– Адегенде бизде жарыяланган котормо боюнча конкурстагы байгелүү орунга илинген чыгармачылык ийгилигиң менен куттуктайм, досум! Конкурска жөнөткөн эки аңгемеңди тең ийине жеткире иштегениңди калыстар курамы өтө жогору баалады. Мындан ары да ушинтип эле чыгармачылыктагы активдүүлүгүңдү көрсөтүп турсаң экен…

—  Олжоке, сага ыракмат, билген кишиге сен тоодой иш кылып жатасың. Чындыгында, коом китеп окубай калган заман. Ошого жан киргизип жатасың да. Котормо боюнча конкурс жарыялаганың да жакшы жышаан болду. Ага демөөрчүнүн табылганын да карабайсыңбы. Мамлекет адабиятты унутуп койгону качан! Котормочулук өзүнчө чоң сөзгө татый турган маселе. Биз го ара-чолодо которо калып жүрөбүз. “РухЭш” сайтыңдын окурманы көбөйө берсин, дос. Жылаңач баатырдык кылып жатасың.

– Йе, досум, бу жарыкта булуттуу көктүн астында, муңдуу чөптүн үстүндө жүргөн тынч жансың. Бирок тынч жүрүп адам дүйнөсүн аңтарган адабияттарга сүңгүп кетиптирсиң. Аны «РухЭш» сайтынын окурмандары баса калып окуп аткан Жидду Кришнамуртинин «Өзүңдө революция жасай аласыңбы?» аттуу китебин кыргызчалаган эмгегиңден баамдап алаар. Бүгүнкү кымгуут заманда эл көрдүйнө артынан кубалап жүрсө, сен адам өзүн өзү кантип таануусу керектигин аңдай турган рухий күрөштүн жолун көрсөткөн эмгекти которууга белсенгениңдин өзү – көбүбүздүн колубуздан келбей аткан мээнет экенин баса белгилегим бар. Оболу кепти, Кришнамуртинин дүйнөсүнө кантип сүңгүп кеткениңден баштасакпы деп турмун… Кулак сенде, досум…

— Лессинг айтты беле: “Акыйкаттын өзүнөн да аны издеген он эсе баалуу” деп. Мектеп курагыман бери карай далай акылмандын тишин сындырган улуу суроолор жандилди жай алдырбай келгени келген. Жаштык кез ошондой бир керемет учур болот турбайбы. Дүйнөнү сугалак көздөр менен карап, өз дараметине жараша жашоо маңызын билген, кудайды тааныган, дүйнөнү тааныган, ааламды алаканга салган, өзгөчө дүйнөдө жашаган кез экен да. Кийин ал “даанышмандыгың” кайда кетип калат? — билбейм. “Если б молодость знала, если б старость могла!” деген Пушкиндин саптары көк тирейт да тимеле. Кришнамуртиге студент кезде ЦУМдун алдынан жолуктум. Бир чүкөдөй болгон орус абышка  китептерин жайып алып, дем алыш күндөрү сатып олтурчу. Ошол орус чалдан сатып алгам, 50 тыйынга. Жаш уландын дүйнөсүн эңшерди эле ошондо. Кришнамуртиге окшогон акылмандар адамтаануу, ааламтаануу жолуңда көп тепкичтин бири болуп берет экен. А максатың эмне? Өзүңдү түшүнүү, Жаратканды таанып-билүү да… Бир жолу Кришнамурти түшүмө кирди. Өзүнчө эле мага нааразы болуп, сөөмөй кезеп жатыптыр. Эртеси китептеримди аңтарып, илгерки түлөгөн китебин таппай калдым. Орусча окуганың менен айткан-дегени көкүрөктө кыргызча калат да. Ишим оголе көп болчу ошондо, бирөөдөн көлөмдүү котормого заказ алгам, анан Кришнамуртинин бул китебин интернеттен көчүрүп алып, тигил котомормонун ордуна кыргызчалап кирдим. Атайын максат деле болгон жок. Жөн гана жаш кезде окугандарымды кайрадан эскергим келди окшойт, унутулган жерлери кайра тирилди. Анан сага айта койсом, дароо сурап калбадыңбы. Кришнамурти өзүңө үңүлгөнгө, туура сууроо бергенге жакшы үйрөтөт. Менимче, андан жаштар жакшы сабак алышмак. Бирок окуйбу? Күмөнүм бар.

– Былтыркы Конфуцийдин санат ойлорун кыргызчага мыкты которуп, аның китеп болуп чыгары менен караңгы динчилдер аныңды мусулманчылыкка шек келтирер эмгек катары чуу көтөрүшкөнүн көрдүк. Минтип Конфуцийдин рухий дөөлөтүнөн коркунуч издеген диний катмар калыптана баштаганынан эмнени туйсак болот?

— Олжоке, дегеле мен дин жөнүндө эч ким менен сүйлөшпөйм, сүйлөгүм да келбейт. Бул өтө жеке нерсе да. Бирок сурап калган экенсиң, кандай десем?.. Аты-жөнү эсимде жок, он экинчи кылымдагы бир араб акыны бар эле. “Куштардын аңгемеси” деген тамсили бар. Тоголок Молдо дал ушундан алып, өзүнүн “Куштардын аңгемесин” жазганбы деп калам. Ошол акындын эки сабы эсимде: “Алла-таалам айта турган бир сөздү алдап-соолап миң сөз кылган молдо бар” деген. Мааниси ушундай да. Өтө опуртал, өтө коркунучтуу диний катмар калыптанып келатат. Чоң апам айткандай, жакамды кармап калам, эй. Бу динде эмне жаман? Сокур ишеним жаман. Мен чоң апамдын колунда чоңойдум. Аябай динчил киши эле. Биринчи абышкасы да Атбашыга таанымал Жусубалы деген чоң молдо болгон. Апам бала кезимен кудайды кулагыма куйду. Бешинчи класстан “кудайга ишенем” деп айтып алып, классташтардын, мугалимдин, мындайча айтканда, советтик империяны катуу шылдыңына калдым эле. Ошол шылдың менин чындап кудайды издегениме түрткү болду. Чоң апам айткандай “молдо” болуп кеттим. Буддизмди, иудаизмди, христианчылыкты, исламды казып эле жатып калдым. Куран – ыйык китеп. Адам баласы мындай нерсени жазалбайт да, айталбайт. Өтө сырдуу дагы. Жаш кезде мага ислам жөн гана башүйүртмө сыяктуу сезилген. Көрсө, андай эмес экен… Ал эми азыр сокур ишеним менен намаз окугандардын зор армиясы түзүлдү. Өздөрүнө суроо бергенди билишпейт, бирок фанат болуп алышкан. Азыр дүйнө жүзүндө ислам радикалдашып кетти. Чыныгы, салттуу ислам көмүскөдө калгандай. Ислам аалымдары бул боюнча коңгуроо кагып жатышат. Аларды уккан киши жок. “Чала молдо дин бузат” деген сөз тегин жерден чыккан эмес да. Дал ушул “чала молдолор” дүйнөнү, анын ичинде Кыргызстанды каптап кетти. Сакал коюп, дамбал кийип алып намаз окуп калсаң эле кудайды таанып калбайсың. Эмнеге Казакстанда, Тажикстанда сакал койгонго, чүмкөнүп жүргөнгө тыюу салып жатышат? Исламга каршылык көрсөтүп эмес, коопсуздукту ойлоп жатышат да. Сокур ишенимдин соккусу жама-ан, жаман. Кудай-тааланы илим-билим менен аңдайсың, исламда негизи илим-билимге чоң маани берилет. Бирок буга каршылык көрсөткөн күчтөр жетиштүү. Элди сокур ишенимге каныктырып, баш ийдирип алуунун жолу. Дин жүрөктө түнөк тапкан ишенимге айланбай, “каңк” эттире чокуга тийген куралга айланды. Бизде Кадыр Маликов абдан туура айтып келет. Тилекке каршы, ал кыргызча билбейт экен, жалаң орус тилинде дабат айтып жатпайбы. Бирок изденгени, билимдүү экени көрүнүп турат.

– Дегениң менен азыр арапташып баратканыбыз жалганбы? Каада-салтыбызды “ширик” кылып жиберишти го?

— Туура, үрп-адатты, каада-салтты, нарк-насилди айткан кишини эле төө бастыга алып жаткандарын көрүп жүрөбүз. Ислам менен улуттук салт, теңирчилик түшүнүгү дегеле бири-бирине каршы келбейт. Мен баам салсам, азыр негизинен социалдык түйүндөрдө мусулмандар менен теңирчилер деп бөлүнүп алышып, бири-бирин сөгүп-сагып, кажый беришет экен. Бирок мусулманмын дегени исламды, теңирчимин дегени теңирчиликти түшүнбөгөнү ачык көрүнүп турат. Кайсыл бирин айталы, Олжоке, коомчулук бүтүндөй курт-кумурскадай эле майдаланып кеткендей. Кайсыл тармакты караба, майдаланып, быт-чыт болуп кетти. Бул мамлекеттин алсыздыгы, бийликтин алсыздыгы, уй байларга жиби жок болуп калганы. Мамлекет карманган рухий дөөлөтү болбогондо, ошентип элинде ажырым пайда болот, майдаланат, деги койчу, президенттин деңгээлин көрүп жатпайсыңбы, анан сары ооз балапандар атасындай аксакалдарды “акшакал” деп сөгүп жатканын бир айтасыңбы, эки айтасыңбы…

Уучубуз куру эмес, улуттук дөөлөттөрүбүздү сактаган жашыбыз да, карыбыз да бар. Ушунча кылым дилин, тилин сактап келген кыргыз арапташып калат деп эсептебейм. Бирок коркунуч бар. Эсиңдеби, апаларыбыз арпа, буудайды элеп, шамалга тосуп, кебектери учуп кетчү эмес беле. Ошентип элене турган мезгил келди. Качанга чейин көроокаттан боорубузду көтөрө албай жүрө беребиз? Ал үчүн Кришнамурти айткандай “өзүңдө революция” кылышың керек. Коомдо маданий революция болмоюнча, ушинтип жүрө беребиз. Биздин муун — адашкан муун, жоголгон муун болуп калгандай. Жалпы жонунан айтып жатам. Бир четинен улуттук кайра жаралуу босогосунда тургандайбыз, бир четинен ошол улуттук каадабызды ар кайсыл дин, тар түшүнүктөр туш-тараптан тытмалап, жулмалап жаткандай. Жанагыл мен айткан сокур ишенимден кудай сактасын. Алла-таала менен түз сүйлөшкөн пайгамбарлар аз эле болгон. Алардын бири Муса пайгамбар. Бир күнү кечинде элин аралап жүрүп, четте алла-таалага сыйынып жаткан кишини көрүп калат. Барып тыңшаса: “О, кудай мен сени абдан жакшы көрөм, курсагың ачып үйүмө келип калсаң, жалгыз чычкак улагымды сойсом да, сыйлап алам, бутуң кир болсо, өзүм бутуңду жууп берем” деп жатат дейт. Ошондо Муса пайгамбар, “ой, Аллага антип жалынбайт, кел, куранды үйрөтөйүн, бул сүрөөнү жатта” деп сыйынганды үйрөтөт экен да. Түнүчүндө чатырына барып жатайын десе эле, Жараткандын үнүн угат. “Муса, — дейт, — сен туура эмес кылдың, чоң ката кетирдиң. Ал кембагал чын дили менен мага ишенип, кадимкидей кайрылып, бутумду жууп бергенге даяр болуп жатса, сен ага жөн гана адат үйрөтүп койдуң. Ал эми мени унутуп, жөн гана сүрөөнү айтып калат эми” деген экен. Азыр бизде жаратканды жүрөккө орнотпой туруп, сырткы челине гана басым жасалып калды. Беш маал намаз гана окуп, шариятты аткарып коюу менен эле жаратканды тааный албайсың, бейишке чыгып кетпейсиң. Бул чоң окуу… Дин тууралуу сөзүбүздү ушуну менен тамам кылбайлыбы, кандай дейсиң?

– Мейли. Анда сөз тизгинин башка жакка бурсам… Сен саясат менен достуктун ортосундагы мамилени далай ирет жонтериңден сездиң деп ойлойм. Арийне, учурунда «Асаба», кийин «Агым» гезитинин базары жүрүп турганда, Мелис Эшимкановдун айланасында чарк айланган кошоматчылар көп болор эле. Өзгөчө көрүнүктүү саясатчылар менен капчыгы калыңдын баары Мелис байке менен эсептешчү. Мекенин көзү өткөндөн кийин ошол досторунун бири да «Асаба» гезитинин келечегин капарга илбегени кейитет. Себеби канткен менен ошолордун жылдызын жандырган «Асаба», «Агым» элди 10-15 жылдай сабаттуу кармап турган бирден бир гезит эле…

— Алым Токтомушев айткандай “орустун жазуучулары Гоголдун “Шинелинен” чыккандай, соңку тарыхта саясатчысы деле, бир нерсе чиймелей койгону деле ушул “Асабанын” “шинелинен” чыкпадыкпы”. Ар нерсенин өз учуру болот экен. Өттү-кетти да, эй! Эми Мелис байке жөнүндө сөз башка. Кичинемде атам каза болгондон кийин, бир жылдан кийин го дейм, бир күнү кечинде чай ичип олтуруп апамдын ыйлаганы эсимде. Атам врач болуп, үйдөн киши үзүлчү эмес эле да, тууган-урук, жоро-жолдош дегендей. Анан беш бала менен калган апам кыйналганынан: “Үйдүн куту кеткендей эле болуп калдык, баягы бапыраган эл кайда, жылан сыйпалагандай эле жок болушту” деп атама кайрылып ыйлап-ыйлап алды эле. Мелис байке каза болгондо, ошол сөздөрдү эстегем, “жылан сыйпагандай жок болушат эми” деп. Ошондой эле болду. Бирок бир жылдан кийин Темир Сариев, Тынчтыкбек Конушбаев, Турусбек Мамашев достору атайын эскерип, “Дасмияга” куран окутушканда ыраазы болгом. Султан Раев да дайыма эскерип, телефон чалып, ал-акыбал сурап калат. Ал эми “Асабаны” айтсам, өз инилерим менен гезитти ачтык эле да. Эки жыл чыгыптырбыз. Билесиң, гезиттин каражатка болгон талабын. Ири каражат болбогон соң, уланып кетүү кыйынга турду. Ал эмес, кайра карыз болуп чыга келдик. Өмүрү бирөөдөн акча сурап көрбөгөн жаным, догумду артып эч кимге деле кайрылганым жок. Айла кеткенде, сураганга деле туура келет экен. Майда-барат бергендер болду эми. Мындан Феликс Куловго, Канат Исаевге ыракмат, илгертпей түшүнүп, колунан келген жардамын беришти. Анан аксакалыбыз Кусейин Исаевге ыракмат, өзү мугалим, акчасы деле жок, айлыкка жашап жүрөт, ошол киши кадимкидей гезитке күйүп, 50 миң сом таап бергенине аябай ыраазы болгом. А кишиге көптөн бери жолуга албай, уят болуп жүрөбүз.

– Өзүң биртууган агаң Мелис байкени эч качан бетиңе кармап, жеке кызыкчылыгың үчүн гезитти калканыч кылбаганыңды билем. Элдик трибунага айланып калган гезиттин эми минтип жарык көрбөй калганы көп суроо жаратат. Бирок ошентсе да эмнеге «Асаба» гезитин сактап калууга өтүмдүү боло албадың? Канткен менен бул гезитти кимдер гана түптөбөдү эле? Ошол асыл адамдар кан менен тердин ортосунда түптөгөн гезитти сактап калуу сен үчүн мурас болуп калууга тийиш эле го? Бул гезиттин артында кандай гана кырчылдаган саясый күрөштөр уланып келбеди?! Бул гезитсиз кыргыз журналистикасы да өтө майдаланып кеткендигин мына бүгүнкү тумушубуз көрсөтүп атыры. Йе, досум, сен эми билек түрүнө аракет кылып, ушул гезитти калыбына келтирүү ниетиң барбы?!

— Мелис байкенин уюштура билгендиги, интеллектуалдык көрөңгүсү, өзү айткандай, авантюристтиги ошондой ары салмактуу, ары тентек гезитти жаратып койду да. “Мен-мен” деген “кочкорлорлордун” башын бир казанга кайнатып койду да. “Асабага” 92-жылы келдим. Мен барганда, Салижан Жигитов менен Калык Ибраимов, ии, Талант Конокбаев жаңыдан эле редакциялык кеңештен чыгышкан экен. Анда Мелис байке, Кубатбек Жусубалиев, Чоюн Өмүралиев, Азимжан Ибраимов, Каныбек Иманалиев, Бакыт Орунбеков, Атай Алтымышев, Майрамбек Токторов иштеп жаткан. Бакыт Орунбеков да жаңы эле жоопту катчы болуп келген кези экен. Облустардан өз кабарчылар Алишер Токсонбаев, Нарындан Таалай байке, көлдөн Базарбай байке, Жалад-Абаддан Султан Абдрахманов, Чүйдөн Үсөн Дайырбеков эле. Биз студентпиз, Жыргалбек Касаболотов экөөбүз барып кошулдук. Биз менен кошо Кимбайке – Төлөгөн Карыкеев катарга кошулду. Кийин Кубат Оторбаев практикага келип иштеп калды. Бир жыл өтпөй Алым Токтомушев, Шайлообек Дүйшеев келди. Андан кийинкилерди санап бүтө албайм го, Сүйүн Курманова, Мамат Сабыров, Жолдошбек Зарлыкбеков, Түгөлбай Казаков, Жаныш Кулманбетов, Баратбай Аракеев, Мукай Эстебесов, Чолпон Орозобекова, Аскер Сакыбаева, Жылдыз Мусабекова, Салтанат Кыдырмаева, Үсөн Касыбеков, Бекташ Шамшиев, Топчубек Тургуналиев, Жаныбек Жанызак, Абдувахаб Мониев, Замира Кожобаева, Бермет Букашева, Шайыр Эркин уулу, Фаризат Асанкалый кызы, Нурлан Мотуев, Тынчтык Кожобеков, Карамат Токтобаева, Зайырбек Ажыматов, Төлөгөн Сулайманов, Асел Сталбек кызы, Динара Бейшеналиева, Керим Айдаров, Алмаз Ташиев, Азамат Кыязов, Жамийла Таштанбекова… Бири кетип-бири келип дегендей болуп жатты. “Асаба” жабылганы “Агым” болуп актык, анда Жеңишбек Эдигеев, Асыран Айдаралиев, Кубанычбек Зайнидинов, Айзада Абазова, Манас Осмон, Аслан Сартбаев, Айнагүл Сапарбек кызы, Талант Конокбаев, Сурат Жылкычиев, ой, чын, Олжоке, санап бүтө албайм го. Канчалаган авторлор бар эле. “Асабанын” бир доору жүрүптүр да.

Азыр заман башка. Америкалык политолог Олвин Тоффлер жер жүзүндө маалымат айдыңында просьюмерлер (өндүр-өздөр) бийлик жүргүзүп калат дегени бар. Маалыматты өздөрү жаратып, кайра өздөрү сатып алып калат деп жатпайбы. Интернет ошол экен. Гезиттин артында чоң капчыгы бар, бирок эч кызыкчылыгы жок киши турмайынча, коомго таасири күч элдик гезит чыгаруу мүмкүн болбой калды. Ошондуктан “Баягы Асаба” азыр токтоп турат. Балким чыгып калары да бардыр. Азыр “Алакан” деген сайт (азырынча: alakan.hostenko.com) ачтык. Аяшың Назира бүгүнтөн баштап там-туң бастыра баштады. Эми мен да кошулуп, бир жакшы сайт кылсак деген тилегибиз бар.

– Ишиңерге ийгилик каалайм, дос. Ракмат кызыктуу маегиңе.

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.