I глава 

II глава 

III глава

IV жана V глава

VI жана VII глава

VIII-IX жана X глава

XI жана XII глава

XIII жана XIV глава 

XV глава

Тажрыйба. Канааттануу. Ачакейлик. Сүкүт чалуу (медитация)

Биз дайыма ар кандай тажрыйбага ээ болгубуз келет: мистикалуу, диний, сексуалдык, ири акчалай каражатка, бийликке, байлыкка ээ болуу тажрыйбасы. Жаш өткөн сайын күнүмдүк муктаждыктардын бийлигин басып өтөбүз, анан алардан кеңири, терең, маанилүү таанып-билүү зарыл экенин түшүнүп, ага жетүү үчүн, аң-сезимди кеңейтүү ар кандай каражаттарга кайрылабыз, мисалы, “Чыныгы искусствонун өзү эмне?”,- дейбиз же баңгизатка башыбызды байлайбыз. Тээ илгертеден берки эски трюк бул: болуп көрбөгөндөй сезимталдыкка жетип, реалдуулукту башкача көрүү үчүн кайсы бир жалбырактарды чайнайбыз, жаңы химиялык кошундулар менен эксперимент кылабыз. Жаңы таасирлерге кайра-кайра муктаж боло берүү – бул кишинин дили жарды, түшүнүгү тайкы болгонунан кабар берет. Биз ушундай таасирлерден улам өзүбүздөн качып кеталабыз деп ойлойбуз, бирок андай таасирлер шартка көз каранды, өзүбүз да ошондойбуз. Эгерде акыл-эс майдачыл, ичкүйдүү болуп, бир нерседен чочулап турса, ал кандай баңгизат, мейли эң жаңысын, эң күчтүүсүн колдонбосун, ал баары бир акыл-эси жараткан жарды элестерди, өзү жаратып алган жараксыз проекцияларды кабыл ала берет.

Көпчүлүгүбүз толук канааттандырган туруктуу таасирлерди аябай каалайбыз, аны ой бузбашы керек.  Таасирлерге болгон муктаждыктын артында ырахат алуу  катылган. Ал эми ырахатты каалоо таасирди талап кылат, ошондуктан биз бир гана ырахаттын бардык маселесин гана эмес, ошондой эле таасирди да түшүнүүбүз керек. Катуу таасирлерди алуу чоң канааттануу алып келет. Канчалык таасир узак, терең жана күчтүү болсун, ошончолук канааттануу берет. Ошентип канааттануу биз аябай каалаган таасирдин формасын мажбурлайт. Канааттануу – бул таасирди өлчөгөн ченем. Эмнени ченей алсаң, анын баары ой жүгүртүүнүн чегинде жайгашкан, иллюзияларды, закымдарды эң сонун жарата алат. Сенин башыңдан укмуш нерсе өтүшү мүмкүн, ошонун баары закымдардын толук бийлигинде болот. Сен көргөн закымдардын баары шартка көз каранды болгонуңа туура келет да, сен Христосту же Будданы же ишенгениңе жараша каалаган ыйыкты көраласың, ишенимиң канчалык күчтүү болсо, ошончолук закымдарың, үмүтүң менен умтулууңдун проекциялары күчтүү болот.

Бир фундаменталдуу нерсени, мисалы, Акыйкатты издегениңдин чен-өлчөмү канааттануу болуп калат, сен эчак проекция түзүп койгонсуң, бул сенин таанып-билүүң болуп, мындан чыкты, башыңдан өткөргөнүң чыныгы нерсе болбой калат.

Тажрыйба деп биз эмнени айтабыз? Тажрыйбада жаңы, өзгөчө нерсе барбы? Тажрыйба – бул кандайдыр бир чакырыкка ылайык эскерүүлөрдүн бир кочушу. Бул ылайыкташуу дайыма сендеги негиз менен аныкталат, канчалык тажрыйбаны түшүнүүгө акылдуулук кылсаң, ошончолук деңгээлде ылайыкташуу болот. Ошондуктан биз башка бирөөнүн тажрыйбасын изилдеп тим болбостон, өзүбүздүн тажрыйбабызды да изилдөөбүз керек. Эгерде сен бир нерсени аңдап-билсең, бул тажрыйба болбойт. Ар бир тажрыйба, башыңдан өткөн ар бир нерсе эчак сыноодон өткөн, антпесе аны сен аңдап-билалбайт болчусуң. Сен тажрыйбаны бир жакшы, жаман, сонун, ыйык ж.б.у.с. нерсе катары аңдап-билесиң, ал сенин шартка көз каранды болгонуңа ылайык болот, мындан чыкты, тажрыйбаны аңдап-билүү айласыз эски болуп чыгат.

Качан биз башыбыздан реалдуу өткөргүбүз келгенде ( а чындыгында бардыгыбыз ушуну каалайбыз да, туурабы?), ал үчүн аны билүүбүз керек. Бирок аны билген учурда алдыбызда – анын проекциясы жаралат, мындан чыкты, башыбыздан өткөнкөргөнүбүз реалдуу эмес  болуп калат – анткени проекция ой менен убакыттын сферасында жатат. Бир нерсени реалдуулук катары ойлонсок, ал баары бир реалдуулук болалбайт; биз жаңы тажрыйбаны билбей калабыз; биз билгенибизди гана билип кала беребиз, ошондуктан жаңы тажрыйба алдык деп айтканда, башыбыздан өткөн жаңы нерсе – жаңы болбой калат. Психотроптук баңгизаттардын жардамы менен аң-сезимди кеңейтүү жолу аркылуу жаңы таасирлерди издөө — аң-сезимдин сферасында кала берет, ошондуктан анын мүмкүнчүлүктөрү аябай чектелген.

Ошентип биз уламдан улам кеңири жана терең таасирлерди каалаган, аларды издеген акыл-эстен – ар дайым эскерүүлөрдө гана жашаган, майдачыл, мокок акыл-эстен турган фундаменталдуу акыйкатты ачтык. Эми биз бир нерсени ойлоп, тынчсызданбайбыз, андан кийин эмне болот? Ойгоо, сергек кезибизде бизди колдоп турган чакырыктарга, тынчсызданууларга көз карандыбыз. Эгерде бизде эч кандай конфликт, өзгөрүү, чочулоо жок болгондо, биз катуу уктап жата бермекпиз, ошондуктан чакырыктар (вызов) көпчүлүгүбүзгө суудай керек;  аларсыз акыл-эсибиз мокок, уйкулуу болот деп эсептейбиз, ошондуктан биз чакырыктардан, тынчсыздануулардан көз карандыбыз, анткени алар толкундануубузду, сезимдердин чыңалусуун күчөтүп, акылыбызды курч кылат. Бирок мындай көз карандылык акыл-эсти баары бир мокотот, сергек кезибиздеги абалды сактап калууга дегеле жардам бербейт. Мен өзүмө суроо берип жатам: толук ойгоо, сергек болгон абалды менин кан-жанымдын кээ бир алыстагы чекиттеринде сактап калбай, эч кандай чакырыктарсыз, тынчсыздануусуз толук ойгоо, сергек болсо болобу? Ал үчүн дене-бой менен да, психикалык жактан тез түшүнгөндөй баамчылдык керек болот. Бул мен бардык муктаждыктардан эркин болушум керек экендигин билдирет, анткени мен муктаждыкты сезип жаткан учурда, менде тынсыздангым келген каалоо пайда болот. Муктаждыктар менен аны канааттандыруудан эркин болуу үчүн өзүңдүн ички дүйнөңдө муктаждыктын болгон табиятын, анын бүтүндүгүн изилдөөгө туура келет.

Муктаждык: “Мен бактысызмын, мен бактылуу болушум керек” деген ачакейликтен жаралат. Мен бактылуу болушум керек дегендин өзүндө бактысыздык жатат. Киши жакшы болгусу келгенде, жакшынын карама-каршысы – жаман пайда болот. Бардык жетишкендиктерде өзүнүн карама-каршылыгы болот, аны басып өтөм деп умтулган сайын, эмнеге каршы күрөшсөң, ошол күчөнө берет. Качан акыйкатты же реалдуулукту сезип-туюуга муктаждык болгондо, ал муктаждык барга канааттанбоодон келип чыгат, ошондуктан муктаждык карама-каршысын жаратат, ал эми бул карама-каршылыкта эмне бар болсо, ошол эле болот. Ошентип, адам баласы бул тынымсыз, токтобогон муктаждыктардан эркин болуусу керек, антпесе ачакейликтин аягы түгөнбөйт. Бул – билим дайыма толук болушу керек, ошондо акыл-эс издегенин токтотот дегенди түшүндүрөт.

Мындай акыл-эс тынчсызданууну, баштан өткөрүүнү талап кылбайт. Ал чакырыкка муктаж болбой калат же чакырыкты кабыл албайт, ал: “мен уктап жатам” же “мен ойгоомун” деп гана коет. Ал кандай болсо, ошондой болот, эмне болсо, ошол болот. Өзү менен ажырымда болгон, тар, майдачыл акыл-эс гана чоң нерселерди издей берет. Анда ошол чоң нерсеси жок эле, тынымсыз салыштырууларсыз эле бул дүйнөдө жашаса болобу деги? Албетте, болот. Бирок муну ар ким өзү аныктап алышы керек.

Бул маселени толугу менен изилдөө – сүкүт чалуу, медитация. Бул сөз Чыгыш менен Батышта туура эмес, бурмаланып колдонулуп келди. Ар түрдүү медитациялар, түрдүү ыкмалары жана системалары бар. “Бутуңардын бармагы кантип кыймылдаганын карап тургула, байкап тургула, карап тургула, байкап тургула” деген системалар бар. Бир абалда олтуруп, туура дем алгыла же аң-сезимди практикалагыла деген башка системалары да бар. Бир сөздү эле кайталай берип, транценденттүү (тажрыйбага негизделген) өзгөчө абалга келүү ыкмасы бар. Мунун баары болбогон нерсе. Мында өзүңө гипноз кылуу формасы бар. Кайра-кайра “оомийин” же “ом” же “кока-кола” деп кайталай бергенде, сенде бир сезим-туюм жүрүп, акыл-эс тынчып калат. Бул белгилүү феномен, Индияда миңдеген жылдары бою практикаланып келет, аны мантра-йога деп коет. Бир сөздү кайталай берип, акыл-эсиңди тил алчаак, жакшы абалга алып келесиң, бирок баары бир майдачыл, көңдөй, жарды бойдон калат. Ушул сыяктуу эле короодон бир таяк таап алып, аны текченин үстүнө коюп, күндө алдына жаңы гүлдөн коюп турсаң, бир айдан кийин ал таякка таазим этип каласың, алдына гүл койбосоң, муну чоң күнөө катары эсептейсиң.

Медитация, сүкүт чалуу – бул бир системаны аткаруу эмес, кайталоо, окшошуу эмес. Медитация – бул концентрация (ойду бир жерге чогултуу) эмес. Бул медитация боюнча кээ бир устаттардын сүйүктүү ыкмасы, алар шакирттеринен ойду бир нерсеге токтотуп, бир ойго же ойдун баарын алып ыргытканга токтотуп, акыл-эсти фиксация кылууну талап кылышат. Бул бурмаланган, акылсыз ыкма, мажбурласаң, муну мектептин окуучусу деле аткаралат. Бул сенин ички дүйнөңдө ойду бир жерге токтотууну каалоо менен акыл-эсиңдин ортосунда күрөш жүрүп турат дегендик, акыл-эс бири-бирине секире берет, анткени сен акыл-эстин ар бир кыймылына байкоо жүргүзүшүң керек болот, ал эми акыл-эс  адашып жүрө берет. Акыл-эстин адашканы   — бул сенин башка нерсеге кызыкканың.

Медитация үчүн акыл-эстин тирүү болгону маанилүү. Медитация – бул жашоону толук түшүнүү, бардык формаларды үзүк-үзүк кылып фрагменттөө токтогонун түшүнүү. Медитация – бул ойду көзөмөлдөө эмес, анткени ой көзөмөлгө алынганда, акыл-эсте конфликт жаралат, ал эми ойдун башаты менен структурасын түшүнгөндө гана, чындап терең сүңгүп түшүнгөндө гана ой тоскоолдук жаратпайт. Ой жүгүртүүнүн структурасын түшүнүү – бул жеке тартип, иреттүүлүк, ал медитация болалбайт. Медитация – ар бир ойду, ар бир сезимди аңдап-билүү болушу керек, ошондо эч качан бул туура же бул туура эмес дебей каласың. Болгону аны байкап, аны менен бирге кыймыл-аракетте болууга тийиш. Ошондой байкоо жүргүзүүдө ойлор менен сезимдердин толук кыймыл-аракетин түшүнө баштайсың. Бул аңдап-билүүдөн үндөбөгөн жымжырттык келип чыгат. Ойдун жардамы менен келген жымжырттык – бул токтоп калуу, өлүм; ой өзүнүн табиятын, өзүнүн башатын тааныганда келген жымжырттык, ой эч качан эркин эмес экенин, эски бойдон каларын түшүнгөндө келген жымжырттык – бул медитация, мында сүкүт чалган киши болбойт, анткени акыл-эс өзүн өткөн чактан бошотуп салды. Эгерде бул китепти бир саат кунт коюп окусаң – ушунун өзү медитация, сүкүт чалуу болот;  а эгерде мындан бир нече сүйлөмдү, идеяларды алып, ал жөнүндө кийинчерээк ойлоном десең – бул медитация болбой калат. Медитация – бул акылдын абалы, ал бардыгын толук түшүнүү менен чулу карайт, бир бөлүгүн жулуп албайт. Эч ким сага көңүл койгонду үйрөтө албайт. Эгерде кайсыл бир система кантип көңүл коюу керек экендигин үйрөтсө, анда бул ошол системага көңүл коюу болуп калат. Бирок көңүл коюунун өзү болбойт. Медитация – бул жашоодогу эң улуу искусствонун бири, киши сүкүт чалганды эч кимден үйрөнө албайт. Анын сулуулугу, кооздугу ушунда. Медитациянын техникасы жок, демек, авторитети жок. Эгерде сен өзүңдү таанып-билип, өзүңө байкоо жүргүзүп жаткан болсоң: жеп-ичкениңе, сүйлөгөнүңө, жек көргөнүңө, кызганганыңа, эгерде ушунун баарын өзүңдө аңдап-билип жатсаң, тандабаган болсоң, ушунун өзү медитациянын бир бөлүгү.

Ошентип, автобуста баратсаң деле, бир жарык, бир көлөкө болгон токойдо сейилдеп жүрсөң деле, же чымчыктардын сайраганын уксаң, же аялыңдын же балаңдын жүзүн карап турсаң деле сүкүт чалсаң болот. Медитацияны түшүнүү – бул сүйүү, а сүйүү – адаттар системасынын продуктусу эмес, бир ыкманы аткаруунун жыйынтыгы эмес. Сүйүүнү ой менен пир тутуу мүмкүн эмес. Жымжырттык болгондо сүйүү келиши мүмкүн, ал жымжырттыкта сүкүт чалган киши болбойт; акыл-эс өзүнүн кыймылын – ойлор менен сезимдерди – түшүнгөндө жымжырттык болалат. Ойлор менен сезимдердин кыймылын түшүнүү үчүн аны байкоо учурунда күнөөлөгөнгө болбойт. Мындай байкоо жүргүзүү, албетте, дисциплина, бирок бул дисциплина агып турат, эркин болот, ылайыкташуу дисциплинасы эмес.

XVI глава

Бардыгын камтыган тоталдык революция. Диний акыл-эс. Энергия. Ашыктык (берилгендик).

Бул китептин негизги максаты – сен ичиңде, демек, жашооңдо толук революция кылуу, коомго, анын структурасына эч кандай тиешеси болбошу керек. Коом – өтө жаман, бүтпөгөн согуштары ( ал коргонуу болобу, кол салуу болобу, айырмасы жок) менен жаман.  Бизге таптакыр башкача, жаңы нерсе, психикадагы революция-мутация керек. Карыган, эски мээ адамдар мамилелеринин көйгөйүн чечалбайт. Эски мээ  азиялык, европалык, америкалык же африкалык, ошондуктан биздин сураганыбыз: мээнин клеткаларынын өзүндө өзгөрүш жасаса болобу? Эми сен өзүңдү бир аз жакшыраак түшүнүп калганда, кел, өзүбүздөн: “Адам баласы күнүмдүк тиричилиги менен ушул таш боор, аёосуз, зордук-зомбулуктар аткарылган дүйнөдө, техникалык жактан толук жабдылып келаткан, ошондуктан жемишсиз болуп бараткан дүйнөдө адам баласы революция жасай алабы, сырткы мамилелеринде гана эмес, ой жүгүртүү, кыймыл-аракет, сезимдер, реакциялар ж.б. бардык сферада революция жасай алабы?” деп кайра-кайра өзүбүздөн сурап көрбөйлүбү?

Кудайдын куттумуш күнү биз адам баласынын зордук-зомбулукка болгон өнөкөтүнөн улам дүйнөдө болуп жаткан шумдуктуулардын баарын көрүп да, окуп да жатабыз. Сен: “Мен муну эч нерсе кылалбайм” же “Кантип мен дүйнөгө таасир тийгизе алам?” деп айтышың мүмкүн. Мен сен дүйнөгө чоң таасир бераласың деп айтат элем; эгерде өзүңдө зомбулук болбосо, күнүгө тынч өмүр сүрүп жатсаң, атандашуу, атак-даңкты каалоо, ичкүйдүлүк, касташуу (учкундан жалын тутанат) болбосо таасир этесиң. Дүйнөнү ушундай башаламандыкка алып келген өзүбүз, биздин эгоборборлуу кыймыл-аракетибизден, жек көрүүбүздөн, улутчулдугубуздан улам ушундай болду; муну биз эч нерсе кылалбайбыз деп айтканда, биз ошол башаламандыкка моюн сунуп калганыбыз, бул баары бир боло берет дегенибиз. Биз дүйнөнү фрагменттерге бөлүп таштадык, өзүбүз ичибизден бөлүнүп-жарылып, үзүм-үзүмдөрдөн туруп жатсак, анан кантип дүйнө ошондой болбойт? Эгерде биз толук кандуу кыймыл-аракет кылсак, анда биздин дүйнөгө болгон мамилебиз укмуштуудай революцияны башынан өткөрөт.

Акыр аягы баалуулугу бар ар бир кыймыл, терең мааниге ээ  ар бир кыймыл-аракет өзүбүздөн башталат. Мен биринчи өзгөрүшүм керек, дүйнө менен болгон менин мамилемдин табияты менен структурасы кандай экенин көрүүм керек, ошол көрүүнүн өзү кыймыл-аракет, ошондуктан мен ушул дүйнөдө жашаган адам катары башка сапат киргизем, ал сапат, менимче, диний акыл-эстин сапаты.

Диний акыл-эс – бул түпкүлүгүндө динди тутунган акыл-эстен таптакыр айырмаланган нерсе. Сен индуист, мусулман, христиан, буддист болуп туруп, динчил болбой коеласыңар. Диний акыл-эс эч кандай издөө жүргүзбөйт, акыйкатты эксперимент кылбайт. Акыйкат сенин канааттанууң же азабың, шартка көз каранды болгонуң, индуизм дини же силер тутунган дин тарабынан буйрук кылган нерсе эмес. Диний акыл-эс – бул коркунучу жок акыл-эстин абалы, демек, бар нерседеги кандай гана ишеним болбосун, ал чындап эле бар нерсе.

Диний акыл-эсте ой жаратпаган жымжырттык (биз бул жөнүндө кенен сөз кылганбыз) болот, бирок ал аңдап-билүүнүн жыйынтыгы, ал эми ал аңдап-билүү — сүкүт чалган киши жок болгон медитация. Мындай жымжырттык – конфликт жок энергиянын абалы. Энергия – бул кыймыл-аракет жана кыймыл. Ар бир кыймыл-аракет – бул кыймыл, ар бир кыймыл-аракет – бул энергия, ар бир каалоо – бул энергия, ар бир сезим – бул энергия, ар бир ой – бул энергия. Бардык тирүү нерсе – бул энергия, бардык жашоо – бул энергия. Бул энергияны эч бир карма-каршылыксыз, эч бир тирешүүсүз, эч бир конфликтсиз акканга жол берилсе, анда ал чексиз, түбөлүктүү. Тирешүү болбогондо, ал энергиянын чеги болбойт. Тирешүү – энергияны чектеп коет. Бир күнү муну түшүнө турган адам эмнеге энергияга тирешүүнү алып келет? Эмнеге жашоо деп аталган кыймылга дисгармония алып келет? Таза, чексиз энергия ал үчүн болгону идея эмеспи? Чындап эле болчу факт эмеспи?

Биз бардыгын камтыган революция жасоо үчүн гана энергияга муктаж эмеспиз, ошондой эле изилдөө, көрүү жана кыймыл-аракет кылуу үчүн керек. Биздин мамилелерде кандай гана араздашуу, түшүнбөстүктөр болбосун – күйөөсү менен аялынын ортосунда, киши менен кишинин ортосунда, топ менен башка топтун ортосунда, өлкө менен башка өлкөнүн ортосунда, идеология менен башка идеологиянын ортосунда – кандайдыр бир ички араздашуу,түшүнбөстүк болсо же ар кандай формадагы, атүгүл билинбеген, сырткы конфликт болсо, энергияны маанисиз коротуу боло берет.

Байкоочу менен байкалып жаткан объекттинин ортосундагы убакыт аралыгы турганда, энергияны курулай сарптаган дисгармония боло бермекчи. Бул энергия топтоло берип, жогорку чекитине жетет, байкоочу байкалып жаткан объект болуп калганда, эч кандай убакыт аралыгы болбогондо, себепсиз энергия болот, ошондо кыймыл-аракетинин жолун табат, анткени ичтеги “мен” эчак жок болгон.

Биз жашаган башаламандыкты түшүнүү үчүн көп сандагы энергияга муктажбыз,  “мен түшүнүшүм керек” деген сезим өзүнө керектүү өмүр күчүн алып жүрөт. Бирок аны түшүнүү, издөө үчүн убакыт талап кылынат, биз аныктагандай, акыл-эстин шарттарга көз каранды болуусунан акырындан бошонуу – бул биз издеген жол эмес. Убакыт – бул жол эмес. Карыбызбы, жашпызбы – жашоонун толук процесси дайыма башка чен-өлчөмгө өтүп кетүүсү мүмкүн. Биз кандай болсок, ошого карама-каршысын издөө, система, устат, философ же дин кызматкери тарабынан таңууланган жасалма дисциплина – муну бардыгы маанисиз. Биз ушуну аңдап-билгенде, биз өзүбүздөн: “Жүздөгөн жылдардын шарттарга көз каранды болгон катаалдыгынан көз ачып-жумганча өтүп келип, башка шарттарга көз каранды болбой, акыл-эс жаңы, сезимтал, тирүү, аңдап-билген, күчтүү, идиректүү болуусу үчүн эркин болалабы?” деп сурайбыз. Башка көйгөй болбойт, анткени акыл-эс жаңыланып алды, эми кандай маселе болбосун, чече алат. Биз өзүбүзгө бере турган жалгыз суроо ушул.

Бирок биз бербейбиз, бизге айтышын каалайбыз. Психикабыздын эң кызыктай көрүнүштөрүнүн бири — ушул бизге айтса экен деген каалоонун өзү. Эмнеге мындай болот, анткени биз – миңдеген жылдардагы үгүттөөнүн жыйынтыбыз, биздин оюбузду бирөө жарым тастыктап же колдоп коюшун каалап келгенбиз. Бирок суроо берүү – бул өзүңө өзүң суроо бергениң. Менин айткандарым аябай кенедей баага ээ, бул китепти жабарыңар менен унутуп коесуңбу, же кээ бир сүйлөмдөрдү эстеп, кайталап турасыңбы, мындан окуганыңды башка китептен окуганың менен салыштырасыңбы, — жеке жашооң менен бетме-бет жолуга албайсың. Сенин жашооң гана мааниге ээ. Сен өзүң, чектелүүң, боштук, таш боордук, зомбулук өнөкөтүң, сараңдык, атак-даңкты самоо, күнүмдүк азабың жана түгөнбөгөн кайгың – эч ким жерде да, асманда да сени булардан сактап калалбагандыгын түшүнүшүң керек, өзүңдү өзүң гана сактап кала аласың.

Күнүмдүк тиричилигиңде, күнүмдүк ишмердүүлүгүңдө эмне болуп жатканын көрүп туруп, — токоч жеп жатканда, сүйлөп атканда, бир жакка барыш үчүн үйдөн чыгып баратканда, же жалгыз токойдо сейилдеп жүргөндө, — бир дем менен, бир көз караш менен өзүң кандай болсоң, ошондой көрөласыңбы? Өзүң кандай болсоң, ошондой көргөндө, адамдын умтулууларын, куулуктарын, эки жүздүүлүгүн, изденүүлөрүн ж.б. бардык структурасын түшүнөсүң. Ал үчүн өзүңө, болгон кан-жаныңа карата абсолюттуу чынчыл болушуң керек. Принциптериңе ылайык кыймыл-аракет кылганда, чынчыл эмес болгонуңа, кандай болгуң келгенине жараша кыймыл-аракет кылып каласың да, кандай болсоң, ошондой болбойсуң. Идеалдарды алып жүрүү — бул өтө таш боор нерсе. Эгерде сенде кандайдыр бир идеалдарың, ишенимиң, принциптериң болсо, сен өзүңдү көрө турган абалда эмессиң.

Ошентип, сен четке кагуунун позициясында толук жөнсалды, тынч болаласыңбы, ойлор жок, коркунуч жок, өзгөчө тирүү, ашыктыкка (берилгендикке) ашып-ташып тураласыңбы?

Аракеттенүү, умтулуу жок кездеги акыл-эс, — бул чыныгы диний акыл-эс. Акыл-эстин мындай абалында “акыйкат” же “реалдуулук”, жыргал, кудай, сулуулук жана сүйүү деп аталгандарга келишиң мүмкүн. Суранам, ушул жөнөкөй фактыны түшүн. Сен чакырык менен келалбайсың, артынан кубалай албайсың, анткени бул кучак жеткиздик үчүн, бул өтө зор нерсе үчүн сенин акыл-эсиңдин кулагы кер, абдан майда, эмоцияң жарды, жашоо образың башаламан. Ошондой кенендикти кантип кичинекей үйүңө, кымындай бурчуңа, тапталган, түкүрүлгөн жайыңа чакыраласың? Чакыра албайсың. Чакыруу үчүн аны билишиң керек, бирок сен билбейсиң. Эгерде кимдир-бирөө “Мен билем” деген болсо, ал учурда аның билбейт. Эгерде сен кайсыл бир учурда бир нерсени ачтым десең, анда эч нерсе ачпаганың. Эгерде сен тажрыйбаң менен таанып билдим десең, анда сенде андай тажрыйба болгон эмес. Мунун баары экслуатациянын жолу, башка кишини – мисалы, мен сенин досуң же касың болсом-  пайдалануунун жолу.

Ошондо киши өзүнө: “Ошол нерсени таанып-билсе болобу? Аны чакырбай, күтпөй,  чалгындабай, ага умтулбай, өзү келгендей кылса болобу – ачык терезеден соккон салкын жел сыяктуу? Сен желди чакыралбайсың, бирок терезени ачык калтырышың мүмкүн. Бул сен бир нерсени күтүп жатасың дегендик эмес, анткени – күтүү – бул өзүңдү өзүң алдоонун бир формасы гана. Бул бир нерсени кабыл алуу үчүн өзүңдү ачышың керек дегендик эмес; баары бир ойдун дагы бир түрү келип чыгат.

Качандыр бир сенде: “Эмнеге адамдар бул Нерседен куржалак калган?” деген суроо жаралган жок беле? Алар бала төрөшөт, назиктикти сезишет, мээрим төгүшөт, сүйлөшө алышат, чогуу достукта, жолдошчулукта боло алышат, бирок эмнеге бул Нерсе аларга берилген эмес. Сени эч качан кокусунан таңгалдырган жок беле: көчөдө басып баратып, же автобуста олтуруп, же отпускеңди көлдө өткөрүп жатып, же чымчык, бак-дарак, жапайы айбандар жайнаган токойдо сейилдеп жүрүп, — эмнеге миллиондогон жылдардан бери жашаган адам баласы ал Нерсеге, бул соолубаган өзгөчө Гүлгө эмнеге жетпей калган? – деген суроо башыңа келген жок беле? Эмнеге сен, адамдар, ушундай идиректүү, куу, акылдуу болуп туруп, дайыма атаандашып жүрүп, асманда учкан шумдуктуу техниканы жаратып, жер алдына, деңиз түбүнө жетип, укмуштуудай электрондук мээ ойлоп таап, эмнеге сен жалгыз Мааниден куржалак калгансың? Бул маселенин, бул көйгөйдүн үстүндө качандыр бир олуттуу ойлонгонсуңбу, билбейм, бирок эмнеге жүрөгүң бош, көңдөй?

Өзүңө ушундай суроо берсең, кандайча жооп берет элең? Кайпактабай, куулук кылбай, кантип чын жооп берет элең?  Сенин жообуң — суроого салынган шашылыш экендигине жана анын умтулуусуна жараша болот. Бирок сенде умтулуу да, шашалыш экенин сезүү да жок. Ошондуктан сенде энергия жок, ал энергия – ашыктык (страсть), берилгендик – сен ашык болбой, эч кандай акыйкатты ачалбайсың. Ашыктык — бул өтө коркунучтуу нерсе, анткени ашыктык болгондо, ал сени кайда алып барарын билбей каласың.

Ошентип, коркунуч сенде энергиянын болбой калуусуна себеп болушу мүмкүн, ал ашыктык эмнеге сенде сүйүүнүн бул сапаты жок экенин, эмнеге жүрөгүңдө алоологон жалын жок экенин аныктоо үчүн зарыл. Эгерде сен акыл-эсиңди, жүрөгүңдү жакшылап изилдесең, эмнеге андан куржалак калганыңды билесиң. Эмнеге сенде жок экенин аныктоо үчүн болгон умтулууңда ашыктыкты көрсөтө алсаң, эмне болсо, ошонун баарын көраласың. Ашыктыктын жогорку формасы болгон — толук четке кагуу аркылуу гана сүйүү келет. Сүйүүнү момундук, баш ийүү сыяктуу пир тутууга болбойт. Менменсинүү, көйрөңдүк толугу менен жоголгондо баш ийүү келет – ансыз баш ийүү эмне экенин билбей каласың. Баш ийүү эмне экенин билген киши – менменсинген, көйрөң киши. Ошентип, бардык акыл-эсиң, жүрөгүң, нервдериң, көздөрүң, болгон кан-жаның менен кантип жашаш керектигин билүүгө умтулганда, чындап бар нерсени көргүң келгенде, азыр жашап жаткан жашоого карата тоталдуу четке кагуу позициясын кабыл алып, андан бийик турганда, — бул түрү суук, таш боорду четке кагуунун өзүндө реалдуулук  башкага ээ болот. А муну сен эч качан билбейсиң. Билбеген киши жымжырттыкта болот, жымжырттык сүйүү эмне сезип жатканын билет, мындай киши сүйүү эмне, жымжырттык эмне экенин билбейт.

АЯГЫ

Орусчадан оодарган Эрнис АСЕК уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.