Билгенден билелегиң көп

Австрия композитору, Вена классикалык мектебинин ири өкүлү Вольфганг Амадей Моцарт 1756-жылы 27-январда Зальцбург шаарында туулган. Атасы Леопольд Моцарт скрипкачы жана композитор болуп, уулунун музыкалык жөндөмүнүн өсүшүнө чоң таасир тийгизген. Уулун музыкалык аспаптарда ойноого үйрөткөн. Моцарт 4 жашында клавесинде ойноп (клавесин – кылдуу чертме-клавишалуу музыкалык аспап), 5-6 жашынан өзү музыка жарата баштаган.
Анын 1-чыгармасы клавира үчүн менуэттер болгон. 1-симфониясы 1764-ж. Лондондо аткарылган. 6 жашынан (1762-ж.) баштап пианист эжелери Мария, Анна жана атасы менен Германия, Австрия, Франция, Англия, Швейцария, Италияда болуп, клавесинчи-виртуоз, скрипкачы, пианиночу, органчы, ырчы жана дирижер катары концерт берген. Ал музыкалык туюмунун өтө сергектиги, эске тутуусунун күчтүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн. 11 жашынан баштап эле театр композитору катары көрүнгөн.
Алгачкы сценалык ораториясын, “Аполлон жана Гиацинт” аттуу операсын жазган. 1770-ж. Рим папасы аны Алтын текөөр ордени менен сыйлаган. Ошол эле жылы атайын сыноодон өткөрүлгөндөн кийин 14 жашар Моцарт Болоньядагы филармониялык академиянын мүчөлүгүнө шайланган. Мында ал академиянын жетекчиси Ж.Б.Мартиниден композиция боюнча сабак алган. 19 жашында түрдүү жанрдагы 10 музыкалык-сахналык чыгарманын, 2 кантатанын, көптөгөн симфониялардын, концерттердин, квартеттердин, сонаталардын, сюиталардын, чиркөөлүк композициялардын, ариялардын ж.б. чыгармалардын автору болгон.
1778-жылдан Зальцбург князь-архиепископунун сарайында концертмейстер, 1779-жылдан органист болуп иштеген. Бирок мындай жерде иштөө анын чыгармачылыгына жолтоо болгондуктан, 1781-ж. ал биротоло архиепископ менен кол үзүшкөн. 1782-ж. үйлөнгөн. 1781-жылдан Венада жашап, 1786-ж. “Театр директору”, “Фигаронун үйлөнүү тою”, 1787-ж. “Дон Жуан” ж.б. операларын жазган. Бул жылдары анын симфониялык жана камералык-ансамблдик чыгармачылыгы гүлдөгөн учур болгон. Музыкадан сабак берип (фортепианодо ойноо жана композиция теориясы боюнча), концерт менен жашоо үчүн каражат таап турган.
Ошондой эле каражат анда-санда жарык көргөн чыгармаларынан да калем акы катары түшкөн (бирок мыкты чыгармаларынын көбү көзү өткөндөн кийин гана басылып чыккан).
Моцарт 1787-ж. Прагага келген. Ал жерде “Париж симфониясын” аткарган. Бетховен менен жолугушкан. 1789-ж. Берлинге келген. Бирок ал жерде үмүтү акталган эмес. 1791-ж. Прагада Моцарттын “Титанын боорукердиги” аттуу операсы коюлуп, өтө салкын кабыл алынган. Ушул жылы сентябрда “Сыйкырдуу чоор” аттуу операсы жарыкка чыгып, Венанын демократиялык басма сөзүндө жылуу пикирлерге татыган. Консервативдүү чөйрөдө анын жаңычыл чыгармалары талкууланып, 1787-жылдан баштап Моцарттын академияларына (автордук концерттерине) тыюу салынган. 1791-ж. Моцарт ыйык Стефан соборунда капельмейстердин акы төлөнбөгөн жардамчысы болуп бекитилген. Бирок бул улуу композитордун чыгармачылыгына терс таасир берип, жолтоо болгон, чыгармачылыгын чектеген. Ал бул орунда жарым жылдай гана иштеген. 1791-ж. 20-ноябрда төшөккө жатып калып, 5-декабрда 36га жетип-жетпей Венада каза болгон.
Моцарттын каза болгондугу жөнүндө көптөгөн уламыштар айтылат. Анын бири итальян композитору Антонио Сальери (1750-1825) жөнүндө. А.Сальери Моцартка уу берген деген уламышты А.С.Пушкин пайдаланып “Моцарт жана Сальери” деген кичинекей трагедиясын жазган. Моцарттын ууландырылышын жесиринин айтуусу боюнча гана пайдаланышкандыктары чындыкка анча коошпой тургансыйт…
Моцарттын музыкасы Агартуу доорунун алдыңкы идеяларын чагылдырган. – (Агартуу доору феодализмден капитализмге өтүү мезгилинде жаңыдан пайда болгон буржуазиянын жана эл массасынын феодализмге каршы күрөшү менен байланышкан прогрессивдүү идеялык агым. Бул агым бир катар революцияларды, өзгөчө Улуу Француз революциясын идеологиялык жактан даярдоого көмөкчү болгон. Бул агым Батыш Европанын бир катар өлкөлөрүндө 18-кылымда (Англияда андан бир аз эрте) таркаган.
Агартуу доорунун көрүнүктүү өкүлдөрү: Англияда – Ж.Локк, Францияда — Вольтер, Ж.Ж.Руссо, Ж.Монтескье, П.А.Гольбах, К.А.Гельвиций, Д.Дидро, Германияда – Г.З.Лессинг, Иг.Гардер, Ф.Шиллер, И.В.Гете, АКШда – Т.Жефферсон, Б.Франклин, Т.Пейн). Моцарт обон жаратуунун чебери болгон. Анын “Реквием” деген обону 1791-ж. жазылып, азыркы кездеги дүйнөлүк музыкалык классиканын эң мыкты чыгармаларынан. Моцарт – 600дөн ашык чыгарманын – 17 опера, 50дөй симфония, 50дөн ашык камералык ансамбль (23 кыл аспаптар квартеттери), оркестр үчүн 40тай концерт, соната (фортепьяно үчүн 21, скрипка жана фортепьяно үчүн 35), хор үчүн чыгармалар, вариациялар, фантазиялар, ырлар ж.б. автору. Композитордун туулган жери Зальцбургда эл аралык (Моцартеум) (1880-ж. уюшулган) мекемеси башында турган агартуу, илимий изилдөө ж.б. тармактар түзүлгөн. Венада музейи уюштурулган.
Моцарт музыканын өнүгүшүнүн жаңы прогрессивдүү жолун аныктаган. Анын чыгармачылык доору операнын, симфониянын, концерттик жана камералык музыканын дүйнөлүк өнүгүүсүндөгү эң бир маанилүү мезгил болгон. Анын чыгармачылыгы адаттан тыш эрте башталып, көп тармактуу талантка ээ болгон.
Ошол доордогу бардык музыкалык жанрды жаңылаган жана байыткан. Анын бардык музыкасындагы чынчылдык жана психологиялык тереңдик мазмундуулугу, ошондой эле жанга жагымдуулугу менен айкалышкан. Моцарт музыканын айыл турмушун чагылдырган жанры болгон пасторалдык опера да жазган. Полифониянын (музыканын көп добуштуу түрү, бир нече добуштун кошулуп үн чыгарышы) формаларын өркүндөтүп, классикалык үлгүлөрүн жараткан.
Улуу музыканттардын ичинен Моцарт байлыкка умтулбай эркин чыгармачылык жүргүзүүнү каалаган биринчи адам. Ал алты балалуу болгон. Эң кичүүсү Моцарт Франц Ксавр Вольфганг (1791-1844) гана атасынын жолун жолдоп белгилүү пианист жана композитор болгон.
Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.