Грек жомогу: Согушка барган кыз

Бар экен, жок экен, бир падыша жана анын үч кызы болуптур. Бир жолу ага башка өлкөнүн ханы согуш жарыялайт. Ал карып калган эле, андыктан согуша турган алы жок болучу. Ошентип ал эмне кыларын билбей ыйлап отурат. Аңгыча улуу кызы келип сурайт: — Эмне болду сага? -Ал сенин түйшүгүң эмес, билбей эле кой. — Жок атаке, айтпасаң кетпейм! — Байкушум, сенин колуңан эмне келмек эле! Мени согушка чакырып жатышат. — Аах, согуш башталса мени күйөөгө дагы бербей калат экенсиң да! — […]

Ги де МОПАССАН: Бриллиант мончок

НОВЕЛЛА Ал кыз кээде тагдырдын тамашасы менен баягы чиновниктердин үйүндө төрөлүп калган татынакай, көрктүү кыздардын бири эле. Анын даярдалган себи да, келечекке чоң үмүтү да жок болчу. Кызды мыкты, бай чөйрөдөн бирөө-жарым көрөрү менен сүйүп калып, аял кылып алуу мүмкүнчүлүгү да болбоду, ошондуктан ал элге билим берүү министрлигинде иштеген бир кичинекей чиновник колун сураганына эле макул болгон. Түркүн жасалгаларга, ар кандай кийим-кечекке анча деле каражаты болбогондуктан, ал жөнөкөй кийинчү, бирок өзүн эң эле бактысыз сезчү. Анткени, кээбир аялзатына үй-бүлөөлүк артыкчылыктан […]

Максим ГОРЬКИЙ: Аял кээде өз күйөөсүн сүйүп кала алат

Орустун залкар жазуучусу, ойчулу Максим Горький тууралуу уламыштар арбын. Алардын бири – жазуучу өз денесинин ооруксунганын такыр сезген эмес, бирок чыгармасындагы каарман аялды бычак менен сайган жерин сүрөттөп жатканда, денесинде өлчөөсүз чоң тырык пайда болот. Ал революцияны даңктап жазганы менен кийинчерээк В.И.Лениндин идеяларына, анын жеке өзүнө болгон жек көрүүсүн жашырбай мындай деген: «Ленин, Троцкий жана алардын тегерегиндегилер бийликтин көңсүгөн уусу менен эбак ууланып калышты…  Жумушчу табы аны ачкачылык, өндүрүштүн толук кыйрашы, узакка созулган кандуу анархия күтүп турганын билүүсү керек…”. * […]

Атантай АКБАРОВ: Венеция – чындыкка айланган жомок

“На башне, с песнею чугунной, Гиганты бьют полночный час. Марк утопил в лагуне лунной Узорный свой иконостас.” (А.Блок.) Сапар баян Калаанын аты венеттердин атынан алынган, алар бул жерде Рим империясынын тушунда жашаган. Бирок анда лагунада (деңизге туташкан, бирок арасы кум менен бөлүнгөн булуң же көл алабы) шаардык калк жок болчу. Адамдар Венеция алабына варвар – вестготтордун, лангобарддардын жана Аттиланын гундарынын (Күн элдеринин) чабуулдарынан кийин V-VI кылымдарда келип отурукташа баштаган жана VI кылымдын экинчи жарымында Венеция алабында шаардык калк пайда боло […]

Сулaймaн КAЙЫПOВ: Түрк тилиндеги фольклордук тексттерди кыргызчага которуунун маселелери

Көп тилдүү дүйнөдө жашоонун өзү тилдер аралык байланыштардын өнүгүшүн, анын ар кыл формада жана деңгээлде ишке ашырылышын шарттайт. Aзыркы учурдaгы цивилизaциялaр, өлкөлөр, улуттaр aрaсы мaмилeлeрдин күч aлышы, улуттук мaртaбaгa ээ бoлгoн тилдeрдин улaм өөрчүп-өнүгүп бaрaтышы, кaлктaрдын, өлкөлөрдүн бири-бири мeнeн бoлгoн көп кырдуу кaрым-кaтнaшынын турмуштук зaрылдыккa aйлaнышы мaaлымaттaрды тилдeн тилгe кoтoруу өнөрүнүн мaaнисин күндөн күнгө aрттыруудa. Кийинки убaктaрдa кoтoрмoнун түрлөрү, aнын чeбeрчилик мaсeлeлeри жaнa эл aрaлык мaмилeлeрдeги aткaргaн милдeти көбүрөөк сөз бoлуп, oлуттуу изилдөөлөрдүн бутaсынa aйлaнды. Кoтoрмo тeoриясы мeнeн прaктикaсындa ooзeки […]

Айсалкын СООРОНБАЕВА: Апама кат

Жаным апа! Жакшы, күүлү күчтүү жүрөсүзбү? Атам кандай жүрөт, ден соолугу жакшыбы? Бала-чака, небере-чөбөрө, тууган-урук тынчпы? Жаным апа, мени ойлоп сары-санаа тартып жүргөндүрсүз. Мен мынтип кырктын кырынан ашып, небере күтүп жатсам да сиз үчүн баягы эле кара-тору секлек кызмын. Ооба, сиз мени сагынып, саргая күтүп, отуруп-турган сайын жаман кызым алган жары менен эсен болуп, бала-чакасы аман болсо экен ,- деп кудайдан миң мертебе суранып, менин үй бүлөмдүн убайын тартып жүрөсүз. А менчи мен, ак сүтүңүздү берип чоңойткон, эч нерсеге теңдеши […]