АҢГЕМЕ

Кең пейил, бала кыял —  Жолдош мырзаны маал-маалы менен көрүп турбасак эле сагынып, эстей баштайбыз. Эл, эл ичиндеги мен дагы… Ал бизден аркы көчөдө жашаганы менен биздин көчөнүн тургундарына да таанымал. Ээ-жаа бербей, эдиреңдеп чуркап ойногон тентек балдар да башкаларга салам берип-бербей өтүшкөнү менен Жолдош мырзаны көрүп калышса атайын алдына чуркап барып саламдашышат. Ички туюмдары менен бир нерсени сезишет окшойт…

* * *

Жолдош мырза анда-санда “ачуу” самаганда биздин көчөнүн дал ортосундагы дүкөнгө келип “жутуп” турат. Алгач 100 грамм, анан 200, 300… Ашыкча болуп баратканда токтотот. Айрымдардай ызы-чуу салбайт. Мурда, мурда тигил “ичимдигинин” аягына чыккандан кийин дүкөндүн бурчундагы бир кишилик орундукта ойлонуп олтура берчү эле. Мен ошондон баштап аны таанып калгам. Жанына барып:

— Бир жериңиз ооруп атабы?  Сизге эмне болду, жардам керек эмеспи? – деп акыбалын сурачумун.

— Эч нерсе, рахмат… – олбурлуу кебетеси менен бир обдулуп мени карап, ийилген кыска кирпиктерин тез-тез ирмеп коюп кайра эле ойлоруна сүңгүчү.

“Телегейи тегиздей эле. Неге мынчалык санаа чегет?” — деп үйгө келип мен ойлонуп жатып калчумун.

Чын эле, күч десе күчү бар, балбандардай көрүнөт. Балеринадай суналган сулуу аялын, татына балдарын сыртынан тааныйм. Ден-соолугу жайында экени баскан-турганынан көрүнүп турат. Байлыгы деле өзүнө жетиштүүдөй. Анан эмнеге ойлонот?..

* * *

Сүйүнүчтүү! Акыркы үч жылдан бери Жолдош мырзабыз өзгөргөн! “Ойго батууну” токтотуп, шайыр-шатман, шайырдыкка оогон! Эми болсо, ичине алгачкы 100 грамм “ачуусу” киргенден кийин өзү “таттууга” айланат дегениме ишене бериңиз. Тааныш, тааныш эмес экени менен эсептешпейт. Дүкөндүн жанынан ким өтүп баратса, жанына барып жайдары жүзү менен салам айтып, колун сунат. Ошерден эле анын колун коё бербестен жетелеген бойдон дүкөнгө ээрчитип кирет. Жанындагысынан сурабайт, ага эмне керек экенин. Жалаң азык-түлүк сатылган  дүкөнүбүздөн өзү эле билип, каалаганын сатып алып тигинин колуна толтуруп, батпаганын колтугуна кыстарып узатат. Андан кийин дагы бирөөнү ошентип сыйлайт. Капчыгы жукармайынча  “ачык колдугун” жасаганы жасаган.  Дүкөндүн тегерегинен жылбайт. Акчасы түгөнгөндөн кийин гана чайпала, жай-баракат басып үйүнө жөнөйт.

* * *

“Кең пейил адамыбызды маал-маалы менен көрүп турбасак эле сагынабыз” дегенимдин себеби бар. Ал үй-бүлөсүн багуу жана “эл-журтка камкордук көрүү үчүн” (дүкөндүн жанынан өткөндөргө бирдемкелерди алып берип туруш үчүн дагы) ыраак бир жакка, иштеп акча тапчу жерине жөнөп кетет, эки-үч  айга. Бир күнү эле күлмүңдөп, кайра көчөбүз менен дүкөнүбүздүн “көркү” болуп пайда болуп калат. Кайра кетет, кайра келет, ушундай…

* * *

Жаз кийимин кийинүүгө камданып турган, кыркалай тизилген ак кайыңдуу  көчөбүзгө шаң тартуулап, так Нооруз майрамы күнү Жолдош мырза элден биринчи мени куттуктап келиптир. Түш маалына жакын. Көп күндөн бери көрүнбөй кеткен. Торсоюп бараткан курсагына жабыштыра жөлөп, борсойгон баштыкты көтөрүп босогомдо туруп калыптыр. Жука баштыгынан даана көрүнөт: кызарта бышырылган тооктун эти, конфет-печеньелер.

— Амансызбы! Майрамыңыз менен! Дайыныңыз билинбей кетти. Кириңиз үйгө… – деп сүйүнүп, маңдайым жарыла учураштым.

— Ыраазымын, кирбей эле коёюн. Буларды сага апкелгем, “майрамдык ырыскы”… Акеңдин  белеги катары кабыл ал, — мага алып келгендерин колума карматып коюп, анан мени жалооруй карап, суз мостойду.

– Карындашым, бизди кечирип койчу?

Дароо эле байкадым, тигинисинен жутуп “таттууга” айланып баратканын. Кайран киши!..

— Бизди? Бизди дейсизби? – күлдүм.

— О-ооба. Мени, аны, тигини… Бүт эркек аттуулардын атынан келдим. Сиз жана сиздей карындаштардан кечирим сурап коёюн деп алдыңда турам… — сахнадагы артисттердей “таазим” эткенсип, башы менен тизесин  ылдый ийип койду.

— Жаңы табышмак чыгардыңызбы, мени тапсын деп?  Кимдерди кечирем? Тынччылыкпы?

— А-ааа… Айтып бере албайм. Билесиң да, тилим чоркок.

Тамашасыбы? Чындапбы? Башым катты. Тамашалап атат дейин десем, кабагы суз. Кимдерди, эмне үчүн кечиришим керек?

Ичимден мындай жыйынтык чыгардым: «Бүгүн Нооруз майрамы. Элдин баары борбордук аянттагы майрамга кетип калышып, дүкөндүн жанынан эч ким өтпөй, анан… Мени эрмектеп атат!»

— Кимди кечирем, тезирээк айтпайсызбы! – ыргыштап кабагымды түйө баштадым.

Өзүн дайыма салабаттуу кармаган Жолдош мырза кимдерди кечирээримди көзүн ачып-жумуп, манжалары менен санап айта баштады.

— Мени, Нурду, Элебести, Эстебести, Жыргалды, Кутманды, Куттубекти, Темирбекти, Адилетти, Дыйканбайды кечир…

— Сизди эле тааныйм. Нур, Элебестер ким? — дедим, таңгала.

— Нур, Элебестер ким экенин өзүм деле билбейм. Иши кылып бүт жигитмин дегендерди кечиргин дегеним да-а-а-а…  Биз айыптуубуз…

— Анан?

— Мен – мендейлердин атынан кечирим сурап алдыңызда турам. Сиз – сиздейлердин атынан кечирип койсоңуз эле болду… Жолдош акең ар бир аялзатына ханыша катары мамиле кылат… Баарын бирдей сүйөм. Сулуусуңар, коозсуңар! Чиркин! Чирк-ии-ин… Дагы мине айтайын дедим эле? Унутуп атам… — жаагын сыйпалап, башын чайкады.

“Тилим чоркок” деп атып сүйлөгөнү ширин! Менин жиним келе баштаган, жумшарып кеттим. Эстей-эстей, эсине “унутуп аткан” сөзү эмес, дүкөн түштү окшойт. Мага башка эч нерсе дебей, коштошпостон бурулуп басып кетти.

“Майрамдык ырыскымдан” даам татып олтурсам эшигимди тыкылдатып бирөө кагат. Ачсам, кайрадан Жолдош мырза!

— Дүкөндүн жанынан эч ким өтпөй атат ко? Эмне үчүн? Ошону сурайын деп кайра келдим эле…

— Эл аянтта. Бүгүн бирөөсү да үйүндө эмес, ошол жакта майрамдашууда. Сиз экөөбүз эле барбаптырбыз. Чай даяр, кириңиз… — деп чын дилимден меймандостук каада жасадым.

— Мусулманчылыкта эри жок аялдын үйүнө башка аялдын күйөөсү кирбеш керек! Күнөө болот! – компоюп, эки чөнтөгүнө колун салып кайра кетти.

“Мусулманчылыкты  катуу сактаган” мырзабыз ичип жатканынын үстүнө дагы кайра “кошумчалаган” окшойт, азыраак термелип басып баратканына караганда…

Түш оогондо үчүнчү жолу эшигим кагылды. Жолдош мырза экенин сездим.

— Ким экен? – деп билмексен болдум.

— Чүш-ш-ш-ш, акырын. Баа… Баа… Байкең, акең, Жолдош эле, – тили ушинтип аз-маз булдуруктап калыптыр. Түшүнсө болот.

— Таарынбаңыз, мындан ары сизге эшигимди ачпайм. Бергендериңизди ала берип өзүм уялып турам. Жетет…

— Са-сага жетет же жетпейт деп алып келген жокмун да-аа. Жана… Жанакыларды сага… Кубаныч тартуулайын деп эле. Көңүл үчүн, көңүлүңдү сыйлап да-а-а-а… Маа-маанилүүсүн айтчы, бизди кеч-кечирдиңби-и-и?

— Абдан тажаттыңыз! Ооба! Ооба, кечирдим! — деп ачуулана бакырдым.

Үйүмдүн темир эшигинин ички бетинде мен, сырткы бетинде Жолдош мырза экөөбүз бийик үн менен сүйлөшүп турдук.

— Уу-у-у… Урушпачы, карандаш!

— Мен сизге карандаш эмесмин! Тапкан экенсиз, карандашты! — өзүмдү кармана албай дагы бир бакырып алдым.

—  Оп-опей, карандаш эмессиң! Ошенттимби? Кокуй…

— Жана эле айттыңыз го!

— Кар-карындаш деп айтам деп, карандаш дегенмин го-оо… Бирок карандашты деле мен жакшы көрөм. Аны менен сүрөт тартышат да, сүрөтчүлөр…

Эми-эми, кечирип койчу, кулдугум бар… Жөө-жөөлүп, жөтөлүп  калгансыңбы? Чөнтөгүмдө дары бар, “Цитрамон П” деген. Мынакей, мегой, эшигиңди ачып алып алсаң, кайра эле жаап аласың.

— Эшигимди ачпайм, албайм, мен дары ичкенди жаман көрөм!

— Ко-ко-кой антпе! Кесир болот. Көчөдө эч ким жок ко? Э-э-эл качан келет?

— Кечирээк келишет, ага чейин үйүңүзгө барып туруңуз.

— Анан… Анан барам үйүмө… Аялымды көргөнсүң а-а?

— Көргөм. Тааныйм…

— Аялым  сулуу а-а?!

— Сиздин аялыңыз сулуу болбогондо кимдики сулуу? Сулуу! Чүрөк!

-Туура, туура. Ку-кулагың каалгага жабышылып, жаа-жакынбы? Угуп атасыңбы? Аялым акылдуу а-а?!

— Ооба, аялыңыз акылдуу, сонун! Мага эми капа болбоңуз, бутум талып кетти. Үйүңүзгө барыңыз!

— Менин бутум талыган жок, колум талып кетти.

— Колуңуз талыгыдай эмне болду?

— Са-сага деген мынагуларчы… “Шоро”, муногу вафлинин эң чоңу. Апкелгем да…

— Ырахмат, албайм, эшигимди да ачпайм.

— Эшигиңди ачпасаң ачпай эле гой, мейли… Сага бир өтүнүч айтайын дегем. Айткандарыма кулагынды түрүп турасыңбы?

— Кулагым түрүлүү…

— Баякыда болсо, төшөгүңдү сырттагы карга сүйрөлтүп сүйрөп чыгып алып күүп атыпсың. Бир четин күүсөң, бир чети калат. Жанакы ыр бар го, “бир көзүң өпсөм, бир көзүң калат” дегенге окшошуп… Аттап-буттап жаныңа жетип барып өзүм эле күүп салайын дедим. Кайра айныдым, эл “баякынын эшигинде баякыл иш кылып жүрөт” дебесин деп…

Жолдош мырза чечен болуп баратат да! Тилинин булдуруктаганы да азайып, соолуга түшкөнсүйт.

— Төшөк күүсөм, кар күрөсөм деле баарын өзүм жасайм…

— Тим гой, чиркин… Акең афган жергесине барып “интернационалист-жоокер” болуп келгенин билесиң а-а!

— Кайсыл акем? – кимди айтып атат деп таңгалдым.

— Менчи? Менмин да  акең! Жолдош! Жолборс! Каалгаңдын артындагы арстан!

— Сизби?! Билбептирмин, өз оозуңуздан биринчи угушум, “интернационалист-жоокерлерибизди” абдан сыйлайм. Саналуу элесиздер да. Сөзүңүздү токтотуп туруңузчу. Бутум талып кетти. Бир нерсе алып келип коюп олтуруп алайын…

— Ошент, ошентегой.  Мен жана эле олтуруп алгам, келгенде эле.

— Сыз жергеби?

— Дөңгөчкө! Эшигиңде муногу дөңгөч бар экен го. Каяктан тапкансың? Мешиңе, көмүрүңө ичеги кылып жагайын дедиң беле? Бир күнү келип майдалап жарып берем. Бу каражыгачпы башын, аягын да өзүң аралагансыңбы?

— Өзүм аралагам…

— Чиркин дүйнө…

— Сиз экөөбүз дагы башка күнү сүйлөшөлүчү. Аянтта жүргөн эл майрамдап бүтүп, тарай башташты болуш керек. Жанатан бери сурап атпадыңыз беле, эл эми дүкөндүн жанынан өтө баштайт.

— О коку-ууй! Кеттим анда… Муногуларды эшигиңе жөлөп коёюн. Этиеттеп ачып, анан киргизип ал, “Шородон” ич! Ата-бабаларыбыздын тамагы… – кытыратып колундагыларын эшигиме жөлөгөнү анан басып кеткен дабышы угулду.

Жолдош мырзанын жашы менден улуу экенин эсимден чыгарып, терезеден баланы — балакай-мырзаны карагандай карап турам. Бала, бала, бала эле!  Мындай жашоо – бейиштеги жашоо менен барабар болуш керек… Бирок эл сезбеген, өзү гана башынан кечирип, азабын тарткан арманы бар болду бекен?

Мындай, бала-жандар кантип чоңоюп алышат? Армияга барып, аял алып, бала-чака жаратып… Мисалы, Жолдош мырза. Өзү айткандай, арстан, жолборс акем.

* * *

Анакей! Айтканымдай эле. Убай-чубай майрамдап жүрүшкөндөр үйлөрүнө келатышат. Азыр берешен мырзабыз алардын алдынан тосуп чыгат. Канчасын сыйлаганга жетишип, канчасына жетишпей калат болду экен? Капчыгы бүгүн саат канчаларда “арыктаар” экен?

Эми биздин көчөнүн чакан дүкөнүнөн ичкен-жегенибизге керектүүлөрдүн баары сатыла баштайт: нан, күрүч, чай, кант, вино, макарон, лимон…

Сатып алуучу – Жолдош мырза!

Сатылгандарды кулмуңдап көтөрүп кетип жаткандар – мага тааныш жана бейтааныш замандаштарым…

21-март. 1997-жыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *