НОВЕЛЛА

1

Түн. Морито улам асмандагы айды карап, жерге төшөлгөн жалбырактарды басып жүрүп, катуу ойго батты.

Ал өзү менен өзү сүйлөшүп жатты:

“Мына, ай да чыкты. Дайыма айдын чыкканын абдан күтөм, а бүгүн жарыктан коркуп турам. Буга чейин кандай болсом, ошондой болуп келип, анан бир түндүн ичинде жексен болом, эртеңки күндөн тарта киши өлтүргөн жаналгычка айланам, бүт денемди калтырак басып турат. Ушул колдорум канга боелот! Өзүмө-өзүм наалат айтып каламбы?! Жек көргөн кишимди өлтүрсөм, мынчалык азап тартпайт элем. Бирок бүгүн түнү эч кандай жек көрүүм жок адамды өлтүрүшүм керек.

Аны сыртынан көптөн бери тааныйм. Аты – Ватару Саэмондо дзё – экенин эми билип жатам, эркек үчүн назик көрүнгөн жүзүн качантан бери көрүп жүргөнүм эсимде жок. Кэсанын күйөөсү экенин билгенимде, чынымды айтайын, мени кадимкидей кызганыч ээлеген – бул кашкайган чындык. Бирок ал кызганыч жүрөгүмө из калтырбай, тез эле кетип калды. Ватару – сүйүүдөгү атаандашым болсо да, ага болгон кыжырым жок, жек көрүүм жок. Жок, тескерисинче, боорум ооруп турат. Кэсанын жүрөгүн багындыруу үчүн Ватару кандай аракеттерди кылганын угуп, ага болгон сыйым пайда болуп, ал жөнүндө жылуу пикирде калдым. Кэсаны аял кылып алууга умтулуп, атүгүл танка жазганды үйрөнгөнүн карабайсыңбы? Бул чыныгы самурайдын сүйүү ырларын жазып жатканын элестетип алып, аргасыз жылмаям. Бирок бул шылдың кылган жылмаюу эмес. Аялга жаккысы келген кишинин аракети кайдыгер калтырбайт экен. Анын мындай аракети сүйүүүгө багынган мени да канааттандырып жатат, анткени ал мен сүйгөн айымга жаккысы келип жатпайбы.

Бирок Кэсаны мен канчалык сүйөм, минтип айтууга акым барбы? Кэсага болгон чексиз сүйүүм эки мезгилге бөлүнөт: азыркы жана мурдагы. Кэса Ватаруга башын байлап койгонго чейин аны сүйүп жүрдүм. Же сүйөм деп ойлочумун. Азыр ойлосом, а кезде мен таза болбопмун. Кэсадан эмне каалачу элем? Аялды көрбөгөн жаным, болгону аны менен жаткым келчү. Көбүртпөй-жабыртпай айтсам, Кэсага болгон сүйүүм – бул жанагыл кыялымды кооздогон сезим гана болчу. Айткандарымды ырастап айтсам: Кэса менен жолукпай калгандан кийин, чындап эле аны үч жыл бою унута албай койдум, бирок денесине гана ээ болсом деген кыязда гана эстеп жүрдүм беле десең? Канчалык уялбайын, бирок өзүмдүн бул суроомо түз жооп берсем: ооба, ошондой кыязда гана унуталбай жүрдүм. Кийин байкасам, Кэсага болгон сүйүүмдүн бир топ үлүшүн ошол денесине жетпей калган арманым ээлеп жүрүптүр. Ушундай сезимдердин алдында жанчылып жүрүп, өзүм корккон, өзүм күтүп жүргөн мамилеге бардым. “Эми эмне болду? – деп кайра өзүмө-өзүм собол таштайм. – Чындап эле Кэсаны сүйөсүңбү?”

Бирок бул суроого жооп берүүдөн мурда, кээ бир жагдайларды эскерүүгө туура келет. Үч жыл көрүшпөй жүрүп, анан Ватанабэ көпүрөсүнүн жанындагы өлгөндөрдү акыркы сапарга узатуу кызматынан Кэсага жолугуп калдым, жарым жыл жанын койбой, жекеме-жеке жолугууну суранып жүрдүм. Акыры тилегиме жеттим. Жолугуп гана тим болбостон, денесине да ээ болдум. Бирок анын денесин каалап жүргөнүм үчүн эле жата калдым деп айта албайм. Коморагаванын үйүндө бир бөлмөдө Кэса менен олтуруп, аны менен жаткым келгени алсырап, мурдагыдай болбой калганын байкадым. Балким буга чейин башка аялдар менен жатып жүргөнүм үчүн ошондой болдубу? Бирок анын себеби өтө маанилүү: Кэсанын кейпи кете түшүптүр. Чындап эле азыркы Кэса үч жыл мурдагыдан таптакыр башкача болуп калыптыр. Жүзүндө баягыдай жарык жок, көзүнүн алды шишип кеткен. Назик беттери, элжиреткен ээги, бири да жок. Өзгөрбөгөнү эле, менимче, тике караган бийликчил кара көздөрү. Мындай өзгөрүү жашыруун кыялыма катуу сокку урду. Үч жыл көрүшпөй жүрүп, анан Кэса менен жекеме-жеке жолукканым азыр да эсимен кетпей турат, кебетесине ушунча таң калган экем, көзүмдү ала качып жибердим.

Анда эмнеге мурдагыдай каалоом болбосо да, Кэса менен жаттым? Биринчиден, мен анын денесине сөзсүз ээ болушум керек эле. Биринчи жолукканда Кэса атайын кечке эле Ватаруга болгон сүйүүсүн айтып туруп алды. Айткандары жалган экенин кадимкидей сездим. “Бул аялды күйөөсү менен бир гана сезим кармап турат – ал көйрөңдүк, менменсинүү” дедим ичимен. “А балким боору ооруп кетпесин деп, атайын ушинтип айтып жатабы?” деп да ойлоп кеттим. Анан анын жалган айтканын ого бетер ачыкка чыгаргым келип жатты. Бирок менден эмнеге Кэсанын айткандарын жалган кылып жатасың деп сурап, мындай ойлогонуң – бул бир гана сенин өзүңө болгон чексиз сүйүүң деп айтышса да, мен ага каршы болбойт элем. Бирок баары бир Кэсанын айткандары жалган болчу. Азыр да жалган сүйлөгөн деп айталам.

Ал учурда аны менен жатайын деген кыялым гана мени ээлик кылган жок. Андан тышкары… азыр айта салсам, бетим тим эле кызарып кетет болуш керек? Андан тышкары мени бир гана каалоо сезими ээлеп жатты. Бул Кэсанын денесине жетпей жүрөм деген арман сезим эмес. Жок, ушундай бир пас сезим болду десең, ушул аялга жетейин, жатайын деген деле эмес, бул каалоо үчүн каалоо болду да. Атүгүл бир шуркуяны сатып алган эркектанада мынчалык пас сезим болбойт.

Кандай гана болбосун, айтор Кэса менен акыры жаттым. Же, тагыраак айтсам, Кэсаны уят кылдым. Эми тээ башында өзүмө-өзүм берген суроого кайрылсам… Жок, Кэсаны сүйдүм беле деп өзүмөн сурап эмне кылам? Керек болсо кээде Кэсаны жек көрүп кетем. Өзгөчө баары бүтүп, ал төшөктө ыйлап жатканда өйдө кылып, каалабаса да бекем кучактап турганымда – менин уятым жок эмес эле, анын уяты жоктой сезилди! Саксайган чачы, тердеген кебетеси – бардыгы — анын денеси менен жандүйнөсү киши жийиркенгендей экенин айтып турду. Эгерде мурда мен аны сүйгөн болсом,  бул күн акыркысы эле – сүйүү түбөлүккө жоголду. Же эгерде мен аны сүйбөгөн болсом, ушул күндөн тарта менде жек көрүү пайда болду – ушинтип айтса да болот.. Анан минтип… О! Бүгүн ушул мен сүйбөгөн аял үчүн эч кандай жамандыгы жок эркекти өлтүргөнгө даярмын десем болобу?

Буга эч ким күнөөлүү эмес. Сөздү өзүм эле баштап жибердим, өзүм эле. “Ватаруну өлтүрөйүнбү?” – деп Кэсанын кулагына шыбырадым. Ушуну эстесем эле, өзүмдү акылыман айнып кеткендей сезип кетем! Бирок шыбырадым да. Айтпайм, дебейм деп, тиштенип туруп эле, шыбырап жибердим. Эмнеге шыбырагым келгенин алигүнчө өзүм түшүнбөйм. Бирок жакшылап ойлонсом… Канчалык аны жек көргөн сайын, канчалык наалат айткым келген сайын, ошончолук аны шылдыңдагым келди. “Ватаруну өлтүрөйүнбү?” деген сөздөн башка эч нерсе койгон максатыма жакындата алмак эмес, сүйүүсүн ачык айтып, мактанган күйөөсүн өлүтүрүүгө Кэса макул болуусун кааладым. Анан жанымды шайтан ээлеп алгансып, өзүм каалабай туруп эле, киши өлтүрүүгө белсенип алганым кызык болду. Мейли, “Ватаруну өлтүрөйүнбү?” дегеним койгон максатыма аздык кылсын дейли, бирок кайдан-жайдан келген көрүнбөгөн күч (чындап эле жаныма шайтан кирип кетти окшойт) эркимди ээлеп, жаманчылыктын жолоюна салганын – башкача түшүндүрүүгө эч мүмкүн эмес эле. Тигиндейинен да, мындайынан да, Кэсанын кулагына бир эле нерсени шыбырай бердим.

Ошондо Кэса бир аз демин кысып туруп калды да, башын көтөрүп, мени тике карап туруп, менин ойлогон оюма макул болду. Анын мындай жеңил жообу мага күтүүсүз деле болгон жок. Дароо жүзүн карасам, Кэсадан мындайды такыр көргөн эмесмин, көздөрү күйүп туруптур. Ойноштук кылган арам аял десе! – биринчи эле оюма келгени ушул болду. Анан дүйнөмдү аргасыздыкка окшогон сезим ээлеп, кирпик каккыча кыла турган арам оюм көз алдыма тартылды. Албетте, ошол учурдагы анын ыплас, киши карагыс кебетесине болгон жек көрүүм күчүндө турганын кайталап кереги жок. Колуман келсе, ошол замат сөзүмдү кайра алмакмын. Анда дароо күйөөсүнүн көзүнө чөп салган арам аялды ушундай уят кылат элем. Балким ошондо – мейли, бул аялды ойнотуп жатсам да – абийирим  адилетүү кыжырдануунун артына жашынып калмак. Бирок сөзүмдү кайра алганга болбой калган эле. Өңү өзгөрүп, мени теше карап, көзүмө тике карап туруп алганда, чынын айтайын: Ватаруну өлтүрөм деп ант бергенден башка аргам жок эле, өлтүрө турган күндү, саатынан бери белгилеп жибердим, коркконум эле: эгерде өлтүрбөсөм, Кэса менден сөзсүз өч алат деген ой турду. Мына азыркыга чейин ошол коркунуч жүрөгүмдү мыжыгып турат. Кимде ким мени коркок деп шылдыңдап күлсө – күлө берсин, кокуй! “Көрүңдө күл!” дегендей, Кэсанын ошондогу кебетесин көрбөгөн киши күлө берсин. “Эгерде өлтүрбөсөм, Кэса – өз колу менен болбосо да, сөзсүз мени өлтүрөт. Андан көрө Ватаруну өзүм өлтүргөнүм оң!” – деп көз жашы чыкпай ыйлап жаткан көздөрүн көрүп ушинтип ойлонуп жаттым. Мен ант бердим, анан Кэсаны карасам, көздөрү төмөн түшүп, каткырып жиберди, эки жаак ууртунда пайда болгон уячаны байкадым, анын жиндидей каткырганы менин коркконумдай бар экенин далилдеп койду.

Оо, ушул каргыш тийгир антымдын айынан абийири төгүлгөн, эки ирет абийири төгүлгөн жаным киши өлтүрүү күнөөсүн алып жатканын карабайсыңбы!? Ушул түнү антымды буза алсам… Аны да көтөрө албайм. Биринчиден, антымды алган аял бар. Анын үстүнө өч алуусунан корком дебедимби. Бул жалган эмес. Бирок дагы бир нерсе бар. Эмне? Мендей коркоктун артынан сая түшүп, бейкүнөө кишини өлтүрүүгө түртүп жаткан кандай зор күч, ыя? Билбейм. Билбейм, бирок кээде… Жок, болушу мүмкүн эмес!  Мен бул аялды көрөйүн деген көзүм жок! Корком. Жек көрөм. Ошентсе да… ошентсе да… балким, балким, мен аны дале сүйөт чыгармын…”

Морито аркы-терки басып жүрө берди, оозунан башка сөз чыкпады. Айдын жарыгы. Кай жактан имаё ырын ырдаган үндөр угулуп жатты:

О, адам жаны,
адам жүрөгү!
Сен караңгы туңгуюктай,
Сен дабышсыз уюктай!
Сен күйөсүң жалын оттой,
Сен түтөйсүң алсыз чоктой!
Сен түтөйсүң, күтөсүң,
Күтүп жүрүп бүтөсүң!

2

Түн. Кэса төшөгүнөн өйдө болуп, чырактын тийген жарыгынан жүзүн ала качып, ойго батып, жеңин тиштеди.

Анын өзү менен өзү сүйлөшүп жатты:

“Келеби? Же келбей коебу? Келбей коюшу мүмкүн эмес. Антейин десем, ай дагы батып баратат, дабышы угулбайт – балким оюнан кайттыбы? Келбей койсо эмне кылам?.. О, анда эле эң акыркы шуркуядай болуп, уятыма чыдабай, айды карап каламбы?! Кантип бул жийиркеничке, бул карасанатайлыкка чыдайм! Анда жолдо жаткан тарптан айырмам кайсыл болуп калат?! Киши чыдагыс уятка калып, жаманчылыктын сазына баткан өмүрүмдүн бүтөр чегине чейин бүт дүйнөгө кантип шермендечилигимди көрсөтүп жүрөм? Баары бир дудуктай болуп унчукпай жүрө берүүгө туура келет. Мейли, болору болсун, өлүп деле калайын – атүгүл өлүм дагы менин азабымды жеңилдете албайт. Жок, жок, ал сөзсүз келет! Коштошуп жаткандагы көздөрүн көрүп турдум, мен ага ишенем, башкача ойлошум да мүмкүн эмес. Ал менден коркуп жатат. Жек көрөт, көрөйүн деген көзү жок, бирок баары бир менден коркуп жатат. Чындыгында, мен өзүмө-өзүм ишенбесем, ал сөзсүз келет деп айталбайт элем. Ал өзүн өлөрчө сүйөт, ошол өзүн сүйгөнүнөн улам аны коркунуч басты, ошол коркунучуна үмүт артып олтурам. Ошондуктан ушинтип айтып жатам. Ал сөзсүз уурданып келет…

Мен мындан ары өзүмө-өзүм ишенгенге алым калбай калды – мен эмне бир байкушмунбу!? Үч жыл мурун өзүмө-өзүм ишенчүмүн, сулуулугума ишенет элем. Үч жыл мурун… балким ошол күнгө чейин десем туура болоттур. Ошол күнү, таяжемдин үйүндө, аны менен бир бөлмөдө бетме-бет калганда, аны бир көргөндө эле өзүмдүн, жүрөгүмдүн караңгы, серт экенин байкадым. Кейпинен билинбегени менен, мени азгыруу үчүн эмнелерди гана айтып жаткан жок, кандай гана жылуу сөздөрдү агытып жатты. Анын ичи жаман экенин, ою жаман экенин түшүнүп туруп, кантип аял бал сөздөргө азгырылсын! Менин жаным жай албай жатты. Коркуп жаттым. Кейип-кепчип жаттым. Бир жолу бала кезде, мени баккан аялдын колунда айдын тутулуп жатканын карап атып коркконум эсимде – бирок анда бул жолкудай кантип болуп калсын! Бардык кыялым күм-жам болду. Жамгырлуу таңда болот го, дал ошондой мени куса ээледи, куса эмес, санаа басты. Ошол санаадан улам тулку боюмду калтырак басып, акыры өзүм кайдыгер болуп калган өлүк денемди жанагы кишиге берип жаным тынды. Жанагыл мен сүйбөгөн, мени жек көргөн, мени көрөйүн деген көзү жок, өзүн гана чексиз сүйгөн кишиге…  Мен өзүмдүн серт экенимди көргөндөн кийин, балким мени ээлеп алган санаага чыдай албай калган чыгармын? Кумарга батып, башымды анын көкүрөгүнө койгондо, мен бардыгын, бардык кишилерди алдагым келди! Же мени аны да ээлеген жаман сезим түртүп жаттыбы? Ушуну ойлосом, бетим чыдабай кетет. Уят! Уят! Өзгөчө анын кучагынан араң суурулуп чыккан көз ирмемде өзүмдү-өзүм жемелегенимди айт!

Канчалык көз жашымды тыяйын десем да, жиним келип, санаа басып, ыйлай бердим, ыйлай бердим. Бирок бул бир гана күйөөмдүн көзүнө чөп салганым үчүн эмес эле. Баарынан азапка салганы, күйөөмдүн көзүнө чөп салганым аз келгенсип, мени каратумоо болгон иттей жек көрүп, шылдыңдап жатты, келекелеп жатты. Андан кийин эмне кылдым? Азыр тээ илгери болгондой сезилип, жакшы эстей албай турам. Ыйлап жатканымды бир билем, анан мурутунун кылдары кулагыма тийип, оор дем алып жатып акырын: “Ватаруну өлтүрөйүнбү?!” деп шыбырады. Бул сөздөрдү укканда, бир белгисиз кызыктай сезимди, кайрадан мени өмүргө кайрыган сезимди туйдум. Өмүргө? Эгерде айдын тийгени жарык деп айтылса, анда бул өмүргө кайра кайрыганы деп айтса болот. Бирок мындай өмүр күндүн жарыгына окшобойт! Ошентсе да бул коркунучтуу сөздөр мени соорото алдыбы? О, чындап эле ушул менби, чоочун эркектин сүйүүсүнө сүйүнүп, күйөөсүн өлтүргөнгө даяр аял менминби?

Ушул түндөгү айдын жарыгындай болгон, кусага толгон, санаага толгон өмүргө кайра кайтканымды сезип, мен дале ыйлап жаттым. Анан? Анан? Качан жанагыл жаналгычтан өлтүрүү боюнча антын алдым? Антын алгандан кийин биринчи жолу жолдошумду эстедим. Ачык эле айтып жатам – биринчи жолу ошондо эстедим. Ага чейин өзүм жөнүндө эле ойлоп жатыпмын, өзүмдүн күйөөм жөнүндө… жок, күйөөмдү ойлобопмун. Анан көз алдыма жолдошумдун типтирүү жүзү тартылды, жылмайып мага бир нерсе айтып жаткан жүзү. Менимче, ошол ирмемде, жүзүн эстегенде мээме жаман ой “кылт” эте түштү окшойт. Ошондо өзүмдүн өлүмүмдү ойлоп жаткам. Өзүмдү өлтүрөм деп сүйүнө баштагам. Анан ыйымды токтотуп, башымды көтөрүп, Моритону караганда эле, анын жүзүн көрүп туруп,  өзүмдүн серттигимди, түрү сууктугумду эстеп кеттим эле, баягы сүйүнүч дароо жок болуп кетти. Мени баккан аялдын колунда жатып, ай тутулгандагы караңгыны кайра эстедим. Көкүрөктөгү кубанычтын түпкүрүндө билинбей жаткан бардык карасанатай ойлор азаттыкка жулунуп чыккансып кетти. Эгерде жолдошумду ушул жаналгычка алмаштырсам, анда чындап эле аны сүйгөн боломбу? Жок, жок, мен болгону себепке эбеп таап, ушул киши менен жата коюп, чоң күнөөмдү жууп, андан арылгым келип жатат. Өзүмдү-өзүм өлтүрүүгө күчүм жетпейт, муну жакшы билем. Мен өзүмдү эл алдында, дүйнө алдында таза көрсөткүм келип жатат! Баарын өзгөрткөнгө убакыт бар болчу. Бирок мендей күлапса болобу! Менден өткөн түрү суук, дили серт аял болобу! Жолдошумду алмаштырып алам деген жаман оюм жөн жерден чыккан жок — бул жаналгычтын мени жек көргөнү үчүн, көрөйүн деген көзү калбаганы үчүн, анын арамза сезими үчүн, ошол арамза сезими үчүн мени кадимкидей оюнчук куурчакка айланткандыгы үчүн, айтор бардыгы үчүн кайра өзүнө тийип, өзүнөн өч алайын деп жаткан жокмунбу? Бул айткандарымды далилдесем: мен анын жүзүн көргөндө, жүзү айдын жарыгындай болуп бир кызыктай тириле түшкөнүн байкадым да, жүрөгүмдү кандайдыр бир кайгы муздатып жиберди. Мен жолдошум үчүн өлбөйм. Өзүм үчүн өлөм. Жүрөгүмдү жаралап, күйүткө салганы үчүн, денемди булгап, тебелеп-тепсегенине жаным ачышканы үчүн өлгүм келет. Мына эмнеге өлгүм келет?! Менин өмүрүм эч нерсеге арзыбайт. Өлүмүм да эч нерсеге арзыбайт.

Бирок мындай өлүм, эч несеге арзыбаса дагы, өмүргө караганда кандай жакшы! Кайгымды ичиме катып, өзүмдү кыйнап жатып жылмайдым да, сөзсүз өлтүрөсүң деп антын алдым. Куулугун карабайсыңбы, ушул сөздөрүмөн кийин антына турбаса, аны эмне кылаарымды дароо түшүндү окшойт. Түшүнсө – анда келет, ант бергенден кийин сөзсүз келет, келбей кое албайт… Бул эмне, шамалбы? Ошондогу күндөн тарта башталган азап-тозогум ушул түн менен бүтөөрүн ойлогондо, жүрөгүм жеңилдей түшкөнсүйт. Эртең чыккан күн менин башы жок тарпыма өзүнүн жылуу нурун төгөт. Тарпымды көргөн күйөөм… Жок, жолдошум жөнүндө ойлонбой эле коеюн, ал мени жакшы көрөт… Бирок анын сүйүүсү мага кереги жок. Мен тээ башынан эле жалгыз бир кишини сүйүп келдим. Ошол жалгыз киши бүгүн түнү мени өлтүргөнү келет. Чырактын жарыгы турса да, мага бардыгы чайыттай жарык болуп турат. Мага… жападан жалгыз сүйгөнүм кайра мени кыйнап, азапка салган, эми мага бардыгы чайыттай жарык…”

Кэса чыракты өчүрдү. Аңгыча караңгыда каалга ачылгандай болду. Ачылган каалгадан улам бөлмөгө айдын жарыгы тийди.

апрель, 1918

Кыргызчалаган Эрнис АСЕК уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *