“На башне, с песнею чугунной,
Гиганты бьют полночный час.
Марк утопил в лагуне лунной
Узорный свой иконостас.”
(А.Блок.)

Сапар баян

Калаанын аты венеттердин атынан алынган, алар бул жерде Рим империясынын тушунда жашаган. Бирок анда лагунада (деңизге туташкан, бирок арасы кум менен бөлүнгөн булуң же көл алабы) шаардык калк жок болчу. Адамдар Венеция алабына варвар – вестготтордун, лангобарддардын жана Аттиланын гундарынын (Күн элдеринин) чабуулдарынан кийин V-VI кылымдарда келип отурукташа баштаган жана VI кылымдын экинчи жарымында Венеция алабында шаардык калк пайда боло баштаган. Алгачкы калк жайгашуу борборлору Маламокко жана Торчелло болгон, бирок VIII кылымдарда калк азыркыдай абалда жайгашкан.

VII кылымда алар формалдуу түрдө Византияга баш ийген жана Византиянын демилгеси менен алар бир өкүмдарга – дождун бийлигине баш ийдирилген. Византиянын биринчи дожу Паоло Лучио Анафесто 697-жылы шайланган. VIII кылымдын ортосунда дожду Венецияда шайлашкан, бирок аны Византия императору бекитиши шарт болгон эмес. Шаардын бүтүндөй тарыхында 120 дож шайланган. Алардын акыркысы Лодовико Манин болуп, ал 1797-жылы бийликтен четтетилген.

828-жылы Александриядан уурдоо жолу менен алып барылган ыйык Марктын табыты Венецияга жайгаштырылып, ал ага арнып атайын курулган соборго коюлган. Ал собордун көркү чындыгында да ченемсиз кооз. IX кылымда Венгерлерден коргонуу үчүн сепилдер курулуп, аралдардын аралыгындагы суулар Венециянын көчөлөрүнө алып кирилген. Венеция алабында (лагуня) 118 майда аралдар жана Адриа деңизи бар. Венецияга 150 канал жана 400 көпүрө курулган. Венециянын материктик бөлүгүндө деңиз порту жана Марко Поло аэропорту бар. Шаардын архитектуралык жасалгалары XIV—XVI кылымдарда Венеция республикасынын гүлдөө мезгилине таандык. Алар Венеция алабы менен биргеликте ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарынын тизмесине киргизилген. Осмон империясынын күчөшү XVII—XVIII кылымдарда Венециянын төмөндөөсүнө алып келип, Наполеон согушунда ал Австриянын бийлигинин астында калган. 1866-жылы Италиянын курамына киргизилген.

Азыр ири туристтик жана илим-билим очогу. Нефтини кайра иштетүүчү жана башка заводдору бар. Венеция карнавалдары жана Венеция кинофестивалдары такай өткөрүлүп турат. Калкынын саны 300 000 адамдан гана ашкан менен туристтер өтө арбын. Венеция өзүнүн Гай Антонио, Календарио Филиппо, Каново Антонио, Кодуччи Мауро, Ломбардо Пьетро, Морлайтер Джованни Мария, Сансовино Якопо, Торретто Джузеппе өңдүү архитектор-скульпторлору, Джованни Беллини, Тициан Вечелло, Тинторетто, Веронозе Паоло Кальяри, Витторе Карпаччо сындуу сүрөтчүлөрү, Дзанетти Антонио Мария, Казони Гвидо, Каравия Александро, Каррер Луиджи, Кьяри Петро сыяктуу акын-жазуучулары менен сыймыктанат.

Дүйнөнүн көптөгөн калемгерлери, анын ичинде орустун М.Лермонтов, Б.Пастернак, А.Ахматова, М.Цветаева, Ф.Тютчев, И.Бродский, В.Брюсов, П.Давыдов өңдүү акындары Венецияга ыр арнашкан. Венеция Түндүк Италиядагы эң таң каларлык жана атактуу калаа. Анда кезинде 10 миң гондоло (узун, ичке кайык) болсо, азыр алар 500дөй эле калган. Бирок кеме, моторлуу кайыктар көп экендигине карабастан, анын кардарлары дагы эле арбын. Эмесе, Венециядан алган айрым таасирлерим тууралуу жаңы ырларым Сиздерге тартуу болсун кадырлуу кандаштарым:

КАЙЫК БОЛУП КАЙКЫГАН КАЙРАН ӨМҮР…
Гондолалар ойготпой түнкү сууну,
Асман тиктеп чалкалап сүзгөн сулуу.

Гондолалар оргуштап турган көңүл,
Кайык болуп кайкыган бир куш өмүр.

Гондолалар келаткан сууну жарып,
Тилектерди аткарган алтын балык.

Ээндикти эш туттук, эрктен кетип,
Гондолада биз эркин эркелештик.

Чачың сууга тийгенче чалкалаттым…
“Өпкүн!..”- дедиң, өптүм… сен кайталаттың…

Гондолалар оо укмуш кайык кандай!..
Күйгөн эрин сүйүүдөн айыккандай!..

ДЕҢИЗГЕ ЧӨМҮЛҮҮ
Туш тарабы оронгон майда кумга,
Венециянын Лидо жак аймагында
Туздуу, жылуу Адриа деңизинин
жээгинде чөмүлдүк ойда-а сууга.
Марокколук одеал сатып жүрөт,
Койгон Кудай тубаса күнгө кактап.
Карарта албай денесин түйшүк тартып
Ак жүздүүлөр жатышат кум кучактап.
Суу периси көздөрүн ымдап мага,
Көк деңизге азгырып алып барат.
Магниттей адамды тартат деңиз,
Деңиз көксөп, акылым тайып барат.
Тымызын бир күч мени оолуктуруп,
Чакырыкты алган соң периштеден.
Кумар оту жаркылдап чагылгандай,
Оюн кургум келди мен деңиз менен.
Толкун согор кезинде секирген мас!..
Кыйкырбасаң, күлгөнүң эсеп эмес.
Суу перисин өпкөн жан кантер экен?
Деңиз даамы эринден кетер эмес.
Бир көрүнүп, деңизге бир чөмүлүп,
Толкун жиреп кайыктай кайкып барам.
Суу периси ан сайын көзүн ымдап,
Ашыктыгым периге артып барам.
Кыңкыстады аңгыча дейди шамал,
Алп жыландар деңизде сойлоп кирди.
Жылан-толкун бир согуп башы менен,
Анакондо кейпинде ороп кирди.
Назы таркап кеткендей суу периси,
Эми жибек чачтарын сылатпады.
Өлүм-өмүр күтүүсүз серпишкенде,
Суудан Кудай сууруган сыяктанды.
Таалим берет өлүм да мугалимдей,
Калп бийиктер мындайда куланат жалп,
Алган даңкы пенденин топчу өңдөнөт,
Өлбөстүктүн символу – Кудайга даңк!!!..

ВЕНЕЦИЯ
Суу – күзгүң бет алдыңдан жылбайт мүнөт,
Венеция, теңдеши жок сенсиң чүрөк.
Көркүңө оозу ачылып калган бойдон,
Кайыктар оозун жаппай сүзүп жүрөт…
Ашыгын таңдантсам деп ушул жерде,
Ашыгып бир сыйкырчы таңда туруп,
Кол силкип, турмушуна кара жердин,
Койгонсуйт көк асманга калаа куруп.
Эч кимге көрсөтпөй бул сулуулукту
Ээлөөгө түн өзүнчө далбас урат.
Асманда айдын ага боору эзилип,
Күлмүңдөп, күлкүсүнө чакап турат.
Жаңылып… балкондордо өсөт гүлдөр,
Дарактар үй үстүндө өмүр сүрөт.
Кеткенби сулуулуктан жинди болуп,
Керимсел кетер жолун таппай жүрөт.
Толкундар шатырата кол чабышат,
Гитардын күүсүн тыңшап безеленген.
Компасын жоготконсуп жол таба албай,
Жол сурайт ак чардактар кемелерден.
Көгүчкөн, таранчылар уча качпай,
Жем жешет чочулабай алакандан.
Венеция – романтика… кыял… жомок…
Аягы чындык менен аякталган.
Венеция, сен сулуулук королусуң,
Адамдын көңүлүн бүт буруп алган.
Пастернак, Ахматова, Лермонтовдой
Жүрөгүн канча акындын сууруп алган!..
Өтө албай көпүрөдөн кайтат кайгың,
Бүркүттөй келет эркин канат жайгың.
Кудайдын үнүн мында даана угасың,
Эң жакын коңшусундай Жараткандын.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *