Бар экен, жок экен, бир падыша жана анын үч кызы болуптур. Бир жолу ага башка өлкөнүн ханы согуш жарыялайт. Ал карып калган эле, андыктан согуша турган алы жок болучу. Ошентип ал эмне кыларын билбей ыйлап отурат. Аңгыча улуу кызы келип сурайт:

— Эмне болду сага?

-Ал сенин түйшүгүң эмес, билбей эле кой.

— Жок атаке, айтпасаң кетпейм!

— Байкушум, сенин колуңан эмне келмек эле! Мени согушка чакырып жатышат.

— Аах, согуш башталса мени күйөөгө дагы бербей калат экенсиң да! — деп өзү үчүн кейип кетип калат.

Падышага ортончу кызы келип сурайт:

— Сага эмне болду атаке, эмнеге ыйлап отурасың?

— Сен кызсың, бул эркектердин ишин билбей эле кой.

— Жок, айт! Эмне болду?

— Айтпайм! Сен дагы эжеңдей эле жооп бересиң.

— Жок, ата, эжемдей болуп жооп бербейм.

— Анда угуп тур алтыным, карыган атаңды согушка чакырып жатышат.

— Кандай гана жаман болду, сен согушка кетип калсаң, мени ким күйөгө берет эми?!

Акырында падышага кенже кызы келип сурайт:

— Сага эмне болду, атаке? Эмнеге ыйлайсың?

— Билбей эле койгун жарыгым, ал кыздардын иши эмес.

— Айткын ата, айта гой, менин кымбатым.

— Уккуң келсе мейли айтайын, бирок эжелериңдей жооп бербе.

— Жооп бербейм.

— Карыган кезинде атаңды согушка чакырып жатышат.

— Ушуга да ыйлайсыңбы, атаке! Андан көрө сен мага жакшы ат, жоо-жарак, эркектин кийимин бер, сенин ордуңа өзүм согушуп келемин.

— Согуш деген кыздардын иши эмес, жарыгым.

— Тынчсызданба атаке, согушуңа барам дагы, жеңиш менен келем!

— Мейли, сен айткандай болсун!

Падыша кызына жакшы ат, жоо-жарак, соот-чопкут кийгизип, эркек кийимин берип, аскерлерин ээрчиттирип согушка жөнөтөт. Ошентип ханбийке душмандар менен көпкө, айыгыша согушуп, акыры жеңип чыгат. Ал согушта ханбийке менен бир тилектештикте кошуна өлкөнүн ханзадасы да чогуу согушкан болот. Кайра кайткан жолдо ошол өлкө аркылуу өтүп келатышса, ханзада жолдошунун кыз экенин байкап калат да, энесине мындай дейт:

— Апаке, бул эркек эмес эле кыз окшойт.

— Болбогон сөздү айтпа! Кыз кантип согуша алсын.

— Айтып атам го. Бул кыз экен!

— Анда эмесе сынап көрөлү. Караңгы киргенде  сен ага талаага түнөп чыгууну сунушта. Ал эми жата турган жериңер жашыл чөптүү болсун. Эртең менен турганда ал жаткан жердин чөбү уйпаланып калса – анда ал кыз, уйпаланбаса – эркек.

Ханзада баарын энеси айткандай жасады. Кыз ханзада уктап кеткенден кийин башка жерге барып жатты да, таң ата жигит ойгоно электе ордуна келип жатып калды. Эртең менен ханзада кыз жаткан чөптөр уйпаланбаганын көрүп энесине айтып келсе, энеси:

— Мына, мен айтпадым беле, эркек эле деп…

— Жок, апаке, мунун кыз экенине көзүм жетип турат. Үйүнө кеткенде артынан барып баары бир ким экенин билип келем.

Айтканындай эле кыз кетери менен ханзада жөнөкөй кийимдерди кийип, жанына ийик, жип, шуру-мончокторду алып, артынан жөнөдү. Падыша ордосуна келип көрүнөө туруп алып:

— Кимге шуру-мончок, кимге ийик, жип! — деп соода кылып кирди.

Муну уккан үй кызматчылары ханбийкеге жүгүрүп келишти.

— Ханышам, чоочун жерлик киши шуру сатып жатат!

— Сата берсин!

— Биз соода кылсак болобу?

— Кыла бергиле.

Сүйүнүп кеткен кызматкерлер бир топ шуру алып, акчасын төлөйлү дешсе тигил албайт:

— Мага алтын тыйындардын кереги жок. Андан көрө бир чака таруу бергиле.

Ого бетер сүйүнгөн кызматкерлер сураганын алып келип беришти.

Кууланган ханзада тарууну бир колдоп капка салып, экинчи колу менен жерге чача берди. Анан отуруп алып жерден тарууларын бирден чогулта баштады.

Кызматкерлер кайра чыгып келип:

— Сага дагы бир чака таруу  берели, чогултпай эле кой,- дешти.

— Жок мага ушул тарууларды бергенсиңер, башкасын албайм, — деп таруу терип отуруп кеч киргизип, кызматкерлерден жатар түнөк сурады:

— Эптеп түнөп чыкканга бир кепе таап бергиле.

Хансарайдын жанында кайдан кепе болсун. Ага хансарайдын жертөлөсүнөн орун беришти. Ага ушул эле керек болучу, түн кирип, эл жатканда акырын уурдана басып хан бийкенин каалгасына келип, жыртыктан шыкаалайын дегиче болбой ал ачылып кетип, ханбийке менен тиктеше түштү.

— Мен сенин келериңди билип күтүп отурам,- деди ал жылмайып.

Алар эми кыз-жигит катары сүйлөшө башташты.

— Сен эмне баягыда кыз экениңди жашырдың эле?

— Анда мен согушта жүргөм, ал эми согуш деген эрк-кайратты талап кылат, кыз экен деп душмандар да коркпой коюшмак.

— Эмичи?

— Эми болсо мен кызмын. Эрге тиейин десем, эжелерим бут тосот. Аларга согушка барсам чоңмун,  турмушка чыгайын десем, өзгөчө сендей ханзадага турмушка чыгайын десем кичинемин. Аларды болсо эч бир ханзада албай коюп карышты, жөнөкөй жигитерди болсо теңсинишпейт.

— Анда эмне кылабыз?

— Бир амал бар. Барып колуңду чогултуп, бизге согуш жарыяла. Атам кары, эжелерим биз эркек эмеспиз деп четке чыга беришет. Анан мен сага өзүм барам.

Ошондой кылмай болуп ханзада элине барып, аскерлерин ары-бери чогулта салып жетип келди. Падыша баягыдай эле ыйлап отурду. Анын эки кызы биз кызбыз, согуш менен ишибиз жок дешип, бөлмөлөрүнө жашынышты. Ханбийке атасына барып жоону тосуп чыгууга бата сурады. Падыша керекке жарачу кызына жараган атын, жоо-жарагын, эркек кийимин, аларга кошуп батасын  берди.

Бирок ханбийке атты минбеди, жоо-жарагын илбеди, эркек кийимин кийбеди. Тетирисинче, бул жолу ал чыныгы ханбийкече жасанып, хансарайдан чыга келгенде анын сулуулугунан душмандын көзү уялып, акылы айнып, куралы колунан ыргып, аттарынан кулап түшүп багынып беришти. Ханзада өзү аны утурлай басып алдынан чыгып, шап кучактай калып, атына өңөрүп, өз элин карай алып жүрүп кетти…

Эртеси күнү кары падышанын өлкөсүнө кудалар келип, той башталып, кечээ эле согушуп, ый-муңга, түтүн менен чаңга чулганаар эки өлкөнүн аймагы той менен майрамга айланып кетти деп жаңылыктардан айтып жатышат…

Орусчадан оодарган Кубаныч АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *