Ренди Гейджөркүндөө, өнүгүү илимин 15 жыл бою изилдеп чыккан соң «Почему вы глупы, больны и бедны… И как стать умным, здоровым и богатым!» (2006 г.) аттуу китеби менен дүйнөгө дүң салган авторлордун бири. Бул автор ийгиликтин сыры жана ачкычы эмнеде экенин изилдеп, ар бир адамдын өз мүмкүнчүлүгүндө катылып жаткан түпкүрдөгү жөндөмүн ойготууга түрткү береринен шегибиз жок…

Учурда чакан же ири бизнесте болобу, айтору, өз ийгилигин жарата албай келаткандарды чекеден табууга болот. А карызга батканы канча?.. Андыктан ийгилик жаратуунун мүшкүлүн тарткан караламан көпчүлүк үчүн иштин практикалык сырын үйрөтөр бул китепти «РухЭш» сайтынын кызматкери Бактыгүл Иманбек кызы атайы эмгек кылып которууда. Анын ар бир окурманга жеткиликтүү жана жалпак тилде которгон эмгегин жалпы окурмандарга сунуш кылмакчыбыз…

Жыйынтык чыгаруу өзүңүздөн, азис окурман!

Башсөз

Мен үч балам менен Дисней Уолдго бараткан элем. Биз оңтойлуу баардык шарттары бар, жабык арабадан оорун алдык. Колубузда эки портативдик компьютер (ичинде толо оюну бар). Ошондой эле тасма жүктөлгөн DVD дисктер, Гейм Бой CD дисктери да бар (Game Boy — портативдик электрондук оюн). Ушунун баары алдында турса да, балам Бью эмне менен алектенерин билбей, эригип атканын кобурап калды.

Ушундан улам ойлойм: төмөнкү мен санап, сүрөттөп өткөн нерселер – Өнүгүп, өркүндөө эмес. Ооба, жакшынын жакшысына умтулуу жана учурдагы абалга алымсымбоо бул – Өнүгүп, өсүү жолунун дал карама-каршысы дегим келет. Бул көңүлдүн, акыл эстин жардылыгы.

Кошумчалай кетсем: керек болсо денсоолугуң, байлыгың, бактың дагы – өркүндөө болуп эсептелбейт. Бул түшүнүк ар бир жагдайга жана ар дайым өзгөрүп турчу кырдаалга байланыштуу. Ал эми ар кыл жагдайлар биздин көзөмөлүбүзгө баш ийбейт. Андыктан, өркүндөө да кырдаалга баш ийбейт.

Агер менден кимдир-бирөө Өркүндөө деген эмне деп сураса, мен баарыңардын башыңарды оорутпастан, маминтип эле айтмакмын: “Өркүндөө бул – адамдын жандүйнө абалы”. Ооба. Бул ички дүйнөнүн кубанычы. Агерде мен көтөргөн Армани брендинин жон баштыгы кир болуп, же ооруп калсам, же кымбат адамым көз жумса, менин бактым кагаздан жасалган үй сымал сапырылат эмеспи. Анысы кандай өнүгүү? Бул ошо жандүйнөнүн тээ тереңиндеги абалы. Бирок ошондой кырдаалдан кийин да ички дүйнөмдүн талабы болгон жашоо жыргалы жана ар бир жаңы күнгө кубануу, канааттануу сезими менде жашаарын эч ким тана албас .

Бул сөз менен түшүндүрө алгыс адамдын ички сезимин мен Өркүндөө деп атамакчымын. Өркүндөө — бул сенин учурдагы жетишкендиктериңе жана колуңда турган нерсеге канааттануу, ыраазы болгон көңүл аздеги. Ушул гана жетиштүү. Баарынан да эң кызык тамашасы – бул так эле ошол жандүйнөнүн канааттануусу, денсоолугуңдун чың болуусуна, байлыкка жана бактылуулукка жетүүнүн бирден бир Өркүндөөнүн теңшерик жандоочусу.

Жашоосунда баардык жагдайды кечирген, жакырчылык, чиренген байлык, ардак-сый, куугунтук да көргөн апостол Павелди эстегенде – мага ал адамдын жашоосундагы баардык шартта жана жагдайларда өзүн канааттандырып жашаганы таңгалтырат. Ушунун баары кантип колунан келди экен? Ал канааттануунун булагын кайдан алды а?! Ал эч кандай күмөнсүз, өзүнүн ким экенин, эмне максат менен жашарын дадил баамдаган адам эле.

Филиппийцтерге жөнөткөн катында ал мындай деген:

“Мен колдо бар нерсеме ыраазы болгонду үйрөндүм. Жокчулук, барчылыкта да жашай алам. Баардык нерсеге үйрөндүм. Ачарчылыкка чыдап, барчылык, жокчулукка да канааттанып көндүм.  Мага каалаганымды берип ТУРУУЧУ аркылуу баары жокту  жасай алам жана анын жардамына таянам”.

Павел минтип да айткан: «Өзүңөрдү өзүңөр күмөнсүткөн ойго багытталбай, бул жашоодогу оордуңарга, колуңардан келчү шыгыңарга, өнөрүңөргө багыттагыла. Түбөлүктүү ырахатта жашоо үчүн жандүйнөгө жагымсыз нерседен алыс болгула.

Өркүндөөнүн жана чыныгы жандүйнөнүн канааттануусун кантип табуунун жолдору төмөнкүлөр:

Жашоодогу келечегиңер

Умтулуунун түпкү максаты

Куч-кубаттын кубат алуучу булагы

Ренди Гейдж адамдын баардык иш тармактарын изилдеп чыккан окумуштуу. Ал биздин аң-сезимибиз, ойлогон оюбуз менен аракетибиздин байланышын жана өркүндөө, өнүгүү илимин 15 жыл бою изилдеп чыккан. Бул китепте ал өзү ачкан ачылыштарды окурмандары менен чын жүрөктөн тең бөлүшөт.

Сиздер анын чыгарган тыянагына кошулсаңыздар да, кошулбасаңыздар да болот, бирок ишенип коюңуздар, бул сиздердин назарыңызга арзый турган китеп.

Ким билет, балким бул жашооңузду өзгөртүү үчүн дагы бир жолу берилип жаткан тагдырдын мүмкүнчүлүгүдүр. Назарыңыздарга албай койбоңуздар!

Лиза ЖИМЕНЕЗ

Бийиктик жана байлыкты багындыруучу жолдун жети руханий мыйзамы

1-бөлүк: Аң-сезим. Өркүндөө

Конкорддо тээ Антлантиканын кайсы бир үстүндө…

Мен бул бөлүктү жер бетинен 58 миң саржан бийиктикте, мачтын ылдамдыгындай ылдамдыкта учуп баратып жазып отурам….

Учурда мен Британиянын авияцалык аэрофлотунун бирден бир эң чоң учагындамын. Лондондо Өнүгүп-өркүндөө жөнүндө болуп өткөн семинарымдан соң, Америка кошмо штаттарын карай жөнөдүм.

Кызык… Мен жеке өзүмдүн учагымда (саатына 150 чакырым ылдамдыктагы) баратканымда, өрттөн коргоочу кемселимди, баш коргоочу шлемди жана беш бөлүктөн турган коргоочу кийимдеримди кийем. Ал эми бул учактын ичине айланама көз жүгүртүп байкасам, сапарлаш жолоочуларым ушул тапта дон Периньонду икра менен жай баракат жеп отурушат. Алардын биринде да  кырсыктан коргонуучу шлем, өрттөн сактоочу кийимдер жок. Жадагалса тамактануудан кийинки тыныгууда да шашпай дааратканага барып келишүүдө. Бул көрүнүш өркүндөө мыйзамында адамдын өнүгүүсүнүн эң соонун далили болуп  бере алат!

Мен бул эс алуу күндөрүмдө Өркүндөө жөнүндө кененирээк баарлашуу мүмкүнчүлүгүн алдым. Аэропортко өзүм болжолдогондой эки саатка эрте келдим. Анткени мен алдын ала интернационалдык учуу оңойго турбасын сезгем. Колумдагы билет кон-корд жүргүнчүсүнүкү болгондуктан; жанымда жеке кароолчуларым болду. Учак салонунда да мага тейлөөчүлөр  кичи пейилдик менен шампан ичимдигин, закүскөлөрүнө кошуп, таңкы тамактанууну ат тезегин кургатпай сунуштап турар болсо. Конгонумдан кийин көзөмөлдөн өтүү үчүн 500 кишинин катарына туруп, мага да атайын беш мүнөттө өтүп чыгуучу көзөмөл дайындалып берилди.

Учуп бараткан учак сыртынан байкап отурган адамга өтө эле коркунучтуу, сүрдүү, алп куш сыяктуу көрүнгөн болсо, конуп турганда деле ошондой сезимдерди калтырат. Учакта чоң эле адамдарың жанынан өтүп бараткан адамга сүрөткө тартып коюусун өтүнүшүп, бала сындуу болуп кетишет. Учактын Лондондон учуп келүүсү 3 саат 14 мүнөттү түзгөн болсо, кайра кайтуусу шамалга каршы учкандыгына байланыштуу 3 саат 22 мүнөттү түзөт.

Өркүндөө, өнүгүүгө арналган апталык эс алуу күндөрүмдүн экинчи аялдамасы – бул Жон Лобб эле. Ал Лондондун борборундагы өтүкчү. Лоббдордун үй бүлөсү тээ ата-бабасынан бери саркеч, баалуу өтүктөрдү өндүрүү менен алектенишет. Алар  Уэльск ханзаадасынан баштап Эндрью Карнегиге окшогон баардык белгилүү инсандар үчүн саркеч, кымбат баалуу бут кийимдерди жасашат.

Кызык…. мен буга чейин бут кийимди өзүмдүн өркүндөп өсүүмдүн абалын өлчөөчү мартаба деп эсептеген эмес элем.

Мен болгону эки жуп бут кийим менен чоңойдум, бири машыгууга кийүүчү бут кийим, экинчиси бейчеки кийүүчү бут кийим эле. Эсимде, бир пар бут кийим үчүн 200 доллар сарптаган адамдар барын угуп, оозум ачылып таңгалгамын. Ал убакта муну акылга сыйбаган аңкоолук эсептегемин. Кийинчирээк мен акырындап акча таап баштаганда 200 долларлык өтүктү кой, андан да кымбат Белли бут кийимдери жөнүндө уктум. Ал өтүктөр өтө жумшак булгаарыдан жасалып, таманыңа лып эле ылайыкташып, жабышат да калат. Мен биринчи жолу бир жуп өтүктү 300 долларга алгандагым тимеле байлыктын, молчулуктун туу чокусуна көтөрүлгөндөй, бир башкача болгон эле.

Ошол сезимдерден кийин өзүм үчүн Прадо, Тестони жана башка кымбат баалуу өтүктөрүн кийүү кубанычына ачылыш жасадым. Ал өтүктөр Белли өтүктөрүнөн үч эсе кымбат эле.

Акыры келип, сырткы кооздолушу, ыңгайлылуугу менен мага жаккан Тестони өтүктөрүнө токтолдум. Азыр бут кийимге жаш кезимдеги кыялымдан аша чаап, оюма келбеген баадагы бир жуп өтүккө эле 1000 доллар сарптайм.

Бирок сиздер жалаң гана кымбат баалуу кийимдерди ала баштагандан тарта күтүлбөгөн жерден өзүңүз үчүн эң кызыктуу ачылыш жасайсыздар… Сиз чоң айырмачылыкты байкайсыз. Дегеле өмүрүндө тааныбаган адамдар сиздин өтүккө суктанып карайт. Сиз ал өтүктү бир күн бою кийип жүрсөңүз да өзүңүздү эң сонун абалда сезесиз. Сапаттуу бир жуп өтүк сизге өмүр бою кызмат көрсөтөт.

Андан соң сиз Лондондогу Лоббуга жөнөйсүз…..

Бул жерден сиздер өзүңүздөргө жаккан жасалганы, өңдү, булгаарыны, таканы тандайсыздар.  Сиздин таманыңыз төр тарабынан ченелип, баардык шарттары эске алынат.

Андан соң ал иш модольерге өтүп, анын колунан сиздин буттарыңыздын экинчи көчүрмөсү келип чыгат.  Кийинки иш сиздин өтүгүңүздүн булгаарысын тандап берүүчү кликерге өтүп, ал ишин бүткөн соң булгаары менен таманды жабыштыруучу бастыргычтын колуна тапшырылат. Ал иштер бүткөндөн кийин, кезек тамандын эң алдыңкы бөлүгүн жасоочу ишмердин колунан үстүнкү бөлүгү менен алдыңкы бөлүгүнүн жасалгасы, бастырылгычтары бекитилип чыгат. Лоббдун айтуусу боюнча; анын кол алдындагы усталары көз болжол менен эле өлчөмдү кынап, дыккаттык менен так билип айтып бере алышат экен.  Эң соңку жасалгалоо, баардык иш бүткөн соң бойоочуларга өткөрүлүп аякталат. Азыр жылтылдап, баалулугу сыртынан, алыстан эле көрүнгөн саркеч бут кийим сиздин колуңузга тийет.

Жапжаңы болгон дагы бир Лобба өтүгү пайда болду! Сиздерди толук баасын айтып коркутпайын, бир гана калыбына төлөнгөн 600 долларды айтсам, түшүнүктүү болот чыгар. Эми чындыгында ушул сыяктуу кымбат буюмдарды алуунун кереги барбы деген суроо туулат…. Сапаттулугуна карабастан, ошончо каражатты өтүккө сарптоо акылсыздык эмеспи?  Африкада адамдар ачкадан өлүп жатса, дүйнөдө сейрек жаныбарлардын жок болуп кетүү коркунучу күчөп турса, кай бир адамдар ооруп дары-дармекке жетпей турса, дагы, дагы көптөгөн көйгөйлөр жатса, кимдир-бирөөнүн ушунча акчаны асманга ыргытканы кантип болсун?

Бул эң негизги олуттуу суроолор

Бирок бул суроолорго жооп берүүдөн мурун келгиле, маегибизди бир аз башка нукка буралы. Белгилүү калифорниялык мейманкананы эстеп көрөлү. Ал 1875-жылы курулуп, Сан-Францисконун жүз жылдан ашык социалдык сахнасынын бермети болуп келген. Кудайым ай, андан соң ал мейманкана тээ ободон кулап баркы түшүп, замандардын улуу көлөкөсү гана болуп калды. Көп өтпөй ага миллондогон долларлар сарпталып, кайра калыбына келтирилип, байыркы хансарай кайра хансарайдын таажысын кийди. Ичиндеги бөлмөлөрдүн кооздугуна ишенбесеңиздер, сиздерге далил катары ал мейманканага чалуу акысы эле 1.5 долларды түзөрүн айтып өтөр элем.

Бул өркүндөө изилдөөсүнө кызыктуу бир тыянак чыгарууга түрткү берет…  Кечээ жакында эле “Аң-сезимди башкаруу” курсун өттүм, бул менин өткөн сабактарымдын эң жогорку баскычы болуп эсептелинет. Кай бир катышуучулардын азыркы мейманканалардын өтө эле жогорку бааларына болгон нааразычылыктарына байланыштуу биз “Алладинди” тандадык. Мен жылына бир жолу эң кымбат жана жөнөкөй саякат жасоого, макулдугумду бердим. Келгениме эки мүнөт болбой жатып “Алладин” мейманканасын тандообуз биздин эң чоң катачылыгыбыз экендигин сездим. (Бул жакка келатканыбызда, бул мейманкананын коноктору ал жердин шарттарына нааразычылыктарын көп айтарын, анын жогoрку кабаттарында жада калса ысык суунун жоктугун айтышарын бизге такси айдоочусу  эскерткен эле).

Сиз миллиарддар сарпталган мейманкана кантип ушундай абалда болсун деп ишенбешиңиз мүмкүн, бирок буга “Алладин” мейманканасы түздөн түз күбө…

Миллиарддаган доллар сарпталды….

Кайрадан сөзүмдү мейманкага келген жеримден улантайын. Биздин Өркүндөө уюмубуздун мүчөсүнүн бири мага бул мейманкананын ал жасаган ксерокөчүрмөсү үчүн 25 цент алып койгондугун айтып даттанды. Мен ага булардын баарын ойдон алып салып, жалгыз гана Өркүндөөгө назар салуусуна кеңеш бердим.

“Алладин” мейманканасында кат жөнөтүү 5 цент, ал эми факс 1 долларды түзөт. Менин досум Майкл Болтондун кызыкчылыгы үчүн ал жакка чач кырктыруу үчүн экинчи эч качан барбастыр деген ишенимде айтып жатам. Бул мейманканада чач кырктыруу 59 доллар экен.

Мен Майклдын чач жасалгасын карап туруп, ал чач жасалга көп болсо 15 доллар турарын сыртымдан айтпасам да, ичимден ойлоп турдум.

Мындан улам финансылык талаптардын жана муктаждыктарынын акыл менен жумшалуусу түгөнүп бүтүп талаптын наркы өсүп күч алган жеринен Өркүндөө-өнүгүү деген пайда болуп жаралып, жарыкка чыпайбы деген суроо жаралды.

Башка мейманкалар 89 доллар турса, 400 доллар төлөп, кымбатына качуу бул акылсыздык эмеспи?  Ал эми 800 доллар болсочу? Кээ бир жерлерде бир түнгө 4000 доллар алынат, бул наркка кандай карайсыз? 10 000 долларга капчык сатып алуугачы? Мындай капчыктар Вегас шаарынын Беладжио дүкөндөрүндө сатылат.

Бул мейманкананын ичинен эртең мененки жеген тамагым салат жана апельсин ширеси 25 долларды түзөт. Бирок мен ошентсе да ылдый Макдональдс тамактануучу жайына 2 долларга гана курсагымды кампайтуу үчүн түшүүнү эч убакта эсиме да албайм…

Биринчиден мен баардык аң-сезими толук адамдардай эле жашоомду кыскартуучу эмес, тескерисинче, узарткан тамак-ашты талап кылам.  Апельсин ширеси сергитип, мен тамак ичкен үстөл үстүнө  көк түстөгү карапага эки роза гүлү салынган. Тегерегимде саркеч кийинген адамдар жана жеңил классикалык музыка акырын ойноп жатат. Кастюм-шым кийген мырзалар айымдарына орунтукту жылдырып, отурууга шарт түзүп берип, деги эле сылык-сыпаа адамдар. Ушул жерден жалгыз мен гана спорт кийим менен отурганымды байкап калдым. Тамактануу учурунда ушундай жайдан…

Тамактануучу жай мрамордон жасалган түркүк тирөөчтөр жана тегереги төрт кабаттуу айнек менен курчалган. Бул жер ал эмес опера үчүн да эң ыңгайлуу. Туристтер бул жерге анын шыбында тартылган сүрөттөрдү көрүп, жандүйнө ырахатына кирүү үчүн гана келишет сындуу.

2-бөлүк: Боштук мыйзамы.

Башка бир каалаган арзууңузга жетүү үчүн колуңуздагы сиз ээ болуп турган нерседен бошонуп арылууга ар дайым даяр болууңуз керек.

Сиз эгерде деңиз жээгинде сейилдеп жүргөн болсоңуз, артыңыздан кум бетинде сиздин баскан издериңиз калган болот. Бирок бир аз убакыттан соң ал издерди шамал же толкун жайкап жок кылып кетет эмеспи… Табигат боштукту өзүнө сиңирип алат. Ааламдын бизге берген табигаты боштук жана жыргалчылык менен толукталып турат. Андыктан өркүндөп-өсүүнүн бирден бир жолу бул – боштукту жаратуу.

Бир күнү өткөргөн “Өркүндөө” темасы өтүлгөн сабагымдан кийин бир студент кыз өзүн бир аз оңтойсуз сезип, жаныма келип сурап калды. Бул болбогон Өркүндөө, өнүгүп-өсүү, өзгөрүү дегенди кантип түшүнсө жана ишенсе болорун ошол убакта анын жашоосунда кайгылуу окуялар биринин артынан бири кайталанып отуруп, аны жумуштан айдап жиберишкен соң артынан сүйлөшкөн жигити да таштап кеткен экен.

Баарынан кызыктуусу – буга чейин канча ай бою өзү иштеген ишине нааразылыгын айтып, анын алганкы айлыгы бир бөлмөнү ижарага алууга да жетпестигин билдирип келген эле. Анан калса сүйлөшкөн жигитинин ага кылган мамилесинин начардыгын бир нече ирет талкууга алганбыз. Ошондой болсо да ага азыр Өркүндөө, өзгөрүү жолунда туура баратандыгын айттым. Бул чындык эле. Анткени анын аң-сезими, өргүп иштеген иши, алган айлыгы да канааттандырбай, акыры жигитинин кылган мамилеси, одонолугу гана эми байкалып баштаган эле. Акыры ал ишинен кетип, эң соонун ишке орношуп, мамилеси аяр жакшы бир жигитке жолукту.

Эгерде сиз негативдүү нерселерге байланып, аны бучкактап кармай берсеңиз, анда жашоoңузда жаңы позитивдүү нерселерге оорун жок деген тыянак чыгардым. Эгер сиз негативдүү нерсени колуңуздан чыгарбай бучкактап отура берсеңиз, анда жашооңузга кирип келер позиттивге орун жок! Мага кеңеш сурап келгендердин саз жашоосунун баардык тармагына байланыштуу көйгөйлөрүн угуп отуруп, аларга эң биринчи берген суроом ар дайым бул: «Сиз эмнени коё бербей кармап турасыз жана эмнени колуңуздан коё берүүңүз керек?»

Бошоонуунун эффективдүүлүгү адам жашоосунун баардык багыттарына тиешелүү

Жумуш мени ныгырып басып, ал ишим менин ачуума тийип турганда, керек болсо бир гана иш тактайымдын көрүнүшү менин кыжырымды кайнатып коюуусу толук мүмкүн. Баардыгы башаламан. Аягы асманга оодарылып, күч-кубатым кетип, өзүмдү алсыз, ыркым кетип калгандай сезем.

Мындай убактарда баардык ишимди жыйыштырып, азыркы болуп жаткан жагдайдын жандырмагын чечүүгө киришем. План боюнча чачылып калган нерселерди ирээттеп, жыйнап чыгам. План, ар түрдүү долбоорлордун ирээти менен түзүлөт. Андан соң ар бир долбоордун планын тийиштүү текчелерге тизип чыгам. Баары бүткөндөн кийин эң биринчи кезекте маанилүү болгон иштердин тизмесин түзөм, алардын арасынан активдүү жүргүзүлүүчү иш кагаздарын иш үстөлүмдүн бир четине коём. Ал тизмеде мен бүтүрүүчү иштердин тизмеси кыркты чапчыса да, өзүмдү кадимкидей сергек сезип, жеңилдей түшөм да оңой олтоң эле аларды чекесинен аткарууга киришем. Ар бирин акырындык менен арбытып, ар бир бүтүргөн ишимден моокум алам. Ушундай жол менен айлана-чөйрөмө кайрадан позитивдүү энергия топтоп, ал эмес ачыла элек долбоорлордун кандайча иш жүзүнө ашуусун алдын ала ойлонуп баштайм.

Көңүлүм жай, ойлорум бир жерде болсо гана ишти мыкты аткарам

Менин жандүйнөмө боштукту жана тынчтыкты алып келүү үчүн алдын ала ушундай негативдүү эмоциялардан арылуум керек. Эгерде мени бура бастырбаган иштер көбөйүп кеткендигин сезсем, дароо алардын арасындагы анчалык маанисиз бөлүгүн текчемден да, иш үстөлүмдөн да алып салам.

Сиз эгерде ачык кеңеш жана ирээттелген жерде иш алып барар болсоңуз, өзүңүздү чыгармачыл, жеңил сезесиз. Ушундай эле өркүндөө принциптери жашооңуздун баардык тармагына тийиштүү. Эгерде сизге жаңы бут кийим керек болсо, эскисинен арылууңуз абзел. Эгерде сиз кийим кечеңизди жаңыртууну пландаштырган болсоңуз, сөзсүз кийим салган шкафыңызда да тазалоо иштерин жүргүзүңүз.  Сиз кийбей турган  кийимдериңиздин баарын ар кандай жетим балдар үйүнө же кийимге муктаж, үй-жайсыздарга жеткирип бериңиз.

Эмоционалдык жылуулукту, чоң сүйүүнү жетиштүү деңгээлде алгыңар келеби? Анда өзүңөрдү алдын ала өткөн чакта жасалган жаңылыштардан, адашуулардан күбүп силкип алууңуз керек, ошондо гана жаңы сезимдерди кабыл алууга даяр болосуз. Бул  сиздин ден соолугуңузга да байланыштуу. Мен биринчи жашап өткөн 30 жылымда ден соолугума байланыштуу көптөгөн көйгөйлөрдү башыман өткөргөм. Ушундай эле көйгөйлөр менин финансы жаатында да, өздүк жашоомдо да көп эле. Оорукчан, банкротко дуушар болгон, эси жок адам элем.

Мен анда эмнеликтен баардыгы дал ошондой болгонун түшүнгөн эмесмин. Акыры өз башымдан өткөргөн баардык кыйынчылыктар менен көйгөйлөрдүн негизги себебин акырындык менен түшүндүм. Бул көрсө, аң-сезимдин курмандыгы экен.

Мен ал убакта тегерегиме өзүмө окшогон жолу жок досторумду чогултуп, бир күн бою көйгөйлөрдү талкуулап, бири-бирибизге даттанчубуз. Колунда бар байлардын жолу ар дайым ачык, бул жашоо адилетсиз деген тыянак чыгарчу элем.

Мен курмандыктын калыбын кийип, аны бучкактап коё бербей жашагам, андыктан ошол убакта менин жашоомдо жеңиштердин калыбы үчүн орун жок эле.

Акыры баарын акылым аңдап, ал курмандыктын тулубун чечип коё бергенимде гана бүткүл дүйнө, баардык мүмкүнчүлүктөр мен үчүн кучагын жайды. Ал турмак өмүр бою кыйнап келген ден соолугума байланыштуу көйгөйүм да, көз ирмемде көздөн кайым болду.

Бирок бир сураныч мени туура түшүнүңүздөр

Ден соолукка байланыштуу көгөйлөрүм чындыгында эле болуп өткөн окуялар. Ага күбө болгон медициналык толтура тастыктамалар дагы деле сакталып турат. Бирок жашоомдо болгон ал оорулардын реалдуу себеби, аларды мен реалдуу деп эсептегенимде эле. Качан гана жашоо курмандыгы болуумду токтоткондо, менин ооруларым биринин артынан бири жоголду.

Жашоонун курулай курмандыгы экенимди далилдеген тастыктоолорго муктаж болууну койгондо гана денемдеги он эки мүчөм тең ошол ооруларды коё берди. Ден соолугумдун абалы жакшырды.

Бул мыйзамды практика жүзүндө ишке ашыруу үчүн талыкпас эмгек жана эрк керек. Андыктан сиз кай бир стреотиптериңизден өз эркиңиз менен баш тартууңуз керек. Эгерде сиз бул ааламдын баа жеткис жыргалдыгын аң-сезимдүү туюп, сезген болсоңуз, сизге жеңилирээк болот. Ал жыргалды аң-сезимиңизге коё бериңиз. Өркүндөө, өнүгүп-өсүү үчүн акылыңыздын, аң-сезимиңиздин эшигин ачууңуз абзел. Жандүйнөңүздү тазалап, боштондукка чыгарыңыз. Мына ошондо гана сиз баардык каалаган нерсеңизге жетесиз.

(Уландысы ушул шилтемеде)

Орусчадан оодарган Бактыгүл ИМАНБЕК кызы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *