Жапон жомогу: Каркыранын канаты

Илгери-и илгери тоодогу бир кыштакта абышка менен кемпир жашаптыр. Баласы жоктугунан алар аябай кайгырып жүрүшөт. Бир күнү кыштын аяздуу кечинде чал токойго жөнөйт. Ал майда чырпыктардан чоң боолап, жонуна арта салып, тоодон ылдый түшүп келатып кандайдыр аянычтуу үндү угат. Караса, тузакка түшүп калган каркыра экен. Ал жанталаша жулунуп, онтоп, ыйлап, кимдир-бирөөнү жардамга чакырып жаткансыйт. — Ах байкушум! Азга чыдай тур… Азыр мен сага жардам берем,- абышка канаттууну бошотуп жиберди.  Каркыра канатын сабалап асманга көтөрүлүп, кубанычтуу кыйкуулап учуп кетти. Түн кирди. […]

Сулайман КAЙЫПOВ: Жoк жeрдeн жoмoк жaрaлбaйт (2-3-бөлүм)

(жe кыргыз дeмoкрaтиясынын улуттук уңгусу, aзыркы aбaлы жөнүндө сөз) Башы 2. Кыргыз кантип ушул күнгө туш болду? Кыргыздын ким экeнин, улуттук ыйык сeзимдин эмнe экeнин бугa чeйин кoлумдaн кeлишинчe ыйлaп-сыктaп, жaлынып-жaлбaрып, бaкырып-кыйкырып дa aйттым oкшoйт. Эми бoлсo, кeптин нугун башка жaккa бурaйын. Бaсa, кыргыз жaмы кaлктын бaaрынaн кыйын бoлсo, бaaрынaн тeрeң бoлсo, aдaмзaттын ичиндe ыйык бoлсo, aкыл кaлчoo, oй жүгүртүү жaгынaн кeм-кeтиги жoк бoлсo, кaндaй бoлуп ушул күнгө дуушaр бoлду? Эмнe үчүн ушу тaптa кыргыздын өмүрүндөй aрзaн өмүр, кыргыздын күчү сымaл aпaрзaн […]

Билгенден билелегиң көп: Бетховен

Атактуу немис композитору Людвиг ван Бетховен 1770-жылы 16-декабрда Бонн шаарында туулган. Чоң атасы Бонндогу ак сарай капелласынын жетекчиси, атасы сарай ырчысы болуп иштеген жана ошол мезгилдин белгилүү музыканттарынан болушкан. Албетте, алардын таасири Людвигге тийгендиги айкын. Төрт жашынан баштап эле анын шыгы байкалган. Атасы аны клавесинде ойноого үйрөткөн. Ошондой болсо да бир жолу атасы кызуу отуруп (атасы ичкиликке жакын болгон экен) таланты Европаны дүңгүрөткөн Моцартты эскерген. Менин баламдын Моцарттан кандай айырмасы бар деген ой келген. Ошондон баштап баласын «экинчи Моцарт» жасаш […]

Калык ИБРАИМОВ: Ысык-Көл ыргактары

Каз-өрдөгү болбосо, айдың чалкар көл карып. (Эл ырынан). Ысык-Көл – бейиштин эшиги, Ыйык-Көл – кыргыздын бешиги. Мактанып ага жер жетээрби? Ыйык-Көлдү, Ысык-Көлдү Сактагыла, балдарым!.. (Калыгул олуя). Пролог Көйкөлтүп көк көйнөгүн, Жыгылат аягыма. Оштонуп оодарылат, Окшошуп аялыма. * * * Аруузат ашыгымдай, Азгырат неге мени?.. Кылгырып ал ансайын, Кызытат делебеми. * * * Шарпылдак толкундары “Шалп” этип өөп алат. Ысык-Көл – Ыйык-Көлүм, Кыздардай кылыктанат. * * * Жээлигип жетине албай, Шайкелең жоругуна. Турам да, боюму урам Жыпжылуу коюнуна… Көл жээги Кажыгуж […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Оюнчук

ЭССЕ Бала кезимдеги бир оюнчугумду узак жылдардан бери издеп жүргөм. Ал оюнчугум ошондо эле жоголуп кеткен. Үлүлдүн (чүлүлүйдүн) формасына окшош – тегерек, ортосунда карандаштай сабы бар, аны басып койсом тегерек оюнчугум тегеренип көпкө турчу. Сары, кызыл, көк сызыктары бар эле. Башка оюнчуктарымдай куурчак, топторду көп жолу балдардын колунан көргөндүктөн го… издегеним, сагынганым жок. Ал эми, тигил “тегеренген” оюнчугумду оюнчук ойнобой калган мезгилден баштап издей берчүмүн. Оюнчук саткан жерлерге кирсем көзүм издечү, балалыгымды эстесем оюм менен издечүмүн. Ал оюнчугум табылчу эмес. […]

Наргиза УЗАКБАЕВА “Биздин максат – Чыгыш адабияты менен маданиятын кыргыз элине таанытуу” дейт

Маектешибиз “Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясынын” жетекчиси Узакбаева Наргиза азыркы жаштардын арасынан зээндүүлүгү, зиректиги, кылдаттыгы, кала берсе жетекчилик сапаттары менен айырмаланып турат. Жаш болсо да илим-билимдүү адамдардан турган бир компаниянын жүгүн көтөрүп, кыска убакыт ичинде алдыңкы басма компанияга айланта алды. Айта кетүүчү нерсе, мындай Басма компания Кыргызстанда алгачкылардан болуп ачылган кытай адабиятын, тарыхын, искусствосу менен маданиятын кыргыз тилинде сүйлөткөн редакциялык топко айланып чыга келди. Кытайдын Харбин университетинен билим алып, билимин кыргыз жеринде, кыргыз элинин пайдасына иштетип жаткан келечектин жылдызы […]