«Мыкты котормо» критерийи боюнча конкурсубузда 2-байгеликти жеңген Адилет Шадыканова кыргызчалаган чыгарма окурмандар назарында…

АҢГЕМЕ

Капастагы кичинекей чымчык кусалыкка жык толгон көздөрү менен тийип турган күн нурунан көзүн тартып алалбай тигиле тиктеп отурду. Өзүн маданияттуу жарандардан деп эсептегендердин биринин үйүндөгү капаста кооздук үчүн кармашкан ырчы, сайроочу куштардан эле ал чымчык.

Көгүлтүр мейкиндикте көз тайгылткан көгүлтүр тоолор созулуп жатты. “Бул тоолордун аркы бетинде түштүк жатат”, — деп ойлоду ошол жакты телмире тиктеген кичинекей чымчык. “Мен бир гана ирет ал жакка учуп көргөнмүн. Андан кийин бир да жолу эч жакка учпадым.”

Ат туягын түлөткөн, куш канатын талыткан алыскы тоолор ага аябай жакындай көрүндү. Кусалык жана эркиндикти эңсеген сагыныч алыстагы тоолорду капастын темир торуна жакындатып койду. “Тоолор ушунчалык жакын эле жерде”, — деди кичинекей чымчык. “Эгерде ушул темир тор жок болсочу! Капастын эшиги жок дегенде бир жолу ачылсачы! Бир эле жолу! Ошондо менин башыма Күнүм туумак, аягыма Айым туумак, эки-үч ирет күүлөнтө канат кагып, көгүлтүр тоолордун наркы тарабына учуп жетмекмин.”

Дал ушул маалда каркыра-турналар алыска сапар тартып бараткан эле. Күздүн салкын абасында алардын аянычтуу үндөрү аянычтуу да, азгырыктуу да жаңырып турду. Бул түштүккө, жылуу жакка  жөнөйлү деген чакырык болчу.

Анан алар көз тайгылткан көгүш тоолордун ары жагында көзгө илээшпей, абага сиңип жок болуп кетишти… Кичинекей чымчык ошондо катуу күүлөнүп барып капастын торуна бир урунду…

Кыш түштү да, кичинекей чымчыктын деми сууп, тынчып, жоошуп калды. Кар жаап, күн сууганда баягы көгүш тоолордун түсү түнөрө түштү. Түштүккө кетчү жолду кычыраган кышкы аяз менен бозоргон туман каптады.

Көптөгөн кыш, көптөгөн жай өттү. Көптөгөн жылдар өттү. Баягы тоолор бирде көгөрүп, бирде түнөрүп, ар бир жыл мезгили өзгөргөн сайын алар да өзгөрүп турду. Келгин куштар түштүктөн кайтып келип жатышты, анан кайра түштүккө учуп кетишти. Кичинекей чымчык темир тор ичинде качандыр бир учурда келүүчү бактылуу мүнөтүн көзү чачырап күтүп жүрдү.

Күздүн чайыттай ачык бир күнү эле. Ошол күнү капастын эшиги ачык бойдон калды. Көрбөй, байкабай, билбестик менен ачык калтырышыптыр. Өз каалоосу менен билип туруп адам баласы андай кылбас. Көздөн учкан, көптөн күткөн күнү келди! Көктөн тилегени жерден табылды. Абдан катуу толкундап, кубанычы койнуна батпай, кичинекей чымчыктын муунун майда калтырак басты. Абайлап, шырп алдырбай акырын сыртка зуу койду да, жакын өскөн даракка конду. Айлана-тегерекке көз чаптыра карап, дел болуп, дендароо тартып турду. Көкөйгө көк таштай тийген бул тегеректе калгысы келген жок.

Көгүлтүр мейкиндикте көз тайгылткан көгүлтүр тоолор созулуп жатты. Бирок азыр алар алыста жаткандай сезилди. Көп жылдан бери темир тордун нары жагында кыймылсыз калган анын канаттары үчүн бул тоолор алыстык кылат эле. Ошондой болсо да “жатып өлгөнчө атып өл”, — дейт эмеспи. Күткөн күнү келди да!

Кичинекей чымчык бүт болгон күчүн жыйнап, катуу кайраттанып, көгүш тоолордун артындагы көздү кызыктырып, жүрөктү дегдеткен алыскы түштүктү көздөй учуш үчүн канаттарын кенен, кере жайып сермеди. Бирок ал кийинки бутактан алыска жетпеди. Далай жылдан бери кагылбаган канаттары күүдөн тайып, күчтөн кеткенби же чымчык өзү күч-кайраттан жанганбы? Аны түшүнө албады. Көгүш тоолор эми ал үчүн алыста, ат туягын түлөткөн, куш канатын талыткан тээ алыста эле…

Ал шырп алдырбай, акырын кайра капаска кирди.

Дал ушул маалда каркыра-турналар кайрадан алыска сапар тартып бараткан эле. Күздүн салкын абасында алардын үндөрү аянычтуу да, азгырыктуу да жаңырып турду. Бул түштүккө, жылуу жакка жөнөйлү деген чакырык болчу. Анан алар көз тайгылткан көгүш тоолордун ары жагында көзгө илээшпей, абага сиңип жок болушту.

Көздөрү менен аларды узата караган кичинекей чымчыктын башы ылдыйга шылк этти. Шылкыйган башы канаттарынын алдына катылды.

Күткөн күндүн бүткөн күнү ушул күн эле. Жеткен учурдун өткөн учуру эле.

(Немис тилинен которулду)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *