Америка жомогу: Абалдан чыгуу

Бир янки кеч күздүн суук кечтеринин биринде Жаңы Лондонго келет. Албетте, узак жол басып чарчап, ат үстүндө үшүп келген ал жылуурак ашкана таап, от боюнда талыкшып отуруп, жакшылап тамактанып  алууну каалайт. Бирок ал кайсы  ашканага кирип ыңгайлуу жай издебесин, андай оттун табы тийген орундардын баары эле бош эмес болот. Андагы тамылжып тамактанып отургандар алыстан келген коноктун абалын дегеле түшүнгүлөрү келишпейт. Орун бошотмок тургай, жада калса жылытып алган орундарынан аз-маз жылып дагы коюшпайт. Ошондо куулугун карматкан янки четтеги капталдан аңылдап суук […]

Лао МА: Сапарлаш аял

Которгон Назгүл ОСМОНОВА АҢГЕМЕ Менин жанымда отурган аял чет элге биринчи жолу учуп жатпаган сыяктанат. Ал коопсуздук курун тагынбастан отуруп алып, даараткананын суусундай токтобостон быдылдап сүйлөп жатты. “Сиз чет жакка эч качан чыккан эмессизби?” —  деп сураган аял мага кайрылды. Бул өзүнүн жашынан алда канча жаш көрүнгүсү келген орто жаштардагы аял эле. Бирок үстүндөгү бир кызыктай кийими менен бетиндеги бырыштары бир караганда эле аялдын жашын айгинелеп койчудай. Мен жылмайып жооп бердим: “Ооба, билип алдыңыз. Башка өлкөгө алгач чыгышым”. “Мага муну […]

Олжобай ШАКИР: Мээримсиз канчык

АҢГЕМЕ Өмүрүмдө балага мээримсиз адам сыягындагы энени көргөм, бирок өз күчүктөрүнө мээримсиз канчыкты көргөн эмесмин. Андай макулукту эми өз короомдон көрүп отурам. Үйгө аны балдарым таап келишкен. Өткөн жылы күзүндө нөшөрлөгөн жамгырлуу күндөрдүн биринде кенедей уул-кызым мектептен келатканда, көчөдөгү көлчүктө кыңшылап жаткан күчүктү көрүшөт… Көзү жаңыдан ачылган. Күчүк кыңшыласа өздөр да кошо ыйлап, жамгырда үчөө бирдей шөмтүрөп кирип келишти. Күчүктүү балам бооруна кыса кирди. – Сасыган немени сыртка ыргыткыла! – дегениме болбой экөө тең жарыша чырылдап ийишти: – Ата, күчүк […]

Орозбек МОЛДАЛИЕВ: Алым курбум жөнүндө алты ооз сөз

Атан өлсө тайлак бар, Кому жерде калбаска… Кыргыз эл макалы  Чыгармачылык, өнөр менен тарыхка из калтыруу, түбөлүктүүлүк жөнүндө сөз болгондо нурдуу Бухара шаарынын символу – ХII кылымда салынган Калон мунарасын курган уста жөнүндөгү меймандос шаардын тургуну айтып берген уламыш эсиме түшөт. Болочок “Чоң мунаранын” терең казылган фундаменти куюлуп бүткөндөн кийин уста дайынсыз жоголуп кетет. Арслан хандын буйругу менен ал издөөгө алынат, бирок такыр табылбайт. “Тактыда отурган кезимде салдырып калайын”,- деп шашкан хан башка усталарга буйрук кылат, бирок бирөө да бул […]

МОЦАРТ

Билгенден билелегиң көп Австрия композитору, Вена классикалык мектебинин ири өкүлү Вольфганг Амадей Моцарт 1756-жылы 27-январда Зальцбург шаарында туулган. Атасы Леопольд Моцарт скрипкачы жана композитор болуп, уулунун музыкалык жөндөмүнүн өсүшүнө чоң таасир тийгизген. Уулун музыкалык аспаптарда ойноого үйрөткөн. Моцарт 4 жашында клавесинде ойноп (клавесин – кылдуу чертме-клавишалуу музыкалык аспап), 5-6 жашынан өзү музыка жарата баштаган. Анын 1-чыгармасы клавира үчүн менуэттер болгон. 1-симфониясы 1764-ж. Лондондо аткарылган. 6 жашынан (1762-ж.) баштап пианист эжелери Мария, Анна жана атасы менен Германия, Австрия, Франция, Англия, Швейцария, […]