“Шербетти тааныйт экенсиң, мага караганда мурдарак бир мектепке чогуу барыпсыңар , эскерүү жазбайсыңбы, бая экөөбүз сүйлөшкөндө Шербет минтип айтты эле деп кеп салдың эле, ошо дагы эскерүү эмеспи, жазып бер ” — деп Урниса телефондон кадимкисиндей өктөм сүйлөп салды. Ошондон бери ойлор ээрчип, кай тараптан баштаарымды билбейм. Атаңдын көрү, эч качан ушундай эскерүү жазам деп оюма келбептир. Жашоо турмуштун ойдо жокко жолуктурар мыйзамынын дагы бир далили ушул экен да.
Качанкыны эстедим: 1967-жылдар мен 9-класска көчүп, Кара-Кужурда сегиз жылдык мектеп болгондуктан, Кара-Суу айылында орто мектепте окуп калдым. Мен окуган мектептин директору Эсенбаев Келдибек агай Шербеттин атасы экен. Мектептин иштерине активдүү катышып ар кандай чыгармачыл чөйрөдө мугалимдерге, окуучуларга ыр чыгарган кыз аталып кеттим. Шербет анда жогорку класс эле, бир күнү :
— Чынар ырларыңды көрсөтчү, — деп калды. Мен болгон ырларымды көрсөтүп, бир жагынан уялсам, бир жагынан ырларымды сураганына сыймыктанып турдум. Анан кунт коюп шашпай окуп , баарын карап чыкты , тээ көптө барып:
— Жакшы экен, азыр кээ бир акындар мындай жазып жатышат, ачык эле айтып салбай табышмактуу, салыштыруу менен, поэзия тили менен берүүгө аракет кылсаң дурус боло тургандай, — деп көңүл оорутпай дагы бир топ олуттуу кеңешин берип
— Сен кайсы акындарды окуп жүрөсүң? -деп сурады мени карап .
— Алыкул Осмонов, Сооронбай Жусуев, Сүйүнбай Эралиев, Омор Султанов, Турар Кожомбердиев жана дагы мектеп программасында бар акындарды,- деп санап бердим.
— Дүйнөлүк классикалык акындардан да окуп жүр, көп нерсе үйрөнөсүң,- деп койду сөзүнүн аягында.
Мага аябай акылдуу, улуу кыз көрүнгөн, оор басырыктуу, таасир калтырган ошондогу Шербет менден болгону эки жашка улуу кыз экен. Анын айткандарын азыр да элестеп турам. Кийин чоң акын болгондо ушул эскерүүлөрдү айтып, сонун ырларды окуп бербесем дедим ичимден өзүмө ишенген жаным. Кийин арадан айлар, жылдар өттү, чоң акын болбой калдым. Ошондой күндөрдүн биринде Бишкектен ЦУМдун жанында жер астындагы өткөөлдөн дагы бир жолу жолуктум. Шербет баягысындай эле токтоо, адамга чындап көңүл бөлүп, ойлуу да, жылуу да көз карашы менен карап:
— Чыгармачылык кандай, Чынар? Ыр жазып жүрөсүңбү? — деди.
Мен да ичимден баягы кыз кезимдей кичирейе түштүм. Ал кезде Шербеттин турмуш деңиз деген ырындай турмуштун толкундарында өйдө-төмөн агып, башотум менен кирише албасам, ырды, калемди кармабай эле койоюн деп жүргөн кезим эле.
— Мен тикмеч болуп кеттим, кол бошобойт. — Чар жайыт жоопторду айтып актана кеттим.
Анан Шербет шашпай колумду кармап:
— Чынар, сен таланттуу жансың, антпе, ырыңды жаз. Кыргыздарда иштүү энелер, сонун ишкерлер көп, акын кыздар аз, антпей жазганыңды токтотпо, — деди.
Ушул эки кеңеш менин эсимде кыт куйгандай калды. Мындай сөздөрдү мен эч кимден уккан жокмун.
Шербет дегенде мен Шербеттин айлын, үйүн, бир туугандарын кошо эскерем. Алардын ошол кичинекей Кара-Суу айылында, эл арасында, улуу-кичүүлөргө опол тоодой баркы бар, урмат сыйга ээ, жакшылык-жамандыкта төрдүн көркү болгон барктуу, үлгүлүү үй бүлөлөдөн экенин эжем Райкандан укчумун. Ал киши Шербеттин атасынын иниси Рысбекке турмушка чыккан эле.
Анда мен жаш кыз, ал сөзгө анча маани бербегеним менен: “Атамдын балдарынын колдорунан китеп түшпөйт, көп окушат. Атамдын балдары шахматты жакшы ойношот. Атамдын балдары тамакты ичсе да бир баладай маданияттуу ичишет, баары бирдей тартиптүү”, — деп айта берип, кулагыма сиңип калыптыр. Булардын үй-бүлөсү мага аябай ак сөөк, башкача бир үлгү болуп көрүнчү. Сиңдиси Бурул дагы ушунчалык сыйкор, сыпайы жолукканда ал-жайды сурап, жаналы калбаган сылык жан. Иниси Съезбекти да аябай жакшы билчүмүн. Бизден кичүү болсо да сүйлөгөнү, жүргөнү мага бир сырлуу, акылдуу тестиер бала көрүнчү. Кийин деле айылда алдыңкы адамдардан болуп кызматкер болуп жүрөт деп угуп жүрдүм. Балдарынын баары чыгармачыл, адабиятты жакшы түшүнгөн балдардын ата-энеси Күлүпа апа өзү жамакчы, сөздү таап сүйлөгөн, токтоо, ишмер бир адам экен.
Ал киши сөз сүйлөгөндө таамай бир сүйлөгөн, колунан баары келген таза, аппак байбиче эле, көптөн бери ал кишини да көрө элекмин.
Ал эми Келдибек агайдын колунан эки жыл математика , физика сабагынан билим алып калдым. Ошол күндөр азыр да күнү бүгүнкүдөй эсимде, агайдын класска шашпай басып киргени балдардын мемиреп отурушканы, ал кишинин үнү ушунчалык пас чыгар эле, ошондуктанбы, баарыбыз тынч отуруп угар элек. Өтө таасирлүү, түшүнүктүү сабак өтчү. Сабагын жакшы окуучу элек. Шербеттей болуп токтоо бир мүнөз, бир калыпта сабак берчү, ушунча болуп агайдын үнү катуу чыкканын укканыбыз жок. Кара-Суу айылынын суу башы болгон агайдын үйү чоң боз дөбөнүн түбүндө, дүпүйгөн бак шактуу чоң там.
Агай эртели-кеч ошол дөңгө чыгып, акырын басып жүргөнүн дайыма көрчүмүн. “Аккан арыктан суу агат» дегендей, ушундай үй-бүлөдө тарбия алып чоңойгон жандүйнөсү оттой жанып, көлдөй толкуганы сыртынан байкалбаган момурайган Шербет эжекебизди эскерүү мен үчүн сыймыктуу дагы өкүнүчтүү дагы.
Ушул ой-тилегимди тирүү кезинде бир айтып, бир жолукпаган пендечилигим дагы бир жолу жүрөгүмдү эзди. Кудайым сизге бейишин буюрсун!
Айылдашың Чынаркан

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *