Гүлзат Алиева Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушевди калыстыкка чакырды

Соцтармактарда кеңири белгилүү «Улуттук сезим» аттуу тайпанын өкүлү Гүлзат Алиева бүгүн Фейсбуктагы өз баракчасы аркылуу Кыргызстандын муфтийи Максат Токтомушевге билдирүү жолдоду. Окурмандарга эскертээрибиз: Г.Алиеванын өтүнүчү менен биз – «РухЭш» сайты аталган кайрылууну толугу менен оңдоп-түзөөсүз жарыялоону эп көрдүк…   «Улутум кыргыз, урааным Манас!» Бүгүн, 2017-жылдын 7-сентябрында, мени ИИМге чакырып, ал жерден мени муфтий Максатбек Токтомушевдин ИИМ министрине жазган кайрылуусу менен тааныштырышты. Кайрылуу 2017-жылдын 4-августунда, башкача айтканда, «Улуттук сезим» тайпасы шайтан көпөлөк тарабынан уурдалып, Турсунбай Бакир уулу, Адыл Момунов, Шекербек Салиев […]

Чынаркан БЕКТУРОВА: Шербет

“Шербетти тааныйт экенсиң, мага караганда мурдарак бир мектепке чогуу барыпсыңар , эскерүү жазбайсыңбы, бая экөөбүз сүйлөшкөндө Шербет минтип айтты эле деп кеп салдың эле, ошо дагы эскерүү эмеспи, жазып бер ” — деп Урниса телефондон кадимкисиндей өктөм сүйлөп салды. Ошондон бери ойлор ээрчип, кай тараптан баштаарымды билбейм. Атаңдын көрү, эч качан ушундай эскерүү жазам деп оюма келбептир. Жашоо турмуштун ойдо жокко жолуктурар мыйзамынын дагы бир далили ушул экен да. Качанкыны эстедим: 1967-жылдар мен 9-класска көчүп, Кара-Кужурда сегиз жылдык мектеп болгондуктан, […]

Садык АЛАХАН: Талант жана Бийлик

же сүрөткер менен өкүмдардын карым-катыш мамилеси жөнүндө Көркөм текст жана коом. Сүрөткер жана өкүмдар. Талант жана бийлик. Адам баласын ар качан ойго салып келген бул кош катар түшүнүктөр айрыкча соңку жылдары, тагыраак айтканда, жетимиш жылдан ашуун өмүр сүргөн коммунисттик идеологиянын, бул идеология жараткан большевиктик бийликтин кулашы менен өзгөчө кеңири колдонула баштады. Анан да ошол жапжалгыз идеологиянын курмандыктары болушкан Калыгул, Молдо Нияз, Арстанбек, Молдо Кылыч, Алдаш Молдо, Коргол, Казыбек, Нурмолдо, Молдо Багыш, Осмоналы Сыдык уулу, Белек Солтоноев, Сыдык Карачев, Касым Тыныстанов […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Балакай-мырза

АҢГЕМЕ Кең пейил, бала кыял —  Жолдош мырзаны маал-маалы менен көрүп турбасак эле сагынып, эстей баштайбыз. Эл, эл ичиндеги мен дагы… Ал бизден аркы көчөдө жашаганы менен биздин көчөнүн тургундарына да таанымал. Ээ-жаа бербей, эдиреңдеп чуркап ойногон тентек балдар да башкаларга салам берип-бербей өтүшкөнү менен Жолдош мырзаны көрүп калышса атайын алдына чуркап барып саламдашышат. Ички туюмдары менен бир нерсени сезишет окшойт… * * * Жолдош мырза анда-санда “ачуу” самаганда биздин көчөнүн дал ортосундагы дүкөнгө келип “жутуп” турат. Алгач 100 грамм, […]