Атан өлсө тайлак бар,
Кому жерде калбаска…
Кыргыз эл макалы

 Чыгармачылык, өнөр менен тарыхка из калтыруу, түбөлүктүүлүк жөнүндө сөз болгондо нурдуу Бухара шаарынын символу – ХII кылымда салынган Калон мунарасын курган уста жөнүндөгү меймандос шаардын тургуну айтып берген уламыш эсиме түшөт. Болочок “Чоң мунаранын” терең казылган фундаменти куюлуп бүткөндөн кийин уста дайынсыз жоголуп кетет. Арслан хандын буйругу менен ал издөөгө алынат, бирок такыр табылбайт. “Тактыда отурган кезимде салдырып калайын”,- деп шашкан хан башка усталарга буйрук кылат, бирок бирөө да бул татаал курулушту улантып кетүүгө батынбайт.

Арадан беш жыл өтөт да, баягы жаш уста хандын алдына келип, курулушту улантууга уруксат сурайт. Ачууланган өкүмдарга “сиз кылымдар бою бузулбас мунара кур дедиңиз, ошондуктан мен болочок мунаранын түбүн ошол талапка ылайык терең, салмактуу жасаттым. Ал беш жыл бою орун алып, бекемделиши керек эле, бирок сиз ага макул болбой, тез бүткөр дейт элеңиз. Ошондуктан мен беш жыл бекинип жүрүп, эми мөөнөтү келгенде кайтып келдим”,- дейт. Жүйөлүү себепке ынанган хан ага кечирим берип, ишти улантууну тапшырат. Ошол чебер уста курган Калон мунарасы 900 жылдан ашык мезгилди карытты. Анын капталдарында биздин атактуу жердешибиз М.Фрунзе баштаган кызыл аскерлер мунараны кулатуу максатында замбирек менен аткандан улам пайда болгон тактар бар. Бирок Калон мунарасы кулаган эмес.

Кыргыздын чыгаан уулу Алым Токтомушев бир маегинде окурмандардын сезиминен түбөлүк түнөк табар ырлар биздин поэзияда абдан аз экен деп өкүнгөн эле. Ал өзүнүн чыгармаларына жупуну баа берип, “ошол саман-топондорду мен да көбөйтүшкөндө эмне пайда” дегени менен, азыр аны эскергенде айрым ыр жандуулардын “кап, жакшы акын эле, публицистикага ооп кетип, поэзиядан алыстап калбадыбы”; “талантын бапестеп, изденүүсүн уланта берсе шедеврлерди жаратмак”,- деп кейигендерин угуп калам. Бул сөздүн төркүнү акыркы мезгилдерде акындардын арасында “камчы сапка жараары” азырак  болгондон улам айтылып жатканы деп да ойлосок болот.

Байыркыдан  көчмөн турмушта, жоокерчилик замандарда жашап жүргөн кыргыз эли “өнөр алды кызыл тил”,- деген. Жаа тартуу же найза саюу деген эмес. Акындык да, публицисттик да чыгырмачылыктын түрлөрү эмеспи. Вольтер айткандай, “Бардык жанрлар жакшы, зериктирмеден башкалары”.

Жаш кезинен поэзияга шыктуу Алымдын жазган ырлары советтик мезгилден баштап  гезит-журналдарга чыгып, окурмандардын көңүлүнөн түнөк тапкан эле. “Карарган деңиз, агарган толкун” жана башка ырлары обонго салынып, бүгүн да аткарылып журөт.

Алым азыр деле :

“Тунарган жакты турамын карап,
Туш-туштан шоокум шооладай жанат.
Бир мезгил келет жамгырдай төгүп,
Бир мезгил кетет шамалдай сабап.
Бүт дүйнө шундай жаралган достум,
Карарган деңиз, агарган толкун….” — деп айтып жаткансыйт.

Чыныгы талант турмуштун кайрагына бүлөнгөн сайын мокобостон, кайра курчуп, алмаз кырдалгандан бриллиант пайда болгондой көп кырдуу болору белгилүү да. Акын болсом деп кыялданып жүргөн Алым доор алмашып, эң кубаттуу экинин бири болгон империя кулап, анын аймагында калай-макан болуп жатса,

“Жон-жондордон айдап келдим,
Жолбун ырлар үйүрүн.
Күмүш жалын күнгө малган,
Күлүгүм ай, күлүгүм”,- деп эле ырдап жүрө алат беле?

Геосаясый зилзаланын таасиринен коомдун негизи, жашоонун шарттары кескин өзгөрдү, баалуулуктар башка нукка түштү. Кечээ эле “айланайын партиям, жанымды берем сен үчүн” деп жүргөндөр эл алдына чыгып, “мен коммунисттерди жек көрчүмүн”,- деп партбилеттерин ыргытышты; соода кылганды төмөн деп сапат көрүп, “кызыл кулактар” деп жеригендер соодагерлерден орун талашын, “коммерсант” боло баштады…

Назик жүрөк Алым акынды жашоонун агымы журналистикага көбүрөк ыктоого сүрүп алып келди. Ал жаңыдан калыптанып келе жаткан эркин, оппозициялык карлыгач газеталарга чакырылып келип, аларды титулундагы жазуусу менен эмес, чыныгы мазмуну боюнча улуттук басма сөз органдары деп таанылышына ат көтөргүс салым кошту. Ал жылдарда М.Эшимканов негиздеген “Асаба” газетасы Кыргызстанда эле эмес, региондо дагы белгилүү эле. Ташкент, Ашхабадга барып калганда казак элчилигиндеги тааныштар да талашып окушар эле.

Алым Токтомушевдин акындыгы да, журналисттиктин жогорку түрү болгон публицисттиги да бийик деңгээлде эле. Жөнөкөй жарандар кемсинтилип, чындык бурмаланып, социалдык адилетсиздик көз көрүнөө жашырылып турса, чындыкты туу туткан чыгармачыл адамдар, бул жөнүндө ачык айтпай, ар бирибизге эскертпей, түшүндүрбөй тура алабы? Жазгандары чалкан чаккандай курч, кер какшыктары тилингенге туз сепкендей мерез, көтөргөн проблемасы терең талдангандыгы менен айрымаланып, жеткиликтүү тилде берилгендиги менен окурмандарга жагып, бааланар эле.

Бир макалада Шекспирге шилтеме кылып («ыплас, пас мезгил көп эле болгон, бирок мындан ыплас, мындан пас мезгил болгон эмес» дегенине), “анын сыңарындай, биз ошондой мезгилде жашап жатабыз”,- деп кашкайган чындыкты элге 2007-жылы айтпады беле.

Алым актуалдуу маселени козгоп, бийликтин өкүлдөрүн аесуз сындачу, бирок аны бирөө-жарымы сотко берип же төгүн маалымат деп кине койгонун уккан эмеспиз. Бул эми өз ишинин устасы жасаган буюмдан, салган мунарасынан кынтык таба албагандай, аргументтерин кыш кынагандай чебер кынаптап, даярдалган макалалары замбирек менен атсаң да кулабаган имараттай бекемдигинен болсо керек. Анын үстүнө жазгандары объективдүү, жөн эле каралап, баткак аралашкан көө сыйпагандан, адамдык касиетке шек келтирип кемсинткенден алыс, адилеттикти туу тутуп даярдалгандыгы байкалып турчу. Негизи ал калыс болгонго умтулар эле. Алым саясый репрессиялардан жабыркаган үй-бүлөдөн болсо да, Сталиндин ишмердигине бир беткей баа берген жок,  бул жерде да  адилет ойлорун ортого салды.

Алымдын терең аналитикалык макалалары, интервьюлары коомдук аң-сезимди ойготуп, өлкөдөгү татаал кырдаалды, коомдук пикирди өз кызыкчылыгына пайдаланып жаткан амбициясы күч адамдарды да сындады. Бүгүнкү демократиялык, укуктуу мамлекет куруу максатындагы Кыргызстандагы аракеттерге Алымдын салымы чоң. Анын чыгармачылыгынын демократияга багыт алган кыргыз коомчулугуна тийгизген таасири өз изилдөөчүлөрүн көпкө күтпөйт деп ишенсек болот. Себеби, Олжобай Шакир баш болгон кийинки муундун намыскөй таланттарынын талыкпаган аракеттери натыйжа бербей койбойт.

Атан өлсө тайлак бар,
Кому жерде калбаска.
Ага өлсө ини бар,
Тону жерде калбаска….

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.