Соцтармактарда кеңири белгилүү «Улуттук сезим» аттуу тайпанын өкүлү Гүлзат Алиева бүгүн Фейсбуктагы өз баракчасы аркылуу Кыргызстандын муфтийи Максат Токтомушевге билдирүү жолдоду.

Окурмандарга эскертээрибиз: Г.Алиеванын өтүнүчү менен биз – «РухЭш» сайты аталган кайрылууну толугу менен оңдоп-түзөөсүз жарыялоону эп көрдүк…  

«Улутум кыргыз, урааным Манас!»

Бүгүн, 2017-жылдын 7-сентябрында, мени ИИМге чакырып, ал жерден мени муфтий Максатбек Токтомушевдин ИИМ министрине жазган кайрылуусу менен тааныштырышты.

Кайрылуу 2017-жылдын 4-августунда, башкача айтканда, «Улуттук сезим» тайпасы шайтан көпөлөк тарабынан уурдалып, Турсунбай Бакир уулу, Адыл Момунов, Шекербек Салиев өңдүү радикалдуу исламисттердин колунда турганда жазылыптыр (скринди карап койгула). Демек, динчилдер Аалиева Гүлзат башында турган «Улуттук сезим» тайпасына кол салып, «Уюткулуу Улуу Журт» коомдук кыймылын тушоосу кесиле электе баш көтөртпөй коюу ниетин көздөшкөн.

Кайрылууда муфтий «2017-жылдын 30-июлунда ислам дининен алыс адамдар фейсбук тармагындагы «Улуттук сезим» деген тайпа аркылуу «Уюткулуу Улуу Журт» коомдук кыймылы минюсттан өткөнү тууралуу жар салышып, бул кыймыл аалымдарга одоно мүнөздө асылууда, элди бөлүп, бүлүк салууда. Коомдогу стабилдүүлүктү, элдер ортосундагы достукту сактап калуу максатында бул кыймылды көзөмөлдүккө алып коюуну суранам» деп жазган.

Урматтуу муфтий!

Сиздин «Улуттук сезим» тайпасы менен «Уюткулуу Улуу Журт» коомдук кыймылына көңүл бөлгөнүңүз үчүн ыраазычылык билдирем. Кыймыл каттоодон өткөнү тууралуу 2017-жылдын 30-июлунда жазып чыксак, анын эртеси эле, б.а. 2017-жылдын 31-июлунда «Улуттук сезим» тайпасы радикалдуу исламисттер тарабынан уурдалганын эсиңизге салалы. Тайпа 2017-жылдын 12-августуна чейин ашепке динчилдердин колунда турду. Сиз болсо күч түзүмдөрүнө болгон Кайрылууну эрте эмес, кеч эмес, «Улуттук сезим» диний фанаттардын колунда турган учурда, б.а. 4-августта жазып жатканыңыз, чынын айтсам, абдан таң калтырды.

Урматтуу Максатбек ажы!

Республикада диний (духовная) интеллигенция жок болсо да, Сизди кыргыз элинин мыкты уулу, ханафи мазхабын бурмалабаган салттуу исламды жактаган ажы, ыйманды бийик туткан такыба мусулман, илим-билими деңгээли бийик аалым деп эсептегим келет. Демек, Сиз КАЛЫСТЫК деген моралдык-этикалык баалуулуктун наркын мыкты билесиз. Ошол себептен, мен Сизди бир жактуулуктан алыс болуп, КАЛЫС позицияны ээлөөгө чакырам!

Сиз КРдин күч түзүмдөрүнө жаңы эле каттоодон өткөн «Уюткулуу Улуу Журт» коомдук кыймылын көзөмөлгө алууну өтүнгөн Кайрылуу жолдодуңуз. Эми Сиз КАЛЫСТЫК кылып, КРдин күч түзүмдөрүнө ханафи мазхабындагы салттуу исламга душмандык кылган төмөнкү субъекттерди да көзөмөлгө алууну өтүнгөн Кайрылуу жолдооңузду суранам:

  1. Ислам динин жамынып алып кыргыздын сыймыгы болгон Манасты порнографиялык мазмунда ашата сөккөндөрдү аныктоо, табуу жана жазага тартуу тууралуу. Анткени, бул бок ооздор салттуу ислам дининин аброюна шек келтирип, мусулмандарды уятка калтырып, о.э. кыргыз баалуулуктарына кол салышууда;
  2. Кыргыз элинин элдик оозеки чыгармачылыгында, «Манас» эпосунда, тарыхый булактарда кездешпеген «теңирчи» деген терминди кандайдыр бир кара өзгөй максатта жасалма жол менен ойлоп чыгып, бул терминдин мазмунун атайылап бурмалап, кыргыз элин «мусулман-теңирчи» диагоналы боюнча бөлүп-жарып, эл ичинде диний жана дүйнө таанымдык кооптуу тирешүүнү жаратып, коомдук коопсуздукка кол салган Абдышүкүр Нарматовдун жосунун тескөө жана бул жосунга юридикалык квалификация берүү боюнча;
  3. Дүйнөлүк маданияттын акак берметтеринин бири болгон ислам дининин деңгээлин, исламдагы жана шарияттагы моралдык-этикалык канондорду, такыба мусулмандын кеп сүйлөө маданиятындагы гигиенаны ашкере ыплас, вульгардуу жана уятсыз мазмундагы сексологиянын, гинекологиянын жана урологиянын пас деңгээлине түшүрүп жиберген, «сука», «сучара», «долбоеб», «гандон», «блять», «пидор», «көтү жырылганча көчөгө чуркаган сойку», «проститутка», «катын», «көк мээ», «тоок мээ», «эшек …» ж.б. уят сөздөрдү мусулмандардын ажырагыс атрибутуна, төл сөзүнө айландырган Чубак Жалиловду, Турсунбай Бакир уулун, Өзүбек Чотоновду тартипке чакыруу боюнча;
  4. Улуттук баалуулуктарды чанбаган ханафи мазхабын жерип, Мухаммед пайгамбар өзү түзгөн Медина келишимин бузуп, Тагай бий (Мухаммед Кыргыз) кабыл алган салттуу исламдан баш тартып, Кыргызстанга араб балуулуктарын таңуулаган салафизм, ваххабизм, хизб-ут-тахрир сыяктуу тыюу салынган агымдарды өзгөчө делбеленүү менен пропагандалагандарды көзөмөлгө алуу боюнча;
  5. Арам продукцияны «Ал Халал» деп мусулмандарга сатып, исламий ыйык терминдин аброюна, карайым мусулмандардын гигиена менен байланышкан диний ишенимине, ден соолугуна, өмүрүнө кол салып, кирешелүү бизнес жасаган Мыктыбек Арстанбектин коммерциялык ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу боюнча;
  6. Исламдагы амирсап принцибин, светтик мамлекеттин конституциялык принциптерин бузуу, Кыргыз Республикасынын расмий бийлиги менен күч түзүмдөрүн элге жаман көрсөтүү аркылуу «Кыргызстанга Халифат курабыз» деп элди терроризмге, экстремизмге, сепаратизмге, улуттар жана диндер аралык касташууга көкүткөн Адыл Момунов, Шекербек Салиев, Бекмырза Тайчабаров, Абдулла Акчалов, Рыскүл Абыкеева, Нуржан Карымшакова (Нуржан Сапарова, Ангел Анжелина), Жамил Исмаилов сыяктуу өзүн өзү билген, өтүгүн төргө илген бузукуларды, ошондой эле «Элита. Саясий пиар», «Ата Журтум Кыргызстан», «Акыркы маалыматтар», «Дүйнө кечээ, бүгүн, эртең», «Туркестони Кг» сыяктуу экстремисттик жана сепаратисттик тайпаларды көзөмөлгө алуу боюнча;
  7. Абдышүкүр Нарматов ойлоп чыгарган, Чубак Жалилов практика жүзүндө мисал көрсөткөн «теңирчи» терминине таянып алып,

— «Теңирчилердин тизмесин түзгүлө! Алар менен саламдашпагыла! Чай ичишпегиле! Нике кыйбагыла! Өлсө, жаназасын окубагыла! Сөөгүн мусулман көрүстөнүнө койбогула!»,

— «Теңирчилерди ит аткандай атып кетебиз! Таш бараңга алабыз! Өтө ыплас сексуалдуу кордоого кириптер кылабыз! Башын кесип келсеңер, 2500 АКШ долларын төлөп беребиз» ж.б.у.с. коомдук коопсуздукка кол салып, элдин биримдигине жик кетирген агрессиялуу чакырыктардын ээлерин көзөмөлдүккө алуу боюнча.

Урматтуу муфтий!

Мен 2017-жылдын 7-апрелинен бери ушул көйгөйдү баса белгилөө менен дин аалымдарына «касиеттүү Манасты ашата сөккөн адепсиз диний фанаттарды тартипке чакырып коюңуздар» деп көп кайрылдым. Чубак Жалилов күткөн элди теңине албай, теледебатка келбей койду.

«Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт» дейт. Коом өтө кооптуу абалда турат. Эгер Сиз чын эле коомдун стабилдүүлүгүн кааласаңыз, анда умманы тартипке жана ыйманга чакыруу, улуттук баалуулуктарды басмырлоодон алыс болууга үндөө сыяктуу позитивдүү иштерди активдүү баштаңыз. Аалымдардан видеодарстарда, баяндарда, эл чогулган жерде секс жана гинекология тууралуу эмес, исламдагы кеп сүйлөө маданиятына басым жасоону талап кылыңыз! Бул Сиздин муфтий, мусулман, адам катары чоң милдетиңиз жана жоопкерчилигиңиз!

Эсиңизде болсун: биздин муундун тарыхый жаңылыштыгын кылымдарды карыткан кыргыз эли, келечек урпактар менен тарых кечирбейт!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *