НОВЕЛЛА

Ал кыз кээде тагдырдын тамашасы менен баягы чиновниктердин үйүндө төрөлүп калган татынакай, көрктүү кыздардын бири эле. Анын даярдалган себи да, келечекке чоң үмүтү да жок болчу. Кызды мыкты, бай чөйрөдөн бирөө-жарым көрөрү менен сүйүп калып, аял кылып алуу мүмкүнчүлүгү да болбоду, ошондуктан ал элге билим берүү министрлигинде иштеген бир кичинекей чиновник колун сураганына эле макул болгон.

Түркүн жасалгаларга, ар кандай кийим-кечекке анча деле каражаты болбогондуктан, ал жөнөкөй кийинчү, бирок өзүн эң эле бактысыз сезчү. Анткени, кээбир аялзатына үй-бүлөөлүк артыкчылыктан да сулуулук, ийилип-чийилип турган чырай баарынан артык сезилет. Алардын өзүнө жараша адеби, акылдуулугу жана табити – алардын өзүнө окшогон элдин кыздары менен, белгилүү айымдар менен бир деңгээлде турууга мүмкүнчүлүк берет.

Ал тынбай азап чекчү, анткени, өзүн сонун бир өзгөчө жашоо үчүн төрөлгөндөй көрчү. Өз турмушунун жакырлыгынан, дубалдарынын жылаңачтыгынан, эски олтургучтардан, бираз тытылган пардалардан азап тартчу. Ошол эле чөйрөдөгү башка аял байкабай калышы мүмкүн болгон нерсеге анын кыжыры келип, кыйгыга түшүп калчу. Үйүндөгү кичинекей кызматкер аялдын көрүнүшү да көңүлүндө аянычты, орундалбай калган кыялдарды туудурчу.

Анын түшүнө жымжырттыкта турган, чыгыштын килемдеринен жасалган бийик, калай шыпта-чырактар жарык чачкан кабылдамалар, жибек байпак кийген, бойлору узун, жылыткычтардан чыккан эс алдырчу ысыктан улам жумшак креслодо уктап жаткан малайлар кирчү. Түшүнө кенен бөлмөлөр, сонун жасалган столдор, конок бөлмөлөрү кирчү. Түшүндө бөлмөлөрдө саат беште чай ичүүгө белгилүү, атактуу, ар бир көңүл бурган аялы демигип кетчү досторду тосуп алуу кечелери болор эле.

Жуулганына үч күн болгон дасторкон салынган тегерек столдун четине, күйөөсүнүн кашына олтурганда жана күйөөсү шорпо куюлган идиштин капкагын ачып сүйүнүп: «Аа, капуста шорпо! Мындан да жакшысы болобу өзү!..» дегенде эле ал укмуш тамактанууларды, жылтылдаган күмүш кашыктарды, дубалдарга илинген байыркынын баатырлары жана жомоктогу куштар тартылган сүрөттөрдү кыялданчу. Ал фарфор идишке салынган назик даамдар, кулактарга шыбырашкан, сырдуу жылмайтчу жумшак сөздөр, ошол кезде бычак менен балыктын же жаш кыргоолдун этин кесип атканы көз алдына тартылчу.

Анын өзгөчө кийимдери, баалуу шуру-мончоктору деле чынында жок болчу. А өзү ушуларды гана жакшы көрчү, өзүн ошолор үчүн гана жаралгандай сезчү. Ал баарына жаккысы келип, коомдо наздуу жана атактуу көрүнүп, башка аялдар аны көргөндө көздөрү күйсө деп кыялданчу. Ара-тородо өзү менен бирге окуган, бай курбусунун үйүнө барып турчу. Анын үйүнө келген сайын азапка түшүп, экинчи аныкына барбайм деп өзүнө сөз берчү. Күнү бою кайгыдан, аянычтан, айласыздыктан, кусалыктан ыйлап олтура берчү.

Бир күнү кечинде анын күйөөсү куунак маанайда үйгө келип, конверт сунду.

— Мына, карма, — деди, — бул сюрприз сен үчүн.

Ал конвертти шашыла жыртып кирди да, ичинен жазуусу бар баракчаны алды: «Элге билим берүү министри жана Жорж Рампонно айым, Луазель мырзаны жана анын жубайын дүйшөмбү күнү, 18-январда министрликте боло турган кечеге чакырат».

Күйөөсү күткөндөй болуп кубангандын ордуна, ал кыжыры келип, чыкыруу баракчасын столдун үстүнө ыргытып жиберди.

— Мен муну эмне кылам, кана… айтчы?

— Эмнеге? Жаным, сен муну окуп аябай ыраазы болосуң деп ойлогом. Сен эч жакка чыкпайсың. А бул зор мүмкүнчүлүк да. Бул чакырууну мен араңдан зорго алдым. Элдин баары азыр ошол жерге барсам деп атат, бирок майда чиновниктердин баарына эле чакыруу баракчасы тийген жок. Сен ал жакта бүт чоңдорду көрөсүң.

Күйөөсүнө ызалуу көздөрү менен карап, кыжырлуу сүйлөдү:

— А мен ал жакка эмне кийип барам? Менин бир дагы кийимим жок!

Күйөөсүнүн оюна мындай нерсе келбеген эле; ал балдырап сүйлөдү:

— Сенин театрга кийген көйнөгүң бар го. Менимче, аябай жакшы жарашат сага.

Ошол замат аялынын ыйлаганын көрдү да, өзүн жоготуп, маанайы түшүп, унчукпай калды. Чоң- чоң эки көз жаш аялынын жүзүнөн ууртун карай жүгүрдү.

Күйөөсү какап-чакап сүйлөдү:

— Са-са-га эмне… болду? Эм-мне?

Аялы өзүн карманып, кайгысын басаңдатып, көз жашын аарчып, токтоо үн менен:

— Эчнерсе. Менин жөн гана кийимим жок. Ошондуктан ал кечеге баралбайм. Бар дагы, чакырууну мага караганда аялынын жакшыраак кийими бар кесиптештериңдин бирине бер.

Күйөөсүнүн шаштысы кетип, көндүрө баштады:

— Укчу, Матильда. Аның канча турат? Ошол бир кийип чыгууга мүмкүн болгон кымбат көйнөк, а кийинкисинде башка жөнөкөйүн деле кийсе болот да. Канча турат?

Ал биразга унчукпай турду да, акылында чыгымдарды эсептеп, нары калса, кымбат айтып койсо күйөөсү чалкасынан кетип, такыр алып бербей койбой тургандай акчаны элестетти. Акыры бираз карманып, жооп берди:

— Так айта албайм, бирок менимче, төрт жүз франк  жетиштүү го…

Күйөөсү бираз бозоро түштү: ал ошончолук акчаны жайында Нантердин айланасына достору менен аңчылыкка баруу үчүн мылтык сатып алам деп топтогон эле.

Ошентсе да күйөөсү жооп берди:

— Макул, мен сага төрт жүз франк берем. Бирок көйнөк аябай көрктүү болсун.

Кече болчу күн жакындай берди. А Луазель айым өзүн коерго жер таппай, кайгыга батты, болбосо, көйнөк деле даяр болчу.

Бир күнү күйөөсү анын түрүн байкап:

— Уксаң, сага эмне болду? Акыркы күндөрү өзүнчө эле кызыктайсың го…

Аялы жооп берди:

— Мен капаланганым — эч нерсем жок, бир да буюмум, бир да баалуу ташым, көйнөккө көрк берчү эч нерсем жок. Мен ал жерде эң байкуш көрүнүп калам. Жакшысы, ал кечеге барбай эле коем.

Күйөөсү каршы чыкты:

— Сен чыныгы гүлдөрдү кыстарып аласың. Кышында ал деле өзгөчө көрүнүп калат. А он франкка эки-үч укмуштуудай роза гүлүнөн сатып алса болот.

Аялы да өзүнүкүн бербей көгөрдү.

— Жок, андайды каалабайм … ошончолук төмөн түшөмбү? Бай аялдардын арасында кембагалдай көрүнүп каламбы…

Ошол кезде күйөөсүнө ой келди:

— Ушундай акылы жоксуң да! Алиги курбуңдукуна бар, Форестье айымдыкына, андан сура, сага зер буюмдарынан берип турсун. Ушуну сурай алаттырсың, экөөң жакын элесиңер го акыры.

Аялы да сүйүнгөнүнөн кыйкырып жиберди:

— Туптуура! Кантип өзүмүн оюма келбеди экен.

Эртеси аялы Форестье айымдын үйүнө барды. Ал жерде өз абалын түшүндүрдү. Берки, күзгүсү бар шкафты ачып, ичинен чоң үкөктү алып чыкты да, ачып Луазель айымга айтты:

— Тандай бер, жанкурбум.

Ал биринчи тагынчаактарды, андан кийин Венецияда укмуштуудай жасалган кымбат баалуу таштар чегерилген алтын крестти көрдү. Ал зер буюмдарды күзгүнүн астында, биринин артынан бирин тагып көрүп, кайра бергиси келбей, алар менен коштошкусу жок эле. Ал улам сурай берди:

— Сенин да башка эч нерсең жокпу?

— Бар да. Издеп көр. Мен сага эмне жагарын билбейм да.

Бир убакта анын көзүнө кооздугу өзгөчө бир атлас капка салынган бриллиант мончок урунду. Ошону алууга акылга сыйбас каалоо пайда болду. Ал бриллиант шуруну титиреген колдору менен араңдан зорго алды да, жакасы бийик көйнөгүнө салыштырып көрүп, күзгүнүн алдында суктанганынан нес болуп катып калды. Бираз ошол абалда туруп, анан чечкинсиз, корккон үн менен сурады:

— Ушуну мага берип тура аласыңбы, ушуну эле?

— Албетте, бере алам да.

Луазель айым курбусунун моюнуна асылып, эки бетинен өөп, өзүнүн «баалуу мүлкү» менен жөнөп кетти.

Кече болчу күн да келди. Луазель айым өзгөчө көрүнүктүү болду. Көңүлү куунак, назданса да, ачылган гүлдөй буралып кыймылдаса да жарашып, өз кубанычына өзү мас ошол жерде эң сулуу болуп турду. Эркектердин баары аны гана карап, ким экенин сурап, ал менен таанышууну сыймык көрүштү. Өзгөчө, кызматтагы чиновниктер аны менен гана вальска түшкөндү каалашты. Ага министрдин өзү көз салып калды. Ал өзгөчө берилүү менен, жүрөгүндө өрт менен, кубанганынан башын жоготуп, эч нерсени ойлобой, өз сулуулугунун туу чокусуна өзү чыгып, бакыттын булутуна курчалгандай, аялзаты үчүн эң таттуу, эч кынтыксыз жеңишин майрамдады.

Алар таңкы саат төрттөрдө гана кечеден кетишти. Күйөөсү болсо түн жарымда эле бир чакан бөлмөдө, аялдары көңүл ачкан башка чиновниктердин катарында уктап жаткан.

Кийин ал аялынын желкесине жөнөкөй бир кемзелди жаап, сыртка чыкмак болушту. Ал кемзелдин жупунулугу кеченин көйнөгүнүн укмуштуулугуна такыр дал келбей турду. Аны аялы да сезди. Желкелерине кымбат кийимдерди жаап чыгып бараткан башка аялдар аны байкап калбасын үчүн качып кеткиси келди.

Луазель аны кармап калды:

— Кое турсаң эми. Көчөдө суук өтүп калат сага. Мен унаа таап келейин.

Аны да укпай, тепкичтен ылдый чуркап жөнөдү. Көчөдө, жакын жерде бир да унаа көрүнбөдү. Алар алыста өтүп бараткан унааларды чакырып, дагы издеп жөнөштү. Баарынан үмүт үзгөн соң, сөөгүнө чейин сыздап, суукка кабылган экөө дарыя жээги менен басышты. Акыры, ошол жээкте эски бир унааны токтотушту. Мындай унаалар өзүнүн жупунулугунан күндүзү уялгандан бетер Парижде түн жарымда гана пайда болушат.

Унаа аларды Мартир көчөсүнө, үйүнө жеткирди. Алар өз батирине чыгышты. Аялы үчүн баары бүткөн эле. А күйөөсү саат ондо министрликке баруу керектигин ойлонуп жатты. Аялы үстүндөгү жупуну желбегейди чечип, өзүнүн жаркылдаган көрүнүшүн дагы бир жолу караш үчүн күзгүнүн алдына келди. Ал кыйкырып жиберди. Моюнундагы бриллиант мончок жок экен.

Жаңы эле чечине баштаган күйөөсү сурады:

— Сага эмне болду?

— Мага… менин … мендеги, Форестье айымдын мончогу жок.

Күйөөсү ордунан ыргып турду:

— Кандайча!.. Эмнеге? Болушу мүмкүн эмес!

Алар көйнөктүн түрмөктөрүн, өздөрүнүн чөнтөктөрүн, бар-жогун издеп көрүштү. Эч нерсе табылбады. Күйөөсү сурады:

— Биз кечеден чыгып баратканда бар беле, эсиңдеби?

— Ооба, мен министрликтин кире беришинде кармаганым эсимде.

— Бирок сен аны көчөдөн түшүргөн болсоң, биз укмакпыз да жерге түшкөнүн. Демек, ал баягы унаада калды.

—Ооба, ошондой болушу мүмкүн. Сен номурун эстеп калдыңбы?

— Жок. Сен да карабадыңбы?

— Жок.

Жоготуунун кыяматына түшкөн экөө бири-бирине узак тиктеп туруп калышты. Андан соң Луазель кийимин кайра кийип:

— Барайын, — деди, — биз жөө баскан жолду кайра башынан бүт басып чыгайын, балким жолдон табылып калар.

Ал чыгып кетти. Аялы отту да тамызбай, кечеде кийген көйнөгүн кийген бойдон, өлүктөй болуп ордунда катып калды.

Күйөөсү сааркы саат жетиде кайра келди. Ал эч нерсе тапкан жок. Андан соң ал полицияга кайрылды, гезиттердин редакцияларына барып жоготуу тууралуу жарыя берди, унаалар турган жайларга барды. Иши кылып үмүт берген ар бир жерге урунуп көрдү.

Аялы күнү бою баштарына түшкөн бактысыздыктан өзүнө келе албай күтүп олтурду.

Луазель боппоз болуп, бүкчүйүп үйүнө кайтып келди; ал эч нерсе биле алган жок.

— Курбуңа кат жаз, — деди ал, — мончоктун илгичин сындырып алдым, оңдотконго берип койдум де. Ушундай кылсак, бир айласын тапкыча убакыттан утуп турабыз.

Аялы күйөөсүнүн айтканындай кылып кат жазды. Апта аяктады. Аларда толугу менен үмүтү үзүлгөн болчу, ошондо беш жылга картая түшкөн Луазель айтты:

— Жоготуунун ордун толуктап берүүбүз керек.

Эртеси өздөрү менен кошо мончоктун кутусун алып, кутунун капкагында фамилиясы жазылган зергерди издеп жөнөштү. Ал зергер өзүнүн китептерин чукулап, акыры:

— Бул мончок,урматтуу айым, менден сатып ылынган эмес экен; мен кутусун гана саткан экенмин.

Ошондо алар бир зергердин дүкөнүнөн экинчисине барышып, баягы мончок кандай болгонун эстегенге аракеттенип, бири-бири менен кеңешти. Дал ошондой бриллиант шуру издеп, кыжаалатчылыктан жана азаптан араң гана басып жүрүштү.

Пале-Рояльдын бир дүкөнүндө алар өздөрү издеген мончоктун өзүндөй мончокту табышты. Анын баасы кырк миң франк болчу. Аларга отуз алты миң франкка түшүрүп, арзандатып беришти.

Алар дүкөнчүдөн, мончокту үч күн аралыгында эч кимге сатпоону өтүнүп, февраль ичи беркисин табышса, мунусун отуз төрт миңге кайра кайтарып берүүгө келишишти.

Күйөөсүндө атасы таштап кеткен он сегиз миң франк бар болчу. Калганын карызга алмай болду. Биринен миң франк, башкасынан беш жүз франк сурап, карызга акча ала баштады. Акчаны кайра кайтарып берүү жөнүндө кепилдик кагаздарын жазып берди, өзүнө далай милдетти аткарууга алды, карызга үстөк пайызы менен акча берчү адамдар менен таанышты. Өмүрүнүн аягына чейин чыга албагандай вексельдерге кол коюп, оюнда ошончо карыздан качан кутуларын өзү да билбей, алдыдагы оор турмуштун, караңгы жокчулуктун, руханий азап чегүүнүн сур булуту баскан зер буюмдар дүкөнүнө барды да, сатуучуга отуз алты миң франкты салып берди.

Луазель айым Форестье айымга мончогун алып барып бергенде, анысы нааразы түр көрсөтүп, сүйлөндү:

— Муну эмнеге мынча узак кармап турдуң, арада мага керек болуп калса эмне кылмак элем?

Форестье айым кутуну ачып да көргөн жок. Курбусу ачып көрүп, алмаштырып койгонун байкап калса эмне деп ойлоорунан коркуп турган эле. Ким билет, балким ууру деп айтып чыкмак? …

Луазель айым кедейликтин аянычтуу жашоосун таанып билди. Кантсе да өзүнүн башына түшкөн оор тагдырды эрдик менен кабыл алды. Карыздын баарын төлөш керек. Жана ал аны төлөй турган болду. Кызматкер айымды бошотушту, батирин чатырдын алдындагы мансард үйгө алмаштырышты.

Ал оор үй тиричилигин, эң жаман көргөн ашкана мээнетинин кандай болорун жонтериси менен сезди. Ал назик тырмактарын сындырып, майы каткан казан-аяктарды жууду. Шейшептерди, чачыктарды, көйнөктөрдү жууп жипке жайды; күн сайын саар менен таштанды төгүп, токтоп-токтоп эс алып, суу ташыды. Карапайым элден чыккан аялдардай кийинип, дүкөндөрдү кыдырып, касапканага, набайканага, мөмө жемиш саткан жерлерге кирип, соодалашып, сатуучулар менен тартышып, өзүнүн карыптык менен тапкан ар бир сары чакасы үчүн урушуп жүрдү.

Ай сайын бир кредитти төлөп, башкасын ачып, беркисин жаап, биринен мөөнөттү узартып туруусун сурануу керек эле. Күйөөсү бир соодагердин эсеп-кысабын бүтүрүү үчүн ар бир барагын беш тыйындан көчүрүп жазып, кечке маал дагы иштеп жүрдү.

Ушундай жашоо он жылга созулду. Он жылдан соң алар болгон карызын төлөп бүтүштү. Эч бир тыйын калтырбай кайтарышты. Керек болсо өсүп жаткан пайызынан да, үстөк пулунан да кутулушту. Луазедь айым кыйла картайып кетти. Анын далылары кеңейип, өзү орой, катаал мүнөз, жакыр үй-бүлөөлөрдүн кожойкелериндей болуп калды. Чачтары жыйылбаган, кийимдери кыйшайган боюнча, бийик үн менен сүйлөп, кызарган колдору менен пол жууп жүрдү. Бирок кээде күйөөсү кызматтан кеткен кезде, терезеге олтуруп алып, эң сүйкүмдүү, эң сулуу баягы кечени эстечү.

Ошондо бриллиант мончокту жоготпогондо эмне болмок эле? Ким билет? Ким билет? Оо өмүр, кандай оомасың, кандай кубулмасың! Адамды сактап калуу үчүн да, жок кылып алуу үчүн да аз эле нерсе керек турбайбы…

Бир күнү жекшембиде, бир жума тынбай иштеген мээнеттен эс алуу үчүн Элисей Талааларын аралап келатып, бала жетелеп бараткан бир аялды корүп калды. Ал аял Форестье айым болчу, баягыдай эле жаш, баягыдай эле чырайлуу, ошондогудай эле сулуу.

Луазель айым кыжаалат боло түштү. «Барып сүйлөшсөм бекен?». Албетте, азыр эми карызынын баарынан кутулган соң, ага айтса да боло берет. Эмнеге болбосун.

Ал курбусунун жанына келди:

— Кандайсың, Жанна?

— Кечиресиз … айым … мен сизди тааныбайм … Сиз адаштыңыз окшойт.

— Жок. Бул мен, Матильда Луазель.

Курбусу таң кала түштү:

— Ай, менин байкуш Матильдам, мынча эмне өзгөрүп кеткенсиң!

— Ооба, сен экөөбүз акыркы көрүшкөндөн бери башыман оор күндөр өттү. Жокчулуктун азабын көп тарттым… анын баары сенин айыңан болду!

— Менин айыман? Кандайча?

— Эсиңдеби, мен сенден министрликке, кечеге тагынып барам деп алган бриллиант мончок?

— Эсимде. Анан?

— Мына, ошонуңду жоготуп койгон элем.

— Кантип! Сен мага аны кайтарып бердиң го.

— Мен сага ошонун өзүндөй болгон башкасын кайтарып бергенмин. Андан бери он жыл болду, биз ошонун карызын төлөп келдик. Эгер түшүнсөң, биз кандай оор күндөрдү баштан кечирдик. Биздин эч нерсебиз жок болчу. Эми карыздар бүттү. Чынын айтсам, аябай кубанып турам.

Форестье айым кагылган казыктай катып калды.

— Сен ошондо, меникинин ордуна жаңы башка мончок алып бердим деп атасыңбы?

— Ооба. А сен байкабадыңбы таптакыр? Алар аябай окшош болчу, — деди да, жөнөкөй жана салтанаттуу жылмайды. Форестье айым толкунданып, анын колун кармады.

— Ай, менин байкуш Матильдам! Менин брилиант мончогум жасалма болчу да! Алар, эң кымбат болсо беш жүз франк турмак.

(аягы)

Которгон Данияр ӨСКӨНБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.