I глава 

II глава 

III глава

IV жана V глава

VI жана VII глава

VIII-IX жана X глава

XI жана XII глава

XIII глава

Ой жүгүртүү деген эмне? Идеялар жана кыймыл-аракет. Чакырык. Материя. Ойдун келип чыгуусу.

Эми ой жүгүртүү эмне экенин аныктап көрөлү. Көңүл буруу, логика, жүйөлүү маани (күнүмдүк тиричилигибиз үчүн) менен тартипке салынган ой — эч кандай мааниге ээ эмес ойдон айырмаланып турабы? Ойдун бул эки түрү бизге белгисиз болуп турганда, ой жетпеген тереңдеги нерсени түшүнө албайбыз. Эстутумду аныктаган бүтүндөй татаал структураны түшүнгөнгө аракет кылалы, ой каяктан келип чыгат, андан кийин кантип бардык кыймыл-аракетибизге өтүп кетет, мунун баарын түшүнсөк, балким ой эч качан ачкычын табалбай койгон нерсе экенине барып такалаттырбыз.  Мээбиздин клеткаларына топтолгон эстутум болгон, чакырыкка жооп болгон, идея болгон ой эмнеге биздин жашообузда мындай чоң мааниге ээ? Балким, көпчүлүгүбүз өзүбүзгө мындай суроо бербеген чыгарбыз, берсек да: “Бул анчейин маанилүү эмес, эмоциялар маанилүү” деген чыгарбыз. Бирок мен сен кантип бирөөнөн бирөөнү бөлүп жатканыңды көрүп турам. Эгерде ой сезимди узарта албаса, анда сезим тез эле өлүп калат.  Ошентип, эмнеге ой — зериктирген, коркунучка толгон оор жашообузда мындай өзгөчө  мааниге ээ болгон? Ушул суроону өзүңө берчи, мен өзүмө берип жатам. Эмнеге адам баласы ойдун —  бир нерсе уюштура салган, көп нерсе ойлоп тапкан, толтура согуштарды, толтура коркунучтарды, чочулоолорду, тынымсыз элестерди жараткан, өз куйругунун артынан чуркаган, кечээ ырахат алып, аны эртеңкиге чейин, келечекке чейин узарткысы келген, ар дайым активдүү, дайыма көп сүйлөгөн, дайыма кыймыл-аракеттеги, дайыма бир нерсени аныктап турган, алып ыргыткан, кошкон, божомолдогон эң куу ойдун кулу болуп калганбыз? Биз үчүн кыймыл-аракетке караганда идеялар маанилүү болуп калды, — билимдин ар кайсыл тармагындагы интеллектуалдардын китептериндеги идеялар ушундай акылдуу дейсиңер! Ал идеялар канчалык чебер, айлакер болгон сайын, биз ошончолук аларга жана алар камтылган китептерге таазим этип келебиз. Биз өзүбүз ошол китептербиз, ошол идеяларбыз, ошолорго толугу менен көз каранды болуп калганбыз. Биз дайыма бардык ойку-кайкысы менен бирге идеалдар, идеалар жана пикирлер жөнүндө кызыл чеке талкуу кылабыз. Ар бир диндин кудайга жете турган азап-тозоктуу, жеке өздөрүнө тиешелүү жолдору, өз догмалары, өз формалары бар, биз ойдун башатын изилдегенде, бизге бүтүндөй бардык структурасы ачылат. Биз бир бүтүндөн идеаларды бөлүп алдык, ал эми идеалар дайыма өткөн чактан келет, а кыймыл-аракет дайыма учур чакта, ошондуктан жашоо – дайыма бүгүнкү. Биз жашоодон коркобуз, ошондуктан өткөн чак – форма менен идеялар – биз үчүн чоң мааниге ээ болуп алган.

Өзүңдүн ой жүгүртүүңдө байкоо жүргүзгөн процесс абдан кызык, кантип ойлонуп жатканыңды жөн гана байкап турган кызык. Бул ой жүгүртүү деп аталган реакциянын башаты кайда? Албетте, эстутумдан. Бирок дегеле ойдун башталышы барбы? Бар болсо, анда ал башатты, эстутумдун башатын (эгерде бизде эстутум болбосо, анда ой жүгүртүү да болбойт) ачсак болобу? Биз ой кантип ырахат алууну колдоп, узартып турганын көргөнбүз. Ал канааттануу бизде кечээ болгон, анан оюбуз анын карама-каршысы болгон коркунуч менен азапты да узартып турган; ошентип, чыдамы кетип, ойлонуп жаткан неме өзү ырахат менен азапка айланат, ошондой эле ырахат менен азапты сугарган жана колдогон жандык болот. Ырахатты азаптан бөлүп караган, ага ой жүгүрткөн киши ырахат талап кылуунун өзүндө азап менен коркунуч катылганын байкабай калат. Адамдын мамилелериндеги ой дайыма ырахат алуу талабын камтыйт, анан аны ишеничтүү, жардам, курман болуу, колдоо, кызмат кылуу сыяктуу ар түрдүү сөздөр менен жаап-жашырып коет. Менин билгим келгени, эмнеге кызмат кылуубуз керек? Бензин куюучу жай — мыкты тейлөө. Бир нерсе берүү, жардам кылуу, кызмат кылуу деген сөздөр эмнени түшүндүрөт? Бул жерде эмнени көрсөтүп турат? Балга, жарыкка толгон гүл: “Мен берчүмдү берип жатам, жардам кылуудамын, кызмат кылуудамын”  деп айтабы? Ал болгону бар. Ал бир нерсе кылам деп жаткан жок, ал болгону жерде өсүп турат.

Ой ушунчалык куу чебер, өзүнүн ыңгайына жараша, бардыгын бурмалап турат. Ырахат талап кылып, ой өзүнүн кишендерин даярдайт. Ал бардык биздин мамилелерде ачайкейлик жаратат; а бизде зомбулукка ыктоо бар, анктени ал бизге ырахат тартуулайт, бирок ошол эле учурда тынчтыкка ээ болуу каалообуз бар, жумшак жана боорукер болгубуз келет, жашоодо баарыбыз менен ушундай нерселер болуп турат. Ой бизде  ачакейликти гана жаратып тим болбостон, ал ачакейлик башыбыздан өткөн ырахат менен азап чегүүлөр жөнүндө сансыз эскерүүлөрдү чогултуп турат. А бул эскерүүлөр ал ойду кайра жаратат. Ошентип, мен мурда белгилеп кеткендей, ой – өткөн учур, ой дайыма кары, эски. Ар бир чакырык таштоо дайыма жаңы, ал өткөн чактын терминдеринде калыптанат, мындан бардык туура эмес нерселер, карама-каршылыктар, конфликттер жана бардык кайгы, кырсыктар чыгат, биз алардын мураскери болуп калабыз. Биздин бечара мээбиз эмне кылбасын, дайыма конфликтте жүрөт: бир нерсени аябай каалайт же туурайт, жай тапканга аракеттенет, басмырлайт, сексуалдык энергиясын башка нерсеге жумшаганга аракеттенет, колунан келген нерселерди кеңейтүү үчүн баңгизат пайдаланат, — айтор, эмне гана кылбасын, ар дайым конфликтте болуп, кайра эле конфликт жарата берет.

Көп ойлонгондор чыныгы материалисттерден болушат, анткени ой – бул материя. Ал тактай, дубал, телефон сыяктуу деңгээлде материалдуу. Энергия бар, материя да бар. Мунун баары кайнаган жашоо. Биз ой материалдуу эмес деп ойлошубуз мүмкүн, бирок ал материалдуу, идеология сыяктуу материалдуу. Энергия бар жерде ал материалдуу болот. Материя менен энергия бири-бирине жуурулушуп кетет. Бири бирөөсүз жашай албайт, экөөнүн ортосунда канчалык эриш-аркактык менен тең салмактуулук болсо, мээнин клеткалары ошончолук активдүү болот. Ой ырахат алуунун, азап чегүүнүн, коркунучтун шаблонун орнотуп койду, миңдеген жылдар бою ошол шаблондун алкагында кыймыл-аракет кылып келет, бирок ал шаблонду кыйратууга чамасы чак, анткени ал ошонун продуктусу. Ой жаңы фактыны кабыл алалбай калган, муну ой кийинчерээк сөздөрдүн деңгээлинде түшүнүшү мүмкүн, бирок жаңы фактыны түшүнүү ой үчүн реалдуу эмес. Ой канчалык чебер, куу, көптү билген болсун, илимдин, электрондук мээнин жардамы менен, аргасыздыктын же зарылдыктын басымы менен кандай гана структураны түзбөсүн,  эч качан бир дагы психологиялык көйгөйдү чечалбайт; ой эч качан жаңы болбойт, ошондуктан ал бир дагы маанилүү суроого жооп табалбайт. Карыган, эски мээ эбегейсиз чоң көйгөйдү чечалбайт.

Ой буйтактап турат, анткени ал эмнени гана ойлоп таппайт, атүгүл жок нерселерди да. Ал шумдуктуудай көз боемочулуктарды кылат, ошондуктан ага ишенбөө керек, эгерде ой жүгүртүүнүн болгон структурасын түшүнсөң – кантип ойлонуп жатасың, эмнеге ойлонуп жатасың, адамдар менен кантип сүйлөшүп жатасың, аларга кандай мамиле кыласың, кантип басып-турасың, кантип тамактанасың – ушунун баарын аңдап-билсең, анда сенин акыл-эсиң сени адаштырбайт, сени эч нерсе алдай албайт, анда акыл-эс талап кылбайт, баш ийдирбейт; ал өзгөчө тынч, өзгөчө ийкем, өзгөчө сезимтал болуп, өзү менен жалгыз калат, мындай абалда аны эч нерсе алдап кеталбайт.

Эгерде киши бир нерсени ачык, даана көргүсү келсе, анын акыл-эси жайбаракат, күн мурунтан ойлонулган, пикирсиз, көп сөзү жок, диалог жок, элестетүү жок, образдар жок болушу зарыл – мунун баары көрө билгенге багытталуусу керек. Бир гана жымжырттыкта ойлор кантип жаралганын байкай аласың, ал эми бир нерсе издеп, суроо берип, жооп күтүп жатканда, байкоо мүмкүн эмес. Сен толугу менен бейпилдикте болгондо, кан-жаның менен мемиреп турганда гана байкайсың. Ошондо сен суроо берип жиберсең, дароо ой пайда болот, ал жымжырттыктан ой кантип формага ээ болуп жатканын көрөсүң. Ойдун пайда болуусун таанып-билсең, анда аны көзөмөлдөөнүн кажети жок. Биз ойлорубузду көзөмөлдөйбүз деп өмүр бою өтө көп убакытты, өтө көп энергияны коротобуз, — бул жакшы ой экен, мен муну кеңейтип алайын, бул жаман ой экен, аны жок кылайын – деп, бир ой менен экинчи ойдун, бир каалоо менен экинчи каалоонун ортосунда тынымсыз күрөшү жүрөт, бир канааттануу калгандарынан ашып кете берет, ошентип күрөш токтобойт; бирок ойдун пайда болуусун аңдап-билүү болсо, анда ой жүгүртүүдө карама-каршылык жаралбайт.

Ошентип, сен, мисалы, ой дайыма эски же убакыттын өзү азап чегүү деген аныктаманы уксаң, ой аны түшүндүргөнгө аракеттене баштайт. Бирок түшүндүрүү кечээги күндүн билими менен тажрыйбасына негизделет, ошентип сенин түшүндүрмөң  сөзсүз шартка көз каранды болгондон келип чыгат. Бирок эгерде бул аныктамага түшүндүрбөй карасаң, анда байкоочу да, байкалган объект да, ойлонуп жаткан да, ой да жок экенин көрөсүң. “Эмне биринчи пайда болгон?” деп сураба. Бул эч жакка алып барбаган куу аргумент. Сен өзүңдөн байкасаң болот, эстутумдан, тажрыйбадан же билимден (бардыгы өткөн чак) чыккан ой болбогондо, ойлонуу болбойт. Бул философия эмес, мистика эмес. Биз чыныгы фактылар менен иш алып баратабыз, биздин изилдөөбүздүн аягына чейин чыксаң,  чакырыкка мурдагыдай эмес, жаңыча жооп берип калганыңды көрөсүң.

XIV глава

Кечээги күндүн убактысы. Жайбаракат, бейпил акыл-эс. Маектешүү. Жетишкендиктер. Дисциплина. Жымжырттык. Акыйкат. Реалдуулук.

Биздин жашообузда обочо болууга шарттар аз. Атүгүл биз жалгыз калганда, жашообузга көп таасирлер, көп билимдер, баштан өткөн көп окуялар жөнүндө көп эскерүүлөр, көп чочулоолор, азаптар, конфликттер кийлигишип алат, ошонун айынан акыл-эсибиз уламдан улам мокоп, кабыл алуусу начарлап, бир өңчөй, эскиче аракеттенип калат. Деги биз өзүбүз менен өзүбүз жалгыз калабызбы? Же кечээги күндүн оор жүгүн жонубузда көтөрүп жүрөбүзбү?

Эки монах жөнүндө жакшы окуя бар. Экөө бир айылдан экинчи айылга жөнөп калышат. Жолдон суунун боюнда ыйлап олтурган жаш кызга жолугуп калышат. Монахтын бирөөсү жанына басып барып: “Карындаш, эмнеге ыйлап жатасың?” дейт. “Суунун аркы өйүзүндөгү үйдү көрдүңүздөрбү? Эртең менен сууну оңой эле кечип өткөм, эми суу кирип, кайталбай олтурам. Менин кайыгым жок” дейт кыз. “О, — дейт анда монахтын бири, — мында эч кандай маселе жок”.  Кызды колуна алып, суунун аркы өйүзүнө өткөрүп коет. Монахтар жолун улантышат. Бир топ убакыттан кийин экинчи монах: “Бир тууганым, биз эч качан аялга колубузду тийгизбейбиз деп ант берген элек. Сен чоң күнөөгө баттың. Кызга колуң тийип, ырахат алдыңбы?” деп сурайт. Анда биринчи монах: “Кыз менен коштошконума эки саат болду, сен эмнени келжиреп жатасың?” деген экен.

Биз да ушинтебиз. Биз ар дайым жонубузда оор жүк көтөрүп жүрөбүз, ал үчүн өлбөйбүз, аны менен эч качан кош айтышпайбыз. Бир гана биз маселеге толук көңүл буруп, кийинки күнгө калтырбай, ошол замат дароо чечкенде, обочолонгонго жай табылат. Ошондо атүгүл эл көп үйдө жашасак да же эл толгон автобуста болсок да, обочолоно алабыз, ошентип өзүң менен өзүң жалгыз калганың – акыл-эсибиз жаңы, ачык экенинен кабар берет.

Ички обочолонуу, ички боштондуктун болгону өтө маанилүү, анткени бул эркиндиктин болгону, эркиндиктин басып-турганы, кыймыл-аракети, учуп жүргөнү. Акыр-аягы эркиндик болгондо, жакшы, таза киши гүлдөп чыккандай эле, боштондук болсо, жолубуз гүлдөп чыгат. Биздин саясый эркиндигибиз болсо да, ичибизден эркин эмеспиз, ошондуктан бизде ички боштондук жок. Аруулук, изгилик да, башка баалуу сапаттар да, өзүбүздүн ички кеңири мейкиндигибиз болмоюнча, ачылалбайт, өөрчүп-өспөйт. Мейкиндик да, жымжырттык да абдан зарыл, анткени акыл-эс өзү менен өзү калганда, ага эч нерсе таасир этпей, эч ким тарбиялабай, эсепсиз ой-жорумдар менен курчалбай калганда, — ошондо гана ал жапжаңы нерсеге келиши мүмкүн.

Киши акыл-эс жымжырттыкта гана ачык, даана көрүп каларына бөркүндөй ишенип калат. Чыгышта медитациянын болгон максаты — акыл-эс ойлорду көзөмөлдөп калган чекке жеткирүү болуп саналат. Бул — көйгөйдү түшүнүүгө аракет кылган акыл-эсти сооротуп, кайра-кайра дуба окуганга барабар. Бирок киши пайдубалын тургузмайынча, б.а. айланасына өзү коюп алган торлордон: коркунучтан, кайгы-капалардан, чочулоолордон эркин болмоюнча, акыл-эс жай албайт. Бул жөнүндө айтуу өтө оор. Сен айтылган сөздү гана эмес, бир убакытта, бир ирмемде, кеч да, эрте да эмес, бирдей деңгээлде бири-бирибиз менен жолугуп, мен жана сен — чогуу экенибизди түшүнөлү. Сен өз билимиңе, пикириңе таянып, окуганыңа түшүндүрмө бере баштасаң же түшүнгөнгө болгон дараметиңди жумшап жатсаң, анда маек курууга, сүйлөшүүгө мүмкүн эмес.

Менимче, өмүрдө максатка жетүүдө бөгөт болгон – бул ошого жетүү үчүн, ээ болуу үчүн тынбаган күрөш экен. Бала кезден бизге бир нерсеге ээ болууга, ага жетүүгө үйрөтүшөт. Жеке коопсуздук үчүн мээнин клеткалары өздөрү жетишкендиктердин шаблонун түзүшөт, талап кылышат. Психологиялык коопсуздук – жетишкендиктер тармагынан сырткары турат.  Биз ишмердүүлүгүбүздүн бардык аспектилеринде, биздин бардык мамилелерибизде туруктуулук, ишенич талап кылабыз. Бирок, биз көргөндөй, чындыгында ишенич деген түшүнүк жок. Өзүбүз үчүн ишеничтин эч кандай формасы эч бир мамиледе жок экенин тактап алалы, психологиялык жактан туруктуу эч нерсе болбойт, демек, жашоого башкача мамиле керек экендигин түшүнүү зарыл. Албетте, сырткы ишенич болсун: үстүңдө үйүң, кийимиң, тамак-ашың болсун, бирок сырткы ишенич психологиялык ишеничти талап кылуу менен бардыгы талкаланат.

Аң-сезимдин чектелгендигинен акыл-эс бийик болуусу үчүн бош мейкиндик менен жымжырттык зарыл, бирок өзүнүн жеке кызыкчылыктарында тынбай кайнаган акыл-эс кантип жымжырттыкта болалат? Аны тарбияласа, көзөмөлдөсө , иретке келтирсе болот, бирок бул азапка салган аракеттер акылды тынчытпайт. Ал жөн ганан мокой түшөт. Жөн эле тынч акылдын идеалынын артынан кубалоо – пайдасыз, канчалык күч сарптасаң, ошончолук акыл кууш, уйкулуу боло баштайт. Ар кандай формадагы көзөмөл, басуу, жоготуу сыяктуу эле конфликт жаратат. Ошентип көзөмөл менен сырткы дисциплина (тартип-тарбия) жыйынтык бербейт, ошол эле учурда дициплинасыз (тартип-тарбиясыз) эч кандай баалуулукка ээ эмес.

Көпчүлүгүбүздүн жашообуз коомдун, үй-бүлөнүн, азаптарыбыздын, тажрыйбабыздын, кабыл алынган кайсыл бир идеологиялык шаблондорго ылайыкташуунун талаптарына жооп берип, сырткы дисциплинага ээ, дисциплинанын мындай формасы – талкалап жок кылат. Дисциплина көзөмөлсүз, басымсыз, эч кандай коркунучсуз болууга тийиш. Мындай дисциплина кантип келет? Биринчи дисциплина болуп, анан эркиндик келет деген болбойт; эркиндик аягы эмес, башаты. Дисциплинага ылайыкташкан эркиндикти түшүнүү —  дисциплинанын өзү. Окуу, үйрөнүү – дисциплина (акыркы аягы “дисциплина” деген сөздүн мааниси – окуу, үйрөнүү). Окуу, үйрөнүү – ачыктык. Көзөмөлдүн, басуунун, обу жок макул болуунун табиятын жана толук структурасын түшүнүү үчүн көңүл буруу зарыл. Мунун үйрөнүү үчүн силер өзүңөргө дисциплинаны таңуулабагыла, бирок үйрөнүүнүн өзүндө — басуу, жок кылуу аракети жок дисциплина бар.

Авторитетти (мыйзамдын авторитетин эмес, психологиялык авторитетти айтып жатабыз), бардык диний уюмдардын, үрп-адаттардын жана тажрыйбанын авторитетин алып ыргытуу үчүн киши эмнеге баш иерин түшүнүүсү керек, муну изилдөөгө тийиш. Ал эми муну изилдөө үчүн күнөөлөдөн, актоодон, пикирден же кабыл алуудан эркин болуу керек. Бир учурда эле авторитетти кабыл алуу жана аны изилдөө – мүмкүн эмес. Авторитеттин бүтүндөй психологиялык структурасын изилдөө үчүн өзүбүздө эркиндик болууга тийиш. Биз изилдеп жатканда, бул структураны толугу менен алып ыргытабыз. Алып ыргытканда, бул алып ыргытуу – акыл-эстин ордуна келүүсү, ачыла түшкөнү, мындан чыкты, авторритеттен эркин болуу болуп саналат. Баалуу деп эсептелгендерди четке кагуу, мисалы, сырткы дисциплинаны, жетекчиликти, идеалдарды – демек, аларды изилдөө. Анан ошол четке кагуу позитивдүү кыймыл-аракет болуп калат. Ошентип, акыл-эсти тынч абалга алып келүү үчүн маанилүү деп эсептелгендердин баары четке кагабыз. Көзөмөл – жымжырттыкка алып келе турган каражат эместигин көрдүк. Акыл-эс бир объект менен алек болгондо тынчып калбайт, ал объект аны жутуп алат, ошол объекттинин ичинде адашып кетет. Бала деле ушундай го, колуна кызыктуу оюнчук тийгенде: бала тынчып калат, оюнчукту алып койсоң – ызы-чуу салып, кайра тентектик кылат. Ар бирибизде бизди өзүнө каратып алган оюнчуктарыбыз бар, биз өзүбүздү тынчып калдык деп ойлойбуз, бирок киши өзүн ишмердүүлүктүн кайсыл бир түрүнө арнаса – илимге, адабиятка же дагы башкасына – ал оюнчугу аны жутуп алат, бирок тынч болуп калбайт.

Бизге белгилүү жалгыз жымжырттык – бул ызы-чуу токтоп, ой токтоп калгандагы жымжырттык. Бирок үндөбөй калгандагы жымжырттык эмес. Мындай жымжырттык такыр башка, ал сулуулукка, сүйүүгө тете. Бул тынчып калган акыл-эстин продуктусу эмес, “Кудай үчүн тынчып калчы, үнүңдү басчы!” дегендей бүтүндөй структураны түшүнгөн мээ клеткаларынын продуктусу эмес. Андай учурда мээнин клеткалары өздөрү жымжырттыкты жаратат, бирок бул үндөбөй калгандагы жымжырттык болбойт. Мындай жымжырттык байкоочу өзү байкалган объект болуп калгандагы көңүл буруунун жыйынтыгы эмес. Мында тирешүү, диссонанс (бир нерсе менен карама-каршы болуу) жок, үндөбөгөн жымжырттык да жок. Ушул жымжырттыкты сүрөттөп берсе, аны салыштырып, талкуулап, өзүң менен  кошо ала кетип, көөмп салалы деп күтүп жаткан чыгарсың. Аны сүрөттөп берүүгө мүмкүн эмес. Белгилүү нерселер сүрөттөлөт. Белгилүүдөн эркин болуу үчүн болмуш күнүгө белгилүү үчүн: таарынычтар үчүн, көшөкөрдүк үчүн, өзүң жараткан бардык элестер үчүн, бардык баштан өткөндөр үчүн күндө өлүп турасың, мээнин клеткалары өздөрү жаңы, жаш, таза боло баштайт. Бирок бул тазалык, бул жаштык, назиктиктик менен жакшылыктын бул сапаттары өздөрүнөн өздөрү сүйүү жаратат. Сүйүү сулуулуктун же жымжырттыктын касиети эмес.

Ызы-чуу токтогондон кийинки жымжыртык эмес, үндөбөй калгандагы жымжырттык – башталышы гана. Ал бир кичинекей тешиктен чалкыган океанды толук, бүтүндөй көргөн сыяктуу ченемсиз, убакыттан сырткары абалдын кичинекей бир бөлүгүн гана сезгенге мүмкүнчүлүк берет. Бирок сен муну сөздөрдүн деңгээлинде түшүнө албайсың, анткени канааттануунун, кайгы-капанын, үмүт үзүүнүн маанисин, аң-сезимдин бардык структурасын түшүнө элексиң, ошондой эле мээ клеткаларынын өздөрү тынчып калган абалга жетелек. Качан бул ишке ашканда, сен, балким, купуя сырды ачасың, бул сырды сага эч ким ачып бералбайт, аны эч ким талкалап жок кылалбайт.  Тирүү акыл-эс – бул акыл-эстин тынч абалда, бейпил болгону, бул акыл-эстин борбору болбойт, ал мейкиндик менен убакыттан сырткары болот. Мындай акыл-эс чексиз, бул калетсиз чындык жана өтө маанилүү факт.

Орусчадан оодарган Эрнис АСЕК уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.