«Мыкты котормо» критерийи боюнча конкурсубузда 2-байгеликти жеңген Эрнис Асек уулу кыргызчалаган чыгарма окурмандар назарында…

АҢГЕМЕ

Эгерде сага шахмат ойногонду сунуш кылышса, эч качан: “билбейм” деп айта көрбө. Андан көрө: “Билем, бирок көңүл чаппай турат” деп койгонуң оң. Бул алтын эрежени эми мен жакшы билем. Бирок баягыда!..

Мен паркта гезит окуп, тынч олтурсам, бейтааныш киши жаныма басып келди. Көзүндө ушундай бир куса бар экен дейсиң, а колтугунда – шахмат тактайы.

— Ойнойлубу? – өтүмсүз суроо узатты; менин баш тартаарымды билип тургансыйт тимеле.

— Билбейм!

— Кандайча? – секирип кете жаздап, мени асмандан түшкөн немедей карады. Кебетесинен чын ыкласы менен таңгалганы көрүнүп турду, бирок кирпик каккыча жүзүндө жапайы кубаныч пайда болду, — Билбейм деңизчи? Чоң жигит, заматта үйрөтүп коем. Ар бир интеллигент сөрөй шахмат ойногонду билүүгө тийиш! – Тактайын жайды. – Бардык улуу адамдар бул мыкты оюнду билишкен жана ойногонду жакшы көрүшкөн!

Мен баш чайкамыш болуп бараттым эле, акыркы аргументинен кийин макул болдум. Менин жаңы таанышым ак жана кара таштарды тизип жатып, шахмат тарыхына да баш багып кетти. Аны Индияда ойлоп табышканын билдим, анан дагы жүрөк түшүргөн бир нече ысымдар тизмеленди: Капабланка, Эйве, анан кичине таанымал – Чигорин, Алехин, акыры атактуу — Ботвинник, Смыслов.

Саал токтоп калды да, кайра суроо узатты:

— Эч качан, бир да жолу ойноп көрбөгөнсүңөрбү?..

Мен колумду жаңсамыш болдум, ал сөзүн улантты:

— Эх-хе! Сыртыңыздан акыл-эстүү жигит көрүнөт экенсиз… Эч нерсе эмес, бул калпыстыкты да оңдойбуз. Кана… тактайда алтымыш төрт чатыраш бар…

Мен тез-тез чатыраштарын санап жибердим – чындап эле, алтымыш төрт.

— Кыйналбай, сегизди сегизге көбөйтүп коюңуз, — кеңеш бергенсиди. Көбөйттүм. Туура, дагы алтымыш төрт болду.

— Өлө го?

— Жүз чатырашы бар тактайлар болот, бирок ал шашки үчүн.

— Шашкини жакшы билем, — мактаныч көөдөнүмдү тепти.

— Бул ташты – ладья – кайыкча деп коет.

— Мобул мунарага окшошпу?

— Ооба. Ал туурасынан жүрөт. Түшүнүктүүбү? Ал эми ат – “Г” тамгасы менен жүрөт.

— Болгонубу? Аз го? Мен Индияда жашаганымдабы, бирөөсүн, мисалы, “Ы” тамгасы менен жүргөндөй кылат элем! – тамашам орунсуз болуп калды окшойт, бирок шеригим шаңкылдап күлүп койду да, каадалуу сөзүн улады.

— Бул пил. Ал диагонал менен жүрөт.

— Мобул чоң пешкабы?

— Ии!.. Бул король, бул – ферз.

— Анда королева каякта? – абдан олуттуу суроо узаттым, билип-билбегенимди мээмде калчап көрүп.

Шеригим ызаты менен жылмайды:

— Ферз – королева да. Ал туурсынан да, тигинен да жүрө берет.

Түшүндүргөнүнө ыраазы болбодум. Чын айтам! Королева – “женский род”, а ферзчи? Бирок бир бечара көрүнгүм келбей, бардык түшүндүрмөлөрүн унчукпай кабыл алууга туура келди.

Ал колдорун ушалап – эртерээк оюнду баштап, мени уткусу келип турат. Утаарында шек жок дечи. Менин деле кылым кыйшайган жок. Мени терминдер менен атаандашымдын “билими” чочутуп койду. Мага ал Капабланкадан да коркунучтуу көрүнө баштады, көңүлүм көчкөн журтай эле чөктү, кебетем – ачыган айрандай эле.

— Тэ-ээк, — деди ал, — е2-е4. Классикалык башталыш деп коет муну.

Ушул учурда мени сактап кала турган бир ой келди: кандай жүрүш кылса, ошону кайталай берүүнү чечтим.

— Мен дагы классикалык жүрүш жасайм: е2-е4, — деп “шаңк” эттим да, пешканы түртүп койдум.

Бир нече жүрүштөрдөн кийин атаандашым байкап калды.

— Кечиресиз! – деди ал. – Менин жүрүшүмдү кайталап жатасыңар! Болбойт мындай!

Билип койду, бирок актана баштадым.

— Коюңузчу! – дедим калп эле. – Сиздин жүрүштөрдү караганым жок. Керек болсо, ишим да жок. Ойлонуп эле жүрүп атам.

Бирок атаандашым бул куулугумду кечиргенге даяр эле, кантсе да бир нече мүнөт ырахат тартууладым да. Ананчы – утаарын билип ойноп жатсам! Ким жыргабасын?!

— Мейли анда, — деди да, менин кичинекей пешкамды алып, ордуна чоң пешканы коюп койду.

— Эмне кылып жатасыз? – дедим аны шектүү карап.

— Пил менен пешкаңызды чаптым!

— Эмнеге?

— Жолумду тосуп жаткан!

— Аа, ошондойбу! – мен пешкам менен аттап барып пилин чаптым.

— Антип жүргөнгө болбойт! – деди өктөм – Бул туура эмес!

— Кандайча туура эмес? Сиздин пешка да мага тоскоолдук кылып жаткан! Ошол үчүн мен аны жеп алдым!

— Анда фук үчүн да ала баштайсызбы? – атаандашым кытмыр күлдү. – Ордуна коюңуз! Келгиле, эреже менен ойнойлу!

— Жинди оюн го: пешкаң менен каалагандай жүрө албаган кандай болсун?!

Айла жок – таштарды алмаштырдым, тиги, мунарага окшош немесин.

— Минткен болбойт! – шеригим кыйпычыктай баштады. – Бул эрежеге жатпайт. Минтип ат жүрөт! Эрежеге жатпайт!

Мен атайын кылганымды билип эле турат, бирок мени кумар ээлеп алды, аны менен кошо көк беттигим кармады да, дароо суроо узаттым:

— А эмнеге сиздин эрежеңиз гана туура, муну кайдан алдыңыз?! Эмне, бардык эрежелерди билесиңерби? Менин бир шахматист таанышым бар, ошол айткан, кээде мунара, керек болсо, аттай болуп жүрө алат!

— Анда таанышыңыз ойногонду билбейт экен! – деди ал өзүн кармап.

Мен жок таанышымды коргой баштадым.

— Ойногонду билбейт? – нааразы боло түштүм. – Алчы, ээ, бир учурдагы сеанста Таль менен ойноп, королун жеп койгон. Түшүнүктүүбү? Жеп кой-гон!

— Королду жебейт, — деп ладьяны ордуна койду.

Көңүл чөгүп, тактайды карабай туруп, жүрүш жасай салдым.

— Эмне кылып жатасыз? – көзү алайып кыйкырып жиберди. – Бул деген… Бул деген… – сөз да таппай калды.

— Эмне? Дагы оюн эрежесине жатпайбы? – сүрдүү “борк” эттим, оюнду токтотууга даяр элем.

— Жо-ок! Бирок… – мен бир тантыган жүрүш жасасам керек, эч логикасы жок жүрүш анын чабуулун тосуп койгондой. Муну дароо сездим да, ушинтип уланта берүүнү чечтим.

— Минтип эч ким жүрбөйт! – атаандашым тимеле кайнап кетти.

— Эч ким жүрбөсө, мен жүрөм! Меники кара таштар. Кандай кааласам, ошондой жүрөм!

Ал үстөлдү айлана баштады. Кайра олтурат, кайра турат, кыйкырат, мен болсо тактайды карабастан, салкын кандуу жүрүш жасап коем.

— Мен сизге ферзимди салып берип жатпаймынбы! – тимеле онтоп ийди.

— Мага ферзиңиздин кереги жок!

— Ой, бул сизге пайда да!

— Аны өзүм билем!

— Эмнеге мунара менен жүрдүңүз?.. Чоң пешка кайда кетти? – ал менин терминдеримди пайдалана баштаганын байкабай калды. Акыры жалынып жиберди: — Келиңиз бир нече фигураларыбызды алмашабыз, бул хаосту токтотпосок болбойт!

— Жок! – деп так кесе айттым да, королду алдыга жылдырдым.

Бир аз ойлонду да, менден пайда чыкпастыгын түшүндү көрүнөт, таштарды аралаштырып, калчылдаган колу менен сала баштады: “Ушундай да болот экен, ээ, ой,тобо!” — деди да коштошпостон кетип калды. Согуш майданы меники! “Кызыктуу оюн экен” деп суктанып алдым, анан ойго бир нерсе “кылт” этти, бир нече күндөн кийин колтугума шахмат тактайын кысып, паркта олтурган жаныңызга басып барып, минтип сурап калышым мүмкүн:

— Ойнойлубу?

— Билбейм да! – дейсиз сиз.

— Ой, эч нерсе эмес, заматта үйрөтөм!  — дейм…

[ 50-жылдардын соңу]

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *