Туруктуу окурмандарга сайтыбыз рухий багыттагы коом агартуу ишин улантып келатканы дайын. Мындан ары да ушул багытта ишибизди уланта берүү максатында эки курамдан турган редакциялык кеңеш жана редакциялык топ түздүк. Сөздү адегенде редакциялык кеңештин озуйпасынан баштайлы: бул топко негизинен ар дайым туруктуу позицияны карманган, кайсы бир саясый топко жан тартпаган жана эч бир саясый партияга мүчө болуп кирбеген, калыс сөзүн тайманбай айтып, ар дайым улуттук баалуулукту жогору койгон инсандар кирди.

Арийне, Совет мезгилинен бериге карай калыптанган интеллигенция катмарынан бирин-экини гана өз позициясын коргоп келгени болбосо, дээрлик көпчүлүгү жер карама болуп келгени жашыруун эмес. Интеллигенция деген түшүнүктүн өзү эки жүздүү коомдук катмарга айланган кезеңде – «РухЭш» сайты прогрессчил көзкараштагы интеллектуалдардын альянсын түзүүнү чечти. Негизинен редакциялык кеңешке мүчө болгон инсандарды биз коомдогу абийирдүү азчылык чөйрөдө тилектеш, санаалаш болууга чакырабыз. Жалпы улуттук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоого келгенде коомчулукта жигээрдүү үн катып, рухий багыттагы коом агартуу жүгүн бирге аркалайлы деген ниетте биригип отурабыз…

Эмесе биз аларды жаш курагы же даража, сыйы боюнча эмес, алфавиттик тартиптин негизинде тааныштырууну эп дедик.

1-курам: редакциялык кеңеш

Таалайбек АБДИЕВ – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты. «Котормотаануу илимине киришүү» жана «Котормо таануу терминдеринин кыргызча-орусча-түркчө түшүндүрмө сөздүгү» аттуу фундаменталдуу илимий эмгектердин автору. Көркөм адабияттын күйөрмандарына англис, түрк, орус тилиндеги дүйнөгө белгилүү жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине түпнускадан оодарып келген чебер котормочу катары белгилүү. Жек Лондондун «Ак азуу» повестин, Луиза Мэй Олкоттун «Кичинекей айымдар» романын, Дебора Поттердин «Көзкарандысыз журналистика колдонмосу» ж. б. көлөмдүү котормолору менен «РухЭш» сайтынын архивинен тааныша аласыздар.


Амирбек АЗАМ уулу (Усманов) – узак жылдардан бери Европанын Прага шаарында жашаган белгилүү журналист жана котормочу. Кыргыз тилдүү кесиптештеринен эң чоң өзгөчөлүгү – ар дайым журналистик иликтөөнүн артынан сая түшкөн саналуу калемгерлердин бири. Анын калеминен окурмандардын ой чабытын кеңитип, дүйнө таанымын арттырар маалыматтар арбын учурайт. Маселен, орто кылымдардагы фарсы тилдүү калктардын маданий бермети эсептелген “Кабуснаме” чыгармасын орус тилинен кыргызчага которуп, аталган эмгек 2009-жылы Бишкекте китеп болуп жарыкка чыккан. О.э. 2013-жылы чех тарыхчысы Петр Кокайсл менен бирдикте «Кыргызстан тарыхы күбөлөрдүн көзү менен» аттуу баалуу китепти чех жана орус тилдеринде жарыкка чыгарган. Экономикалык жана социалдык көйгөйлөргө, диний турмушка жана башка темаларга арналган жүздөгөн публицистикалык макалалардын автору. Анын эмгектери менен береги «Дасмия» шилтемесинен тааныша аласыздар…


 

 

Жалалидин ЖЭЭНБАЙ – Европа жана Американын билим берүү тармагындагы алгылыктуу тажрыйбаларды Кыргызстан үчүн өздөштүрүүгө кызыгып, аны ишке ашыруу үчүн кыйла аракеттерди жасап келген алыстагы мекендештерибиздин бири. Жеке аракети менен акыры жашыл карта лотереясы аркылуу Америкага кетип, ал жактан агартуу системасын деталдуу үйрөнүп, тажрыйба топтоо менен ассошиейт-профессор наамына жеткен. Учурда ал Бириккен Араб Эмиратындагы Абу-Даби шаарынын Зайд Университетинде эмгектенет. Биз сыймыктанар бул инсан менен «РухЭш» сайтында жарыяланган маеги жана макаласы менен толук тааныша аласыздар…


Сулайман КАЙЫПОВ – жазуучу, адабиятчы, коомдук ишмер. Кыргыз, орус, түрк тилдеринде жазылган 100дөн ашуун илимий жана илимий-популярдуу макалалардын автору. Ван облусунун Эрчиш районуна караштуу Улуу-Памир айылында жашаган кыргыздардын тили, фольклору жана этнографиясына тиешелүү булактарды жыйнаган. Түрк дүйнөсүнүн оозеки чыгармачылыгы боюнча эң чоң адистерибиздин бири. Биз баса белгилей кетчү: XXI кылымдын интеллектуалдык өнүгүшүнө кошкон жекече салымы үчүн (2007-ж.) Сократ атындагы эл аралык сыйлыктын (SOCRATES INTERNATIONAL AWARD) лауреаты болгон. О.э. Европа Ректорлор Клубунун (THE CLUB OF THE REKTORS OF EUROPE) мүчөлүгүнө толук өткөн (2007-ж.).


Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ – акын, публицист, котормочу жана конфликтолог. «Самурай кылыч – жүрөгүм» аттуу поэтикалык жыйнактын автору. Кыргыз журналистикасында мыкты аналитик катары белгилүү калемгер. Ошондой эле журналистикалык кесипти аркалагандар үчүн «Жазганыбыз жакшы окулсун десек» аттуу китептин автору. Аталган китебинде журналисттик кесиптин жоопкерчилигине үйрөтөр практикалык ыкмалар жана өрнөктүү текстти кантип туура куруу керектигин усулдук мисалдар менен негиздеп көрсөткөн. Аны менен катар узак жылдардан бери жеке өзүнүн көзкарашындагы «Улуттук концепциянын» автору.


Үмүт КУЛТАЕВА – Эл агартуунун отличниги (2000-ж), педагогика илимдеринин кандидаты (1990), доцент (1999), филология илимдеринин доктору (2011). Эне тилди окутуу методикасындагы эмгеги КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия тарабынан жогорку бааланып, Ардак грамота (2004); «Кыргыз тили» Төш белгиси (күбөлүк №6, 2005) сыйлыктары ыйгарылган. Буга чейин кытай адабияты боюнча котормолору мезгилдүү басма сөз беттеринде жарыяланып келген. О.э. илимий чыгармачылыгындагы дагы бир багыты – балдар адабиятын өнүктүрүү.


Орозбек МОЛДАЛИЕВ Улуттук жана аймактык коопсуздук, диний экстремизм жана терроризм жаатында иш жүргүзүп келген саналуу адистердин бири. Борбор Азия аймагы боюнча диний маселелердин тегерегинде узак жылдардан бери фундаменталдуу негизде «Ислам жана саясат» аттуу терең анализде жазылган китептин автору. Борбор Азиядагы Эларалык университеттин профессору, о.э. саясат таануучу жана мамлекеттик ишмер…

Илимий монографиялык эмгектери:

«Современные вызовы безопасности Кыргызстана и Центральной Азии». — Бишкек: Фонд имени Фридриха Эберта, 2001.

«Исламизм и международный терроризм: угроза ислама или угроза исламу?» — Бишкек: Фонд имени Фридриха Эберта, 2004.


Абдыкерим МУРАТОВ жазуучу, публицист, педагогика илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы. Эл аралык «Zaman Кыргызстан» газетасынын баш редакторунун кеңешчиси, И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын профессору. Кыргыз Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча жана Тоголок Молдо атындагы сыйлыктардын лауреаты. Илимий ишмердигине келсек: «Көркөм адабий тексттердеги элдик педагогикалык ойлор жана аларды окутуу процессинде интерпретациялоонун илимий-методикалык негиздери (Ч.Айтматовдун чыгармаларынын мисалында)» адистиктери: 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы; 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы (кыргыз адабияты) ж. б. ж. б… Ал эми айрым көркөм чыгармалары менен «РухЭш» сайтынын архивинен тааныша аласыздар.


Элмира НОГОЙБАЕВА – дүйнөдө болуп жаткан геосаясый процесстердин күңгөй-тескейин тереңден билген бирден бир адис. Кыргызстандын ички жана тышкы саясатына сергек ой жүгүрткөн көзкарандысыз саясат таануучу. Эларалык уюмдардын көмөгү менен жүргүзүлгөн коомдук-саясый жана социалдык маселелер боюнча бир катар аналитикалык жана изилдөө доолбоорунун эксперти. Ар дайым өз позициясын ачык билдирген прогрессчил көзкарашты карманган жаңы генерациядагы замандаштарыбыздын алдыңкы өкүлү.


Эсенбай НУРУШЕВ – өзүнө ашкере көңүл бурдурганды эзели жактырбаган чыгаан журналист. Кыргыз жана орус тилдериндеги бир нече жүздөгөн публицистикалык макалалардын автору. Жазуучу жана эң мыкты котормочу. Чыгармачылыгынын диапозону ар тараптуу жана терең. Дүйнөлүк геосаясат, Кыргызстандын тарыхы жана саясаты, фольклор таануу, Манас таануу, инсан таануу, терминология, философия маселелери, журналистиканын жана котормочулуктун заманбап көйгөйлөрү тууралуу макалалардын автору. Анын жазгандары ар дайым интеллектуалдык талаш-тартыштарга түрткү болуп келет.


Искендер ОРМОН уулу – Эларалык мамилелер боюнча эксперт. «Кереге» фондунун төрагасы жана «Сереп» аналитикалык изилдөө институтунун координатору… Буга чейин «Ыйман» фондун жетектеп келген. Ошондой эле Кыргызстанда диний билим берүү багытындагы мектептердин ачылышы боюнча бир кыйла долбоорлордун автору болуп эмгектенген. Диний проблемалардын ички-тышкы себептерин терең анализге алган прогрессчил күчтөрдүн алдыңкы өкүлү. Мурда ал Кыргызстандагы Жаш ишкерлер ассоциациясынын координатору болуп иштеп келгени маалым.


Аскер САКЫБАЕВА – көзкарандысыз белгилүү журналист. Чыгармачыл адамдарды ар тараптан колдоп келаткан эларалык «Жетимен» кайрымдуулук фондунун аткаруу деректири. Өз чөйрөсүндө иштин кызыкчылыгы үчүн кадыр-көңүлгө карабаган калыс жетекчи катары таанымал. Убагында «Агым» гезитинин азуулуу журналисттерин жалтактатып турган жооптуу катчы, кийин ушул эле гезиттин башкы редакторлук милдетин аткарып келген. Караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан Кыз Сайкалыбыз… Эң башкысы – достукка бекем жан!


Жолдош ТУРДУБАЕВ – кыргыз жана орус тилинде мыкты жазган кош тилдүү журналист, публицист жана адабиятчы. Убагында «Кто он, «родственник-современник?», «Айтматовская ересь», «Преодоление времени», «Художник против тоталитаризма или как остановил Айтматов поезд №17»), «Эзилген эл, эсил тил», ««Манас» эпосундагы «адам өлчөө», «Япон керемети жана уйкудагы Манас», «Два полюса антинационального», «Языковая ситуация и барьеры безъязыкости» аттуу эмгектери менен алп жазуучу Чыңгыз Айтоматовдун назарына илинген калемгер. Анын публицистикалык-аналитикалык макалалары коомчулукта ар дайым талаш-тартышка жем таштап келет.


Эмил ҮМӨТАЛИЕВ Kyrgyz Concept компаниясынын президенти. Канткенде улуттук жана коомдук аң-сезим, кулк мүнөзүбүздү жакшы жагына өзгөртөбүз деген маселенин тегерегинде жаңы көзкараштарды калыптап келаткан чыныгы интеллектуалдарыбыздын алдыңкы өкүлү. Кыргызстанда өнүккөн өлкөлөрдүн жарандары үчүн визасыз режим киргизүү долбоорун иштеп чыккан адам. Ал демилгелеген ачык асман саясаты Кыргызстанга бардык чет өлкөлүк авиаташуучулардын эркин кирип-чыгуусуна шарт түзөрүн демилгелеп келет.


Бекташ ШАМШИЕВ – кыргыз жана орус тилдеринде жазган адабият сынчысы, окумуштуу, публицист жана журналист, филология илимдеринин кандидаты. «Азаттык» радиосунун көрүнүктүү кызматкери. «Кайдасыңар, кийиктерим» (Фрунзе, Мектеп, 1986.), «Роль поэтического наследия Алыкула Осмонова в развитии киргизской советской поэзии в 1950-60 гг.» (Бишкек, Илим, 1993) жана калемдештикте жазылган «Жоомарт Бөкөнбаев» (Бишкек, 1996), «Кыргыз согуш прозасынын поэтикасы» (Бишкек, 2015) аттуу адабий эмгектери бар. Маданий, экономикалык, саясый темадагы жүздөгөн макалалардын автору. О.э. аңгеме, сын макалалары мезгилдүү басма сөз беттеринде жарыялаган.

 

 

2-курам: чыгармачыл топ

Кубанычбек АРКАБАЕВ – жазуучу жана котормочу калемдештерибиздин бири. Бизди кубандырганы – сайтыбызда жарыяланып келген дүйнө эл жомокторун кыргыз тилдүү окурмандарыбызга жеткирүүгө кол кабыш кылып, сандыгыбызда Кубанычтын котормосундагы биртоп чыгармалар жатат. Аларды четинен жарыялап келатабыз. Алдыда да чыгармачылык планыбызда анын калеми аркылуу окурмандарыбызга жете турган дүйнө адабиятынын шедеврлары кезек күтүп жатат. Ал эми буга чейинки жарыяланып келген котормолору менен таанышууну каалагандар береги шилтемени басыңыздар…


Айжан АТАКАНОВА – жаш болсо да дасыккан котормочу жана журналист. Анын адабияттагы алгачкы ийгилиги – «РухЭш» сайты жарыялаган «Мыкты котормо» сынагында Антон Чеховдун «Анюта» аттуу аңгемеси үчүн калыстар курамынын чечими менен 3-байгенин ээси деп табылды. Анын котормо жаатындагы эмгеги менен таанышууну каалагандар береги шилтемеге кириңиздер.

Сайтыбызга атка жеңил, тайга чак жаш авторлор керек болуп турган учурда Айжан Атаканова биздин чыгармачыл топ үчүн жаңы табылга болду. Келечегине үмүт артып, адабий жээкке тартканыбыздын себеби – жаш болсо да котормочулук өнөргө болгон шык-дарамети көрүнүп туру…


Урматбек ЖАКШЫМБЕТОВ – «Жандоочу кийик аттырат» дейт шар жүргөн кыргыз. Көп жылдан бери ийиндеш жүргөн инибиз. Учурунда төкмө ырчылар мектеби «Айтыш» фонду «Айтыш» фонд болгонго чейин Садык Шер-Нияздын командасында уюштуруу тобунда жеңилибизди жерден, оорубузду колдон алышкан жигиттердин катарында жүрдү. Өнөр адамдары менен дидаарлашып, санаалаш мамилесин үзбөй келаткандардан…

Улутубуздун учугун улар ишке келгенде артына кылчактабаган бу жигитибиз эми «РухЭш» сайтыбыздын мындан аркы жүгүн кошо көтөрүшөр болуп туру. Тагыраагы: мойнуна жүк артып бердик. «Сайттын чыгармачыл жүгүн биз көтөрөлү, ал эми чарбалык жагына чапчаң киши сен болуп, сайтты рынок жолуна салып бер» деп атабыз. Буга чейин да жүгүбүздү көтөрүшүп, каржылык жагынан колдоп келди. О.э. декабрь айында жыйынтыктала турган адабий сын боюнча конкурстун демөөрчүсү ушул жигит. Анысына ракмат! Ошентип бул жигит да рухий багыттагы коом агартуу жүгүн биз менен кошо көтөрүшөр болуп калды. Азыркы тил менен айтканда: сайттын менеджменттик мүшкүлүн мындан ары Урматбекке артмай болдук.


Бактыгүл ИМАНБЕК кызы — адабият астанасын жаңы аттаган калемгер. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин чет тилдер бөлүмүн бүтүргөн. Учурда гуманитардык багытта өз алдынча иш жүргүзөт. «РухЭш» сайты жарыялаган котормолор боюнча конкурска катышып, француз жазуучусу Оноре де Бальзактын «Динсиз адамдын ибадаты» аттуу новелласы менен жана Ги де Мопассандын «Периль айым» аттуу чыгармасын түпнускадан кыргызчага которгон тырмак алды эмгеги үчүн калыстар курамынын мактоосуна илингендиктен — биз да Бактыгүлдүн келечектеги чыгармачылыгына чоң үмүт артып турган кезибиз…


Урматбек НУРСЕЙИТ уулу – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Түркология бөлүмүн бүтүргөн. Учурда аталган университетте магистрант. Сайтыбыз менен чыгармачылык тыгыз байланышта келаткан туруктуу авторлорубуздун бири. Бул жигитибиз да «РухЭш» сайты жарыялаган «Мыкты котормо» боюнча сынагыбызга катышып, каракалпак жазуучусу Муратбай Нызановдун «Реклама» аттуу аңгемеси үчүн калыстар курамынын баасына илинип, 3-байгенин жеңүүчүсү болуп калды. Буга чейин эле боордош элдерден түрк, түркмөн, татар, казак, каракалпак, өзбек жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз окурмандарына түпнускадан которуп келатканы сайтыбыздын туруктуу окурмандарына белгилүү.


Назгүл ОСМОНОВА – 90-жылдардан кийинки адабият астанасын аттаган акын кыздарыбыздын бири. Бара-бара калеми такшалган сайын өзүнө чыгармачылыктын эң катаал жолун тандап алган замандаштарыбыздан. Бүгүнкү күндө адабият менен жан багуу мүмкүн эместигин билет, бирок билип туруп адабиятты айланчыктап жүргөнү үчүн эле ушул калемдешибизди кадырлап алаар жердебиз. Учурда дүйнө адабиятын кыргыз окурмандарына жеткирейин деген акын-жазуучулар саналуу. Гүлдөп турган СССР учурунда деле котормочулардын эмгеги бааланчу эмес эле, азыр андан бетер… Бирок ошого карабай котормочулук өнөрдүн ыракаты менен эле дүйнөнүн далай дөө-шаа жазуучуларын, ойчулдарын кыргыз тилинде көркөмдүк чегине жеткире которуп келатат. Анын котормочулук өнөрдөгү чеберчилигин жакында болуп өткөн конкурстун калыстар курамы да өзүнчө баса белгилешти. Өзгөчө Иван Буниндин чыгармаларын чебер которгонун профессионал адабияттын өкүлдөрү сөзгө алууда.


Марат ТОКОЕВ – сайтыбыздын техникалык редактору. Кесиби физик-мугалим, бирок акын. Бир жылдан бери «РухЭш» сайтынын техникалык мүшкүлүн тартып келаткан абыгер ушул. Мындан бир канча жыл мурун «Кыргыз маданият борбору» аттуу интернет сайтын ачып, ошондон бери улуттук баалуулуктун баарын аталган сайттын казынасына топтоп келет. Башкаларга окшоп көрдүйнө артынан кууган пендечиликтен жогору турган досубуз. Сайтыбыз там-туң баскан күндөн бери түйшүгүбүздү тартып келаткан тилектешибиз…


Азамат ТӨКӨРОВ – таланттуу жаш акын. Анын тубаса талант экени ар бир ыр сабынан көрүнүп турганын баамдап, адабий тушоосун адегенде «РухЭш» сайты аркылуу кестик окшойбуз… Анын сайтыбызда жарыяланган эң алгачкы ыр саптары эле профессионал адабиятчылардын назарына илинип, ошол күндөн бери жылуу пикирлер айтылып келет. Учурда ал Россияда миграцияда жүргөн мекендештерибиздин бири. Анын эң алгач бизде жарыяланган жалындуу поэзиясын ушул шилтемеден окуй аласыздар…

Ал эми котормо жана карасөз жаатындагы эмгектерин сайттын архивинен табасыздар.

3 Replies to “«РухЭш» сайты прогрессчил көзкараштагы интеллектуалдардын альянсын түздү”

  1. «Той Эпидемиясына» кошумча.
    Анан мен негизги жоготуу — убакыт жөнүндө айтайын. Той-ашка даярдануу айлап жүргүзүлөт. Канча миңдеген адам сааты сарпталат! «Той болду. тойдун эртеси болду» дегендей, шаң-салтанаттан кийинки баш оору, «похмелье» дагы 2-3 сутканы жеп тынат. Андан өткөн баш оору — кеткен чыгымды кантип жабабыз деген мээни көзөгөн, жанды кейиткен санаа. Ал да убакытты укмуш жейт! Адам өмүрү ошол сааттар менен ченелет эмеспи. Анан элестетиңиз, канча өмүрүздү ушул салтка коротуп жатканыбызды. Андан көрө чыгармачылык менен алектенип, иш бүтүрсөк, канча пайда! муну ойлодукпу, туугандар?

  2. Башында оз пикирлерин ачык айткан активдуу жарандар кирди деген созду окугандагы кумондуу ойлорумдан, курамдын мучолорун толук окуп чыккандан кийин кайттым. Менин баамымда чын эле бул топко ачык оз коз караштары бар, коз каранды эмес журналистердин топтолуп атканын колдоо керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.