же сүрөткер менен өкүмдардын карым-катыш мамилеси жөнүндө

Көркөм текст жана коом. Сүрөткер жана өкүмдар. Талант жана бийлик. Адам баласын ар качан ойго салып келген бул кош катар түшүнүктөр айрыкча соңку жылдары, тагыраак айтканда, жетимиш жылдан ашуун өмүр сүргөн коммунисттик идеологиянын, бул идеология жараткан большевиктик бийликтин кулашы менен өзгөчө кеңири колдонула баштады. Анан да ошол жапжалгыз идеологиянын курмандыктары болушкан Калыгул, Молдо Нияз, Арстанбек, Молдо Кылыч, Алдаш Молдо, Коргол, Казыбек, Нурмолдо, Молдо Багыш, Осмоналы Сыдык уулу, Белек Солтоноев, Сыдык Карачев, Касым Тыныстанов сыяктуу талант даарыган сүрөткерлердин көркөм мурастарынын, жок жерден тагдырлары татаал ташпишке түшкөн «Кандуу жылдар», «Балбай», «Көк асаба», «Муздак дубалдар» сыяктуу көркөм туундулардын кайрадан элибиздин колуна кайрылып келип олтурушу «көркөм өнөр жана коом», «талант жана бийлик» проблемасын күн тартибине андан бетер кырынан койду.

Айта кетчү бир нерсе: көпчүлүк журттун ичинде бул проблема коммунисттик идеологиянын, большевиктик режимдин туундусу катары кабыл алынып, социалисттик коом жараткан азаптуу мүшкүл иштердин, инсан рухун тебелеп-тепсеген жосунсуз жоруктардын бири катары кабыл алынып келет. Албетте, жогоруда биз ысымдарын атап кеткен залкар талант ээлеринин тайкы тагдырга, азаптуу өмүргө туш болушунда, ушундан улам элдик көркөм казынабыз далай жылдар бою бир капшыты кемирейип келгендигине коммунисттик идеология менен большевиктик бийлик, сөз жок, күнөөлүү да, айыптуу. Бирок сүрөткерди минтип таалайсыз тагдырга туш кылуу ушул большевиктик бийликтин эле ойлоп тапкан ишиби? Ушул коммунисттик идеологиянын эле жосунсуз жоругубу? Арийне, бул суроолордун ачкычы өтө тереңде, кылымдардын катмарында жатат. Маселенин ушул жагын эч качан эстен чыгарбасак.

Эгер өткөнгө бир аз үйүлө кароочу болсок, анда «көркөм өнөр жана коом», «сүрөткер жана өкүмдар», «талант жана бийлик» маселеси тээ алмустактан бери эле адамзат турмушунун өсүп-өнүгүшүндө өзгөчө орунга ээ болуп келиптир. Мынакей:

Замана кандай кары кандай керең,
Закымдап учкан сайын түбү терең…
Ошондой унутулган бир күндөрдө, —
Кыргыздан Толубай сынчы өткөн экен. (1)

Эгерде Толубай сынчы өнөр ээсинин, таланттын символу болсо, анда мунун каршысында турган окумдардын, бийликтин да символун сунуш кылат ошол көөнө уламыш.

Алтайдан Алай четин тегиз кымтып,
Ал кезде Азиз падыша хандык кылган.

 

Азиз хан жер көтөргүс күчкө толгон,
Кол жыйнап нечен миң сан, ойдон-солдон. (1. 265-266-бб.)

Арийне, бул эки күч — Жараткан жар болуп, тулку бойго тубаса бүткөн оргуган орошон талант менен «кол жыйнап, нечен миң сан, ойдон-солдон», «жер көтөргүс күчкө толгон» бийлик — эртедир-кечтир бет-маңдай келбей коймок эмес. Көөнө икаядагы окуя да бул экөөнүн бетме-бет келгендегисин баяндоо менен андан ары өнүгөт. Баарыбызга маалым, өкүмдар, бийлик талантты өз оюндагысын, өз каалаганын жасатууга бар күчүн жумшады, өмүрдө өксүт оор шарт койду. («Шерт ушул: эки көзүн оюп алам, \ Эгерде бир жеринен жазып калса».) Бирок талант ээси да өз ички туйгусу ишаара кылган нерсесин, өзүнүн дилин туюп, көөдөнү сезген нерсесин жасады.

Өкүмдардын, бийликтин айтканын жасап, көөдөнүн жарып чыккан чындыгына каршы барбады. Бийликтин жарлыгын, хандын шартын билип турду, бирок кайталап айтабыз, талант, дарамети ишаара кылган өз Чындыгын айтуудан тайманбады. Бул жоругу үчүн Талант Бийликтен мүмкүн болушунча өз жазасын алды. Талант ээси өз дилиндегисин жасагандыгы үчүн өкүмдар:

Кабагын карыш түрүп, каарланды.
Арсыз чал шылдыңына жазаң бул деп,
Сынчынын эки көзүн оюп алды.

Бирок ал, бул бүтүмгө таарынган жок,
Оюлган эки көзүн эки колдоп —
Аярлап аккан канын басып туруп,
Муну айтты, хан алдына келип токтоп:

Дартымды ук, акыркы жол улуу ханым,
Жаман боз, көз куну үчүн мага калсын.
Тагдыр бир, жараткан бир калыс болсо, —
Ким-кимдин жаңылганын талдап алсын. (1. 269-бет).

Арийне, кимдин жаңылып-жазгандыгы бүгүн баарыбызга маалым. Анткени, эзелки уламыш «Жер жүзү, жер бүткөндү бүт тебелеп // Ай менен Күн ортосун жалгыз ээлеп» Толубай сынчы, зор талант өткөнүн, ал эми Азиз хан, каардуу бийлик, «канга батып», душманына «жеңилип кайткандыгын» уламалайт. Бул көөнө баянда дагы бир ачуу чындык, тагыраак айтканда, таланттын ар кандай жалкы тагдырлуу боло тургандыгы да ашкере жетик айтылган. Мынакей ошол төрт сап:

Менде жок арманды угар тууган, досум,
Жана да өнөр билген жан жолдошум…
Кантейин жаратканга айтарым бар,
Артымда, атымды айтар заман болсун. (1. 272-бет).

Мына ошентип, улуу акын Алыкулдун сыйкырдуу калеминен кайра жаралган кыргыздын узак мезгилди карыткан бул уламышы «көркөм өнөр жана коом», «талант жана бийлик» проблемасы канчалык көөнө маселе экендигин эң сонун мисалы болуп эсептелет.

Уламыштан реалдуу турмушка өтсөк. Х кылымдын соңу, XI кылымдын биринчи чейреги, Азыркы Ооганстан, Иран, Борбор Азиядагы бир катар өлкөлөрдүн жана да Индостандын оголе көп аймагын кучагына алган Газневийлер мамлекети гүлдөп өсүп турду. Бул мамлекетти 998-1030-жылдар аралыгында Иран менен Туранды бириктирип, улуу өкүмдар, бийликтин символу болгон Абылкасым Махмуд, илимий даректерде айтылып жүргөндөй, султан Махмуд Газневи (970-1030) башкарып турду. Ошол эле учурда улуу жааңгерге жанаша, замандаш болуп ал башкарган мамлекеттин Тус деген шаарында башка бир Абылкасым — улуу акын Фирдоуси, таланттын символу – жашап жана жазып жүрдү. Калемгердин чыгармачылыгынын гүлдөгөн учуру да дал ушул Иран менен Туран биригип, бир кишинин колуна өткөн Х кылымдын соңуна, XI кылымдын биринчи чейрегине туш келди.

Бир мамлекеттин ичиндеги эки башка көрүнүштүн символдору болушкан бул эки адам бет маңдай келип жолугушат беле? Албетте, кездешпей коюш мүмкүн эмес болчу. Жолугушушту. Анан эмне болду? Арийне, кыргыздын көөнө уламышында көрсөтүлгөн улуу Чындык реалдуу турмушта дагы бир жолу ырасталды. Мамлекеттин султаны Махмуд Газневи өзүнө арналган улуу дастан «Шах-намэнин» терең маанисин түшүнгүсү келбеди, китепте сүрөттөлгөн элүү шахтын бири Жамшид падышанын заманынан менин заманым жыргал заман деди, китепте сүрөттөлгөн көптөгөн эр көкүрөк жигиттердин бири Үрүстөм баатырдан мен баатырмын, анын жоокерлеринен менин жоокерлерим эр жүрөк, тайманбас деди. Эмне үчүн Фирдоуси акын менин заманымды даңктабайт деген маанини туйдуруп, акынга атактуу китеби үчүн жарыбаган сандагы дерхем бердиртип шылдыңга алды.

Улуу Фирдоуси да өзүн сыйлаган, өз кадырын өзү баалай билген талант ээси болчу. Бийлик башы, султан Махмуд берген тыйынды мончого алып барып, аруу денелерин жылаңачтап олтурушкан адамдарга таркатып берди. Ошол мезгилдин, ошол мамлекеттин жарандарынын жазылбаган эрежеси боюнча султанды, бийлик ээсин, мындан төмөн чабуу, мындан өткөрө шылдыңга алуу жок болчу. Арийне, бул ишке талант ээси өзүн кандай тагдыр күтүп тургандыгын эң сонун билип туруп барды. Азиз хан койгон шартты билип туруп көөдөнү туйгун Чындыкты айткан Толубай сынчынын жолу менен кетти. Фирдоуси акындын дагы бир улуулугу ушунда турат. Анан кол жазмасын куржундун эки көзүнө толтура салып алып султан Махмуд Газневинин каарынан качып кетти да, жыйырма жылдай ар кайсы элдин арасында жүрүп, улуу чыгармасын кайрадан баштан аяк иштеп чыкты. «Шах-намэни» мурдагыдан да мыкты, мурдагыдан да бийик деңгээлге жеткирди. Бир кезде султан Махмуд өз каталыгын сезип, Туска келип жашап калган өтө кары Фирдоуси акынга бир кербен төөгө (отуз-кырк төөгө) жүктөлгөн тартуусун жиберет. Бирок султандын белеги жүктөлгөн кербендин башы Тус шаарынын бир капкасынан кирген кезде, шаардын экинчи капкасынан улуу акындын сөөгүн алып чыгып баратышкандыгын баяндайт элдик улама кеп.

Ошентип, Талант менен Бийликтин өз ара мамилесинин дагы бир көрүнүшү ушундайча тамамдалат. Ошентип, султан Махмуд Газневи менен акын Абылкасым Фирдоусинин, кайталап айтабыз, Талант менен Бийликтин, өз ара мамилелери «коом жана көркөм өнөр», «сүрөткер жана өкүмдар», «талант жана бийлик» проблемасы канчалык эски, канчалык көөнө маселе экендигинин айныксыз мисалы болуп эсептелет.

Мына ошентип, көркөм өнөр, адабият дегениң ар качандан бир качан кызыл көйнөк кийген кыз сыяктуу, туягынан даркан учкан тулпар тариздүү, көргөнүн куткарбаган алгыр кушка окшоп бийлик башындагылардын көзүн кызартып, ар качандан бир качан өзүнө гана кызмат  кылдыргысын келтирип жүрүп олтуруптур. Бир иште бийлик башындагылар өз мүдөөсү үчүн, өз шартын аткартуу үчүн эч бир талантты аябаптыр, жадагалса талант ээси өзүнүн тырнактайдан бирге өскөн, коюн-колтук алышып бирге чоңойгон кара чечекей досу болсо да кечирим болбоптур.

Мына, 1405-жылы жаханга жар болгон жааңгер Аксак Темир дүйнөдөн өтүп, натыйжада анын улуу империясы ыдырап, дүйнөгө дүң болгон мамлекеттин аймагында эки өлкө: улуу Шахрук өкүмзар болгон Хорасан мамлекети (борбору Герат), небереси Улукбек  падышалык кылган Мевараннахр мамлекети (борбору Самарканд) пайда болот. Жылдар өтүп, 1469-жылы Аксак Темирдин экинчи уулу Өмар шейхтин урпагы султан Хусейин Байкара Хорасандын өкүмдары болуп калат. Хусейин Байкаранын тээ чырпыктай кезинен бери чогуу жүргөн, Гераттагы атагы алыска кеткен «Низамия» медресесине чыканактай кезинде чогуу барып кошо билим алышкан, мындайча айтканда, акыреттик досу бар болчу. Болочок өкүмдардын кулунчак кезиндеги ал досунун ысымы Алишер эле. Досу ыр жазчу. Кийинчерээк ыр жазган досу билимин улап алгач Мешхеддеги, андан соң Самарканддагы андан бетер атактуу медреселерден окуду. Өкүмдар Хусейин Байкара тээ балапан кездеги ыр жазган досун хан сарайга алдырды да, алгач мөөр белги кылып дайындап, анан 1472-жылы улук вазирликке көтөрдү. Бул Хорасан мамлекетинин башкаруу иерархиясындагы султан Хусейин Байкарадан кийинки экинчи даражадагы кызмат эле. Бирок досу ыр жазуусун уланта берди. Анын калеминен жаралган чыгармаларда сүрөттөлгөн турмуш чындыгы менен Хусейин Байкаранын өкүмдарлыгы астында өтүп жаткан реалдуу турмуш чындыгы ар качан эле дал келе бербей жатты. Анан ортодо кутумчулар да пайда болду. Ошентип, демине нан бышкан бийлик жана көөдөндөгү Чындыгынан айтпай коё албаган талант кайрадан бетме-бет келип туруп калышты.

Арийне, мындай бет маңдай келүүнүн жыйынтыгы баарыга белгилүү эмеспи. Натыйжада өкүмдар өз өкүмүн жасап, кулунчак кезде бирге өскөн жан шерик досун да аябастан, Хорасандын эң алыскы, эң четки, Кудайдын каргышына калгансыган Астрабад деген шаарга (аты гана шаар!) аким кылып жиберди. Көпчүлүк эл муну талант ээсинин сүргүнгө айдалышы катары кабыл алды. Ошентип, тээ көөнө уламыштагы Толубай сынчы менен Азиз хандан башталып, анан Х кылымда Абылкасым Фирдоуси  менен Махмуд Газневинин ортосунда кайра кайталанган «коом жана көркөм өнөр», «талант жана бийлик» проблемасы ошо Фирдоуси акын менен Махмуд Газневинин заманынан 500 жыл кийин бул жашоого келишкен Алишер Навои менен Хусейин Байкаранын ортосунда да кайрадан кырынан коюлуп, ошол тээ көөнө замандагысындай, ошол 500 жыл мурдагысындай тагдыр чечер маселе катары биринчи сапка чыгыптыр.

Ал эми ортодон дагы бир 500 жыл өткөн соң Хорасан менен Мавераннахр мамлекеттери жерлеген аймакка коммунисттик идеологияны туу туткан большевиктик бийлик келип орноду. Азиз хан сыяктуу, Махмуд Газневи менен Хусейин Байкара сыяктуу бул бийлик да талант ээлеринин алдына өз шарттарын койду. Ал шартты аткарбагандарды, б.а. коммунисттик идеологияны өз чыгармаларынын өзөгү кылып албагандарды, ушул идеологияны жамы журттун жан-дүйнөсүнө жеткирүү озуйпасы аркалабагандарды Азиз хан сыяктуу эле, Махмуд Газневи менен Хусейин Байкара сыяктуу эле жазалап турду, бул большевиктик бийлик.

Мындан башкача болушу мүмкү да эмес эле. Бул бийликтин талантка карата жасаган өкүзордугу өзгөчө орус адабияты менен маданиятынын айдыңында дагы да даана, дагы да ачык көрүнөт. Мына, коммунисттик партия бийликке келери менен чыныгы талант ээлери болушкан жазуучу Иван Бунин, композитор Сергей Рахманинов, ырчы Федор Шаляпин, актер Михаил Чехов ж.б. көптөгөн рух дөөлөрү мындан миң жыл мурдагы кудум Абылкасым Фирдоуси сыяктуу киндик кан тамган Ата Журтун калтырышып, дүйнө кезип кетишти. Ал эми Мекенде калгандары Николай Гумилев сыяктуу большевиктик бийликтин курмандыгына айланышты. Мына ошентип, «коом жана көркөм өнөр», «талант жана бийлик» проблемасы большевиктик бийликтин тушунда жаңы баскычка көтөрүлүп, мурда болуп көрбөгөндөй трагедиялуу нукка түштү. Бул багыт коммунисттик режим өкүм сүргөн жетимиш жылдан ашуун мезгилдин ичинде адаттан сырт ырааттуу түрдө, эч бир кыйшаюусуз ишке ашырылып келди. Ал эми бул болсо ондогон жана жүздөгөн таланттардын инсандык трагедиялары, миллиондогон талант ышкыбоздорунун ошол коммунисттик режимдин курмандыгына айланышкан калемгерлер жаратышкан көркөм дөөлөттөргө тең ортоктош болуу бактысынан кур жалак калуусу эле. Коммунисттик бийликтин минтип талант ээсине карата өкүмзордугу үстүбүздөгү  кылымдын 30-жылдарында, 30-жылдардын соңу жана 50-жылдардын баш ченинде өз апогейине жеткендиги бүгүн баарыбызга маалым иш.

Дал ушул жылдары Осип Мандельштам менен Борис Васильев сыяктуу таланттуу акындар сталиндик лагерлердин «чаңына айланышса», Варлам Шаламов, Александр Солженицын сыяктуу ж.б. көптөгөн-көптөгөн калемгерлер Жер шаарындагы кургак жердин алтыдан бир бөлүгүн ээлеп турган өлкөнүн учу-кыйырсыз аймагынан орун алган ГУЛАГдын архипелагдарында өмүрдүн эң сонун мезгилин экрсиздикте, мүңкүрөп мусаапыр болууда өткөрүп жатышты. Арийне, бул эч нерсе өлчөп бергис зор трагедия эле. Жүздөгөн талант ээлери сөздүн тике, нукура маанисиндеги Толубай сынчынын эки көзү оюлуп, аккан канын аярлап эки колдоп басып турган Толубай сынчынын кейпин кийип калышты.

Жыйырманчы кылымдын так орто чениндеги — султан Хусейин Байкара менен акын Алишер Навоинин тагдырынан беш жүз жыл, султан Махмуд Газневи менен акын Абылкасым Фирдоусинин тагдырынан миң (!) жыл өткөндөн кийинки — Талант менен Бийликтин беш маңдай келүүсү кайрадан мына ушинтип кандуу окуяга, жүрөк-жүлүндү эзген трагедияга айланды. Ошентип, «коом жана көркөм өнөр», «талант жана бийлик» маселеси түбөлүктүү проблема экендиги, бул маселе кечээ эле пайда боло калып, бүгүн жок болчу проблема эмес экендиги дагы бир жолу тастыкталып, дагы бир ирет айгинеленди. Ал эми элүүнчү жылдардагы Н.С.Хрущев менен Б.Л.Пастернактын, жетимишинчи жылдардагы Л.И.Брежнев менен А.И.Солженицындын ортосундагы мамиле дал ушул эзелки традициянын уландысы, дал ушул байыркы «салттын» бүгүнкү күндөгү бир көрүнүшү экендигин бул жерде дагы бир жолу айтып олтуруу, албетте, артыкбаш нерсе болуп эсептелет.

Арийне, ХХ кылым баятан бери кайра-кайра айтылып келе жаткан «коом жана көркөм өнөр», «талант жана бийлик» маселесинде өтө катаал, ал турсун ашкере кандуу болуптур. Бул маселе жеке эле коммунисттик бийликтин энчисине туш келген капсалаңдуу окуя болбостон, бийликтин бардык түрүнө бирдей мүнөздүү болуптур. Мына, отузунчу жылдардын орто чени. Байыркы немис жергесине – дүйнөлүк көркөм казынага эң эле бир улуу көркөм дөөлөттөрдү тартуу кылышкан таланттуу уулдарды жараткан немис жергесине – фашисттик диктатура орноду. Дүйнөнүн бардык жериндегидей эле, адамзат тарыхынын бардык учурундагыдай эле бул жерде да талант жана бийлик проблемасы кайрадан биринчи сапка чыгып, талант менен бийлик кайрадан бет маңдай келип туруп калды. Натыйжасы баарыга белгилүү: далай таланттар фашисттик Германиянын расмий саясатына каршы турушуп, бир кездеги Абылкасым Фирдоусидей болушуп, туулган жерин таштап дүйнө кезип жөнөштү. Эгерде Гитлер, бийликтин символу, Генрих Манндын фюрьер бийликке келген 1933-жылдан баштап он жети жыл бою, тагыраак айтканда, 1950-жылы көзү өткөнгө чейин бөтөн эл, бөтөн жерде жүргөн улуу жазуучунун айтуусу боюнча «раздутая посредственность, авантюрист и обманщик» (2)  болсо, Гитлер Германиянын рейхсканцлери, б.а. премьер-министри болгондон он бир күндөн кийин Ата Мекенин таштап чыгып кеткен Томас Манндын пикири боюнча Гитлер «гнусность, гнусность — только, и  скоро его выметает история». (3) Ал эми өз кезегинде бийлик да бул улуу калемгерлерге карата ашкере пас мамилеге өтүп, алар жараткан көркөм дөөлөттөрдү Берлиндин көчөлөрүнө алып чыгып, миңдеген адамдардын көзүнчө алоолонтуп от кылып жагып жатты. (4)  Арийне, бул окуя замандардын бир заманы  жолундагы талант менен бийликтин дагы бир ирет бет маңдай келүүсү мына ушундайча болду.

Немис жергесинде уюткуланган фашисттик диктатура кулачын жайып, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө өтүп жатты. Бул аймактарда да фашисттик Германиядагыдай, Коммунисттик Советтер Союзундагыдай, мындан беш жүз жыл мурдагы Хорасандагыдай, мындан миң жыл мурдагы Газневи мамлекетиндегидей, ал турсун көөнө уламыштагы Азиз хандын заманындагыдай Талант менен Бийликтин бетме-бет келүүсү аёосуз да, кандуу да болуп жатты. Бул ойдун эң сонун мисалы катары фашисттик Испаниядагы бийлик башчысы Франко менен атактуу акын Гарсиа Лорканын ортосундагы күрөштү келтирип кетсек болот. Бул беттешүүнүн соңу, албетте, талант ээсинин канча болушу менен, бийлик ээсинин саясаты үчүн курмандыкка чалынышы менен бүттү. (5)

Мына ошентип, жанатан берки сөз жүрүшүнөн көрүнгөндөй, «коом жана көркөм өнөр», «сүрөткер жана өкүмдар», «талант жана бийлик» проблемасы, кайталап айтабыз, кечээ эле пайда боло калбаптыр жана албетте, бүгүн эле жок боло койбойт. Бийлик бар жерде, ал бийликтин жүргүзгөн иш-аракетин көркөм чагылдырган сүрөткер бар жерде бул проблема тигил же бул формада жашай берерин карт тарыхтын узак сапары кашайта көрсөтүп турат.

«Коом жана көркөм өнөр», «талант жана бийлик» проблемасында атайын айта кетүүчү дагы бир маселе бар. Ал бул маселенин бир бөлүгүнө, б.а. көркөм өнөргө, сүрөткерге тиешелүү проблема. Арийне, бийлик башындагылар жүргүзгөн иш-чараларды бардык эле сүрөткерлер сын көз менен карашып, бардык эле талант ээлери өкүмдардын иш-аракеттерине каршы өзүмдүк оюн, көөдөнүн жарып чыккан өзүмдүк Чындыгын айта беришкен эмес.

Бул иште ошол сүрөткерлердин өздөрү эки топту түзүп келишкен. Канчалык боналдуу угулбасын бул жерде биз дагы бир жолу Токтогул менен Арзыматты, Тоголок Молдо менен Бошкойду эстебей коё албайбыз. Минтип эки жээкте болуу, коммунисттик идеологдордун тили менен айтканда, баррикаданын эки жагында болуу ошол кечээги өткөн Советтик доордо да өмүрүн улап келиптир. Бул айтылган ойдун эң сонун далили катары биз Иван Бунин менен Максим Горькийдин, Николай Гумилев менен Владимир Маяковскийдин, Осип Мандельштам менен Демьян Бедныйдын ж.б. көптөгөн сүрөткерлердин, баррикаданын эки жагында болушуп, эки башка жээкте  жашап, чыгарма жаратышкан сүрөткерлердин өмүр, тагдырларын келтирип кетсек болот.

Мындай көрүнүштөн дал ошол Совет доорундагы биздин төл адабиятыбыз да кур кол калбаптыр. Айталы, улуу Токтогулдун ырчылык өнөрканасынан тарбия көрүп, анан ак таңдай төкмө катары өз алдынча эл аралай ырчылык тагдыр күтүнүшкөн көптөгөн таланттардын арасында жанаша өскөн теректей болгон эки боз улан бар эле. Биринин ысымы Калык, экинчисиники Коргол болучу. Кийин Калык ырчы большевиктик бийликти, ал жүргүзгөн коммунисттик идеологияны тулку боюна ушунчалык терең сиңирип алгандыктан, большевиктик бийлик жүргүзгөн идеологияны жашоо турмушундагы бирден-бир айныгыс ишенимине айлантып алгандыктан «… Калык «КПССтин тарыхын» ырга айландырам деп жолдошторуна нечен айткан. А чынында ырга айланта баштаган. Бул күлкү эмес…» (6)  Ооба, бул күлкү эмес болчу, бул улуу ырчынын улуу трагедиясы эле. Ошол эле учурда бир кезде Токтогулду ээрчий Калык менен кош терек сындуу бирге чоңойгон экинчи бир ак таңдай ырчы Коргол Коммунисттик бийликтин башында турган, бул бийликтин сөздүн чыныгы маанисиндеги символу болгон Сталинди мактап ырда, даңазалап ырда деген өкүм буйрукка каршы көөдөндөгү Чындыгын нукура элдик туюм, нукура элдик сөз аркылуу:

Сталинчил баатырбыз,
Сталинчил акынбыз,
Сталин деп жатырбыз,
Баарыбыз……………
Сталинге катынбыз
, – деген жообун айтат.

Билгенге бул деген тээ көөнө замандагы Азиз хандын койгон шартын билип туруп көкүрөгүндөгү Чындыгын айткан Толубай сынчы сыяктуу өз башын өзү баталгага койгон эрдик болчу, анткени, мындай сөздөр үчүн ошол 30-жылдары ким болбосун томуктай башынан ажырай тургандыгы турулуу иш эле. Коргол ырчы бул ишти атайын, аң-сезимдүү түрдө жасап олтурат. Төкмөнүн ырчы катары да, атуул катары да улуулугу ушунда экендигин дагы бир жолу атайын белгилеп айтып олтуруунун кажети жок ко деп ойлойбуз.

Арийне, баррикаданын бир жагындагылар бийлик тарабынан ар канча колдоого алынып, ар качан көкөлөтүлө макталып, сүрөткерликтин, таланттын эталону катары даңазаланып келди да, баррикаданын экинчи жагындагылар ар качан кор сөзгө алынып, ар качан жаманаттыланып, элдик мүдөөнү, элдик кызыкчылыкты тескери түшүнгөн тилазарлар катары пропагандаланып келди. Чыгармалары басылып чыкпай, басылгандары идеологиялык темир сандыктын түбүнө салынып унутта калтырылды. Тилекке жараша, заман оошуп, жашоо жаңы нукка түшүп, бүгүн минтип ошол ур-токмок идеологиянын курмандыгына айланышкан сүрөткерлер, алар жараткан ашкере таланттуу көркөм туундулар кайрадан атпай журттун алдына коюлуп олтурат. Ушунусун кут кылсын!

Колдонулган адабияттар:

1.А.Осмонов. Толубай сынчы. Поэма. — К-те: Осмонов А. Көл толкуну. — Ф., Кыргызстан, 1972, 265-бет. (Кийинки шилтемелерде китептин беттери гана көрсөтүлдү).

2.Г.Манн — Т.Манн. Эпоха. Жизнь. Творчество. (Переписка, статьи) — М., Прогресс, 1988, 336-бет)

  1. Ошондо, 332-бет.

4.А.Гулыга. Искусство без морали. — К-те. Глуыга А. Путями Фауста. М., Советский писатель, 1987, 173-бет

5.Хуан Кобо. Как поэта не дали убить дважды. — К-те: Ян Гибсон. Гранада 1936.

г. Убийство Федерико Гарсиа Лорки. — М., Прогресс,1983, с. 22-30.

6.Ш.Садыбакасова. Калык. — К-те: Калык Акиев. Тандалган чыгармаларынын бир томдук жыйнагы. — Ф., Кыргызстан, 1972, 11-бет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *