге жегенге сунуштоо керек, ошондо гана ал перзентти жакшы уул атаганга болот. Апам бул сөзгө каршы болгон эмес. Демек, бир кесим этти жегенге мүмкүн болсо, бүтүндөй кишини жегенге болот эмеспи… Эмдигиче апамдын ошондогу ыйлаганын эстесем, жүрөгүм сыздап кетет. Чындыгында бул таң калыштуу!

IX

Ойлонгонго алым калбай калды. Бүгүн гана төрт миң жылдан бери адам жеген коомдо жашап жатканымды түшүндүм; карындашым өлгөн кезде улуу байкем үйдөгү чарбаны өзү тейлечү, балким, бизге билгизбей анын эти менен бизди тамактандырбаса болгону.

Балким мен ошондо өзүм билбей карындашымдын этинен бир нече кесим жеп алгандырмын, азыр болсо мага да кезек келип олтурат.

Мен төрт миң жылдан бери адамжегичтик тарыхы бар коомдун мүчөсү, азыр гана чыныгы адамды табуу кандай кыйын экенин түшүнүп олтурам.

X

Балким, кишинин этин жей элек балдар бардыр?

Ушундай балдарды сактап калгыла!

1918-жыл, апрель айы.

(Кытай тилинен которулду)

[1] Томас Гексли – англиялык зоолог, Чарлз Дарвиндин теориясын ɵнүктүрүүчү окумуштуу (1825-1895).
[2] Джон Стюарт Милль – британиялык  философ, экономист, саясый ишмер (1806-1873).
[3] Вальтер Скотт —  англиялык жазуучу, акын, тарыхчы, адвокат, негизи шотландиядан чыккан (1771-1832).
[4] Дорго – моңгол сөзү, бийлик буйругун аткаруучулар. С.Орозбаковдун вариантында: «Алты дорго чакырды, ар тарапка чаптырды» – деп айтылат.
[5] “гумандуулук”, “акыйкаттык”, “мораль”, “боорукердик”.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *