Орустун атактуу жазуучусу Владимир Набоков дарстарында төмөнкүдөй ыкманы колдончу. Ал залдагы бардык терезе пардаларды жаап, бөлмө ичин толук караңгылата турган. Залдын тээ түпкүрүнөн адегенде бир чырак жанып, Набоков мындай дечү: “Орус адабиятынын асманында жанган жылдыз – бул Гоголь”. “Ал эми бул чырак Чехов”, — шыпта дагы бир жылдыз жаркырайт. “Бул — Достоевский”, — Набоков дагы бир чыракты жандырат. “А бул болсо Толстой!” –Набоков терезе пардаларды шарт ачып жибергенде залга көздү уялткан жарык төгүлөт…

Лев Толстой автордук укуктан биринчи болуп баш тарткан, мамлекеттик түзүмгө каршы чыккан, ал эми диний көсөмдөрдү чанганы үчүн чиркөөдөн четтетилген. Нобель сыйлыгынан баш тартып, акчаны жек көргөн жана дыйкандардын таламын талашкан.

  • Өкмөттүн күчү элдин түркөйлүгүндө кармалып турат жана өкмөт муну түшүнгөнү үчүн да ар дайым агартуучулукка каршы күрөшөт. Муну түшүнөр мезгил келди.
  • Ар ким адамзатты өзгөрткүсү келет, бирок эч ким өзүн өзгөртүү тууралуу ойлонбойт.
  • Күтө билген адамга баары өзү келет.
  • Бардык бактылуу үй-бүлөлөр бири-бирине окшош, ар бир бактысыз үй-бүлө өз-өзүнчө бактысыз.
  • Күчтүү адамдар дайым жөнөкөй.
  • Ар ким адегенде өз короосун шыпырып алсын. Эгерде ар бир адам ошентсе, анда бардык көчөлөр таптаза болот.
  • Ар дайым бизди мыктылыгыбыз үчүн жакшы көрүшкөндөй сезебиз. Биз болгону бизди жакшы көргөндөр алардын өздөрү жакшы адамдар экендиги үчүн гана жакшы көрүшөрүн аңдап-билбейбиз.
  • Сүйүүсүз жашоо оңой. Бирок маанисиз.
  • Мен жакшы көргөн нерсемдин баарысы менде жок. Бирок мен менде бар нерсенин баарын жакшы көрөм.
  • Дүйнө азап тарткандардын эсебинен алга жылат.
  • Эң улуу акыйкат – эң жөнөкөй.
  • Иштин баары көп билүү керектигинде эмес, а билген нерсебиздин ичинен эң керектүүсүн биле алганыбызда.
  • Адамдар таза абийирим бар деп эс-тутумунун начардыгы үчүн гана сыймыктанышат.
  • Жамандык биздин ичибизде, башкача айтканда, аны ал жактан сууруп чыкса болот.
  • Адам ар дайым бактылуу болууга тийиш; эгерде бакыт түгөнүп калса, карап көр, кай жерден адаштың экен?
  • Мен ар бирибиз үчүн жашоонун маңызы – сүйүүбүздү улам өстүрүүдө деп билем.
  • Бардыгы план түзүшөт, бирок да эртеңки кечке чейин жашарын айта албайт.
  • Адам ыңгайлаша албаган шарт жок, айрыкча ал айланасындагы адамдардын баары ал сыяктуу жашап жатканын көрүп турса.
  • Адамдар менен жашап жатып, жалгыздыкта билген нерсеңди унутпа. Жалгыздыкта болсо, адамдар менен баарлашканда алган таасирлериңди таразала.
  • Философия жашоонун маңызы эмнеде деген суроого жооп бербейт, болгону аны андан бетер татаалдантат.
  • Адам өзүнүн жалгыздыгына кишенделип, өлүмгө жазага тартылган.
  • Ишеним – бул жашоонун маңызын түшүнүү жана бул түшүнүүдөн келип чыккан милдеттерди моюнга алуу.
  • Өлүм жөнүндөгү ой гана бизди ойдун толук эркиндиги жана кубанычы өкүм сүргөн жайга алып учат.
  • Сөзсүз өлүп жок болуучу айбандык напсибизден баш тартуу менен гана өлбөс жана өлбөөгө тийиш болгон чыныгы жашообузга ээ болобуз.
  • Адамдар дене өлгөн соң жашоо кошо жок болот деп коркушпайт, алар дененин өлүмү аларда жок болуп жаткан нукура жашоонун зарылдыгын көрсөткөнү үчүн гана өлүмдөн үрөйү учуп коркушат.
  • Чындап эле бул көз ирмемдик жашоого калп айтып, элди адаштырып, келесоодой иштерди жасап анан көз ирмемде жок болуп кетүү үчүн гана келдикпи?

Кыргызчалаган Назгүл ОСМОНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.